> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Токтогул Сатылганов  

(1864-1933) 

100 сом номиналындагы банкноттун алдыңкы бетинде кыргыздын төкмө демократ акыны, ойчул Токтогул Сатылгановдун портрети чагылдырылган. 

Токтогул Сатылганов Кетмен-Төбө өрөөнүндө туулган. Ал 13 жашынан баштап ыр жаза баштаган, комузда ыр-күүлөрдү жатка билген. 1882-жылы эле Токтогул акындык ыр чеберчилигин мыкты өздөштүп алган. Бардык акындардай эле ал чыгармачылык жолун ыр фольклорунун ар тараптуу жанрларын өнүктүрүүдөн баштаган. Акындык айтышта Токтогул атактуу ордо ырчысы Арзыматты жеңип чыгат. 

Кыргыз адабиятынын жана искусствосунун өнүгүшүнө жана калыптанышына Токтогулдун кошкон салымы зор. Токтогул Сатылганов төкмө, ойчул акын жана композитор катары кыргыз элинин искусствосунун тарыхында өзгөчө орунду ээлейт. Айтыш өнөрүнүн чебери гана болбостон, элдик эпостордун чыгармаларын да аткарган. Т.Сатылгановдун алгачкы лирикалык чыгармалары («Алымкан», «Кыздарга» ж.б.) бүгүнкү күнгө чейин өз баасын жоготпой ырдалып келет. Анын чыгармачылыгында орчундуу орунду сатиралык чыгармалары («Беш каман», «Чакырбай сүткор », «Эшен-Калпа» ж. б.) ээлейт. Токтогулду эркиндикти сүйгөн ырлары үчүн манаптар, молдолор, падыша чиновниктери куугунтуктай башташкан. 

Токтогул Сатылганов айтыштарда кедей-кембагалдардын кызыкчылыгын коргоп мүдөөсүн талашкан, терс көрүнүштөрдү тайманбастан ашкерелеп ырдаган, чындык талашып жар салган теңдешсиз ырчы, айтыштын чебери болгон. Анын атагы бүтүндөй Кыргызстанга тараган. 1898-жылы Анжиян көтөрүлүшүнө катышты деген жалган жалаа менен камакка алынат. Сот Токтогулга өлүм жазасына тартуу өкүмүн чыгарып, кийинчирээк Сибирге сүргүнгө айдалуу чечими менен алмаштырат. Ал жактан 1910-жылы досторунун жардамы менен качып чыгып, бир канча жыл дегенде өз элине кайтып келет. Башынан өткөн окуяларды «Кош бол, элим!», «Сүргүндө», «Эңсеген элим аманбы» деген жана башка ырларында чагылдырат.  

1917-жылдагы Октябрь революциясынан кийин эл үмүтүн жандырган жаңы замандын келишин даңазалаган ырлар ошол кездеги Токтогулдун чыгармачылыгынын өзөгүн түзөт. 

Кыргыз адабияты менен искусствосунун калыптануу жана өнүгүү тарыхында Токтогулдун чыгармачылыгынын мааниси зор. Токтогул Сатылганов - ырчы, философ жана композитор - кыргыздын элдик чыгармачылык тарыхында өзгөчө орунду ээлейт. Өз доорунун көрүнүктүү инсаны, таланттуу реалист-сүрөтчүсү, аны сындап ырдаган акындык поэзия жанрынын адилеттүү негиздөөчүсү деп эсептешет. 

1965-жылы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз ССРинин мамлекеттик сыйлыгы негизделген.  

Токтогулдун ысымы Кыргыз улуттук филармониясына, шаарчага, районго, көчөлөргө, сейил бактарга, китепканаларга, мектептерге жана ГЭСке ыйгарылган. Акындын мекенинде жана республиканын борборунда анын урматына эстеликтер орнотулган.