> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Кыргыз Республикасында салттуу банк иши менен катар эле кредиттөө менен ислам банк иши жана каржылоо принциптери дагы колдонулат.  

Ислам банк иши жана каржылоо принциптери - шариат стандарттарына ылайык банк операцияларын жана бүтүмдөрүн жүзөгө ашыруунун принциптери жана эрежелери.  

Шариат стандарттары катары ислам банк ишин жүргүзүү стандарттарын белгилеген эл аралык уюмдар (AAOIFI, IFSB) тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген экономикалык же башка ишти жүзөгө ашыруу эрежелеринин жыйындысын түшүнүү зарыл.  

AAOIFI - Ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму ислам финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсептин, аудиттин, башкаруунун, этиканын жана шариат стандарттарын белгилейт.  

IFSB - Ислам финансылык кызмат көрсөтүүлөр кеңеши ислам финансылык кызмат көрсөтүү индустриясынын бекемдигин жана туруктуулугун камсыз кылуучу эл аралык стандарттарды белгилейт. 

 

 

Калктын ислам каржылоо принциптери боюнча маалымдуулугун жогорулатуу максатында, Ислам өнүктүрүү банкынын «Ысык-Көл жана Нарын областтарындагы сугат жерлерди иштетүүнү өнүктүрүү» долбоорунун алкагында «Ислам в реалиях современной экономики и бизнеса», «Ислам каржылоо принциптери», «Ислам банкинги боюнча суроо-жооптор» китептери чыгарылган. 

«Ислам каржылоо принциптери»колдонмосу AAOIFI CIPA Shariah Standards and Shariah Governance (SS&SG)/Шарият стандарттарына жана шарияттык башкаруу китебинин бөлүгү болуп саналат. Колдонмо ислам каржылоо системасынын негиздерин ачууга багытталган. 

«Ислам банкинги боюнча суроо-жооптор» брошюрасы окурманга ислам банкингинин өзгөчөлүктөрү, ошондой эле ислам каржылоо принциптерине ылайык сунушталган операциялардын негизги түрлөрү жана аларды ишке ашыруу тартиби менен таанышууга мүмкүндүк берет. 

«Ислам в реалиях современной экономики и бизнеса» китеби» бул дүйнөгө белгилүү ислам аалымы жана ханафи мазхабынын муфтийи Мухаммад Таки Усманинин эмгеги.  

Автор китепте экономиканын негизги түшүнүктөрү, ошондой эле ислам каржылоо принциптери боюнча соода жана бизнести жүргүзүүнүн заманбап экономикалык моделдери менен таанышууну сунуш кылат