> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банктын кызматкерлеринин балдарына жаңы жылдык белектерди берүү үчүн 2024-жылдын 4-ноябрында жарыяланган баа котировкаларын (сунуштарды) сурап билүү өткөрүлгөн жок деп таанылганын билдирет. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 8-октябрында жарыяланган Аскердик үлгүдөгү кийимди сатып алуу боюнча болуп өткөн сынактын жыйынтыгы тууралуу маалымдайт. 

Сынактын жеңүүчүсү катары «Сплав Кей Джи» ЖЧКсы таанылды (дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 38). 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 8-октябрында жарыяланган Cisco Firepower тармактык жабдуусу үчүн лицензияларды сатып алуу боюнча өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгын маалымдайт. 

Келип түшкөн сунуштарга баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча «Green Light» (Грин Лайт) ЖЧКсы сынактын жеңүүчүсү болуп таанылды. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 11-октябрында жарыяланган DLP (Data Loss Prevention) купуя маалыматтын сыртка чыгышын болтурбоо системасын сатып боюнча сынак өткөрүлбөгөн катары таанылгандыгын маалымдайт. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы дизель-генераторлорду жеткирүү жана туташтыруу кызматтарын сатып алуу тууралуу жарыялайт. 

Баа котировкалары (сунуштар) «Дизель-генераторлорду жеткирүү жана туташтыруу кызматтарын сатып алууга баа котировкалары» белгисин коюу менен чапталган конверт түрүндө 2024-жылдын 22-ноябрында саат 14.00дөн кечиктирбестен Улуттук банктын Бишкек шаары, Чүй проспекти 168 дареги боюнча жайгашкан имаратынын №117 иш бөлмөсүнө (экспедиция) сунушталууга тийиш.  

Толук маалымат алуу үчүн (0556) 46-03-26, 0312 66-91-49 телефон номерлери же bkaldashev@nbkr.kg электрондук почтасы аркылуу кайрылсаңыздар болот. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 24-сентябрында жарыяланган төмөнкү эки лоттон турган сактоо жана резервдик көчүрүү түзүлүштөрүн сатып алуу боюнча кайрадан өткөрүлгөн сынактын жыйынтыктары жөнүндө маалымдайт: 

Лоту 1. - Текчеси менен диск массиви; 

Лоту 2. - Ленталык китепкана. 

сунуштарды баалоонун натыйжалары боюнча кайрадан сынак:  

- 1-лот боюнча «Текчеси менен диск массиви» болуп өткөрүлбөгөн катары таанылды;  

- 2-лот боюнча «Ленталык китепкана» өткөрүлгөн катары таанылды. «Кортек Трейд» Жоопкерчилиги Чектелген Коому 2 лот боюнча кайрадан өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүсү деп таанылды.  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 4-октябрында жарыяланган Cisco тармактык жабдууларынын техникалык колдоосун сатып алуу боюнча болуп өткөн сынактын жыйынтыгы тууралуу маалымдайт. 

Сынактын жеңүүчүсү катары «Green Light» ЖЧКсы таанылды (дареги: Бишкек шаары, БЦ «Аврора» Игембердиев көчөсү, 1а БЦ ). 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы VMware программалык камсыздоо лицензияларынын техникалык колдоо кызматтарын сатып алуу боюнча ачык республикалык сынакка сынактык билдирмелерди (сунуштарды) берүүнүн акыркы мөөнөтү узартылгандыгы жөнүндө жарыялайт 

Сынак боюнча документтер 2024-жылдын 21-ноябрында саат 17:00гө чейин сынак документтерин кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде tender@nbkr.kg электрондук почтасы аркылуу берилет. 

Сынак боюнча сунуштар 2024-жылдын 26-ноябрында саат 14:00го чейин Бишкек шаары, Чүй проспекти 168 дареги боюнча кабыл алынат. 

Сынак боюнча сунуштар катышуучулардын өкүлдөрүнүн катышуусунда  

2024-жылдын 26-ноябрында саат 14:00да Бишкек шаары, Үмөталиев көчөсү 101 дареги боюнча каралат. 

Бардык уюштуруу маселелери боюнча +996 (312) 66-91-55 телефон номери же tender@nbkr.kg электрондук почтасы аркылуу техникалык координаторго кайрылсаңыздар болот. 

 

 

 

Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржылануучу долбоорлор боюнча консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө контракт түзүүнү жарыялоо 

МААЛЫМАТТЫК ЭСКЕРТҮҮ 

 

Жарыяланган күнү

11.11.2024 

Өлкө

Кыргыз Республикасы 

Аткаруучу агенттик: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

Долбоордун аталышы / изилдөөлөр: 

Кыргыз Республикасында ислам банк иши үчүн тиешелүү системаны жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана шарият башкарууну иштеп чыгуу 

Каржылоо номери: 

IsDB GRANT KGZ-1018 

Тандоо ыкмасы: 

Консультанттын квалификациясына негизделген тандоо ыкмасы 

Кызыкдарлыгын билдирүүгө суроо-талап жарыяланган күн: 

2024-жылдын 12-февралы 

 

Конкурстун жеңүүчүсү  

Уюмдун аталышы: 

Банк иши жана финансы боюнча улуттук институту  

Өлкө

Пакистан 

Дареги: 

Sector H-8/1, Pitras Bukhari Road, Исламабад, Пакистан 

Контракттын суммасы: 

49 926 АКШ доллары 

Контракт башталган күн: 

2024-жылдын 24-октябры  

Контрактты аткаруунун узактыгы: 

2024-жылдын 31-декабры 

Контракттын максатынын кыскача баяндалышы: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери, ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган финансы-кредит уюмдарынын кызматкерлери жана Шарият кеңештеринин мүчөлөрү үчүн адистештирилген окутууларды өткөрүү аркылуу адистердин потенциалын арттырууга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына көмөк көрсөтүү контракттын максаты болуп саналат 

 

Эскертүү: Сунушу кайсы себептер менен тандалбай калганын билүүнү каалаган кайсы болбосун консультант аткаруучу агенттикке суроо-талап менен кайрылууга тийиш. Ислам өнүктүрүү банкы контракт түзүлгөндөн кийин кандай болгон күндө да конкурска катышкан консультанттын талаптарын каалаган убакытта кароо укугун өзүнө калтырат. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы өкүлчүлүгү күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуу жөнүндө жарыялайт. 

Баа котировкалары (сунуштар) «Күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга баа котировкалары» белгисин коюу менен чапталган конверт түрүндө 2024-жылдын  

18-ноябрында саат 14:00дөн кечиктирбестен, Баткен шаары, Т. Садыков көчөсү 3 дареги боюнча сунушталууга тийиш.  

Толук маалымат алуу үчүн (03622) 5-04-46, (0312) 29-00-85 телефондоруна же sale_batken@nbkr.kg, mkurbanbekov@nbkr.kg электрондук почтасына кайрылсаңыздар болот. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы өкүлчүлүгү, жылуулук берүү түзүлүшүн тейлөө боюнча оператордун кызматтарын сатып алууга 2024-жылдын 14-октябрында жарыяланган баа котировкаларын кароонун жыйынтыгы боюнча А.А. Мадимаров жана Н.Э. Абдырахманов тандалып алынгандыгын маалымдайт. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы сүт жана башка сүт азыктарын сатып алуу үчүн баа котировкаларын сурап билүү тууралуу жарыялайт. 

Баа котировкалары (сунуштар) «Сүт жана башка сүт азыктарын сатып алууга баа котировкалары» белгисин коюу менен чапталган конверт түрүндө 2024-жылдын 22-ноябрына чейин саат 10:00дөн кечиктирилбестен, Улуттук банктын Бишкек шаары, Чүй проспекти, 168 дареги боюнча жайгашкан имаратынын 117-иш бөлмөсүндө (экспедиция) кабыл алынат.  

Толук маалымат алуу үчүн (312) 39-22-77 телефону жана rmambetakunova@nbkr.kg электрондук почтасы аркылуу Р. Мамбетакуновага кайрылсаңыздар болот. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Бишкек ш., К. Акиев/Киев көчөлөрү дарегинде жайгашкан имаратта түзүмдөштүрүлгөн кабель системасын туташтыруу боюнча кызматтарды сатып алуу үчүн республикалык ачык сынакка сынактык билдирмелерди (сунуштарды) берүүнүн акыркы мөөнөтү узартылгандыгы жөнүндө жарыялат. 

Сынак боюнча документтер 2024-жылдын 11-ноябрында саат 17:30га чейин сынак документтерин кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде tender@nbkr.kg электрондук почтасы аркылуу берилет. 

Сынак боюнча сунуштар 2024-жылдын 14-ноябрында саат 14:00гө чейин Бишкек шаары, Чүй проспекти 168 дареги боюнча кабыл алынат. 

Сынак боюнча сунуштар катышуучулардын өкүлдөрүнүн катышуусунда  

2024-жылдын 14-ноябрында саат 14:00гө чейин Бишкек шаары, Үмөталиев көчөсү 101 дареги боюнча каралат. 

Бардык уюштуруу маселелери боюнча +996 (312) 66-91-55 телефон номери же tender@nbkr.kg электрондук почтасы аркылуу техникалык координаторго кайрылсаңыздар болот. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ички жана эл аралык каттамдарга авиабилеттерди алуу боюнча кызматтарды сатып алуу боюнча төмөнкү эки лоттон турган республикалык ачык сынак өткөрөт: 

- №1 лот. Ички каттамдар; 

- №2 лот. Эл аралык каттамдар. 

Сынак боюнча документтер 2024-жылдын 19-ноябрында саат 17:30га чейин сынак документтерин кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде Бишкек шаары, Үмөталиев көчөсү 101 дареги боюнча же tender@nbkr.kg электрондук почтасы аркылуу берилет. 

Сынакка чейинки конференция 2024-жылдын 15-ноябрында саат 15:00дө өтөт. Конференцияга катышуу маселеси боюнча техникалык координаторго кайрылуу зарыл. 

Сынак боюнча сунуштар 2024-жылдын 22-ноябрында саат 14:00гө чейин Бишкек шаары, Чүй проспекти 168 дареги боюнча кабыл алынат. 

Белгиленген убакыттан кийин тапшырылган сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт. Кароого Улуттук банктан кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде сынак документтерин алган катышуучулардын сунуштары кабыл алынат. 

Сынак боюнча сунуштар катышуучулардын өкүлдөрүнүн катышуусунда 2024-жылдын 22-ноябрында саат 14:00дө Бишкек шаары, Үмөталиев көчөсү 101 дареги боюнча каралат. 

Бардык уюштуруу маселелери боюнча +996 (312) 66-91-55 телефон номери же tender@nbkr.kg электрондук почтасы аркылуу техникалык координаторго кайрылсаңыздар болот. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 29-октябрында жарыяланган «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Нарын областтык башкармалыгынын Нарын шаары, Жамгырчы уулу Абас көчөсү, 6 дарегинде жайгашкан административдик имаратынын жылытуу системасын капиталдык ремонттон өткөрүү» объекти боюнча Нарын областтык башкармалыгынын көмүр кампасына транспортёрду сатып алуу жана орнотуу үчүн котировкаларды сурап билүүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымдайт. 

Бааларга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча котировкаларды сурап билүү өткөрүлгөн жок деп таануу чечими кабыл алынды. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкү лоттордон турган күндөлүктөрдү сатып алуу үчүн баа котировкаларын сурап билүү тууралуу жарыялайт: 

- № 1 лот. Начальниктер үчүн күндөлүктөр; 

- № 2 лот. Жетекчилик үчүн күндөлүктөр; 

- № 3 лот. Кызматкерлер үчүн күндөлүктөр. 

Баа котировкалары (сунуштар) «Күндөлүктөрдү сатып алууга баа котировкалары» белгисин коюу менен чапталган конверт түрүндө 2024-жылдын 20-ноябрына чейин саат 10:00дөн кечиктирилбестен, Улуттук банктын Бишкек шаары, Чүй проспекти, 168 дареги боюнча жайгашкан имаратынын 117-иш бөлмөсүндө (экспедиция) кабыл алынат.  

Толук маалымат алуу үчүн (312) 39-22-77 телефону жана rmambetakunova@nbkr.kg электрондук почтасы аркылуу Р. Мамбетакуновага кайрылсаңыздар болот. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эркектердин кышкы курткаларын сатып ала тургандыгын жарыялайт. Баа котировкаларын udjunusov@nbkr.kg электрондук дарегине жиберүү же баа котировкасы салынган конверт сыртына «кышкы эркектердин курткаларын сатып алуу баасы» деп белгилөө менен чапталган түрдө 2024-жылдын 18-ноябырында саат 15:00 чейин Улуттук банктын Бишкек шаары, Чүй проспекти 168 дареги боюнча жайгашкан имаратынын 117-бөлмөсүнө тапшыруу зарыл. 

Толук маалымат алуу үчүн (312) 66-91-94, 0553111937 телефону жана udjunusov@nbkr.kg электрондук дареги боюнча кайрылсаңыздар болот. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банктын кызматкерлеринин балдарына жаңы жылдык белек берүү үчүн сунуш берүүчүлөрдү баа котировкасын сурап билүүгө катышууга чакырат.  

Белектерди жеткирүү мөөнөтү 2024-жылдын 1-декабрынан 25-декабрына чейин. 

Баа котировкалары (сунуштар), «Жаңы жылдык белектер» белгисин коюу менен чапталган конверт түрүндө 2024-жылдын 18-ноябрь күнү саат 15.00дөн кечиктирилбестен, Бишкек шаары, Чүй проспекти 168 дареги боюнча (экспедиция) кабыл алынат. Конверттин сыртында компаниянын салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин жазуу зарыл.  

Баа котировкасына катышуу үчүн квалификациялык жана техникалык талаптар боюнча маалымат алуу үчүн +996 (312) 66-91-28 телефонуна же ndjarkymbaeva@nbkr.kg» электрондук почтасына кайрылсаңыздар болот. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Nessus Professional программалык камсыздоосунун лицензиясынын мөөнөтүн узартуу кызматын сатып алуу жөнүндө жарыялайт. 

Баа котировкалары (сунуштар) «Nessus Professional программалык камсыздоонун лицензиясынын мөөнөтүн узартуу кызматын сатып алууга баа котировкалары» белгисин коюу менен чапталган конверт түрүндө 2024-жылдын 14-ноябрында саат 15:00дөн кечиктирбестен Улуттук банктын Бишкек шаары, Чүй проспекти 168 дареги боюнча жайгашкан имаратынын 117-иш бөлмөсүнө (экспедиция) сунушталууга тийиш. Конверттин сыртында компаниянын салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин жазуу зарыл. 

Толук маалымат алуу үчүн (312) 66-91-58 телефону жана mbegalieva@nbkr.kg электрондук почтасы аркылуу кайрылсаңыздар болот. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкү эки лот боюнча кызматтарды сатып алууга баа котировкаларын сурап билүүгө катышууга чакырат: 

№1 лот. Интернет тармагын пайдалануу каналы; 

№2 лот. Интернет жана санариптик телеберүү (IPTV) тармагын пайдалануу каналы. 

Баа котировкалары (сунуштар), «Интернет/IPTV тармагынан пайдалануу кызматтарын сатып алууга баа котировкалары» белгисин коюу менен чапталган конверт түрүндө 2024-жылдын 18-ноябрына чейин саат 14:00дөн кечиктирилбестен, Улуттук банктын Бишкек шаары, Чүй проспекти 168 дареги боюнча жайгашкан имаратынын 117-иш бөлмөсүнө (экспедиция) сунушталууга тийиш. 

Баа котировкаларын сурап билүүгө катышуу үчүн зарыл документтерди алуу маселелери боюнча +996 (312) 66-91-75 телефону же it_gaoo@nbkr.kg электрондук почтасы аркылуу кайрылсаңыздар болот. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы www.nbkr.kg расмий интернет-сайты үчүн True Business ID with EV +SAN SSL сертификатынын мөөнөтүн узартуу кызматын сатып алуу тууралуу жарыялайт. 

Баа котировкалары (сунуштар), «www.nbkr.kg сайты үчүн True Business ID with EV +SAN SSL сертификатынын мөөнөтүн узартуу кызматын сатып алууга баа котировкалары» белгисин коюу менен чапталган конверт түрүндө 2024-жылдын 13-ноябрында саат 15:00дөн кечиктирилбестен, Улуттук банктын Бишкек шаары, Чүй проспекти 168 дареги боюнча жайгашкан имаратынын 117-иш бөлмөсүндө (экспедиция) кабыл алынат.  

Конвертте уюмдун толук аталышы, юридикалык/иш жүзүндөгү дареги жана салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (уюмдун) көрсөтүлүүгө тийиш. 

Толук маалымат алуу үчүн (312) 66-91-58 телефону жана mbegalieva@nbkr.kg электрондук почтасы аркылуу кайрылсаңыздар болот. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 10-сентябрынды жарыяланган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын объектилеринде арка металл издегич жабдуусун орнотуу, монтаждоо жана ишке киргизүү иштерин сатып алуу боюнча өткөрүлгөн ачык республикалык сынактын жыйынтыгын маалымдайт: 

Келип түшкөн сунуштарга баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча сынак комиссиясы сынакты өткөрүлгөн катары таануу чечимин кабыл алды. Сынактын жеңүүчүсү болуп “Алгоритм Безопасности” ЖЧКсы таанылды. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 3-сентябрынды жарыяланган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 47 дареги боюнча жайгашкан имаратына маалымдоо системасын орнотуу, монтаждоо жана ишке багыттоо ишин сатып алуу боюнча өткөрүлгөн ачык республикалык сынактын жыйынтыгын маалымдайт. 

Келип түшкөн сунуштарга баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча сынак комиссиясы сынакты өткөрүлгөн катары таануу чечимин кабыл алды. Сынактын жеңүүчүсү “Интерком Кей Джи” ЖЧКсы болуп таанылды. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы сплит-системаларды жана сервердик бөлмөлөрдө орнотулган атайын кондиционерлерди техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүнү сатып алууга 2024-жылдын 23-октябрында жарыяланган баа котировкаларын сурап билүүнүн жыйынтыгы боюнча «Арт Чиллерс» жоопкерчилиги чектелген коому жеңүүчү катары аныкталгандыгын маалымдайт. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Шевченко көчөсү, 12-26. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 13-сентябрында жарыяланган түйүн аралык тосмого зыян келтирген программалардан жана коркунучтан коргоо боюнча программалык камсыздоонун техникалык колдоосуна жазылууну сатып алуу боюнча болуп өткөн сынактын жыйынтыгы жөнүндө маалымдайт.  

Сынактын жеңүүчүсү болуп «Green Light» (Грин Лайт) Жоопкерчилиги Чектелген Коому таанылды. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Курулуш жана ремонт иштери бөлүмү «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Нарын областтык башкармалыгынын Нарын шаары, Жамгырчы уулу Абас көчөсү, 6 дарегинде жайгашкан административдик имаратынын жылытуу системасын капиталдык ремонттон өткөрүү» объекти боюнча Нарын областтык башкармалыгынын көмүр кампасына транспортерду сатып алуу жана орнотуу үчүн котировкаларды сурап билүү жүргүзөт. 

Котировкаларды сурап билүүгө катышууну каалагандардан сунуштар кабыл алынат. 

Котировкаларды сурап билүү белгиленген квалификациялык, техникалык жана финансылык критерийлерге ылайык, Улуттук банктын Курулуш жана ремонт иштери бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт.  

Сиздин компанияга артыкчылык берилген учурда, сунушуңуз келишимге/контрактка кол коюуда негиз катары кабыл алынат. 

Сунуштар кагаз бетине чыгарылып, чапталган конверт түрүндө «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Нарын областтык башкармалыгынын Нарын шаары, Жамгырчы уулу Абас көчөсү, 6 дарегинде жайгашкан административдик имаратынын жылытуу системасын капиталдык ремонттон өткөрүү» объекти боюнча Нарын областтык башкармалыгынын көмүр кампасына транспортерду сатып алуу жана орнотуу» белгисин коюп, айкын/юридикалык даректерин жана салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин көрсөтүү менен 2024-жылдын 4-ноябрында саат 14.00дөн кечиктирбестен, Бишкек шаары, Чүй проспекти 168 дарегинде жайгашкан Улуттук банктын имаратынын  

1-кабатындагы 117-иш бөлмөсүнө (экспедиция) тапшырылууга тийиш. 

Котировкаларды сурап билүүгө катышууга техникалык талаптар боюнча маалымат алуу үчүн +996 (312) 66 92 73 телефонуна же kaltymyshov@nbkr.kg электрондук почтасы аркылуу кайрылсаңыздар болот. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 17-сентябрында жарыяланган Avanpost IDM жана Avanpost PKI комплекстүү системаларынын техникалык колдоосу боюнча кызматын сатып алуу боюнча өткөрүлгөн кайталоо сынактын жыйынтыгын маалымдайт. 

Келип түшкөн сунуштарга баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча ОсОО “MaxLine Group” («МаксЛайн Групп») ЖЧКсы сынактын жеңүүчүсү болуп таанылды.