> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Тоголок Молдо  

(1860-1942) 

20 сом номиналындагы банкноттун алдыңкы бетинде жазгыч акын, агартуучу Тоголок Молдонун портрети түшүрүлгөн. 

Тоголок Молдо (Байымбет Абдрахманов) 1860-жылы Куртка деген жерде жарык дүйнөгө келген. 14 жашында болочок акындын атасы каза болуп, чоң атасынын бир тууганы Музоокенин багуусунда калат. Музооке ошол кезде атагы чыккан төкмө акын, комузчу жана манасчы болгон. Ал өз элинин жашоо-турмушун, тарыхын жакшы билген. Тоголок Молдонун сөз чеберчилиги өрчүп калыптанышына, элдик чыгармаларга болгон кызыгуусуна Музоокенин таасири чоң экендиги айтпаса да белгилүү. Жаш балага укмуштуудай элдик жомокторду айтып берип, «Манас» эпосунан, «Курманбек», «Эр Төштүк», «Эр Табылды», «Жаңыл Мырза», «Мендирман» баатырдык поэмаларынан үзүндүлөрдү аткарып бере турган. 

Тоголок Молдо 14 жашынан баштап ыр жаратып, кагазга түшүрө баштаган. Көзгө көрүнөрлүк келбети үчүн кара тору, тоголок жүздүү, окуганды жана жазганды билгендиги үчүн акынга «Тоголок Молдо» ылакап ат коюлган. Кийинчерээк, бул ылакап аты анын туруктуу псевдоними болуп калган. 

Акын жаш кезинде сүйүү темасында «Кара көз», «Толгонай», «Жигиттин кызга арнаган ыры», «Кыздын жигитке арнаган ыры» сыяктуу бир катар чыгармаларды жараткан. Анын «Үрпүкан» поэмасында кыргыз кыздарын өз укуктарынан баш тартпай, патриархалдык салттардын терс көрүнүштөрүнө каршы турууга, сүйүү укугуна ээ болууга, социалдык абалын коргоого чакырат. 

Чүй өрөөнүндө жашаган Байымбет кыргыздын жана казактын белгилүү төкмө акындары менен таанышып, Низами, Навои, Фирдоуси, Хафиз, Абай жана башкалардын китептерин окуйт. Бул жылдары ал атактуу манасчы Тыныбектен «Манас» эпосун айтуу чеберчилигин үйрөнүп, андан кийин «Семетей» үчилтигинин экинчи бөлүгүн кагазга түшүргөн.  

Т. Молдо эл оозунан ар түрдүү жомокторду, уламыштарды, макал-лакаптарды, жаңылмачтарды көп топтогон. Акындын алгачкы китеп түрүндө басылып чыккан «Насыят» аттуу чыгармасы 1925-жылы Москвада жарык көргөн. 1938-жылы Кыргызстан Советтик жазуучулар союзуна кабыл алынып, 1939-жылы акындын эки басылмасы жарыкка чыккан. Ошондой эле, 1939-жылы Т.Молдо Москвада өткөн кыргыз искусствосу менен адабиятынын биринчи декадасына катышып, «Ардак белгиси» ордени менен сыйланган. 

Тоголок Молдонун революцияга чейинки чыгармачылыгы карапайым калктын оор турмушун реалдуу сүрөттөө, элдин мүдөөсүн чагылдыруу, өзүнүн жаркын келечеги үчүн элди күрөшүүгө чакыруу менен мүнөздөлөт.  

Республиканын борбор калаасында Тоголок Молдонун эстелиги орнотулуп, анын ысымы бир нече айылдарга, мектептерге, шаарлардын көчөлөрүнө ыйгарылган.