> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Курманжан Датка  

(1811-1907) 

50 сом номиналындагы банкноттун алдыңкы бетинде кыргыз элинин тарыхында өзгөчө орду бар Курманжан Датканын портрети түшүрүлгөн.  

Курманжан Датка - кыргыз элинин кыйын күндөрүндө, орус эли менен саясий кагылыштар курчуган мезгилде, эки элдин ортосунда кан төгүүгө жол бербей, өз эл-жеринин тынчтыгын, бейпил жашоосун кеменгерлик менен сактап кала алган, кыргыз элинин улут катары сакталып калышына салым кошкон, мекенине кылган ак кызматы менен даңазаланган инсан. Курманжан Датканын дипломатиялык жөндөмдүүлүгү Улуу жибек жолунун гүлдөп-өсүшүнө да зор салым кошкон. Курманжан Датка өз доорунда кыргыз урууларынын бөлүнүп-жарылуусун токтотуп, бир мамлекетке биригүүсү үчүн бардык аракетин жумшаган.  

Курманжан Датканын өмүр баяны өзгөчө кызыктуу окуяларга бай. Ал Алайда  

муңгуш уруусунан чыккан жөнөкөй көчмөн кыргыздын үйүндө жарык дүйнөгө келген. Курманжан акыл-эси башкалардан өзгөчөлөнгөн, намыскөй кыздардан болуп чоңойгон. 18 жашка толгондо атасы аны өзүнөн улуу адамга турмушка берген. Бирок, күйөөсү көңүлүнө толбогон Курманжан салтка жана динге карабай, мезгилинин катаал мыйзамына каршы туруп, атасынын үйүнө кайтып келген. 

1832-жылы Курманжан Кокон ханынан Датка наамын жана бүт Алай кыргыздарын башкаруу укугун алган Алымбектин аялы болот. Ал өмүр бою Алымбек Датканын таасирдүү кеңешчиси, жардамчысы жана насаатчысы болгон. Хандын биринчи вазири болгон Алымбек көп убакта ордунда болбогондуктан, Алайды башкаруу жүгүн Курманжан ала баштаган. 1862-жылы ордо ичиндеги интригадан күйөөсү Алымбек каза болгондон кийин Кокондук Худояр хан менен Бухара эмири Музафар тарабынан ага Датка наамы берилген. Бул падыша армиясынын генералдык чинине барабар болгон. Россияда жана коңшу мамлекеттерде Курманжан «Алай ханышасы» деп аталып, Кокон хандарынын арасында чоң кадыр-баркка ээ болгон. 

Курманжан Датка сейрек кездешүүчү тарыхый инсан, ал Кокон хандыгы, Орус падышачылыгы башкарган өтө татаал мезгил аралыгында жоопкерчиликти өзүнө алган. Ал ар кандай кыйчылыш оор кырдаалда жол таба алган, ошондуктан Россия менен Кокон хандыгы аны менен эсептешүүгө аргасыз болгон. 

Курманжанды жеке тааныган орус саясий жана аскер ишмерлери анын сабатсыз болгонуна карабастан, Курманжандын дүйнөнү тааный билген акылмандыгын, замандаштары арасында өзгөчө кадыр-баркка ээ экенин белгилешкен. Ош уездинин биринчи начальниги полковник М.Ионов менен Курманжан Датка көп жылдар бою достук мамиледе болуп, сүрөттөр менен белектерди тартуулап, узакка чейин кат алышып турган. 

Курманжан Датка өз ырларын Зыйнат деген адабий каймана аты менен жазган акын катары да тарыхта белгилүү. Курманжан-Зыйнаттын чыгармалары адамзатка кайрылуу мүнөзүндө жазылган. Ал дүйнөнүн бардык элдерин улутуна жана туткан динине карабастан, жалпы достукка жана ынтымакка чакырган. Замандаштары Зыйнатты Орто Азиянын XIX кылымдагы атактуу акындары Надира Дильшот, Махзура менен бир катарда турган акын катары жогору баалашкан. Курманжан Датка кыргыз тилинде гана эмес, түрк жана фарси тилдеринде да чыгармаларды жараткан. Бүгүнкү күнгө чейин анын поэтикалык мурасынын аз гана бөлүгү сакталып калган.