Улуттук банктын жаңылыктары
Датасы: 20.11.2024
Туруктуу шилтеме
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын үч жаранынын ар бирине (Ж.у.Д., Дж.М.К., Б.у.А.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 18.11.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, 2025-жылы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын коллекциялык монеталарынын эскиздеринин долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн сүрөтчү-дизайнерлер арасында төмөнкү талаптар боюнча ачык сынак жарыялайт:
Сериясы |
Темасы |
Металлы |
Салмагы (г) |
Диаметри (мм) |
Формасы |
Кыргыздын салттары жана үрп-адаттары |
Тушоо кесүү |
Күмүш 925° |
28,28 |
38,61 |
Тегерек |
Тарыхый окуялар |
Эгемен Кыргыз Республикасына - 35 жыл |
Алтын 999° |
7,78 |
22,00 |
Тегерек |
Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлору берилген теманы толук ачып берүүгө жана төмөнкү критерийлерге туура келүүгө тийиш:
- берилген темага шайкеш келүү;
- жогорку деңгээлде көркөм аткаруу;
- маданий жана эстетикалык ченемдерге туура келүү;
- жеке чыгармачылык.
Сынактын шарттары:
1. Монетанын жасалгасына коюлган талаптар
«Тушоо кесүү» коллекциялык монетасы:
- монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжети, монетанын номиналы (10 сом) жана «Тушоо кесүү»;
- монетанын арткы бетинде (реверс) сюжеттин уландысы берилип, мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы «2025», «Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары» деген жазуу түшүрүлүүгө тийиш.
Монетанын металлы жана сапат белгиси (Ag 925), салмагы (28.28 g) аткаруучунун көз карашы боюнча монетанын алдыңкы бети сыяктуу эле, арткы бетине да жайгаштырылышы мүмкүн.
«Эгемен Кыргыз Республикасына - 35 жыл» коллекциялык монетасы:
- монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжети, монетанын номиналы (100 сом) жана «Эгемен Кыргыз Республикасына – 35 жыл» / Независимой Кыргызской Республике – 35 лет» жазуулары;
- монетанын арткы бетинде (реверс) сюжеттин уландысы берилип, мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы «2026», «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» деген жазуу түшүрүлүүгө тийиш.
Монетанын металлы жана сапат белгиси (Au 925), салмагы (7,78 g) аткаруучунун көз карашы боюнча монетанын алдыңкы бети сыяктуу эле, арткы бетине да жайгаштырылышы мүмкүн.
2. Эскиздин долбоорлорун тариздөөгө талаптар:
- А4 форматындагы фотокагаз, барактын жогору жагында монетанын аталышы, монетанын аверс/реверсинин көрсөтүлүшү, рельефтин нукура көлөмдө иштелип чыккан монетанын сүрөтү, чоңойтулган түрдө монетанын сүрөтү (150 мм) көрсөтүлөт;
- эскиздик долбоорлорду JPG форматында kartykova@nbkr.kg эл. дарегине жөнөтүү.
Ар бир эскиздин долбооруна сунушталган коллекциялык монетанын дизайнынын маанисинин мазмуну боюнча комментарийлер тиркелиши керек.
3. Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлорун тапшыруу мөөнөтү 2024-жылдын 5-декабрына чейин.
4. Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлору «Сынак» (Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы үчүн) белгисин коюу менен Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти 168 дареги боюнча жайгашкан Улуттук банктын 117 иш бөлмөсүнө тапшырылат.
Кошумча маалыматты 0312 66 92 26, 0312 66 92 25 телефон аркылуу алсаңыздар болот.
Датасы: 18.11.2024
Туруктуу шилтеме
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алуусуз нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (Э.у.Б.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 18.11.2024
Туруктуу шилтеме
1. Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алуусуз нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (Ш.у.Р) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир микрокредиттик компанияга 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 15.11.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-3-(НПА) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Бул токтом долбоору атайын жөнгө салуу режимин түзүү жана ишке ашыруу шарттарын жакшыртуу максатында иштелип чыккан.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.
Сектор токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 15-декабрынан кечиктирбестен bakimbekov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.
Датасы: 15.11.2024
Туруктуу шилтеме
Бишкек шаарында жана Чүй облусунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын эки жаранына (Р.у.А, А.у.А.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 15.11.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгы, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча программасынын алкагында, 2024-жылдын 14-ноябрь күнү Талас шаарынын тургундары үчүн Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык монеталардын көргөзмөсүн уюштурду.
Талас шаардык көркөм сүрөт музейинде өткөн көргөзмөнүн жүрүшүндө Улуттук банктын Талас областтык башкармалыгынын кызматкерлери улуттук валюта – сомдун калыптануу тарыхы, өнүгүү этаптары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нумизматикалык баалуулуктары жөнүндө айтып беришти.
Датасы: 13.11.2024
Туруктуу шилтеме
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Керемет Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Керемет Банк» ачык акционердик коомунун Башкармасынын төрагасынын орун басары кызмат ордуна сунушталган Калиева Арайлым Назаровнанын талапкерлигине 2024-жылдын 12-ноябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Керемет Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Керемет Банк» ачык акционердик коомунун Башкармасынын төрагасы кызмат ордуна сунушталган Куржей Татьяна Евгеньевнанын талапкерлигине 2024-жылдын 12-ноябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Датасы: 13.11.2024
Туруктуу шилтеме
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (С.И.Т.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 12.11.2024
Туруктуу шилтеме
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
2. Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (Ж.И.Ж.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 12.11.2024
Туруктуу шилтеме
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 31-октябрында № 2024-П-12/58-1-(БС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтомун (мындан ары – токтом) кабыл алды.
Токтом банктарга аудитордук уюмдарды кеңири тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү максатында бекитилди.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын
31-октябрында № 2024-П-12/58-2 (НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын ишке ашыруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун (мындан ары – токтом) кабыл алды.
Токтом өзгөчө режимдеги соода аймагында салыктын негизинде иш жүргүзгөн жеке адамдарды салыктык каттоо өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен салык мыйзамдарынын айрым ченемдерин ишке ашыруу максатында бекитилди.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат.
Датасы: 11.11.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Баткен облаcтында жайгашкан бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 11.11.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети убактылуу токтотулду:
2024-жылдын 6-ноябрынан тартып 16-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
- Бишкек ш., Ю.Абдрахманов көч., 150-үй, №1 кеңсе дареги боюнча жайгашкан «Найман Плюс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 23-июлундагы № 6882 лицензиясы;
2024-жылдын 6-ноябрынан тартып 20-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
- Бишкек ш., Москва көч., 71-үй, 1-кеңсе дареги боюнча жайгашкан «Экспо Гранд плюс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 10-октябрындагы № 6959 лицензиясы;
- Бишкек ш., Москва көч., 162-үй, 4-квартира дареги боюнча жайгашкан «Биг Моней» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 16-майындагы № 6819 лицензиясы;
2024-жылдын 6-ноябрынан тартып 12-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
- Бишкек ш., Токтогул көч., 84-үй, 9-квартира дареги боюнча жайгашкан «Исхак и Исаак» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 28-декабрындагы № 6682 лицензиясы.
Датасы: 11.11.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан эки микрокредиттик компанияга жалпы суммасы 110 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 11.11.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Керемет Банк» ачык акционердик коому тарабынан “Керемет Банк” ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Оней Джан Чагатайдын талапкерлигине 2024-жылдын 5-ноябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Датасы: 06.11.2024
Туруктуу шилтеме
Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнүн алкагында 2024-жылдын 1-ноябрында Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгында (мындан ары – областтык башкармалык) Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучулары жана 1-2-курсунун студенттери үчүн лекция өткөрүлдү.
Лекциянын жүрүшүндө областтык башкармалыктын кызматкерлери өз акча каражаттарын туура пайдалануу, үй-бүлөлүк жана жеке бюджетти пландаштыруу, топтолгон акча каражаттарын сактоо жана көбөйтүү жолдору тууралуу маалымат берди.
Мындан тышкары, катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иши, улуттук валютабыз – сомдун өнүгүү этаптары, эскилиги жеткен жана жараксыз банкнотторду алмаштыруу жөнүндө маалымат берилди.
Катышуучулар үчүн Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык нумизматикалык монеталардын көргөзмөсү уюштурулуп, өлчөнгөн алтын куймаларды сатуу жана сатып алуу тууралуу маалыматтар берилди.
Датасы: 06.11.2024
Туруктуу шилтеме
Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Борбордук банктар кеңешин түзүү жөнүндө меморандумга кол коюлду
Бишкек шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммитинин алкагында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Борбордук (улуттук) банктар кеңешин түзүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Меморандумга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев, Азербайжан Республикасынын Борбордук банкынын төрагасы Талех Кязымов, Казакстан Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Тимур Сулейменов, Түркия Республикасынын Борбордук банкынын төрагасы Фатих Карахан жана Өзбекстан Республикасынын Борбордук банкынын төрагасы Мамаризо Нурмуратов кол коюшту.
Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Борбордук (улуттук) банктар кеңешин түзүү борбордук банктардын ортосундагы натыйжалуу кызматташууну бекемдөөгө, акча-кредит саясаты, финансылык туруктуулук, төлөм системасын жана финансылык технологияларды өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашуу максатында биргелешкен консультацияларды жана изилдөөлөрдү жүргүзүүгө багытталган.
Датасы: 05.11.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Түркиянын Президентине караштуу Финансы башкармалыгынын ортосунда “Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга” кол коюлду
2024-жылдын 5-ноябрында Түркия Республикасынын Президенти Р.Т. Эрдогандын Кыргыз Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Түркиянын Президентине караштуу Финансы башкармалыгынын ортосунда “Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга” кол коюлду.
Бул меморандум тараптардын финансы технологиялары чөйрөсүндө кызматташуусуна багытталган, ошондой эле ал адистердин квалификациясын жогорулатуу программасын кошуу менен финансы технологиялары чөйрөсүндө билим жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн берет.
Датасы: 05.11.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети убактылуу токтотулду:
2024-жылдын 2-ноябрынан тартып 16-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
Бишкек ш., Абдрахманов көчөсү, 148-3 дареги боюнча жайгашкан «Банкнота» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 6429 лицензиясы;
Бишкек ш., Абдрахманов көчөсү, 119-үй, 9-квартира дареги боюнча жайгашкан «Талисман Плюс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 26-январындагы № 6259 лицензиясы;
2024-жылдын 1-ноябрынан тартып 15-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
Бишкек ш., Бөкөнбаев көчөсү, 95-үй, 1-квартира дареги боюнча жайгашкан «АРЕНА кей джи» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 6212 лицензиясы.
Датасы: 04.11.2024
Туруктуу шилтеме
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «О!Банк» ачык акционердик коому тарабынан «О!Банк» ААКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Мангитов Арман Ахтуреевичтин талапкерлигине 2024-жылдын 31-октябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.»;
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Капитал Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Капитал Банк» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Чакибаев Эмиль Акжолтоевичтин талапкерлигине 2024-жылдын 31-октябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Датасы: 04.11.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ысык-Көл областтык башкармалыгы «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү - 2024» иш-чарасынын алкагында 2024-жылдын 28-29-октябрь күндөрү Каракол шаарынын тургундары үчүн Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык монеталардын көргөзмөсүн уюштурду.
Көргөзмөнүн жүрүшүндө Ысык-Көл областтык башкармалыгынын кызматкерлери улуттук валюта – сомдун калыптануу тарыхы, өнүгүү этаптары жана анын коргоо элементтери, Улуттук банктын нумизматикалык баалуулуктары жөнүндө маалымат берип, «Банкноттор кантип жок кылынат», «Улуттук валютага аяр мамиле жасоо», «Финансылык сабаттуулук» деген темаларда лекция окулуп, видеороликтер көрсөтүлдү.
Мындан тышкары, 2024-жылдын 31-октябрында Ысык-Көл областтык башкармалыгынын кызматкерлери Ысык-Көл областынын Каракол шаарынын № 1 мектебинин окуучуларына көчмө лекция өткөрүштү. Лекциянын жүрүшүндө үнөмдөөнүн маанилүүлүгү, топтолгон акча каражаттарын сактоо жана көбөйтүү жолдору тууралуу маалымат берилди.
Датасы: 04.11.2024
Туруктуу шилтеме
Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» иш-чарасын белгилөөнүн алкагында, Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгынын нумизматикалык музейинде Ош шаарындагы М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин экономика жана башкаруу институнун студенттерине, Ош мамлекеттик университетине караштуу финансы юридикалык колледжинин студенттерине жана «Эврика» билим берүү комплекси мекемесинин окуучуларына ачык эшик күндөрү өткөрүлүп, лекциялар окулду.
Лекциянын жүрүшүндө студенттерге жана окуучуларга нумизматикалык экспонаттар көрсөтүлүп, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана коргоо белгилери, QR-код колдонуу аркылуу төлөмдөрдү жана акча которууларды өнүктүрүү, ошондой эле акча каражаттарын сарамжалдуу колдонуу, каражат топтоо, финансылык пландаштыруу, финансылык максаттарды коюу, үй-бүлөлүк жана жеке бюджеттерди түзүү тууралуу маалыматтар берилди.
Мындан тышкары, Ош шаарындагы №21 А.С. Пушкин атындагы орто мектептин жана «Олимп» гимназия мектебинин окуучуларына улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана коргоо белгилери, финансылык пландаштыруу, финансылык максаттарды коюу, ошондой эле үй-бүлөлүк жана жеке бюджеттерди түзүү тууралуу атайын көчмө лекциялар өткөрүлдү. Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө катышкандардын жалпы саны 220, анын ичинен 61 студент, 148 мектеп окуучусу жана 11 окутуучу.
Датасы: 04.11.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, ислам каржылоо принциптери боюнча Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Коммерциялык банктар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 4-декабрынан кечиктирбестен ausenova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.
Датасы: 01.11.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгынын өкүлдөрү 2024-жылдын 28-30-октябрында Дүйнөлүк каражат топтоо күнү-2024 иш-чарасын өткөрүүнүн алкагында Талас районунун К. Кайымов атындагы, Ч. Айтматов районунун Ч. Айтматов атындагы жана Бакай-Ата районунун Б. Жунусов атындагы орто мектептеринин жогорку класстарынын окуучуларына көчмө лекцияларды өткөрдү.
Лекциянын жүрүшүндө окуучуларга каражат топтоонун маанилүүлүгү, топтолгон акча каражаттарын сактоо жана көбөйтүү тууралуу айтылды.
Мындан тышкары, Улуттук банктын иши, улуттук валютабыз – сомдун өнүгүү баскычтары жана эскилиги жеткен жараксыз банкнотторду жарактуу банкнотторго алмаштыруу жөнүндө маалымат берилди.
Датасы: 01.11.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы өкүлчүлүгү 2024-жылдын 30-31-октябрында Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата иш-чаралардын алкагында Баткен шаарындагы Ж. Бөкөнбаев жана С. Айтматов атындагы орто мектептеринин окуучуларына көчмө лекцияларды өткөрдү.
Лекциянын жүрүшүндө улуттук валютанын калыптануу тарыхы, акчага аяр мамиле жасоо, каражатты үнөмдөө, каражат топтоо маданиятын калыптандыруу, ошондой эле банк кызматтарын санариптештирүү жана аны колдонууну кеңири жайылтуу тууралуу маалымат берилди.
Датасы: 31.10.2024
Туруктуу шилтеме
Улуттук банк Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнүн алкагында 2024- жылдын 31-октябрында Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде финансылык жармаңке өткөрдү, ага Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин, коммерциялык банктардын, микрофинансылык уюмдардын жана камсыздандыруу компанияларынын өкүлдөрү катышты.
Финансылык жармаңкеде Улуттук банктын, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин, «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАКтын, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын өкүлдөрү, ошондой эле финансы боюнча эксперт жана студенттер - «Финансылык коопсуздук» эл аралык олимпиадасынын жеңүүчүлөрү презентация менен чыгып сүйлөштү. Презентацияларга өз акча каражатын туура пайдаланууну жана бюджетин пландаштырууну үйрөнүүнү каалаган ЖОЖдордун окутуучулары жана студенттери, жаштар, орто мектептердин окуучулары, Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору катышты.
Мындан тышкары, жармаңкеде банктык, микрофинансылык жана башка финансылык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат, ошондой эле финансылык продукттар боюнча консультациялар берилди. Финансылык жармаңкенин жүрүшүндө катышуучуларга банктык эсептерди, коммерциялык банктардын төлөм карталарын ачуу мүмкүнчүлүгү да берилди. Ошондой эле интерактивдүү оюндар, сынактар жана викториналар өткөрүлдү.
Жармаңкенин активдүү катышуучулары, сынактардын жана викториналардын жеңүүчүлөрү атайын сыйлыктар менен сыйланды. Финансылык жармаңкеге 600дөн ашуун адам катышты.
Датасы: 31.10.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Кант шаарында жайгашкан бир кредиттик союзга 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 30.10.2024
Туруктуу шилтеме
Дүйнөлүк каражат топтоо күнү башталат
2024-жылдын 28-октябрынан баштап Кыргызстанда «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» иш-чарасы башталат. Бул кеңири масштабдуу иш-чара Кыргызстанда 2015-жылдан бери Улуттук банк тарабынан координацияланып, мамлекеттик органдардын, финансылык институттардын, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин жана башка катышуучулардын көмөктөшүүсү менен жүргүзүлүп келет.
Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөөнүн негизги максаты - калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, акча топтоо маданиятын калыптандыруу жана акча ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга дем берүү.
Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн алкагында 28-октябрдан 1-ноябрга чейин Бишкек шаарында жана аймактарда мамлекеттик органдар, коммерциялык банктар, камсыздандыруу компанияларынын жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү менен биргеликте ар кандай иш-чаралар, атап айтканда ачык сабактар, лекциялар, интерактивдүү оюндар, экскурсиялар, ачык эшик күндөрү, сынактар жана викториналар өткөрүлөт. Иш-чаралардын жүрүшүндө үнөмдөөнүн маанилүүлүгү, топтолгон акча каражаттарын сактоо жана көбөйтүү жолдору тууралуу маалымат берилет.
Финансылык кызматтар боюнча консультация берүү жана банктык, микрофинансылык жана башка финансылык кызматтар жөнүндө маалымат берүү максатында 2024-жылдын 31-октябрында саат 10.00-14.00гө чейин Бишкек шаарынын Фрунзе көчөсү 547 дареги боюнча Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн алкагында финансы-кредит уюмдары жана мамлекеттик органдар тарабынан уюштурулуп жаткан финансылык жарманке өтөт. Финансылык жарманкеге бардык каалоочулар катышса болот (кирүү акысыз).
Иш-чаралар тууралуу кененирээк маалымат Финсабат маалымат-билим берүү порталынынhttps://finsabat.kg/ «Жаңылыктар» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Иш-чаралардын планы шилтемеде жайгаштырылган.
Датасы: 29.10.2024
Туруктуу шилтеме
Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнүн алкагында 2024-жылдын 28-октябрында Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун № 63 кесиптик лицейинин окуучуларына көчмө лекция өткөрүштү.
Лекциянын жүрүшүндө үнөмдөөнүн маанилүүлүгү, топтолгон акча каражаттарын сактоо жана көбөйтүү жолдору тууралуу маалымат берилген.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө, улуттук валютабыз – сомдун өнүгүү этаптары жана эскилиги жеткен жана жараксыз банкнотторду жарактуу банкнотторго алмаштыруу жөнүндө маалымат берилди.
Датасы: 29.10.2024
Туруктуу шилтеме
2024-жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасында Улуттук банк тарабынан Эл аралык финансы корпорациясы (IFC) менен биргелешип уюштурулган ачык банкинге (API) арналган тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго коммерциялык банктардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын, ошондой эле башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү катышты.
Тегерек стол ачык диалог форматында өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары М.Ш. Аттокуров белгилегендей, санарип технологиялардын өнүгүшү менен банк жана финансы секторлору өтө тездик менен өзгөрүшүүдө жана ачык банкинг бул багытта эң маанилүү кадамдардын бири болуп саналат. Ачык банкингди ишке ашыруу, банктар менен төлөм уюмдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү стандартташтыруу тейлөө сапатын жакшыртуу, финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана кардарлар үчүн жаңы продукттарды түзүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Диалогдун алкагында ачык банкингди ийгиликтүү ишке киргизүүнүн келечектери жана ыкмалары талкууланып, ачык банкингди ийгиликтүү ишке киргизүүнүн эл аралык тажрыйбасына, ар кандай финансылык сервистерди интеграциялоо мүмкүнчүлүгүнө, инновацияларга жана финансылык маалыматтарды алмашуу боюнча коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулган.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча тегерек столдун катышуучулары банктардын, төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын маалыматтык коопсуздук эрежелерин сактоо менен финансылык маалыматтарды алмашуу боюнча өз ара аракеттенүүсүн стандартташтыруу, ошондой эле маалымат агрегаторлоруна карата талаптарды кароо зарыл деген корутундуга келишти.
Датасы: 29.10.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитетинин 2024-жылдын 24-октябрындагы № 2024-ЗСД-КОМ-КПС-22/2 токтому менен атайын жөнгө салуу режиминин алкагында «М Булак» микрокредиттик компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун төмөнкү банктык операцияларды өткөрүү үчүн лицензиясынын мөөнөтү 2025-жылдын 1-майына чейин узартылды:
- нак эмес түрдө кредиттерди берүү үчүн «Элкарт» улуттук төлөм системасынын алдын ала чектелген функционалы менен кредиттик карталарды чыгаруу;
- «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарынын, Visa жана MasterCard эл аралык төлөм системаларынын карталарынын «М Булак» МКК» ЖЧКнын POS-терминалдары/QR-коддору аркылуу эквайринги, анын ичинде товарлар, иштер жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө максатында соода-тейлөө ишканалары менен POS-терминалдарды орнотуу/QR-коддорду колдонуу жана төлөм каражаты катары «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарын, Visa жана MasterCard эл аралык төлөм системаларынын карталарын, Кыргыз Республикасынын локалдык электрондук акчасын кабыл алуу боюнча келишимдерди түзүү, ошондой эле коммерциялык банктар жана/же электрондук акча менен эсептешүү системаларынын операторлору менен түзүлгөн келишимдердин алкагында соода-тейлөө ишканалары/акцептанттар менен эсептешүүлөрдү камсыз кылуу.
Датасы: 29.10.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
эсептик ченди 9,00 пайыз деңгээлинде калтырды
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 28-октябрында эсептик ченди (негизги ченди) 9,00 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим 2024-жылдын 29-октябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасында инфляция орто мөөнөткө каралган 5-7 пайыздык максаттуу көрсөткүчтөн төмөн деңгээлде сакталып турат. 2024-жылдын октябрь айында жылдык инфляция көрсөткүчү 2023-жылдын декабрь айындагы 7,3 пайыздан төмөндөп, 4,6 пайызды түзгөн. Негизинен инфляциянын орточо мааниси мурда көрүлгөн акча-кредит саясатынын чаралары менен шартталган. Инфляция түзүмүндө азык-түлүккө баалардын жылдык өсүш арымы – 2,4 пайыз, азык-түлүктөн башка товарларга – 4,1 пайыз, ал эми кызмат көрсөтүүлөргө баалар – 8,4 пайыз деңгээлинде түптөлгөн. Азык-түлүктөн башка товарлар тобуна баалардын өсүшү басаңдаган, бирок акыркы айларда акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө баалар бир аз жогорулагандыгы белгиленген.
Экономикалык субъекттер инвестициялык жана керектөө суроо-талабын кеңейтүүсүнүн эсебинен Кыргыз Республикасынын экономикасы жогору арымда өсүүдө. 2024-жылдын январь-сентябрь айларында реалдуу ИДӨнүн өсүшү 8,4 пайызды түзгөн. Соода жүргүзүү жана негизги капиталга инвестициялоо көлөмүнүн көбөйүшүнүн эсебинен кызмат көрсөтүү жана курулуш секторлору өлкөнүн экономикалык жигердүүлүгүнө олуттуу салымын кошууда. Кредиттөөнүн, акча которуулардын таза агымынын жана реалдуу эмгек акынын алгылыктуу өсүш арымынын алкагында ички суроо-талап туруктуу сакталып турат.
Акча-кредит чөйрөсүндө туруктуулук сакталып турат. Акча рыногунун кыска мөөнөттүү сегментинде пайыздар төмөндөгөндүгү катталган. Банктар аралык кредиттик ресурстар рыногунда кыска мөөнөттүү карыз алышуулар боюнча чендердин динамикасы Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыздык чек чегинде сакталып турган.
Банк секторунда көрсөткүчтөр туруктуу сакталып, жетиштүү ликвиддүүлүк көлөмү белгиленген. Калктын керектөө максаттарында, ошондой эле сооданы жана айыл чарбасын каржылоону кредиттөө көлөмү арымдуу өсүүдө. Ички валюта рыногу салыштырмалуу туруктуу катары катталган: чет өлкө валютасына рыноктук суроо-талапты жана сунушту түптөөнүн натыйжасында алмашуу курсунун өзгөрүүсү сакталып турган. Белгилүү бир мезгилдерде алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында Улуттук банк банктар аралык валюта рыногунда валюталык интервенцияларды жүргүзүп турат.
Тышкы шарттар ар тараптуу түптөлүүдө жана бул, мурдагыдай эле, геосаясий жагдайларга, ошондой эле дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат рынокторундагы баа конъюнктурасына байланыштуу. Азык-түлүк рынокторунда дүйнөлүк баалардын узак убакыт бою төмөндөөсүнөн кийин акыркы айларда ал акырындап жогорулоодо. Кыргыз Республикасынын соода боюнча айрым өнөктөш өлкөлөрүндө инфляциялык процесстер салыштырмалуу жогору деңгээлде калыптанууда.
Ички инфляция көрсөткүчү план чегинде басаңдагандыгына карабастан, кыска мөөнөттүү келечекте инфляцияга түрткү берүүчү тобокелдиктер, мурдагыдай эле, сакталып турат. Инфляциянын тышкы жана ички факторлорунун тенденцияларын баалоо өтүп жаткан жылдын акырына жылдык инфляция көрсөткүчү орто мөөнөткө каралган 5-7 пайыздык көрсөткүч чегинде түптөлгөндүгүн билдирет.
Мындай шарттарда, кыска жана орто мөөнөттүү мезгилге инфляция факторлорун баалоону эске алсак, эсептик чен өлчөмүн 9,00 пайыз деңгээлинде калтыруу зарыл. Кабыл алынган чечим өлкөдө баа туруктуулугун сактоого жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.
Улуттук банк түптөлгөн тышкы жана ички экономикалык шарттарга баа берүүнү улантууда жана тышкы чөйрөдө дале сакталып турган тобокелдиктерди эске алуу менен акча-кредит саясатын жүргүзүүдө ар тараптан кароого алынган ыкмага таянуу менен иш алып барууда. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан шартта Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка кошумча корректировкаларды киргизиши мүмкүн.
Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки отуруму 2024-жылдын 25-ноябрында өтөт.
Датасы: 28.10.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы ЭВФтеги Швейцария добуш берүү тобунун жана Дүйнөлүк банк тобунун отурумуна катышты
2024-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев Вашингтон шаарында өткөн ЭВФтеги Швейцария добуш берүү тобунун жана Дүйнөлүк банк тобунун отурумуна катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө дүйнөлүк экономиканы өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери жана глобалдуу инфляциянын тенденциялары, ошондой эле ЭВФ өлкөлөрүнүн Швейцария тобунун алкагында мындан ары да кызматташуу келечеги талкууланды.
Бул отурумда ЭВФ өлкөлөрүнүн Швейцария тобуна кирген Лихтенштейндин ЭВФтин жаңы 191-мүчөсү катары катышуусу аталган иш-чаранын маанилүү жаңылыгынан болду.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасы 1992-жылдан бери ЭВФтин, ал эми 1993-жылдан бери ЭВФтеги Швейцария добуш берүү тобунун мүчөсү болуп саналат. Швейцария добуш берүү тобуна Азербайжан, Кыргызстан, Польша, Казакстан, Сербия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Швейцария сыяктуу өлкөлөр, ошондой эле 2024-жылдан тартып Лихтенштейн кирди.
Датасы: 28.10.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы жана ЕРӨБ вице-президенти Ишкер айымдардын финансылык жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча меморандумга кол коюшту
2024-жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев ЕРӨБдүн саясий кызматташуу жана өнөктөштүк боюнча вице-президенти Марк Боуман мырза менен ЭВФтин жана Дүйнөлүк банк тобунун жылдык жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасындагы ишкер айымдарды каржылоо программасын ишке ашырууда кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга расмий кол коюшту.
Меморандум ишкер айымдардын финансылык жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, ишкер айымдарды лидерликке шыктандырып, экономикалык интеграцияга жетишүүгө өбөлгө түзүүчү финансылык экосистеманы түзүүгө багытталат.
Марк Боуман мырза белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын мындай кадамы аялдардын инклюзивдүү өсүүсүнө, алардын финансылык укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөрүн тастыктайт.
Мелис Тургунбаев өз кезегинде бул Меморандумдун маанилүүлүгүн белгилеп, кыз-келиндер жетектеген ишканаларды каржылоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү өлкөнүн экономикалык өнүгүшү үчүн гана эмес, адилеттүү коом түзүү үчүн да маанилүү экендигин кошумчалады.
«Меморандумга кол коюу айымдардын өз потенциалын ишке ашырууга дем берүү менен жаңы мүмкүнчүлүктөргө жана демилгелерге жол ачат деген ишенимдебиз», – деп Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы белгиледи.
Датасы: 25.10.2024
Туруктуу шилтеме
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 24-октябрында «Кыргызкоммерцбанк» ачык акционердик коому тарабынан «Кыргызкоммерцбанк» ачык акционердик коомунун башкы бухгалтери кызмат ордуна сунушталган Турдукулова Чолпон Эшалыевнанын талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 24-октябрында «Дос-Кредобанк» ачык акционердик коому тарабынан «Дос-Кредобанк» ачык акционердик коомунун башкы бухгалтери кызмат ордуна сунушталган Кыдыралиева Гульжан Эриковнанын талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Датасы: 25.10.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Швейцария Улуттук банкынын жаңы башчысы менен жолугушту
ЭВФ жана Дүйнөлүк банк тобунун башкаруучуларынын Вашингтон шаарында болуп өткөн ар жылдык жыйынына катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев Швейцария Улуттук банкынын жаңы төрагасы Мартин Шлегел мырза менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө борбордук банктардын жетекчилери мындан ары да тыгыз кызматташууга жана монетардык саясат негиздерин өркүндөтүү маселелерин кошо алганда, бардык иш багыттары жана башка маселелер боюнча өз ара иш алып барууну күчөтүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Швейцария Улуттук банкы ортосунда көп жылдан бери ар кандай иш багыттары боюнча эки тараптуу кызматташуу ийгиликтүү жүргүзүлүп келет.
Датасы: 25.10.2024
Туруктуу шилтеме
КР Улуттук банкынын төрагасы
ЭВФ бөлүмдөрүнүн башчылары менен жолугушту
22-октябрда, Вашингтондо КР Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев Эл аралык валюта фондунун Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия өлкөлөрү департаментинин директору Жихад Азур жана Кыргызстан боюнча өлкөлүк миссиясынын башчысы Николоз Гигиенишвили менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Жолгушуунун жүрүшүндө Кыргызстандагы акыркы экономикалык тенденциялар, ошондой эле өлкөбүз кабыл алып жаткан экономикалык саясат чараларын талкууланды. Улуттук банктын баа туруктуулугуна жетишүүгө жана каржылык туруктуулукту бекемдөөгө багытталган саясатына өзгөчө көңүл бурулду.
Датасы: 24.10.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын 5.6-пунктун ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн мындан ары көбөйтүү, калк үчүн санарип төлөм кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, 2024-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы № 2024-П-14/55-1-(ПС) «Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» токтомун (мындан ары - токтом) кабыл алды.
Токтомго ылайык, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына жана төлөм уюмдарына Кыргыз Республикасынын ичинде мобилдик тиркемелер жана интернет банкинг аркылуу улуттук валютада акча которуулар боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн жеке адам-кардарлардан комиссиялык сый акы (комиссия) алууга 2025-жылдын 31-декабрына чейин убактылуу тыюу салынат.
Бул чара калктын бардык катмары үчүн банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жана банк секторуна санариптик технологияларды киргизүүнү тездетүүгө өбөлгө түзөт.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Токтом Улуттук банктын расмий веб-сайтында www.nbkr.kg/Банк жөнүндө/Банк мыйзамдары/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору дареги боюнча жайгаштырылган.
Датасы: 23.10.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019П14/461(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системасынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун (мындан ары – долбоор) коомдук талкууга сунуштайт.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында «Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору»/«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Кызыкдар болгон тараптар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 23-ноябрына кечиктирбестен adjakubova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.
Датасы: 23.10.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы ЭВФтин
Акча-кредит системалары жана капитал рыногу департаментинин директору менен жолугушту
Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев Вашингтондо (АКШ) өткөн ЭВФ жана Дүйнөлүк банк тобунун башкаруучуларынын жылдык жыйынына катышуунун алкагында Акча-кредит системалары жана капитал рыногу департаментинин директору Тобиас Адриан мырза менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын акча-кредит саясатынын негиздерин андан ары өнүктүрүү боюнча кызматташуу маселелери жана санарип сомду ишке киргизүүнүн техникалык мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Датасы: 21.10.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 16-октябрында № 2024-П-12/53-2-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Улуттук банк Башкармасынын токтомун (мындан ары – токтом) кабыл алды.
Токтом микрокредиттерди берүү процессин оптималдаштыруу жана жеткиликтүүлүктү кеңейтүү максатында, кредиттин максаттуу пайдаланылышын текшерүү боюнча отчетту даярдоого тиешелүү талаптарды белгилөөнү эске алуу менен кабыл алынды.
Мындан тышкары, токтом күрөө берүүчүлөрдүн укуктарын коргоо жана карыз алуучулардын эсептелген үстөк акылар (туум, айып пул) боюнча карыз оорчулугунун деңгээлин төмөндөтүү максатында иштелип чыккан.
Токтомдо кредиттик тобокелдикти азайтууга, микрофинансылык компаниялар үчүн негизги каражаттарга инвестициялар боюнча ченемди белгилөөгө, ошондой эле алмашуу операцияларын жүргүзүү жагында ченемдик укуктук актылардын талаптарын актуалдаштырууга багытталган өзгөртүүлөр каралган.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Датасы: 18.10.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок Ош шаарындагы «Достук-Автожол» көзөмөлдөө-өткөрмө пунктунун аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын 3 жаранынын (Г.А.А., А.С.К., Н.А.Б.) ар бирине 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 18.10.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. Токтом долбоору экономиканын стратегиялык багыттарын каржылоону демилгелөө максатында иштелип чыккан.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/kg) жайгаштырылган.
Коммерциялык банктар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 18-ноябрынан кечиктирбестен bimasheva@nbkr.kg электрондук дарегине (анын ичинде Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.
Датасы: 18.10.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир микрокредиттик компанияга 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 17.10.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок Ош шаарынын аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын 3 жаранына карата (Г.Ш.Н., А.Ж.Р., З.Д.М.) ар бирине 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 17.10.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия албастан Ош областынын Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарынын жана «Кара-Суу» өткөрүү пунктунун аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын 6 жаранына карата (И.у.А., М.Ы.О., Б.А.Т., Р.Б.А., А.С.И., М.Ф.З.) ар бирине 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 17.10.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Нарын шаарындагы бир кредиттик союзуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 16.10.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан эки микрокредиттик компанияга жалпы 110 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 15.10.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алуусуз нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгү тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранына (А.у.А.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 15.10.2024
Туруктуу шилтеме
2024-жылдын 14-октябрында Улуттук банкта Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн урматына кыргыз тарыхчылары менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына караштуу «Мурас» фондусунун төрагасы, тарых илимдеринин кандидаты, коомдук ишмер К.С. Молдокасымов, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б. Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун бөлүм башчысы, тарых илимдеринин кандидаты А.Э. Кубатова, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б. Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун илимий кызматкери Б.Т. Султаналиев катышты.
Келген меймандар Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүүдөгү урунттуу окуялар менен бөлүшүп, мамлекеттүүлүктү түптөөдөгү кыргыз интеллигенциясынын жасаган аракеттери, күңгөйү менен тескейи, тарыхтагы мааниси менен олжосу тууралуу кеңири баяндап беришти.
Датасы: 15.10.2024
Туруктуу шилтеме
«Тай туяк» коллекциялык монетасы «Монеталар топ жылдызы – 2024»
эл аралык сынагында «Жылдын күмүш монетасы» номинациясы боюнча
үчүнчү байгелүү орунду ээледи
«Тарыхый окуялар» сериясындагы «Тай туяк» коллекциялык күмүш монетасы «Монеталар топ жылдызы – 2024» XVIII эл аралык сынагында «Жылдын күмүш монетасы» номинациясы боюнча үчүнчү байгелүү орунду ээледи.
«Монеталар топ жылдызы» - КМШ өлкөлөрүнүн аймагында өткөрүлгөн жалгыз эл аралык эстелик монеталар сынагы. Сынактын жеңүүчүлөрү аукцион үйлөрүнүн, эң чоң музейлердин, нумизматикалык коомдордун жана ар кайсы өлкөлөрдүн монеталары тууралуу адистештирилген басылмалардын адистеринен турган атайын калыстар тобу тарабынан бааланган.
Мыкты күмүш монеталар дүйнөнүн 18 өлкөсү катышкан 24 катышуучулардын арасынан бир нече критерийлер боюнча бааланган: монета жөнүндө жалпы пикир, монетанын темасын ачуу, дизайны, көркөм чагылдырылышы, аткаруу сапаты.
«Тай туяк» коллекциялык күмүш монетасы 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан улуттук валютаны жүгүртүүгө чыгаруунун 30 жылдыгына карата жана акчанын байыркы тарыхына арналып чыгарылган.
Датасы: 14.10.2024
Туруктуу шилтеме
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алуусуз Ош шаарынын «Достук-Автожол» көзөмөлдөө-өткөрмө пунктунун аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын 7 жаранына карата (У.А.А., А.Б.Х., П.А.А., М.Ш.А., Б.Х.М., М.Р.И., Э.Б.Х.) ар бирине 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
2. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ош шаарында жайгашкан бир алмашуу бюрого карата 55000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 14.10.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир микрокредиттик компанияга 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 14.10.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир кредиттик союзга 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 11.10.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Банк» / «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.
Токтом долбоору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды 2024-жылдын 10-ноябрынан кечиктирбестен Улуттук банкка, ошондой эле электрондук версиясын (Word форматында) nishenbekov@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүү зарыл.
Датасы: 11.10.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Элдик Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Элдик Банк» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Абдраимова Венера Бору-Мухаммедовнанын талапкерлигине 2024-жылдын 10-октябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Датасы: 10.10.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир микрокредиттик компанияга 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 10.10.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду:
2024-жылдын 10-октябрынан тартып 24-октябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
- Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспекти, 299 «В» («Ала-Арча» соода борбору,
1-кабат) дареги боюнча жайгашкан «Нурзаман ЛТД» алмашуу бюросу ЖЧКнын
2022-жылдын 14-сентябрындагы № 6354 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 150 дареги боюнча жайгашкан «Гранд КЭШ» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 26-майындагы № 6296 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү 5, 2-кв. дареги боюнча жайгашкан «Экспресс Мани МК» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 4-мартындагы № 6729 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Московская көчөсү, 71-үй дареги боюнча жайгашкан «Бинанс трейд» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 6247 лицензиясы;
2024-жылдын 10-октябрынан тартып 16-октябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 144, № 5-бөлмө дареги боюнча жайгашкан «Тренд Кей Джи» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 28-ноябрындагы № 6644 лицензиясы;
2024-жылдын 10-октябрынан тартып 14-октябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 150 дареги боюнча жайгашкан «Опция» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 6508 лицензиясы.
Датасы: 07.10.2024
Туруктуу шилтеме
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 3-октябрында «О!Банк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна Заика Дмитрий Александровичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 3-октябрында «Капитал Банк» ачык акционердик коомунун ички аудит кызматынын начальниги кызмат ордуна Эсеналиева Гульнара Усенбековнанын талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Датасы: 04.10.2024
Туруктуу шилтеме
2024-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев Франциянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Николя Фай мырза менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук банктын төрагасы Франциянын Кыргыз Республикасындагы Элчисин дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, эки тараптуу мамилени бекемдөө маанилүү экендигин белгиледи.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Франция банкы ортосунда кызматташууну өнүктүрүү, анын ичинде тажрыйба алмашуу, адистердин квалификациясын жогорулатуу жана Кыргызстандын финансы секторун өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду биргелешип жүзөгө ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Датасы: 04.10.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 144, №3-кеңсе дареги боюнча жайгашкан «Валютный центр» алмашуу бюросунун 2023-жылдын 14-июлундагы № 6550 лицензиясынын мөөнөтү 2024-жылдын 5-октябрынан тартып 19-октябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
Датасы: 03.10.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алуусуз Талас областынын аймагындагы «Чоң-Капка» көзөмөлдөө-өткөрмө пунктунун жанында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Талас областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын эки жаранына карата (М.у.С., М.у.К.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 03.10.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети 2024-жылдын 3-октябрынан тартып 17-октябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду:
- Бишкек шаары, Чуй проспекти, 100-үй, № 1 дареги боюнча жайгашкан «ЭЛКАЗЫНА кейджи» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 16-мартындагы № 6491 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Москва көчөсү, 71-үй дареги боюнча жайгашкан «Голд и ко плюс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 16-октябрындагы № 6604 лицензиясы.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2024-жылдын 2-октябрынан тартып Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 150 № 6 дареги боюнча жайгашкан «Мурас и Ко» алмашуу бюросу ЖЧКнын нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2022-жылдын 21-октябрындагы № 6380 лицензиясы кайтарылып алынды.
Датасы: 30.09.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгы 2024-жылдын 25-26-сентябрь күндөрү план чегинде Ош областынын Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагынын жана Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын жергиликтүү калкына «Финансылык сабаттуулук» темасында көчмө лекция өткөрдү.
Лекцияда Улуттук банктын ролу жана функциялары, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана анын коргоо белгилери, QR-код колдонуу аркылуу төлөмдөрдү жана акча которууларды ишке ашырууну өнүктүрүү, акча каражаттарын сарамжалдуу колдонуу, каражат топтоо, финансылык пландаштыруу, финансылык максаттарды коюу, ошондой эле үй-бүлөлүк жана жеке бюджеттерди түзүү тууралуу маалымат берилди.
Датасы: 27.09.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык келтирүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик турак жай программаларын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 25-сентябрында № 2024-П-12/46-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун алкагында кредиттерди берүү маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун (мындан ары – токтом) кабыл алды.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат.
Датасы: 27.09.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу
Сот адилеттигинин жогорку мектеби менен биргеликте судьялар үчүн
эки күндүк тренинг өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 26-27-сентябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин судьялары үчүн «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ролу, функциялары, ыйгарым укуктары жана ченем жаратуу иши. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын таасир этүү чараларына, ченемдик укуктук актыларына жана башка чечимдерине карата даттануу иштерин кароо боюнча сот тажрыйбасы» темасында тренинг өткөрдү. Бул иш-чаранын максаты – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана анын көзөмөлүндөгү субъекттердин ишине байланыштуу кыйла маанилүү маселелерди талкуулоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын судьяларынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу саналат.
Тренингге өлкөнүн бардык областтарынын жана Бишкек шаарынын жалпы юрисдикциядагы жана административдик соттордун, анын ичинде биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун судьялары катышты.
Тренингдин спикерлери катары Улуттук банктын кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутучуусу болушту.
Датасы: 27.09.2024
Туруктуу шилтеме
2024-жылдын 25-сентябрында Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун тургундарына «Финансылык сабаттуулук» темасында пландаштырылган көчмө лекция өткөрүштү. Лекция Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын чоң залында өткөрүлүп, анда болжолу менен 80 адам катышты.
Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү катышуучуларга акча каражаттарын туура колдонуу, финансы маселелерин талдоо, акча каражаттарын ар кандай тобокелдиктерден коргоо, финансылык пландаштыруу, финансылык максат коюу, ошондой эле үй-бүлөлүк жана жеке бюджетти түзүү тууралуу айтып беришти.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында QR-кодду өнүктүрүү боюнча иш-чаралар, QR-коддордун улуттук стандарттары жана эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөө эрежелери жөнүндө маалымат берилди.
Датасы: 27.09.2024
Туруктуу шилтеме
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы «О!Банк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү/Тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна Ахметова Нурсулу Меирбековнанын талапкерлигине 2024-жылдын 26-сентябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы «Демир Кыргыз Эл Аралык Банкы» ЖАКтын башкы бухгалтеринин орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу кызмат ордуна Абитова Назира Абдыгапаровнанын талапкерлигине 2024-жылдын 26-сентябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы «Бай-Түшүм» Банкы ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна Осмонова Рахат Курманбековнанын талапкерлигине 2024-жылдын 26-сентябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы «Бай-Түшүм» Банкы ААКтын башкармасынын төрагасы кызмат ордуна Сагындыков Жаркынбек Жумабаевичтин талапкерлигине 2024-жылдын 26-сентябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы «Айыл Банк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна Султанов Мирлан Кушчубаевичтин талапкерлигине 2024-жылдын 26-сентябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Датасы: 27.09.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 25-сентябрындагы чечими менен «Айыл Банк» ачык акционердик коомуна иджара жана иджара мунтахийя биттамлик келишимдери боюнча «ислам терезеси» аркылуу улуттук жана/же чет өлкө валютасында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык кошумча банктык операцияларды жана бүтүмдөрдү жүргүзүү укугуна уруксат берилгендигин билдирет.
Датасы: 27.09.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Финансы-кредит уюмдары токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 30-октябрынан кечиктирбестен msatybaldieva@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.
Датасы: 26.09.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору финансы-кредит уюмдарынын кардарларынын кредиттерди аралыктан тейлөө ыкмасы менен тариздетүүдө алдамчылык аракеттерине дуушарлануусун азайтуу максатында иштелип чыккан.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында Улуттук банктын ченемдик актылары/Талкууга сунушталган долбоорлор бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.
Сектор токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 26-октябрынан кечиктирбестен bkuvanychbekov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.
Датасы: 26.09.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, 2025-жылы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын коллекциялык монеталарынын эскиздеринин долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн сүрөтчү-дизайнерлер арасында төмөнкү талаптар боюнча ачык сынак жарыялайт:
Сериясы |
Темасы |
Металлы |
Салмагы (г) |
Диаметри (мм) |
Формасы |
Кыргыздын салттары жана үрп-адаттары |
Тушоо кесүү |
Күмүш 925° |
28,28 |
38,61 |
Тегерек |
Тарыхый окуялар |
Эгемен Кыргыз Республикасына - 35 жыл |
Алтын 999° |
7,78 |
22,00 |
Тегерек |
Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлору берилген теманы толук ачып берүүгө жана төмөнкү критерийлерге туура келүүгө тийиш:
- берилген темага шайкеш келүү;
- жогорку деңгээлде көркөм аткаруу;
- маданий жана эстетикалык ченемдерге туура келүү;
- жеке чыгармачылык.
Сынактын шарттары:
1. Монетанын жасалгасына коюлган талаптар
«Тушоо кесүү» коллекциялык монетасы:
- монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжети, монетанын номиналы (10 сом) жана «Тушоо кесүү»;
- монетанын арткы бетинде (реверс) сюжеттин уландысы берилип, мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы «2025», «Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары» деген жазуу түшүрүлүүгө тийиш.
Монетанын металлы жана сапат белгиси (Ag 925), салмагы (28.28 g) аткаруучунун көз карашы боюнча монетанын алдыңкы бети сыяктуу эле, арткы бетине да жайгаштырылышы мүмкүн.
«Эгемен Кыргыз Республикасына - 35 жыл» коллекциялык монетасы:
- монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжети, монетанын номиналы (100 сом) жана «Эгемен Кыргыз Республикасына – 35 жыл» / Независимой Кыргызской Республике – 35 лет» жазуулары;
- монетанын арткы бетинде (реверс) сюжеттин уландысы берилип, мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы «2026», «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» деген жазуу түшүрүлүүгө тийиш.
Монетанын металлы жана сапат белгиси (Au 925), салмагы (7,78 g) аткаруучунун көз карашы боюнча монетанын алдыңкы бети сыяктуу эле, арткы бетине да жайгаштырылышы мүмкүн.
2. Эскиздин долбоорлорун тариздөөгө талаптар:
- А4 форматындагы фотокагаз, барактын жогору жагында монетанын аталышы, монетанын аверс/реверсинин көрсөтүлүшү, рельефтин нукура көлөмдө иштелип чыккан монетанын сүрөтү, чоңойтулган түрдө монетанын сүрөтү (150 мм) көрсөтүлөт;
- эскиздик долбоорлорду JPG форматында kartykova@nbkr.kg эл. дарегине жөнөтүү.
Ар бир эскиздин долбооруна сунушталган коллекциялык монетанын дизайнынын маанисинин мазмуну боюнча комментарийлер тиркелиши керек.
3. Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлорун тапшыруу мөөнөтү 2024-жылдын 5-декабрына чейин.
4. Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлору «Сынак» (Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы үчүн) белгисин коюу менен Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти 168 дареги боюнча жайгашкан Улуттук банктын 117 иш бөлмөсүнө тапшырылат.
Кошумча маалыматты 0312 66 92 26, 0312 66 92 25 телефон аркылуу алсаңыздар болот.
Датасы: 26.09.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, Усенбаев көчөсү, 47 (1-кабат, 1-офис) дареги боюнча жайгашкан «Авангард КЭШ» алмашуу бюросунун 2024-жылдын 31-июлундагы № 6894 лицензиясынын мөөнөтү 2024-жылдын 25-сентябрынан тартып 9-октябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
Датасы: 26.09.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ош областында жайгашкан бир коммерциялык банкка 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 25.09.2024
Туруктуу шилтеме
Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө
КАБАРЛОО
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы укуктук жөнгө салууну талкуулоо жана кызыкдар жактардан сунуштарды чогултуу башталгандыгы жөнүндө билдирет.
1. Чечилишине сунушталган жөнгө салуу багытталган проблемалардын сыпаттамасы:
Алдамчылык тобокелдиктери барган сайын түрдүү болуп, татаалдашкан азыркы финансылык ландшафттын шарттарында, банк операцияларынын коопсуздугун камсыз кылуу өзгөчө мааниге ээ болуп жатат. Буга байланыштуу кардарлардын ишенимдүүлүгүн жана корголушун жогорулатууга багытталган жаңы чараларды киргизүү пландаштырылууда.
Антифрод-системаларды жана банктардагы эсептерди ыкчам блокко коюу боюнча чараларды киргизүү керектөөчүлөрдү коргоого, ошондой эле бүтүндөй финансы системасынын туруктуулугун камсыз кылууга тиешелүү бир катар негизги факторлор менен шартталган.
Мындан тышкары, көзөмөлдө турган уюмдардын мобилдик тиркемелери аркылуу калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу зарылчылыгын эске алуу менен, көзөмөлдө турган уюмдардын мобилдик тиркемелер аркылуу кызмат көрсөткөндүгү үчүн комиссиялык сый акы алууга чектөө киргизиле турган жана/же тыюу салына турган кызматтардын тизмегин белгилөөгө Улуттук банктын ыйгарым укуктарын аныктоо маселеси каралат.
2. Сунушталган жөнгө салуунун максатын жана проблеманы чечүүнүн ыкмасын сыпаттоо:
Банктар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын катуу талаптарына жооп берген натыйжалуу антифрод-системаларды ишке киргизүүгө тийиш. Бул системалар шектүү иш-аракеттерди аныктоо, алдамчылык операцияларындагы транзакцияларды талдоо үчүн маанилүү курал болуп калат. Бул жөнгө салууну кабыл алуу тобокелдиктерди кыйла азайтууга жана мүмкүн болгон финансылык жоготууларды алдын алууга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, сунуш кылынган чаралар алдамчылыкка шектенүү жаралган учурда эсептерди ыкчам блокко коюу мүмкүнчүлүгүн караштырат. Бул функция керектөөчүлөрдү коргоого жасалган маанилүү кадам болуп, банк мекемелеринин тез жана натыйжалуу иштешине мүмкүнчүлүк берет. Алдамчылык коркунучу айкын болгон жагдайда, ыкчам кийлигишүү, анын ичинде эсептерди блокко коюу уруксатсыз транзакцияларды алдын алууга жана зыянды азайтууга жардам берет.
Ошондой эле көзөмөлдө турган уюмдар комиссиялык сый акыны белгилөөдө мобилдик тиркемелер аркылуу көрсөтүү үчүн комиссиялык сый акы алууга чектөө жана/же тыюу салуу киргизиле турган көзөмөлдө турган уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн тизмегин аныктаган Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына таянышат.
3. Сунушталган жөнгө салуунун күтүлүүчү пайдасын жана артыкчылыктарын баалоо:
2024-жылдын апрелинен тартып Улуттук банктын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо бөлүмүнө кара ниет адамдардын аракеттеринен жабыр тарткан жарандардан 30га жакын кат жүзүндө кайрылуу келип түшкөн. Мындан тышкары, Улуттук банктын Коомдук кабылдамасына алдамчылык тууралуу 25 телефон чалуу болуп, ушундай мазмундагы 20га жакын кайрылуу Улуттук банктын Whats-App каналына келип түшкөн.
Антифрод-системаларды жана эсептерди ыкчам блокко коюу боюнча чараларды киргизүү төмөнкүдөй маселелерди чечет:
1) Алдамчылыктын өсүшү
Заманбап технологиялар жана интернет кызматтары кара ниет адамдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, алдамчылык схемаларынын көбөйүшүнө алып келет. Антифрод-системалардын ишке киргизилиши банктарга мындай схемаларды ыкчам идентификациялоого жана реакция кылууга мүмкүндүк берет жана алдамчылыктын ийгиликтүү ыктымалдыгын азайтат.
2) Керектөөчүлөрдү коргоо
Банктардын негизги милдеттеринин бири өздөрүнүн керектөөчүлөрүнүн каражаттарынын коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат. Натыйжалуу антифрод-системалар алдамчылардын күнөөсү боюнча каражаттарды жоготуу тобокелдиктерин минималдаштырууга, ал эми эсептерди ыкчам блокко коюу мүмкүнчүлүгү кардарларды кошумча коргоо мүмкүнчүлүгүн берет.
3) Банк системасына ишеним
Кардарлар банк кызматтарын активдүү колдонуу үчүн өз финансысынын коопсуздугун сезиши зарыл. Ишенимдүү антифрод-чаралары конкреттүү финансы институттарына да, бүтүндөй банк системасына да ишенимди бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
4) Реакциянын ыкчамдыгы
Реалдуу мезгилде эсептерди блокко коюу мүмкүнчүлүгү банктарга шектүү аракеттерге дароо реакция кылуу куралы болуп берет. Бул алдамчылык операцияларын алдын алуу жана кардарларга акча каражаттарын кайтаруу мүмкүнчүлүгүн олуттуу түрдө жогорулатат.
4. Мүмкүн болуучу жагымсыз кесепеттерди баалоо:
Бул жөнгө салуу финансы чөйрөсүндө алдамчылыкты алдын алууга жана коргоого багытталган жана терс натыйжаларга алып келбейт жана финансы системаларына ишенимди бекемдөөгө шарт түзөт.
Мобилдик тиркемелер аркылуу көрсөтүлгөн, көзөмөлдө турган уюмдардын комиссиялык сый акы алууну чектөө жана/же тыюу салуу жүргүзүлүүчү кызматтарынын тизмегин белгилөөгө Улуттук банктын ыйгарым укуктарын белгилөө мобилдик тиркемелер аркылуу калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга көмөк көрсөтөт.
5. Сунушталган жөнгө салуунун ишкердик субъекттерин - адресаттарын мүнөздөө жана санын баалоо:
Сунушталган жөнгө салуу коммерциялык банктарга жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү башка субъекттерге тиешелүү.
6. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланышкан потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгымдарын жана пайдаларын болжолдуу баалоо:
Антифрод-системаларын жана эсептерди ыкчам блокко коюу боюнча чараларды киргизүү банктардын кардарларынын кара ниет адамдардын алдамчылык аракеттеринен улам келип чыккан проблемаларын чечүүнү камсыз кылат, ошондой эле банктарга алдамчылык ыктымалдыгын төмөндөтүү менен, көрсөтүлгөн аракеттерди ыкчам идентификациялоого жана реакция кылууга мүмкүндүк берет.
Мобилдик тиркемелер аркылуу көрсөтүү үчүн комиссиялык сый акы алууга чектөө жана/же тыюу салуу киргизиле турган көзөмөлдө турган уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн тизмегин белгилөөгө Улуттук банктын ыйгарым укуктарын киргизүү жана бул кызматтарды акысыз көрсөтүү боюнча ченемдерди андан ары ишке ашыруу төлөм системаларынын катышуучуларында, процессинг системаларынын ортосунда хосттор аралык байланыштарды уюштуруу боюнча процессинг борборлорунун операторлорунда анча чоң эмес чыгымдарга алып келиши мүмкүн.
Мында сунушталган жөнгө салууну киргизүү калкка көрсөтүлүүчү төлөм кызматтарынын сапатын, жеткиликтүүлүгүн, ар түрдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
7. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланышкан республикалык/жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын жана пайдаларын болжолдуу баалоо:
Сунушталган жөнгө салууну киргизүү республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт. Мында калктын финансы секторуна болгон ишениминин жогорулашына жана калкка көрсөтүлгөн банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмүнүн артышына байланыштуу төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунун катышуучуларынан салыктык чегерүүлөрдүн көбөйүшү мүмкүн.
Билдирүүгө төмөнкүлөр тиркелет:
1. Коомдук консультациянын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеги:
- аталган проблемалар туура жана Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жолу менен чечүүнү талап кылабы;
- аталган максат негиздүүбү, аткаруу үчүн маанилүүбү;
- проблеманы чечүү үчүн сунушталган ыкма (Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүү киргизүү) кыйла артыкчылыктуу болуп саналабы;
- Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына сунушталган өзгөртүү киргизүү кабыл алынган учурда пайдасы жана артыкчылыгы кандай;
- Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына сунушталган өзгөртүү киргизүү кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар пайда болушу мүмкүн;
- проблеманы чечүүнүн кыйла натыйжалуу альтернативдүү ыкмалары барбы;
- Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына сунушталган өзгөртүү киргизүүгө карата жалпы пикир.
Маселелердин тизмегиндеги суроолордун саны көбөйүшү мүмкүн.
Кабарлоо маалыматын талкуулоо үчүн байланыш маалыматтары жана мөөнөттөрү:
1. Сунуштар төмөнкүлөр аркылуу кабыл алынат: |
|
- электрондук почта аркылуу |
uakylbek@nbkr.kg |
- почта дареги |
720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 168 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү |
2024-ж.10-октябры |
3. Сунуштардын жана жооптордун реестрин иштеп чыккан органдын расмий сайтына жайгаштыруу мөөнөтү, көрсөтүлгөндөн кечиктирилбестен |
2024-ж.16-октябры |
Датасы: 24.09.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алуусуз нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгү тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранына (Э.И.Н.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 23.09.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары боюнча комитетинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы токтому менен «Грин Телеком Сервис» жоопкерчилиги чектелген коомунун атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясынын колдонуу мөөнөтү лицензияга карата техникалык тапшырмада бекитилген шарттарды жана талаптарды сактоо менен 2025-жылдын 20-мартына чейин узартылды.
Датасы: 20.09.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Баткен областында жашап жаткан жарандарга жана чарба ишин жүргүзүп жаткан субъекттерге каржылоодон пайдалануу мүмкүндүгүн арттыруу, административдик-аймактык бирдиктерди, анын ичинде 2022-жылдын сентябрь айында Баткен областында куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2024-жылдын 17-сентябрында № 2024-П-12/45-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому (мындан ары – токтом) кабыл алынган.
Токтомго ылайык Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2-(НПА) «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган, коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери тууралуу» жана 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 2022-П-12/71-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу» эки токтомунун колдонуу мөөнөттөрү 2025-жылдын 30-мартына чейин узартылды.
Токтом Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Банк/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Датасы: 20.09.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
төрагасы М.Тургунбаев Кытай Эл Банкынын төрагасынын орун басары Чжан Цинсун менен жолугушту
2024-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев Пекин шаарында (КЭР) өткөн Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын 16-жыйынына катышуусунун алкагында Кытай Эл Банкынын төрагасынын орун басары Чжан Цинсун менен жолугушту.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Финансы министри Алмаз Бакетаев жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Кытай Эл Банкы ортосунда борбордук банктардын ишкердик чөйрөсү жагында эки тараптуу кызматташууну арттыруу маселелерин, ошондой эле Кыргызстандын коммерциялык банктарынын Кытай банктары менен кызматташуу, анын ичинде өз ара корреспонденттик эсептерди ачуу маселелерин талкуулашты.
Датасы: 19.09.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 148-1 дареги боюнча жайгашкан «Скай курс» алмашуу бюросу» ЖЧКнын 2024-жылдын 27-июнундагы № 6855 лицензиясынын аракети 2024-жылдын 19-сентябрынан тартып 3-октябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
Датасы: 19.09.2024
Туруктуу шилтеме
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 17-сентябрында «Оптима Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Оптима Банк» ачык акционердик коомунун башкы бухгалтеринин орун басары кызмат ордуна сунушталган Якупова Аида Тургунбековнанын талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды».
Датасы: 19.09.2024
Туруктуу шилтеме
2024-жылдын 17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан «Халык Банк Кыргызстан» ачык акционердик коомунун толук фирмалык аталышы жана кыскартылган фирмалык аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу «Халык Банк Кыргызстан» ААКтын лицензиясы алмаштырылды.
- мамлекет тилдеги толук аталышы: «О!Банк» ачык акционердик коому;
- мамлекет тилдеги кыскартылган аталышы: «О!Банк» ААК;
- расмий тилдеги толук аталышы: Открытое акционерное общество «О!Банк»;
- расмий тилдеги кыскартылган аталышы: ОАО «О!Банк»;
- англис тилдеги толук аталышы: The open joint-stock company «O!Bank»;
- англис тилдеги кыскартылган аталышы: OJSC «O!Bank».
Датасы: 18.09.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Банк» / «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.
Токтом долбоору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды 2024-жылдын 18-октябрынан кечиктирбестен asyrgataev@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүү зарыл.
Датасы: 18.09.2024
Туруктуу шилтеме
Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгынын кызматкерлери 2024-жылдын 17-сентябрь күнү Талас областынын Манас районунун жергиликтүү калкына жана Манас райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлерине көчмө лекция өткөрүштү.
Лекциянын жүрүшүндө катышуучуларга үй-бүлөлүк бюджет, каражат топтоо, карыз мамилелери, финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, заманбап технологияларды колдонуу менен финансылык алдамчылык учурлары, ошондой эле эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөө эрежелери боюнча маалыматтар берилди.
Датасы: 18.09.2024
Туруктуу шилтеме
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (С.Т.С.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 13.09.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, Шевченко көчөсү 80, 1-кабат дареги боюнча жайгашкан «Милан КЭШ» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 24-июлундагы № 6885 лицензиясынын аракети 2024-жылдын 12-сентябрынан тартып 18-сентябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
Датасы: 13.09.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 10-сентябрындагы чечими менен «Элдик Банк» ачык акционердик коомуна башка эмитенттердин аффинаждалган стандарттуу жана өлчөнгөн куймалар түрүндөгү баалуу металлдары менен накталай жана накталай эмес формада операцияларды жүргүзүү укугуна уруксат берилди.
Датасы: 11.09.2024
Туруктуу шилтеме
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 10-сентябрында «Керемет Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Керемет Банк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы / аудит боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Дружинина Наталья Михайловнанын талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 10-сентябрында «Керемет Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Керемет Банк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү / тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Эрмакбаева Клара Эргашевнанын талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 10-сентябрында «Керемет Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Керемет Банк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Арзыматов Сыргак Жумадиловичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 10-сентябрында «Кыргызкоммерцбанк» ачык акционердик коому тарабынан «Кыргызкоммерцбанк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү / аудит боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Гаврилюк Андрей Яновичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 10-сентябрында «Элдик Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Элдик Банк» ачык акционердик коомунун тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Эрмеев Джыргалбек Советбековичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 10-сентябрында «Айыл Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Айыл Банк» ачык акционердик коомунун башкы бухгалтери кызмат ордуна сунушталган Садралиева Алтын Анарбековнанын талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Датасы: 11.09.2024
Туруктуу шилтеме
Улуттук банктын төрагасы Эл аралык валюта фондунун
башкаруучу директорунун орун басары менен жолугушту
2024-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы М.Ж. Тургунбаев жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучу директорунун орун басары Бо Ли мырза ортосунда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун алкагында Улуттук банк менен ЭВФ ортосундагы кызматташуу, анын ичинде техникалык колдоо көрсөтүү жаатында кызматташуу маселелери талкууланды.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасы 1992-жылдан тартып ЭВФ мүчөсү, 1993-жылдан тартып ЭВФте Швейцариянын добуш берүү тобунун мүчөсү. Бул топко Азербайжан, Кыргыз Республикасы, Польша, Казакстан Республикасы, Сербия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Швейцария өлкөлөрү кирет.
Датасы: 11.09.2024
Туруктуу шилтеме
Бишкек шаарында «Кыргыз Республикасын узак мөөнөттүү өнүктүрүүнүн жаңы экономикалык чакырыктары» форуму болуп өттү
Кыргыз Республикасына Эл аралык валюта фондунун башкаруучу директорунун орун басары Бо Ли мырза расмий иш сапары менен келди.
Бо Ли мырзанын иш сапарынын алкагында мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, өнүктүрүү фонддордун жана банк секторунун өкүлдөрүнүн катышуусунда «Кыргыз Республикасын узак мөөнөттүү өнүктүрүүнүн жаңы экономикалык чакырыктары» темасында Форум уюштурулду.
Форумдун жүрүшүндө аймактык кызматташуу, жашыл экономиканы өнүктүрүү жана каржылоо маселелери, климаттын өзгөрүшүнүн көйгөйлөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалы тууралуу айтылды.
Датасы: 11.09.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 4-сентябрында № 2024-П-14/41-2-(ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды.
Токтомдун электрондук версиясы Улуттук банктын расмий интернет-сайтында www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Датасы: 11.09.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2024-жылдын 10-сентябынан тартып төмөнкү алмашуу бюролорунун нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиялары кайтарылып алынды:
- Бишкек шаары, Москва көчөсү, 18-үй, 1-кеңсе дареги боюнча жайгашкан «БМД ГРУП» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 30-апрелиндеги №6799 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 129-үй дареги боюнча жайгашкан «КЖ ноль бир» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 6288 лицензиясы.
Датасы: 11.09.2024
Туруктуу шилтеме
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (С.Т.С.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 09.09.2024
Туруктуу шилтеме
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (У.М.М) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 09.09.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн, Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 150 дареги боюнча жайгашкан «Сити и Ко» алмашуу бюросу ЖЧКнын накталай чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна берилген 2022-жылдын 29-августундагы №6347 лицензиясы 2024-жылдын 6-сентябрынан тартып кайтарылып алынды.
Датасы: 09.09.2024
Туруктуу шилтеме
2024-жылдын 5-сентябрында Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгү 2024-жылы социалдык контракттардын негизинде жардам алууга кайрылган Баткен районунун тургундары үчүн «Финансылык сабаттуулук» темасы боюнча пландаштырылган лекция өткөрдү.
Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү катышуучуларга акча каражаттарын туура колдонуу жана сарптоо, финансыны пландаштыруу, финансылык максат коюу, үй-бүлөлүк жана жеке бюджетти түзүү, финансыларды келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерден коргоо тууралуу маалымат беришип, ар кандай финансылык маселелер боюнча түзүлгөн кырдаалдарды талдап чыгышты.
Датасы: 03.09.2024
Туруктуу шилтеме
Талас областынын аймагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Талас областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранына (Т.Э.Н.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 03.09.2024
Туруктуу шилтеме
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Халык Банк Кыргызстан» ачык акционердик коому тарабынан «Халык Банк Кыргызстан» ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Чукин Алмас Таласовичтин талапкерлигине 2024-жылдын 3-сентябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Элдик Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Элдик Банк» ААКтын башкы бухгалтеринин орун басары/бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук департаментинин начальнигинин орун басары кызмат ордуна сунушталган Бакаева Айсулуу Руслановнанын талапкерлигине 2024-жылдын 3-сентябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Бай-Түшүм» Банкы ачык акционердик коому тарабынан «Бай-Түшүм» Банкы ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Тазабеков Эркин Маратовичтин талапкерлигине 2024-жылдын 3-сентябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Датасы: 02.09.2024
Туруктуу шилтеме
1. 2024-жылдын 28-августунан 30-августуна чейин жүргүзүлгөн рейддик текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча «Достук-Автожол» көзөмөлдөө-өткөрмө пунктунун, Ош областынын Араван жана Кара-Суу райондорунун аймагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын 13 жаранынын ар бирине 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
2. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ош областында жайгашкан эки алмашуу бюросунун ар бирине 55000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
3. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ош шаары, А. Масалиев пр., 58-үй, 27-квартира дареги боюнча жайгашкан «Рысбек Валюта» жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросуна нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2023-жылдын 5-декабрында берилген № 6653 лицензиянын аракети 2024-жылдын 31-августунан тартып 14-сентябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
Датасы: 02.09.2024
Туруктуу шилтеме
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары боюнча комитетинин 2024-жылдын 28-августундагы токтому менен «Региональные платежные системы» («РПС») жоопкерчилиги чектелген коомунун атайын жөнгө салуу режиминин алкагында лицензияга карата техникалык тапшырмада бекитилген шарттарды жана талаптарды, анын ичинде электрондук акча ээлерине электрондук акча менен операцияларды жүргүзүүнү, анын ичинде алардын ордун жабуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен накталай же накталай эмес акча каражаттарына алмаштыруу аркылуу өз электрондук акчасын жүгүртүүгө чыгарууну (эмиссия) сактоо менен операцияларды жүргүзүү укугуна берилген лицензиянын мөөнөтү 2025-жылдын 28-февралына чейин узартылды.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитетинин 2024-жылдын 28-августундагы токтому менен «Система Квикпэй» жоопкерчилиги чектелген коомунун атайын жөнгө салуу режиминин алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык коммерциялык банктар аркылуу (кассаларда жана/же аралыкта орнотулган түзүлүштөрдө) накталай акча каражаттарына же электрондук акча ээлерине электрондук акча менен операцияларды жүргүзүү, анын ичинде алардын ордун жабуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен накталай эмес акча каражаттарына алмаштыруу менен электрондук акчаны жүгүртүүгө чыгарууга (эмиссия) банктык операцияларды тесттен өткөрүү мөөнөтү 2025-жылдын 28-февралына чейин узартылды.
Датасы: 30.08.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 7-августунда № 2024-П-17/34-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды.
Токтомдун электрондук версиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Ченемдик укуктук акты Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктарды лицензиялоо бөлүгүндө жайгаштырылган.
Датасы: 29.08.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын ишке ашыруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору финансы-кредит уюмдарында тейленүүдө жеке ишкерлер тарабынан колдонулуучу документтердин тизмесин кеңейтүүгө багытталган.
Токтом долбооруна ылайык, өзгөчө режимдеги соода аймагында салыктын негизинде иш жүргүзгөн жеке жак өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө салык кызматы органынын чечимин эсеп ачууда же кредит/каржылоо алууда финансы-кредит уюмдарына берүүгө укуктуу.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.
Коммерциялык банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 30-сентябрынан кечиктирбестен aatyshova@nbkr.kg электрондук дарегине (анын ичинде Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.
Датасы: 29.08.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтомдун долбоору банктарга аудитордук уюмдарды, анын ичинде эл аралык аудитордук фирмалар тармагынын катышуучулары болуп саналган аудитордук уюмдарды кеңири тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү максатында иштелип чыккан.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.
Коммерциялык банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 30-сентябрынан кечиктирбестен nipasova@nbkr.kg электрондук дарегине (анын ичинде Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.
Датасы: 28.08.2024
Туруктуу шилтеме
Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгынын кызматкерлери 2024-жылдын 27-август күнү Талас областынын Айматов районунун жергиликтүү калкына жана Айтматов райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлерине көчмө лекция өткөрүштү.
Лекциянын жүрүшүндө катышуучуларга үй-бүлөлүк бюджет, каражат топтоо, карыз мамилелери, финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, заманбап технологияларды колдонуу менен финансылык алдамчылык учурлары, ошондой эле эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөө эрежелери боюнча маалыматтар берилди.
Датасы: 28.08.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Баткен облаcтында жайгашкан эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 28.08.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын эки жаранынын (М.Н.А. жана А.М.А.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 27.08.2024
Туруктуу шилтеме
Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду:
2024-жылдын 27-августунан тартып 5-сентябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
- Ош шаары, Навои көчөсү, номери жок (болжолу: «Келечек» базары) дареги боюнча жайгашкан «Арууке ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросунун 2021жылдын 26-октябрындагы № 6215 лицензиясы;
- Ош шаары, Навои көчөсү, номери жок, «Келечек» базары, 10 а соода түйүнү дареги боюнча жайгашкан «Улук-Мукай» жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросунун 2023-жылдын 22-февралындагы № 6470 лицензиясы;
2024-жылдын 27-августунан тартып 2-сентябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
- Ош областы, Кара-Суу району, Кара-Суу шаары, Ленин көчөсү, номери жок (болжолу: «Туратали» базары) дареги боюнча жайгашкан «Хан-Тенири Компани» жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросунун 2021-жылдын 16-декабрындагы № 6237 лицензиясы;
- Ош областы, Өзгөн району, Өзгөн шаары, Манас көчөсү, номери жок (болжолу: борбордук базар, күрүч сатылган катар) дареги боюнча жайгашкан «Валюта ММА» жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросунун 2022-жылдын 21-сентябрындагы № 6362 лицензиясы.
Ошондой эле, тышкы көзөмөлдүн жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ош областы, Өзгөн району, Өзгөн шаары, Манас көчөсү, номери жок (болжолу: «Мээрчөп» дарыканасы) дареги боюнча жайгашкан «Фахридин» жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросуна нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2023-жылдын 16февралында берилген № 6466 лицензиянын аракети 2024-жылдын 27-августунан тартып 2сентябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
Датасы: 27.08.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
эсептик ченди 9,00 пайыз деңгээлинде өзгөртүүсүз калтырды
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 26-августунда эсептик ченди (негизги ченди) 9,00 пайыз деңгээлинде өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим 2024-жылдын 27-августунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасында жылдык инфляция көрсөткүчү төмөндөп, 3,6 пайыз деңгээлинде түптөлгөн. Товардык түзүмдө азык-түлүк товарлары боюнча керектөө бааларынын өсүш арымы төмөндөгөндүгү байкалган, бул азык-түлүктүн (негизинен жашылча жана жемиштер, ошондой эле сүт азыктарынын) сезондук арзандашы менен да шартталган, натыйжада ай маанисинде алганда дефляция белгиленген. Азык-түлүктөн башка товарлар тобуна жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүшү бир калыпта басаңдаган.
Кыргыз Республикасында экономикалык жигердүүлүк жогору деңгээлде сакталып турат. 2024-жылдын январь-июль айларында өлкөнүн экономикасынын өсүшү реалдуу мааниде алганда 8,7 пайызды түзгөн. Негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн өсүшү жана экономикалык субъекттердин керектөө жигердүүлүгүнүн жогорулашы өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүшүнө дем берүүнү улантууда. Ички суроо-талаптын кеңейиши керектөө кредиттеринин көбөйүшү жана калктын реалдуу кирешелеринин өсүшү менен коштолууда.
Банк системасынын негизги көрсөткүчтөрү туруктуу сакталууда. Банк секторунун ликвиддүүлүгүнүн жана ресурстук базасынын запасы экономиканы кредиттөө көлөмүнүн көбөйүшүнө өбөлгө түзүүдө, алар негизинен, калкка керектөө, ошондой эле сооданы, курулушту жана транспортту каржылоо максатында берилүүдө.
Учурда өлкөнүн ички валюта рыногунда алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүү режиминин алкагында, рынокто чет өлкө валютасына болгон суроо-талап менен сунуштун рынок тарабынан калыптанышына байланыштуу алмашуу курсунун ийкемдүүлүгү сакталууда. Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн жөнгө салуу максатында, белгилүү бир мезгил аралыгында банктар аралык валюта рыногунда валюта интервенцияларын жүргүзүп турат.
Тышкы чөйрөдө экономикалык жагдай бир калыпта эмес. Региондогу экономикалык жигердүүлүк, бүтүндөй алганда дүйнөдө, акырындык менен калыбына келүүдө, бирок мурдагыдай эле дүйнөдөгү геосаясий жагдайга жана дүйнөлүк азык-түлүк менен чийки зат рынокторундагы баалардын өзгөрүлмөлүү болушуна байланыштуу белгисиздик абалынын деңгээли мурдагыдай эле жогору бойдон турат. Мунун алкагында дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндө, анын ичинде айрым Кыргыз Республикасынын соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндө инфляциялык басымдын жогорулашы байкалууда.
Кыргыз Республикасынын экономикасында ички факторлордун инфляциялык динамикага тийгизген таасири бир калыпта сакталып турат, алардын арасында кыска мөөнөттүү келечекте инфляцияга түрткү берүүчүлөр катары мамлекеттик тариф саясатын, эмгек акыларды жогорулатууну кайрадан пландуу карап чыгуу жана калктын инфляциялык күтүүлөрүнүн сакталышы каралууда.
Бул шарттарда кыска жана орто мөөнөттүү мезгилге каралган инфляция факторлоруна баа берүүнү эске алып, Улуттук банк эсептик чендин өлчөмүн 9,00 пайыз деңгээлинде өзгөртүүсүз калырды. Кабыл алынган чечим өлкөдө баа туруктуулугун сактоо жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү мүмкүнчүлүгүн берет. Улуттук банктын учурдагы баа берүүлөрү боюнча 2024-жылдын акырына карата жылдык инфляция көрсөткүчү орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүчтүн 5-7 пайыз чегинде түптөлүшү күтүлөт.
Улуттук банк түптөлгөн тышкы жана ички экономикалык шарттарга баа берүүнү улантат, тышкы чөйрөдө дагы деле сакталып турган тобокелдиктерди эске алуу менен акча-кредит саясатын ар тараптуу иштелип чыккан ыкмаларга таянуу менен жүргүзөт. Кандайдыр бир тобокелдик келип чыккан учурда Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатына кошумча түзөтүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.
Эсептик чен өлчөмү жөнүндө маселе боюнча Улуттук банк Башкармасынын кийинки план боюнча отуруму 2024-жылдын 28-октябрында өтөт.
Датасы: 23.08.2024
Туруктуу шилтеме
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 21-августундагы чечими менен «Халык Банк Кыргызстан» ачык акционердик коомуна электрондук акчаны чыгарууга уруксат берилгендигин билдирет.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 21-августундагы чечими менен «ФинансКредитБанк» ачык акционердик коомуна башка эмитенттердин аффинаждалган стандарттуу жана өлчөнгөн куймалар түрүндөгү баалуу металлдары менен накталай жана накталай эмес формада операцияларды жүргүзүү укугуна уруксат берилгендигин билдирет.
Датасы: 23.08.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашыргандыгы үчүн Улуттук банктын Ысык-Көл областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранына (М.Ж.К.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 23.08.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 21-августунда № 2024-П-12/37-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомун кабыл алды. Бул токтомдун максаты болуп, Улуттук банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык келтирүү саналат.
Токтомдун электрондук версиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Датасы: 23.08.2024
Туруктуу шилтеме
Ош шаарынын жана «Достук-Автожол» көзөмөлдөө-өткөрмө пунктунун аймагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын 2 жаранынын (Р.А.Р., И.Н.М.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 22.08.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Банк тууралуу»/«Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.
Токтом долбоору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды 2024-жылдын 22-сентябрынан кечиктирбестен asyrgataev@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүү зарыл.
Датасы: 22.08.2024
Туруктуу шилтеме
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (Д.А.Т.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 22.08.2024
Туруктуу шилтеме
«Санарип сом» долбоордук топ
Digital SOM Ideathon
жарыялайт
(санарип сом платформасын тестирлөө үчүн идеялар/кейстер)
Digital SOM Ideathon иш-чарасына бардык кызыкдар болгон тараптар/катышуучулар катышууга чакырылат, алар борбордук банктын санарип валютасынын (ББСВ) прототибин апробациядан өткөрүү үчүн санарип сомду тестирлөөгө даярдоо процессинде өз сунуштары менен чечимдерин бере алышат.
Долбоордун максаты – колдонуудагы төлөм чечимдери менен инновацияларды технологиялык жактан мыкты болушун камсыз кылуу, тестирлөө баскычында жарандардын, бизнестин, мамлекеттин жана финансы секторунун кызыкчылыктарын эске алуу.
Сунуштар төмөнкү багыттар боюнча каралат:
- санарип сомдун башка системалар менен интеграциясы: мүмкүн болгон платформалар, протоколдор жана учурдагы системалар менен интеграция ыкмалары;
- коопсуздук жана маалыматтарды коргоо: санарип сомду колдонуу менен транзакциялардын купуялыгын жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча сунуштар;
- колдонуучунун тажрыйбасы жана жеткиликтүүлүгү: колдонуучунун колдонуу жолун, интерфейстерди, колдонуучулардын ар кандай категориялары үчүн колдонуунун ыңгайлуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча сунуштар;
- эл аралык системалар менен интеграция: башка санарип валюталар жана эл аралык төлөм системалары менен өз ара аракеттенүү боюнча идеялар;
- жана башка чечимдер.
Өтүнмөнү төмөнкү шилтеме менен жүктөп алсаңыздар болот.
Өтүнмө берүүнүн мөөнөтү - 2024-жылдын 20-сентябры (20-сентябрды чогуу алганда), digitalsom@nbkr.kg электрондук дарегине «Санарип сомго сунуштар» темасы менен толтурулган өтүнмө формасын, бештен кем эмес слайдды камтыган презентацияны (артыкчылык берилет) жөнөтүү зарыл. Санарип сомду апробациядан өткөрүү үчүн сунушталган эң мыкты идеялар/кейстер өтүнмө ээси менен талкууланат жана санарип сом платформасында тесттен өткөрүлөт.
Датасы: 21.08.2024
Туруктуу шилтеме
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргызкоммерцбанк» ачык акционердик коому тарабынан «Кыргызкоммерцбанк» ачык акционердик коомунун башкы бухгалтеринин орун басары/отчеттуулук жана банктык операцияларды андан ары контролдоо бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна сунушталган Абдышова Бермет Таалайбековнанын талапкерлигине 2024-жылдын 20-августунда макулдук берүү чечимин кабыл алды.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргызкоммерцбанк» ачык акционердик коому тарабынан «Кыргызкоммерцбанк» ачык акционердик коомунун башкы бухгалтеринин орун басары кызмат ордуна сунушталган Тыныбек кызы Каныкейдин талапкерлигине 2024-жылдын 20-августунда макулдук берүү чечимин кабыл алды.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Керемет Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Керемет Банк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Атанова Гульсаара Тургумбаевнанын талапкерлигине 2024-жылдын 20-августунда макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Датасы: 20.08.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 20.08.2024
Туруктуу шилтеме
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (Н.Т.Н.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 20.08.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
МААЛЫМАТТЫК БИЛДИРҮҮСҮ
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 2024-жылдын 20-августунан тартып «Тарыхый окуялар» сериясындагы «Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат.
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү менен байланышкан 1924-жылдагы тарыхый окуя кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралгандыгын тастыктаган кыргыз элинин тарыхындагы эң маанилүү дата болуп саналат. Кыргыз автономиялуу облусу азыркы учурдагы эгемендүү мамлекеттин бардык атрибуттары менен иш жүзүндө Кыргыз Республикасын түзүү үчүн саясий-укуктук негиз болгон.
«Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл» монетасынын алдыңкы бетинде негизги элемент катары Ала-Тоо тоолорун чагылдырган «100» деген сан, улуттук оймо-чийме жана чексиздик белгиси, ошондой эле «жыл» деген жазуу түшүрүлгөн. Монетанын төмөн жагында Кыргыз Республикасынын улуттук символу – ак илбирстин сүрөтү, ошондой эле монетанын номиналы «10 сом» чагылдырылган. Монетанын жогору жагында Ала-Тоо тоолору түшүрүлгөн. Монетаны тегерете «Кара-Кыргыз автономиялуу облусу /Кара-Кыргызской автономной области – 100 лет» деген жазуу жайгашкан.
Монетанын арткы бетинде Ала-Тоо тоолорунда кездешкен гүлдөрдү чагылдырган оймо-чиймелердин так ортосунда Кыргыз Республикасынын герби жайгашкан. Монетанын оң жана сол тараптарында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы/Национальный банк Кыргызской Республики» жазуулары түшүрүлгөн. Монетанын төмөн жагында монета чыгарылган жыл – «2024», металлдын сапат белгиси (Ag 925) жана салмагы (28,28 g) көрсөтүлгөн.
«Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл» монетасы Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.
Монетанын өзгөчөлүктөрү
Аталышы |
Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл |
Номиналы |
10 сом |
Металлы (сапат белгиси) |
Ag 925 |
Кошумча технология |
түстүү басма |
Диаметри (мм) |
38,61 |
Салмагы (г) |
28,28 |
Сапаты |
Proof |
Нускасы (даана) |
1000 |
Ар бир коллекциялык монета акрил капсулага салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган.
Коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 4 820 сом баасында иш күндөрү саат 9.00дөн 14.00гө чейин, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу сатылат.
Датасы: 19.08.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгы тарабынан 2024-жылдын 15-августунда Ош областынын Алай районунун Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын Сопу-Коргон айылында жергиликтүү калкка «Финансылык сабаттуулук» боюнча пландаштырылган көчмө лекция өткөрүлдү.
Семинардын жүрүшүндө Улуттук банктын ролу жана функциялары, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана анын коргоо белгилери, QR-код колдонуу аркылуу төлөмдөрдү жана акча которууларды өнүктүрүү, акча каражаттарын сарамжалдуу колдонуу, каражат топтоо маданияты, финансылык пландаштыруу, финансылык максаттарды коюу, үй-бүлөлүк жана жеке бюджеттерди түзүү тууралуу маалыматтар берилди.
Датасы: 19.08.2024
Туруктуу шилтеме
Ош шаарындагы «Достук-Автожол» көзөмөлдөө-өткөрмө пунктунун жана «Ош» аэропортунун аймагында жүргүзүлгөн рейддик текшерүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын 5 жаранынын (И.у.А., М.Ш.А., К.М.У., Г.А.А., К.Ш.М.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 19.08.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 16.08.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 14-августунда № 2024-П-12/36-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды.
Токтом Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында кабыл алынды.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Ченемдик укуктук актылары Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Улуттук банктын ченемдик актылары.
Датасы: 16.08.2024
Туруктуу шилтеме
Бишкек шаарында жана Чүй облусунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын беш жаранынын (С.у.Б, Ж.у.Д., С.А.Н., А.И.М., Т.С.А.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 16.08.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашыргандыгы үчүн Улуттук банктын Ысык-Көл областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын (А.И.У. жана С.У.Т.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 16.08.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгү тарабынан Кыргыз Республикасынын эки жаранынын (С.у.А, И.М.Э.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 15.08.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Евразиялык Сактык Банкы» ачык акционердик коому тарабынан «Евразиялык Сактык Банкы» ачык акционердик коомунун ички аудит кызматынын жетекчиси кызмат ордуна сунушталган Сагынбаев Алмаз Онолбековичтин талапкерлигине 2024-жылдын 14-августунда макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Датасы: 15.08.2024
Туруктуу шилтеме
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын үч жаранынын (Б.у.Т, Ж.Т.Ш., Т.А.Т.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 15.08.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 119-үй, 11-кеңсе дареги боюнча жайгашкан «Брент моней» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 2-августундагы №6561 лицензиясынын аракети 2024-жылдын 14-августунан тартып 28-августун кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
Датасы: 14.08.2024
Туруктуу шилтеме
Бишкек шаарында жана Чүй облусунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын тогуз жаранынын (М.Б.Б., А.Э.М., С.Э.Б., М.у.Р., Б.М.А., И.Н.Ч., К.у.Д, А.Н.А., С.у.Б.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 14.08.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2024-жылдын 7-августунда №2024-П-09/34-1-(БС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/15 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», атап айтканда, Улуттук банк тарабынан кыргыз сомуна карата «Жэнминьби кытай юанынын» (CNY) расмий курсун 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып күн сайын аныктоо бөлүгүндө Улуттук банктын токтому кабыл алынган.
Улуттук банк Башкармасынын токтому Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Датасы: 13.08.2024
Туруктуу шилтеме
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын алты жаранынын (Т.Р.Р., М.И.Ш., К.М.Т., Н.у.М., Т.к.А., М.Э.М.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 13.08.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети 2024-жылдын 13-августунан тартып 27-августун кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду:
- Бишкек шаары, Москва көчөсү, 86-үй, 7-кеңсе дареги боюнча жайгашкан «Миг Кей Джи» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 10-майындагы № 6808 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 144/6 дареги боюнча жайгашкан «Ломбард «Азамат КЭШ» алмашуу бюросу КЖКнын 2023-жылдын 31-мартындагы № 6502 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 129-үй дареги боюнча жайгашкан «КЖ ноль бир» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 6288 лицензиясы.
Датасы: 12.08.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын корпоративдик башкаруу кодексине минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору коммерциялык банктарда корпоративдик башкаруу боюнча талаптарды өркүндөтүү максатында иштелип чыккан жана корпоративдик башкаруу кодексине карата талаптарды камтыйт.
Токтом долбоору менен банктын акционерлеринин жалпы чогулушуна, Директорлор кеңешине, ошондой эле корпоративдик башкаруу боюнча маалыматтарды ачыкка чыгарууга карата талаптардын тизмеси кеңейтилген.
Токтом долбоорунда ошондой эле ESG (Environment, Social, Governance) жана ислам каржылоо принциптери боюнча шарият башкаруу принциптери каралган.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.
Коммерциялык банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 12-сентябрынан кечиктирбестен nipasova@nbkr.kg электрондук дарегине (анын ичинде Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.
Датасы: 12.08.2024
Туруктуу шилтеме
Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын кызматкерлери 2024-жылдын 8-августунда Жалал-Абад областынын Ноокен районунун жана Кочкор-Ата шаарынын тургундарына «Финансылык сабаттуулук» боюнча пландаштырылган көчмө лекция өткөрүштү.
Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү катышуучуларга акча каражаттарын туура колдонуу жана сарптоо, финансы маселелерин талдоо менен жагдайлар, орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерден коргоо, ошондой эле финансылык пландаштыруу, финансылык максаттарды коюу, үй-бүлөлүк жана жеке бюджеттерди түзүү тууралуу айтып беришти.
Датасы: 12.08.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Чүй областында жайгашкан бир микрокредиттик компанияга 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 12.08.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 09.08.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 09.08.2024
Туруктуу шилтеме
Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ош областы, Өзгөн району, Өзгөн шаары, Өзгөн борбордук базары, № 20 квартал дареги боюнча жайгашкан «Эрма Финанс» жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросуна накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2023-жылдын 8-августунда берилген № 6563 лицензиясынын аракети 2024 жылдын 9-августунан тартып 15 августун кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
Датасы: 09.08.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 09.08.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, санарип сомдун укуктук статусу маселеси боюнча «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбооруна карата бир эле учурда «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына Кыргыз Республикасында санарип валюта «санарип сомдун» укуктук статусу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору менен (мындан ары – мыйзам долбоору) бир катар өзгөртүүлөрдү коомдук талкууга сунуштайт.
Мыйзам долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Банк»/ «Банк иши тууралуу мыйзамдар» / «Талкууга сунушталган мыйзам долбоорлору», ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдиу укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоо боюнча бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.
Мыйзам долбоору боюнча сын-пикирлер менен сунуштарды 2024-жылдын 9-сентябрынан кечиктирбестен abakesarieva@nbkr.kg жана imadyarov@nbkr.kg электрондук почта даректери аркылуу (Word форматында кошо алганда) жөнөтүү зарыл.
Датасы: 09.08.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир кредиттик союзга 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 09.08.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир микрокредиттик компанияга 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 09.08.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө тажрыйбалык такшалуудан өтүү үчүн талапкерлерди тандоо боюнча ачык сынак жарыяланат - 35 (отуз беш) бирдик.
Документтер 2024-жылдын 22-августунда саат 17:00гө чейин кабыл алынат.
Талапкерлерге карата коюлуучу жалпы квалификациялык талаптар жөнүндө кеңири маалымат, функционалдык милдеттер жана сынакка катышуу үчүн талап кылынуучу документтердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында («Ишке кабыл алуу»/ «Бош турган кызмат орундары» бөлүгү) жайгаштырылган.
Бардык суроолор менен Бишкек шаары, Чүй проспекти, 168 дареги боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Персонал менен иш алып баруу бөлүмүнө (0312) 66-90-18, (0312) 61-10-21 телефон номерлери аркылуу кайрылууга болот.
Датасы: 08.08.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашыргандыгы үчүн Улуттук банктын Ысык-Көл областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын (М.Б.С. жана К.К.З.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 08.08.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 07.08.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы санарип сомдун укуктук статусу маселеси боюнча «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбоорун (мындан ары – мыйзам долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Мыйзам долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында "Банк иши тууралуу мыйзамдар" / "Талкууга сунушталган мыйзам долбоорлору" бөлүмүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоо боюнча бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.
Мыйзам долбоору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды 2024-жылдын 7-сентябрынан кечиктирбестен abakesarieva@nbkr.kg жана imadyarov@nbkr.kg электрондук почта даректерине (Word форматында кошо алганда) жөнөтүү зарыл.
Датасы: 07.08.2024
Туруктуу шилтеме
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Халык Банк Кыргызстан» ачык акционердик коому тарабынан «Халык Банк Кыргызстан» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары кызмат ордуна сунушталган Баландин Олег Александровичтин талапкерлигине 2024-жылдын 6-августунда макулдук берүү чечимин кабыл алды.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «ФинансКредитБанк» ачык акционердик коому тарабынан «ФинансКредитБанк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү/аудит боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Нурматова Бермет Тажиковнанын талапкерлигине 2024-жылдын 6-августунда макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Датасы: 06.08.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоо жол-жобосунан өткөн эл аралык акча которуулар системасынын реестринде «Leskar Payments» акча которуу системасы каттоодон өттү.
Эл аралык акча которуулар системасынын оператору Ontario LTD Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоо жол-жобосунан өттү. Реестрдеги каттоо номери 1055010824.
Датасы: 05.08.2024
Туруктуу шилтеме
Талас областынын аймагында "Чоң-Капка" көзөмөлдөө-өткөрмө пунктунун жанында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Талас областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранына (Т.А.О.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 05.08.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн, тактап айтканда лицензияда каралбаган операцияларды жүргүзгөндүгү үчүн Бишкек шаарындагы бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 01.08.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 31-июлундагы чечими менен «Евразиялык Сактык Банкы» ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген (чыгарылган) аффинаждалган өлчөнгөн куйма түрүндөгү баалуу металлдар менен операцияларды накталай жана накталай эмес формада жүргүзүү укугуна уруксат берилген.
Датасы: 31.07.2024
Туруктуу шилтеме
Ош шаарынын жана «Достук-Автожол» көзөмөлдөө-өткөрмө пунктунун, Ош областынын Араван районунун Араван айылынын жана Пахтачи айылындагы «Кара-Багыш-Автожол» көзөмөлдөө-өткөрмө пунктунун аймагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын 10 жаранынын ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 31.07.2024
Туруктуу шилтеме
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (Б.у.Э.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 30.07.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
эсептик ченди 9,00 пайыз деңгээлинде өзгөртүүсүз калтырды
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 29-июлунда эсептик ченди (негизги ченди) 9,00 пайыз деңгээлинде өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим 2024-жылдын 30-июлунан тартып күчүнө кирет.
Азык-түлүк товарлар тобуна баанын өсүш арымынын басаңдашынын жана баа динамикасынын сезондук факторунун таасири астында, өтүп жаткан жылдын май айынан тартып Кыргыз Республикасында инфляция орточо маанилерде сакталып турат. 2024жылдын июль айында жылдык инфляция көрсөткүчү1 4,2 пайызды түздү. Инфляция түзүмүндө азык-түлүк товарларына баалардын жылдык өсүш арымы 0,6 пайыз, азык түлүктөн башка товарларга – 7,4 пайыз, ал эми кызмат көрсөтүүлөргө – 6,8 пайыз деңгээлинде калыптанды.
2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында экономикалык субъекттердин жогору керектөө жана инвестициялык жигердүүлүгү өлкөнүн экономикасынын 8,1 пайызга өсүшүн шарттады. ИДӨнүн жогору өсүш арымы курулуш жана кызмат көрсөтүү секторлорунун кыйла жогорулашынын натыйжасында түптөлдү. Мында калктын айкын кирешесинин жана акча которууларынын таза агымынын өсүшү ички керектөөнүн артышына дале таасирин тийгизүүдө.
Өлкөнүн банк секторунун абалы туруктуу жана жогору ликвиддүү бойдон калууда. Экономиканы кредиттөө 9,0 пайызга өскөндүгү байкалды (2024-жылдын биринчи жарымы), алар негизинен калкка керектөө максаттарына берилген. Улуттук банк пайыз саясатын жеңилдетишинин натыйжасында, 2024-жылдын апрель айынын акырынан тартып банктар аралык акча рыногунда кыска мөөнөттүү пайыздык чендер төмөндөгөндүгү байкалган, алар Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыздык чендеринин төмөн чегинде калыптанган. Ички валюта рыногунда алмашуу курсунун ийкемдүүлүгү сакталып турат, ал эми өтүп жаткан жылдын апрель айынан тартып чет өлкө валютасын сунуштоо көлөмүнүн ага суроо-талап көлөмүнөн жогору болушу, учурда улуттук валютанын бекемделишин шарттаган.
Геосаясий факторлордун жана дүйнөлүк финансы жана чийки зат рынокторунда жогору өзгөрүлмөлүүлүктүн сакталып турушунун алкагында тышкы экономикалык шарттар ар башка мааниде сакталып турат. Акыркы айларда азык-түлүк рынокторунда дүйнөлүк баалардын узак убакыт бою төмөндөгөндөн кийин кайрадан акырындап жогорулап жаткандыгы байкалган. Кыргыз Республикасынын айрым соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндө инфляциялык процесстер салыштырмалуу жогору деңгээлде түптөлүүдө.
Инфляциянын тышкы жана ички факторлорунун тенденцияларына баа берүүдө өтүп жаткан жылдын акырына карата жылдык инфляция көрсөткүчү орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүч – 5-7 пайыз чегинде калыптанышы белгиленген. Дүйнөлүк азык түлүк жана чийки зат рынокторунда баалардын өзгөрүлмөлүүлүгүн жана мамлекеттин тариф саясатын планга ылайык өзгөртүлгөнүн эске алуу менен, ошондой эле калктын инфляциялык күтүүлөрүн андан ары төмөндөтүү максатында Улуттук банктын эсептик чен өлчөмүн 9,00 пайыз деңгээлинде калтыруу зарылдыгы белгиленди. Кабыл алынган чечим Улуттук банктын өлкөдө баа туруктуулугун сактоого жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган акча-кредит саясатынын багытына туура келет.
Улуттук банк тышкы жана ички инфляция факторлоруна баа берип турат жана тышкы чөйрөдө дале сакталып турган тобокелдиктерди эске алуу менен кылдат акча-кредит саясатын жүргүзүүнү улантууда.
Улуттук банк кандайдыр бир тобокелдиктер пайда болгон учурда жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка кошумча өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.
Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки план чегинде отуруму 2024-жылдын 26-августунда өтөт.
_______________________________________________1 Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун алкагында кредиттерди берүү маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2024-жылдын 22-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган. Коммерциялык банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 30-августунан кечиктирбестен jkonoeva@nbkr.kg электрондук дарегине (анын ичинде Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашыргандыгы үчүн Улуттук банктын Ысык-Көл областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын (И.У.Р., Б.Д.Т., К.Д.К. жана К.Э.Т.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын программасынын алкагында Талас областтык башкармалыгынын кызматкерлери 2024-жылдын 26-июль күнү калкка жана Талас райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлерине финансылык сабаттуулук боюнча көчмө семинар өткөрүштү. Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга үй-бүлөлүк бюджет, каражат топтоо, карыз мамилелери, финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана заманбап технологияларды колдонуу менен финансылык алдамчылыкка баруу учурлары, ошондой эле Кыргыз Республикасында QR-кодду өнүктүрүү боюнча иш-чаралар, QR-коддордун улуттук стандарты жана эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөө эрежелери боюнча маалыматтар берилди. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «ФинансКредитБанк» ачык акционердик коому тарабынан «ФинансКредитБанк» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Жолболдуев Памирбек Бакыевичтин талапкерлигине 2024-жылдын 26-июлунда макулдук берүү чечимин кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматтык билдирүүсү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 1-августунан тартып «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» сериясындагы «Ат чабыш» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат. Бул монета 2024-жылдын 8-сентябрынан тартып 13-сентябрына чейин Казакстандын Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналат. «Ат чабыш» – кыргыз элинин байыркы жана кеңири жайылтылган спорттук оюндарынын түрү, бул узак аралыкка ат чабуу дегенди билдирет. Спорттун бул түрүнө катышуу үчүн узак аралыкка чарчабай чуркай турган, күлүк аттар тандалат. Ат чабыш ар кандай элдик майрамдарда салттуу түрдө өткөрүлгөн, бул салт бүгүнкү күндө да уланып келет. Монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары така түрүндө салынган ат майданынын фонунда ат чаап бараткан эки чабандес чагылдырылган. Монетанын алдыңкы бетинин жогору жагында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эмблемасы жана монетанын «Ат чабыш / At Chabysh» деген аталышы, ошондой эле монетанын номиналы (10 сом) түшүрүлгөн. Монетанын арткы бетинде да жарышка түшкөн чабандестердин сүрөтү берилген. Монетанын ортосунда Кыргыз Республикасынын герби, монетанын жогору жана төмөн жагында «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары / World Nomad Games» деген жазуу түшүрүлгөн. Монетанын сол жагында чыгарылган жылы (2024), оң жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925) менен салмагы (31,10 g) берилген. «Ат чабыш» коллекциялык монетасы Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. Монетанын өзгөчөлүгү Аталышы Ат чабыш Номиналы 10 сом Металлы (сапат белгиси) Ag 925 Өлчөмү (мм) 38,61*38,61 Салмагы (г) 31,10 Сапаты Proof Кошумча технология Түстүү басма Нускасы (даана) 1000
Датасы: 30.07.2024
Туруктуу шилтеме
Датасы: 29.07.2024
Туруктуу шилтеме
Датасы: 29.07.2024
Туруктуу шилтеме
Датасы: 29.07.2024
Туруктуу шилтеме
Датасы: 29.07.2024
Туруктуу шилтеме
Ар бир коллекциялык монета акрил капсулага салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган.
Коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 5 580 сом баасында иш күндөрү саат 9.00дөн 14.00гө чейин, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу сатылат.
Датасы: 26.07.2024
Туруктуу шилтеме
Коммерциялык банктар алмашуу бюролору менен чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу операцияларын жүргүзүүсүнө белгиленген чектөөлөрдү убактылуу алып салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 24-июлунда № 2024-П-12/31-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2022-жылдын 5-сентябрындагы № 2022-П-33/55-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 22-июлундагы № 2022-П-33/45-2-(НПА) «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомунун аракетин убактылуу токтотуу тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды.
Токтомго ылайык Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 22-июлундагы № 2022-П-33/45-2-(НПА) «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомунун аракети 2025-жылдын 1-февралына чейин убактылуу токтотулат.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Датасы: 26.07.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгү тарабынан Кыргыз Республикасынын (Т.Т.А.) жаранына 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 25.07.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Компаньон Банкы» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Вердиев Вусал Исак Оглунун талапкерлигине 2024-жылдын 23-июлунда макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Датасы: 23.07.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары – Улуттук банк) селдин кесепетинен жабыркаган кардарларга колдоо көрсөтүү максатында, Улуттук банктын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын алкагында коммерциялык банктар, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдары (мындан ары – финансы-кредит уюмдары) кредитти төлөө боюнча кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүү жолу менен кредитти реструктуризациялоого жана колдонуудагы кредиттик келишимдин шарттарын өзгөртүүгө укуктуу экендигин маалымдайт.
Белгилей кетсек, Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 20-декабрында № 2023-П-12/80-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына активдерди классификациялоо маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алган, ага ылайык финансы-кредит уюмдары активди өзгөчө абалдын киргизилишинен жана/же башка форс-мажордук жагдайлардан (ал жеткис күч жагдайларынан) жана ага байланыштуу чектөөлөрдөн улам карыз алуучунун финансылык агымынын жана финансылык абалынын начарлоосуна байланыштуу рестуктуризациялоодо аны классификациялоо категориясын жагдайдын карыз алуучунун ишине тийгизген таасири документ түрүндө тастыкталган учурда начарлатпоого укуктуу.
Кредиттерди реструктуризациялоо үчүн селдин кесепетинен жабыркаган карыз алуучулар финансы-кредит уюмдарына кредитти реструктуризациялоо зарылдыгы жөнүндө жүзүндө арыз менен кайрылууга тийиш.
Улуттук банк бардык финансы-кредит уюмдарына селдин кесепетинен жабыркаган карыз алуучуларга көмөк көрсөтүүнү жана алардын реструктуризациялоо арызын артыкчылыктуу тартипте кароону жана кредиттик келишимдин шарттарын (пайыздык ченди жана/же кредиттин мөөнөтүн өзгөртүү ж.б.) жеке тартипте кароону сунуштайт.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамына ылайык, өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын кесепетинен улам келишимдик милдеттенмелер (мөөнөтү өткөн карыз) жана (же) башка милдеттүү төлөмдөр токсон календардык күндөн ашык аткарылбагандыгы тууралуу маалыматтар, насыялык маалымат субъекти тарабынан арыз берилген шартта, терс насыялык маалыматка киргизилбейт, анда насыялык маалымат субъектинин өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткаруусуна таасир эткен өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын киргизилиши менен байланышкан жагдайлар көрсөтүлүүгө тийиш.
Датасы: 19.07.2024
Туруктуу шилтеме
2024-жылдын 15-июлунан 19-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында акча-кредит саясатынын негиздери жана монетардык операцияларды жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү боюнча ЭВФтин Лаос Элдик Демократиялык Республикасынын Банкы үчүн техникалык миссиясы болуп өттү.
Бул иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы акча-кредит саясатын ишке ашыруу жана өркүндөтүү боюнча тажрыйбасы менен тааныштырды.
Датасы: 19.07.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, Курманжан Датка көчөсү, 169-үй дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Аслан-Бектур» алмашуу бюросунун 2024-жылдын 2-июлундагы № 6857 лицензиясынын аракети 2024-жылдын 19-июлунан тартып 25-июлунан кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
Датасы: 19.07.2024
Туруктуу шилтеме
Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир микрофинансылык компанияга 165 000 сом жалпы суммасында 3 айып пул салынды.
Датасы: 19.07.2024
Туруктуу шилтеме
2024-жылдын 19-июлунда Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгү 2024-жылы социалдык контракттардын негизинде жардам алууга кайрылган Баткен районунун тургундарына «Финансылык сабаттуулук» темасы боюнча пландаштырылган лекция өткөрдү.
Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү катышуучуларга акча каражаттарын туура колдонуу жана сарптоо, финансыны пландаштыруу, финансылык максат коюу, үй-бүлөлүк жана жеке бюджетти түзүү, финансыларды мүмкүн болуучу тобокелдиктерден коргоо тууралуу маалымат беришип, ар кандай финансылык маселелер боюнча түзүлгөн кырдаалдарды талдап чыгышты.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында QR-кодду колдонууну өнүктүрүү боюнча иш-чаралар, QR-коддордун улуттук стандарттары жана эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөө эрежелери боюнча маалыматтар берилди.
Датасы: 18.07.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир микрокредиттик компанияга 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 18.07.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында 2024-жылдын 17-июлунда Улуттук банктын төрагасынын орун басары М.Ж. Жакыповдун жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жетекчилеринин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар банк секторунун учурдагы абалы боюнча пикир алмашып, заманбап технологиялар финансылык операцияларды жеңилдетүүгө жана тездетүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк бергендиги белгилешти. Муну менен катар эле, ар түрдүү ыкмада алдап кетүүлөрдүн сыяктуу жаңы кырдаалдар пайда болуп жатканы да айтылды.
Жолугушуунун жыйынтыгында М.Ж. Жакыпов Улуттук банк тарабынан онлайн кредиттөөгө карата талаптарды күчөтүү маселеси каралып жаткандыгын билдирди. Мындан тышкары, коммерциялык банктарга веб-сайттарга, мобилдик тиркемелерге жана кардарларды тейлөө жайларына тиешелүү маалыматтарды жайгаштыруу аркылуу калкка алдамчылыктын түрлөрү тууралуу кеңири маалымат берүү иш-чараларын күчөтүү зарылдыгын кошумчалады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тез арада укук коргоо органдары менен өз ара иш алып баруу, ошондой эле коммерциялык банктар ар кандай алдамчылык аракеттеринин түрлөрүнөн коргонуунун тиешелүү системаларын (антифрод) ишке киргизүү боюнча өз ара биргелешип иш алып баруу зарылдыгы да белгиленди.
Жарандарга алдамчылардын иш-аракеттери жөнүндө алдын ала эскертүү үчүн маалымат берген роликтерди жана башка материалдарды чыгаруу аркылуу калкка улуттук телеберүү, радио жана башка каналдар аркылуу маалымдоо жагында ишти күчөтүү чечими кабыл алынды.
Коммерциялык банктар мамлекеттик органдар менен бирге бул багытта кызматташууга даярдыгын билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында башка мамлекеттик органдар жана Улуттук банк менен кызматташуу аркылуу финансы системасында алдамчылык иш-аракеттерин азайтуу жагында ишти күчөтүү зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынды.
Датасы: 18.07.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун (мындан ары – долбоор) коомдук талкууга сунуштайт.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында «Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору»/«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Кызыкдар болгон тараптар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 17-августунан кечиктирбестен adjakubova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.
Датасы: 17.07.2024
Туруктуу шилтеме
Абайлаңыздар: алдамчылар!
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, заманбап технологияларды колдонуу менен финансылык алдамчылыкка баруу учурлары көбөйгөндүгүн маалымдайт. Санарип индустриянын өнүгүшү менен кошо алдамчыларга дуушарлануу коркунучу да өсүүдө.
Улуттук банктын дарегине социалдык тармактар, мессенджерлер, ошондой эле жарнама жайгаштыруу сайттары жана башка платформалар аркылуу алдамчылыктан жабыр тарткан жарандардан билдирүүлөр түшүп жатат. Алдамчылар улам жаңы чыккан технологияларды, анын ичинде социалдык инженерияны (үндү өзгөртүү), кошумча телефон номерлерди, ошондой эле психологиялык манипуляция жолдорун колдонуу менен улам башка алдамчылык жолдорун табышууда.
Ушуга байланыштуу, жарандарды сак болууга чакырабыз. Эч убакта үчүнчү тараптарга жеке өзүңүзгө таандык маалыматтарды, анын катарында уюлдук телефонунуздагы жеке маалыматтарды, банктык картаңыздын номерин, телефонуңузга жөнөтүлгөн SMS кодду ж.б бербеңиз. Текшерилбеген интернет шилтемелерди баспаңыз жана ага жеке маалыматтарды киргизбеңиз. Мессенджер аркылуу белгисиз номерден видео чалууларга жооп бербеңиз жана эч убакта видео трансляцияны кошпоңуз, анткени видео трансляция аркылуу шылуундар сиздин купуя маалыматыңыздан пайдаланышы мүмкүн. Белгисиз адамдар телефон чалган учурда алар менен сүйлөшпөңүз жана телефонду дароо өчүрүп коюңуз.
Көп учурда алдамчылар өздөрүн Улуттук банктын, коммерциялык банктын же болбосо укук коргоо же башка мамлекеттик органдардын кызматкери катары тааныштырышууда.
Эсиңизде болсун, Улуттук банк эч качан телефон аркылуу жарандардан жеке маалыматтарды, жашыруун маалыматтарды сурабайт жана акчаны «коопсуз эсепке» которуу кызматын сунуштабайт.
Мындан тышкары, Улуттук банк жарандарга банктык эсеп ачпайт, жеке адамдарды тейлебейт, калк арасында акчалай эсептешүү операцияларын жүргүзбөйт, ошондой эле кандайдыр бир лотореяларды же утуштарды уюштурбай тургандыгын эстей жүрүңүз.
Ошондой эле, шылуундар акча уурдоо жолдорун улам өзгөртүп жаткандыгына, андыктан алар жогоруда белгиленген алдамчылык түрлөрү менен чектелбей тургандыгына көңүлүңүздөрдү бурабыз.
Эгерге сизге келген билдирүүдөн, телефон чалуудан же абоненттен күмөн санасаңыз, ал маалыматты текшерүү үчүн бейтааныш адам атап жаткан банктын/уюмдун өзүнүн гана расмий телефон номерлерине түз чалып, текшериңиз.
Урматтуу жарандар, сураныч, сак болуңуздар!
Датасы: 17.07.2024
Туруктуу шилтеме
2024-жылдын 17-июлунда берилген арызга ылайык Талас областы, Талас шаары, Оторбаев көчөсү, 214 дареги боюнча жайгашкан «Эрхан-Талас» ЖЧК алмашуу бюросунун лицензиясы жокко чыгарылды.
Датасы: 16.07.2024
Туруктуу шилтеме
Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ош областы, КараСуу району, Кызыл-Кыштак а/а, Жаңы-Турмуш айылы (болжол: «Достук» бажы посту) дареги боюнча жайгашкан «Форекс Голд» жоопкерчилиги чектелген коому алмашуу бюросуна накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2022-жылдын 11-майында берилген № 6290 лицензиясынын аракети 2024-жылдын 16-июлунан тартып 30июлун кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
Датасы: 16.07.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашыргандыгы үчүн Улуттук банктын Ысык-Көл областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранына (С.Ч.Б.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 15.07.2024
Туруктуу шилтеме
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Оптима Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Оптима Банк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Шерматов Шиддат Жамалбековичтин талапкерлигине 2024-жылдын 12-июлунда макулдук берүү чечимин кабыл алды.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Оптима Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Оптима Банк» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары/башкармасынын мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Турдубаев Талантбек Амангелдиевичтин талапкерлигине 2024-жылдын 12-июлунда макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Датасы: 12.07.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2024-жылдын 5-июлунда ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктарда активдерди классификациялоо жана кредиттик тобокелдиктерди тескөө жагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын № 2024-П-12/28-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому кабыл алынды.
Токтомдун электрондук версиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Датасы: 12.07.2024
Туруктуу шилтеме
Финансылык кызмат көрсөтүүдө керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, ошондой эле өлкөнүн улуттук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 5-июлунда № 2024-П-12/28-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына күрөөлүк коэффициент, айыптык санкциялардын (үстөк айыптын) өлчөмү жана банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун (мындан ары – токтом) кабыл алды.
Бул токтомго ылайык Улуттук банк финансы-кредит уюмдар үчүн кыймылсыз мүлк боюнча күрөөлүк коэффициентти (б.а. кредитти камсыздоого кабыл алынган күрөө предметинин рыноктук наркын төмөндөтүү коэффициентин) күрөөлүк камсыздоонун наркынын 50 пайызынан ашпаган өлчөмдө белгилөө боюнча жаңы талаптарды киргизүүдө.
Ошентип, финансы-кредит уюмдар кыймылсыз мүлк боюнча күрөө коэффициентин белгилөөдө күрөө коэффициентин төмөндөтүүгө, бирок кредит берилген учурга карата күрөөлүк камсыздоонун наркынын 50 пайызынан ашпаган өлчөмдө гана төмөндөтүүгө укуктуу.
Токтом төмөнкү маселелерди камтыйт:
1) карыз алуучунун мөөнөтү өтүп кеткен кредиттик карызы боюнча чегерилген айыптын (туумдун, айып пулдун) өлчөмүн төмөндөтүү;
2) улуттук экономиканы камсыз кылууга өбөлгө түзүүчү артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоону колдоо;
3) коммерциялык банктардын жаңыдан берилген кредиттери, анын ичинде керектөө кредиттери, соодага жана коммерциялык максаттарга берилген кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу жана Банк эмес финансы уюмдардын ишин жөнгө салуу бөлүмдөрүндө жайгаштырылат.
Датасы: 08.07.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 08.07.2024
Туруктуу шилтеме
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы АКБ «Толубай» жабык акционердик коому тарабынан АКБ «Толубай» жабык акционердик коомунун башкы бухгалтеринин орун басары/операциялык башкармалыктын начальнигинин орун басары кызмат ордуна сунушталган Бекмурзаева Гульнура Арстанбековнанын талапкерлигине 2024-жылдын 2-июлунда макулдук берүү чечимин кабыл алды.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Демир Кыргыз Эл Аралык Банкы» жабык акционердик коому тарабынан «Демир Кыргыз Эл Аралык Банкы» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү/аудит боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Асрандиев Эркин Шамшудиновичтин талапкерлигине 2024-жылдын 2-июлунда макулдук берүү чечимин кабыл алды.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «ФинансКредитБанк» ачык акционердик коому тарабынан «ФинансКредитБанк» ачык акционердик коомунун башкы бухгалтеринин орун басары кызмат ордуна сунушталган Набитаева Алина Константиновнанын талапкерлигине 2024-жылдын 2-июлунда макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Датасы: 08.07.2024
Туруктуу шилтеме
Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын кызматкерлери 2024-жылдын 4-июлунда Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунун тургундарына «Финансылык сабаттуулук» боюнча пландаштырылган көчмө лекция өткөрүштү.
Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү катышуучуларга акча каражаттарын туура колдонуу жана сарптоо, финансы маселелерин талдоо менен жагдайлар, орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерден коргоо, ошондой эле финансылык пландаштыруу, финансылык максаттарды коюу, үй-бүлөлүк жана жеке бюджеттерди түзүү тууралуу айтып беришти.
Датасы: 05.07.2024
Туруктуу шилтеме
Ош областынын Ноокат районунун аймагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Россия Федерациясынын бир жаранына 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 04.07.2024
Туруктуу шилтеме
2024-жылдын 4-июлунда Улуттук банк тарабынан Бишкек шаарында кезектеги тегерек стол өткөрүлдү.
Иш-чарага төрага Мелис Тургунбаев баштаган Улуттук банктын жетекчилиги, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, “Кыргызстан банктар союзу” ЮЖБнын, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигинин жана Банктар аралык процессинг борбору ЖАКтын, «Кепилдик фонд» ААКтын, коммерциялык банктардын жана микрофинансылык сектордун өкүлдөрү катышты.
Тегерек столдун катышуучулары салык мыйзамдарына, банктык жөнгө салууну өнүктүрүүгө, банктык жана төлөм кызматтарын санариптештирүүгө, жашыл каржылоону өнүктүрүүгө, ошондой эле микрофинансылык секторго тиешелүү кыйла маанилүү маселелерди талкуулашты.
Мындан тышкары, жолугушууда кредиттердин калкка жеткиликтүүлүгү, накталай эмес экономикага толук кандуу өтүү, жаңы технологияларды, анын ичинде финтех-стартаптарын колдонууга киргизүү, акча которуулар үчүн комиссияларды азайтуу, коммерциялык банктарды ири мамлекеттик долбоорлорду ишке ашырууга катышууга тартуу ж.б. маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.
Банктык тегерек стол банк коомчулугунун орчундуу маселелери талкуулана турган салттуу иш-чара болуп саналат.
Датасы: 04.07.2024
Туруктуу шилтеме
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Улуттук банкка келип кетти
Бүгүн, 2024-жылдын 4-июлунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына келип, жаңы дайындалган төрага Мелис Тургунбаев, Башкарманын мүчөлөрү жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн начальниктери менен жолугушту. Иш-чарада ошондой эле Финансы министри Алмаз Бакетаев да катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук банк алдында турган бир катар маанилүү максаттар жана милдеттер, атап айтканда баа туруктуулугун камсыздоо, накталай эмес төлөмдөр системасын өнүктүрүү, калктын кредиттерден пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, көмүскө экономика деңгээлин төмөндөтүү, санарип сомду колдонууга киргизүү жагында иштерди улантуу зарылдыгы белгиленди.
Ошондой эле, Акылбек Жапаров Улуттук банктын өлкөдө инфляция деңгээлин кыскартуу, алтын валюта резервдер көлөмүн жогорулатуу, ошондой эле улуттук валютанын туруктуулугун камсыздоо жагында ишинин жыйынтыгына алгылыктуу баа берди.
Иш-чаранын жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Улуттук банктын жаңы төрагасына ишине ийгиликтерди, ошондой эле мындан ары да тыгыз кызматташтыкта иш алып барууга ишенерин билдирди.
Датасы: 03.07.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ысык-Көл областтык башкармалыгынын кызматкерлери 2024-жылдын 26-27-июнь күндөрү финансылык сабаттуулук программасынын алкагында Ысык-Көл областынын Ак-Суу жана Түп райондорунун мамлекеттик администрациясынын кызматкерлерине семинар өткөрүштү.
Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга үй-бүлөлүк бюджет, каражат топтоо, карыз мамилелери жана финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, ошондой эле Кыргыз Республикасында QR-кодду өнүктүрүү боюнча иш-чаралар, QR-коддордун улуттук стандарттары жана эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөө эрежелери боюнча маалыматтар берилди.
Датасы: 02.07.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев 2024-жылдын 1-июлунан тартып 3-июлуна чейин Тажикстан Республикасында, Душанбе шаарында өтүп жаткан Эл аралык валюта фондунда (ЭВФ) Швейцария добуш берүү тобунун жана Дүйнөлүк банктын тобунун отурумунда катышып жатат.
Швейцария тобунун отурумунда катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы дүйнөлүк экономиканы өнүктүрүү жана глобалдуу инфляция тенденциялары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык өнөктөштөр, анын ичинде ЭВФтин Швейцария тобуна кирген өлкөлөрдүн борбордук банктары менен мындан ары да кызматташуу жана өз ара иш алып баруу келечеги сыяктуу актуалдуу маселелерди талкуулоо боюнча бир катар жолугушууларды өткөрдү.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев Швейцария Улуттук банкынын Башкармасынын төрагасы Томас Йордан менен эки тараптуу жолугушууга катышып, анын жүрүшүндө тараптар көп жылдан берки кызматташуу натыйжаларын талкуулашып, мындан ары да Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Швейцария Улуттук банкы ортосунда өз ара иш алып барууга даяр экендигин билдиришти.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасы 1992-жылдан бери ЭВФтин, ал эми 1993-жылдан бери ЭВФтин Швейцария добуш берүү тобунун мүчөсү болуп саналат. Бул топко Азербайжан, Кыргыз Республикасы, Польша, Казакстан Республикасы, Сербия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Швейцария кирет.
Датасы: 28.06.2024
Туруктуу шилтеме
2024-жылдын 28-июнунда Улуттук банктын төрагасынын орун басары М.Жакыпов Америка-Кыргыз Ишкерлер кеңешинин бизнес делегациясынын, ошондой эле Кыргызстандын коммерциялык банктарынын жетекчилеринин катышуусунда тегерек стол өткөрдү.
Тегерек столдун жүрүшүндө Кыргызстандын банктарынын эл аралык компаниялар менен эл аралык төлөм карталары, юридикалык кызмат көрсөтүүлөр жана башка иш чөйрөлөрүндө эки тараптуу кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө жана издөө маселелери талкууланды.
Маалымат үчүн: Америка-Кыргыз Ишкерлер кеңеши – АКШ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы соода жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган коммерциялык эмес, жеке жана көз карандысыз соода ассоциациясы болуп саналат.
Америка-Кыргыз Ишкерлер кеңешинин негизги миссиясы болуп, анын Кыргызстандагы мүчөлөрүнүн бизнес ишкердигин алдыга жылдыруу жана Америка коомчулугун, ошондой эле Кыргызстан менен ишкердик мамилелерди бекемдөө үчүн негизги чечимдерди кабыл алуучуларга дем берүү саналат.
Датасы: 28.06.2024
Туруктуу шилтеме
Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө
БИЛДИРҮҮ
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы атайын жөнгө салуу режиминин алкагында электрондук капчыктардан колдонуу мүмкүнчүлүгү бар төлөм карталарын чыгаруу (эмиссиялоо) операциясы төлөм системасынын бир оператору тарабынан тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөндүгүн таануунун жыйынтыгы боюнча төлөм системаларынын операторлоруна электрондук капчыктардан колдонуу мүмкүнчүлүгү бар төлөм карталарын чыгаруу (эмиссиялоо) мүмкүнчүлүгү каралган «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү жана кызыкдар жактардан сунуштар чогултула тургандыгы жөнүндө билдирет.
1. Сунушталган жөнгө салуу боюнча чечүүгө багытталган проблемалардын баяндалышы
Электрондук акча – алдын ала төлөнгөн карталарды жана электрондук капчыкты кошо алганда, программалык-техникалык түзүлүштө электрондук түрдө сакталган жана төлөм каражаты катары кабыл алынган акча наркы.
Бүгүнкү күндө электрондук акча ээлеринин электрондук акчаны колдонуу менен бардык жерде төлөө мүмкүнчүлүгү жок, себеби электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын өзүндө же QR-код менен мобилдик тиркеме аркылуу товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө электрондук акча менен төлөй алышат. Бул электрондук акча ээлеринин банктык төлөм карталарын электрондук капчыктарга байланыштырууга жана алар менен төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугуна байланышкан.
Учурда банктык төлөм карталарын электрондук капчыктарга байланыштыруу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына ылайык электрондук капчыктардан колдонуу мүмкүнчүлүгү бар банктык төлөм карталарын чыгаруу (эмиссиялоо) боюнча төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын укугу жоктугу укуктук тоскоолдук болуп саналат.
Каралып жаткан маселенин масштабы электрондук акча менен иштеген же иштөөнү пландаштырып жаткан жана андан ары төлөм жүргүзүү үчүн банктык төлөм карталарын аларга байланыштырган субъекттердин ишин камтыйт.
2. Сунушталган жөнгө салуунун максатын жана проблеманы чечүү ыкмасын баяндоо
Кыргыз Республикасында банктык төлөм карталары товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн кыйла суроо-талапка ээ инструменттердин бири болуп саналат. Аны менен бирге электрондук акча да кеңири суроо-талапка ээ. Алсак, 2024-жылдын 1-апрелине карата абал боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук капчыктардын саны 6,8 миллионду түзгөн, бул электрондук акча менен төлөө жеткиликтүү жана ыңгайлуу төлөм ыкмаларынын бири болуп саналгандыгы менен шартталган.
Банктык төлөм карталар рыногу акыркы жылдары төлөм системаларынын катышуучулары тарабынан ишке киргизилген инновациялык технологиялардын эсебинен кескин өнүгүшүн көӊүлгө алуу менен, ошондой эле банктык төлөм карталар рыногунун өнүгүшү экономикалык өсүшкө түрткү берүү жана калктын жашоо деӊгээлин жана сапатын жогорулатуу үчүн олуттуу мааниге экендигин эске алуу менен, атайын жөнгө салуу режиминин алкагында Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы уюмдардын бири тарабынан электрондук капчыктардан колдонуу мүмкүнчүлүгү бар төлөм карталарын чыгаруу (эмиссиялоо) операциясын тестирлөө ийгиликтүү өткөндүгүн таануунун жыйынтыгы боюнча төлөм системаларынын операторлоруна электрондук капчыктардан колдонуу мүмкүнчүлүгү бар төлөм карталарын чыгаруу (эмиссиялоо) мүмкүнчүлүгү каралган «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү сунушталат.
3. Сунушталган жөнгө салуунун күтүлүүчү пайдасын жана артыкчылыктарын баалоо
Сунушталган жөнгө салууну кабыл алууда төмөнкүлөр күтүлөт:
- электрондук акча ээлеринин банктык төлөм карталарын колдонуу менен товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө мүмкүнчүлүгү;
- калктын накталай эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр жагында финансылык сабаттуулугун жогорулатуу;
- региондорду өнүктүрүү;
- накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү;
- банктык төлөм карталарынын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алган соода-тейлөө ишканаларында POS-терминалдарынын санын көбөйтүү.
4. Келип чыгышы мүмкүн болгон жагымсыз жагдайларды баалоо
Сунушталган жөнгө салууну кабыл алууда жагымсыз жагдайлар күтүлбөйт.
5. Сунушталган жөнгө салуунун ишкердик субъекттерине – адресаттарына мүнөздөмө берүү жана санын баалоо:
Сунушталган жөнгө салуу электрондук акчаны чыгарууга (эмиссиялоого) укуктуу субъекттердин, анын ичинде электрондук акча менен иштеген же иштөөнү пландаштырган төлөм системаларынын операторлорунун ишине тиешелүү. Алсак, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын аймагында 38 юридикалык жак төлөм системаларынын оператору лицензиясына ээ.
6. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланышкан потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо
Сарптоолор жана пайдалар боюнча конкреттүү сумманы белгилөө мүмкүн эмес, анткени сунушталган жөнгө салуу субъекттери сарптоолорду өздөрүнүн белгиленген бюджеттеринин чегинде тартышат.
7. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланышкан республикалык/жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо
Сунушталган жөнгө салууну кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча сарптоону талап кылбайт.
Тиркеме
Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө
билдирүүгө карата
1. Коомдук консультациянын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеги:
- аталган проблемалар туура көрсөтүлгөнбү жана жөнгө салууну өзгөртүү жолу менен чечүүнү талап кылабы;
- аталган максат аткаруу үчүн негиздүү берилгенби, маанилүүбү;
- проблеманы чечүү үчүн сунушталган ыкма (жөнгө салуу) кыйла артыкчылыктуу болуп саналабы;
- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн;
- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар жаралышы мүмкүн;
- проблеманы чечүүнүн кыйла натыйжалуу альтернативалуу ыкмалары барбы;
- сунушталган жөнгө салуу боюнча жалпы пикириӊиз.
2. Сунушталуучу жөнгө салууну киргизүү зарылдыгын баалоого мүмкүндүк берген башка маалымат:
Билдирүү маалыматын талкуулоо үчүн байланыш маалыматы жана мөөнөтү:
1. Сунуштар төмөнкүлөр аркылуу кабыл алынат: |
|
- электрондук почта боюнча |
ntaalaibekov@nbkr.kg |
- почта дареги аркылуу |
Кыргыз Республикасы, 720001, Бишкек ш., Чүй пр., 168 |
2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү, көрсөтүлгөндөн кечиктирилбестен |
2024-жылдын 15-июлу |
3. Сунуштардын жана жооптордун реестрин иштеп чыккан органдын расмий сайтына жайгаштыруу мөөнөтү, көрсөтүлгөндөн кечиктирилбестен |
2024-жылдын 25-июлу |
Датасы: 28.06.2024
Туруктуу шилтеме
2024-жылдын 26-июнунда Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад областынын Токтогул районунун тургундарына «Финансылык сабаттуулук» боюнча пландаштырылган көчмө лекция өткөрүштү. Лекцияга Токтогул шаарынын, Жаңы-Жол жана Сары-Камыш айыл аймагынын 2024-жылы социалдык контракттын негизинде жардам алууга кайрылган жарандар жана Токтогул райондук администрациясынын кызматкерлери катышты.
Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү катышуучуларга акча каражаттарын туура колдонуу, финансы маселелерин туура талдоо, мүмкүн болуучу тобокелдиктерден коргоо, ошондой эле финансылык пландаштыруу, финансылык максат коюу, үй-бүлөлүк жана жеке бюджетти түзүү тууралуу айтып беришти.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасында QR-кодду өнүктүрүү боюнча иш-чаралар, QR-коддордун улуттук стандарттары жана эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөө эрежелери боюнча маалыматтар берилди.
Датасы: 27.06.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын финансылык сабаттуулук программасынын алкагында 2024-жылдын 25-26-июнь күндөрү Талас облусунун Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылында калкка жана Бакай-Ата райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлерине семинар болуп өттү.
Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга үй-бүлөлүк бюджет, каражат топтоолор, карыз мамилелери жана финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо тууралуу маалымат берилди.
Датасы: 27.06.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн, 2024-жылдын 25-июнунан тартып Бишкек ш., Чүй пр., 114, 403-каб., 404 б (Бишкек ш., Чүй пр., 114, 427-каб.) дареги боюнча жайгашкан Кредиттик союз «Бурул-Возрождение» финансылык кооперативинин 2006-жылдын 13-июлундагы №518 лицензиясынын аракети токтотулду.
Датасы: 27.06.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн, Бишкек шаары, Шевченко көчөсү, 80 («I-MALL» соода борбору) дареги боюнча жайгашкан «Группа компаний «Милан» алмашуу бюросу ЖЧКнын накталай чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2022-жылдын 12-сентябрындагы №6352 лицензиясы 2024-жылдын 27-июнунан тартып кайтарылып алынды.
Датасы: 27.06.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эскертет: Телефон чалуу менен алдамчылык фактылары көбөйдү!
Телефон чалуу аркылуу жарандардын ишенимине кирип ар кандай ыкмаларды колдонуп, шылуундар сиздин эсебиңизден акчаңызды уурдап же андан ары сизге онлайн кредит тариздетип алууну көздөп жатышат.
Бул кантип ишке ашырылат?
Биринчи кезекте өзүн коммерциялык банктын кызматкеримин деп тааныштырган адам жаранга телефон чалып, жеке маалыматтын ачыкка чыгышы же анын атынан онлайн кредит алуу үчүн кайрылган үчүнчү жактар жөнүндө кабарлайт. Андан кийин Улуттук банктын (же башка мамлекеттик органдын) кызматкери болуп таанышкан адам кошулат да, акчаны сактап калуу зарылдыгын шылтоолоп, жабырлануучуну акчасын коопсуз, корголгон эсепке которууга чакырат. Ошол эле учурда алдамчылардын телефон номерлери жасалма болушу мүмкүн. Ынандыруу үчүн, алар логотип белгиси менен Улуттук банктын жетекчилигинин колу коюлган жасалма күбөлүк же башка документти жөнөтүшү мүмкүн. Ошол эле учурда, шылуундардын курмандыгы болгон жаран алдамчылардын көрсөтмөсү боюнча онлайн-кредитти тариздөө же акча которуу операцияларын өз колу менен аткарат.
Өзүңдү кантип коргой аласың?
1. Эгерде сизге өзүн банктын, Улуттук банктын же башка мамлекеттик органдардын кызматкери катары тааныштырган адам телефон чалып, жеке маалыматтарыңыздын сыртка чыгып кетиши же сизге онлайн кредит уруксатсыз таризделгендиги тууралуу билдирсе, сүйлөшүүнү токтотуңуз. Эгерде сиз андан ары сүйлөшүүнү туура көрсөңүз, сүйлөшүү учурунда экранды көрсөтпөңүз, жеке (жашыруун) маалыматыңызды (ИСН, коддор, ПИН коддор ж.б.) бербеңиз, өзүңүз жөнүндө эч кандай маалыматты ырастабаңыз. Ошондой эле мессенджерлердеги белгисиз номерлерден келген видео чалууларга жооп бербей, бейтааныш адамдардын сунушталган, текшерилбеген интернет-шилтемелерге кирбегениңиз жакшы.
2. Эгерде мындай чалуу шектенүү жаратса, банктардын веб-сайтында, мобилдик тиркемелерде көрсөтүлгөн расмий номерлерге чалышыңыз зарыл же банктын жакынкы офисине кайрылышыңыз керек;
3. Банктар жана Улуттук банк эч качан онлайн кредиттерди уруксатсыз тариздөөгө же жеке маалыматтардын сыртка чыгып кетишине байланыштуу чалбай тургандыгы жана мессенджерлер аркылуу кызматкерлердин күбөлүгүн же дагы башка документин жөнөтпөй тургандыгы эсиңизде болсун;
Эгерде сиз шылуундардын курмандыгы болуп калсаңыз, эмне кылуу керек?
Эгерде сиз алдамчылыктын курмандыгы болуп калдым деп ойлосоңуз, банкка болгон окуя тууралуу дароо кабарлап, банктык картаны же эсепти бөгөттөп коюну суранышыңыз зарыл жана тез арада укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышыңыз керек.
ЭСТЕП КАЛЫҢЫЗ!
Алдамчылардын схемалары ар кандай болушу мүмкүн, бирок башкы максаты - сизди ишендирип, эсебиңиздеги акчаны котортуу үчүн сизди адаштыруу. Сиз акчаңызды которгон учурда, шылуундар максатына жеткен болот.
МААНИЛҮҮ!
Керектөөчүлөр үчүн маанилүү маалыматтар жайгаштырылуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына www.nbkr.kg жана Улуттук банкын социалдык тармактардагы расмий баракчаларына: Инстаграм-nbkr_kg; Facebook жана Telegram каналдарына көз салып туруңуз.
Веб-сайттарда жана мобилдик тиркемелерде ФКУ жаңылыктары жана билдирүүлөрү менен таанышып туруңуз.
Датасы: 26.06.2024
Туруктуу шилтеме
Улуттук банктын жамаатына
жаңы төрага тааныштырылды
Бүгүн, 2024-жылдын 26-июнунда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жана Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Данияр Толонов Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жамаатына жаңы жетекчи Тургунбаев Мелис Жусупжановичти тааныштырышты.
М.Ж. Тургунбаевди тааныштырып жатып, А.А. Касымалиев бүгүн Улуттук банктын алдында турган милдеттердин маанилүүлүгүн белгилеп, жаңы төрагага ийгиликтерди жана жооптуу кызматында жетишкендиктерди каалады.
Д.Э. Толонов Улуттук банктын жетишкендиктерин жана алдыга коюлган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн Улуттук банктын натыйжалуу ишин колдоо жана улантуу зарылдыгын белгиледи.
Өз кезегинде М.Ж. Тургунбаев көрсөтүлөп жаткан ишеним үчүн ыраазычылыгын айтып, жамаат менен биргеликте өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн натыйжалуу иш алып бараарына ишенээрин билдирди.
Датасы: 26.06.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 26.06.2024
Туруктуу шилтеме
Улуттук банкта ICBC Standard Bank менен жолугушуу болуп өттү
2024-жылдын 25-июнунда Улуттук банктын төрагасынын орун басары К.Э. Куленбеков ICBC Standard Bank делегациясы менен жолугушту. Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар ишмердүүлүктүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алышып, мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Жолугушууга «Кыргызалтын» ААК башкармасынын төрагасынын орун басары Б.К. Субанов катышты.
Маалымат катары: ICBC Standard Bank (Standard Bank – Industrial and Commercial Bank of China (ICBC) Standard Bank деп аталышын өзгөрткөн) Лондондо (Улуу Британия) башкы кеңсеси жана Шанхайда (КЭР), Сингапур менен Нью-Йоркто (АКШ) филиалдары бар, баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзгөн дүйнөдөгү эң ири банктардын бири болуп саналат.
Датасы: 26.06.2024
Туруктуу шилтеме
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «ЭкоИсламикБанк» жабык акционердик коому тарабынан «ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын башкы бухгалтери кызмат ордуна сунушталган Резаева Виктория Евгеньевнанын талапкерлигине 2024-жылдын 25-июнунда макулдук берүү чечимин кабыл алды.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «ЭкоИсламикБанк» жабык акционердик коому тарабынан «ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын башкы бухгалтеринин орун басары кызмат ордуна сунушталган Кадыркулова Назия Аширбековнанын талапкерлигине 2024-жылдын 25-июнунда макулдук берүү чечимин кабыл алды.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Халык Банк Кыргызстан» ачык акционердик коому тарабынан «Халык Банк Кыргызстан» ААКтын башкармасынын төрагасынын орун басары кызмат ордуна сунушталган Джумалиев Адилет Омеркуловичтин талапкерлигине 2024-жылдын 25-июнунда макулдук берүү чечимин кабыл алды.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «БАКАЙ БАНК» ачык акционердик коому тарабынан «БАКАЙ БАНК» ААКтын аудит боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Абласов Эрмек Туратбековичтин талапкерлигине 2024-жылдын 25-июнунда макулдук берүү чечимин кабыл алды.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Керемет Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Керемет Банк» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Абдрашев Нургазы Акунжановичтин талапкерлигине 2024-жылдын 25-июнунда макулдук берүү чечимин кабыл алды.
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Элдик Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Элдик Банк» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Масыбаев Турарбек Джакыпбаевичтин талапкерлигине 2024-жылдын 25-июнунда макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Датасы: 25.06.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Азия Пэймент Солюшн» жоопкерчилиги чектелген коомунун төмөнкү лицензиялары 2024-жылдын 24-июнунан тартып кайтарылып алды:
- үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоого 2023-жылдын 21-июнунда берилген № 2034210623 лицензиясы;
- өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоого 2023-жылдын 21-июнунда берилген № 3036210623 лицензиясы.
Датасы: 25.06.2024
Туруктуу шилтеме
Төлөм системасы боюнча комитеттин 2024-жылдын 20-июнундагы токтому менен «Первый Плюс Пэй» жоопкерчилиги чектелген коомуна төмөнкү лицензиялар берилди:
- үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашыруу укугуна 2024-жылдын 20-июнундагы № 2047200624 лицензия;
- өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашыруу укугуна 2024-жылдын 20-июнундагы № 3048200624 лицензия.
Датасы: 25.06.2024
Туруктуу шилтеме
Төлөм системасы боюнча комитетинин 2024-жылдын 20-июнундагы токтому менен «Каржы системалары» жоопкерчилиги чектелген коомуна төмөнкү лицензиялар берилди:
- үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашыруу укугуна 2024-жылдын 20-июнундагы № 2049200624 лицензия;
- өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашыруу укугуна 2024-жылдын 20-июнундагы № 3050200624 лицензия.
Датасы: 25.06.2024
Туруктуу шилтеме
2024-жылдын 19-июнунда Улуттук банк Башкармасы тарабынан РК «АМАНБАНК» ААКсында 2024-жылдын 19-июнунан саат 18:00дөн тартып Убактылуу администрация атайын режими токтотулгандыгы тууралуу чечим кабыл алынган.
Датасы: 25.06.2024
Туруктуу шилтеме
2024-жылдын 19-июнунан баштап Пакистан Улуттук банкынын Бишкек филиалынын банк операцияларын жүргүзүүгө лицензиясы кайтарылып алынып, ыктыярдуу жоюу жол-жобосу башталды. Жоюучу болуп Касыгулова Нургуль Артисбековна дайындалды.
Датасы: 24.06.2024
Туруктуу шилтеме
Төлөм системасы боюнча комитетинин 2024-жылдын 20-июнундагы токтому менен «Цунами Пейментс» жоопкерчилиги чектелген коомуна төмөнкү лицензиялар берилди:
- үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашыруу укугуна 2024-жылдын 20-июнундагы № 2048200624 лицензия;
- өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашыруу укугуна 2024-жылдын 20-июнундагы № 3049200624 лицензия.
Датасы: 24.06.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Долбоор Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында Улуттук банктын ченемдик актылары/Талкууга сунушталган долбоорлор бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.
Сектор токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 24-июлунан кечиктирбестен bkuvanychbekov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.
Датасы: 24.06.2024
Туруктуу шилтеме
Маалыматтык билдирүү
Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Боконтаев башка жумушка которулуп жатканына байланыштуу ал Улуттук банктын төрагасы кызмат ордунан кетип жатканын билдирет.
Датасы: 21.06.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-мартындагы № 119-т тескемеси менен бекитилген Финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатуунун улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында, Улуттук банк 2024-жылдын 18-июнунан 20-июнуна чейин финансылык сабаттуулук боюнча тренинг уюштурду, ага мультипликатор-мугалимдер, мектептен тышкаркы билим берүүнүн областтык борборлорунун базасында түзүлгөн финансылык сабаттуулук боюнча ийримдердин жетекчилери жана Ош областынын финансылык сабаттуулук боюнча тренерлери катышты.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар финансылык сабаттуулук боюнча экспресс-курс, «Менин каржым» бир күндүк тренинги жана «Каражат топтоо» бизнес оюну боюнча окуудан өтүштү.
Жыл сайын өткөрүлүүчү «Глобалдуу акча жумалыгы» жана «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» маалымдоо кампанияларынын алкагында Улуттук банктын тренерлери финансылык сабаттуулук боюнча сабактарды жана лекцияларды, «Каражат топтоо» бизнес оюнун өткөрүшөт, анын максаты өлкөдөгү балдардын, жаштардын жана калктын эресеге жеткенден кийинки катмарынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу.
Жогоруда аталган тренерлер Улуттук банктын German Sparkassenstiftung менен биргелешкен долбоорунун алкагында даярдыктан өткөн.
Датасы: 20.06.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы РК «АМАНБАНК» ачык акционердик коому «Аман Кредит» микрофинансылык компаниясы ачык акционердик коому кайра каттоодон өткөндүгүнө байланыштуу РК «АМАНБАНК» ачык акционердик коому улуттук жана/же чет өлкө валютасында банк операцияларын жүргүзүү укугуна уруксат берилген операциялардын тизмеси менен 2017-жылдын 22-июнундагы №031 лицензиясын улуттук жана/же чет өлкө валютасында айрым банк операцияларын жүргүзүү укугуна микрофинансылык компаниянын лицензиясын алганына байланыштуу тапшырганын жана РК «АМАНБАНК» ачык акционердик коому лицензияга ээ банктардын реестринен чыгарылганын билдирет.
Датасы: 20.06.2024
Туруктуу шилтеме
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Евразиялык Сактык Банкы» ачык акционердик коому тарабынан «Евразиялык Сактык Банкы» ААКтын башкармасынын төрагасынын орун басары кызмат ордуна сунушталган Жантаев Аскар Жанышевичтин талапкерлигине 2024-жылдын 18-июнунда макулдук берүү чечимин кабыл алды.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «БАКАЙ БАНК» ачык акционердик коому тарабынан «БАКАЙ БАНК» ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Ибрагимов Тимур Сергеевичтин талапкерлигине 2024-жылдын 18-июнунда макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Датасы: 19.06.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К.К.Боконтаев 2024-жылдын 16-июнунан тартып 19-июну аралыгында Россия Федерациясынын Сочи шаарында болуп өткөн Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин Борбордук (улуттук) банктарынын валюта саясаты боюнча Консультативдик кеңешинин 26-жыйынына (мындан ары - Консультативдик кеңеш) жана Борбордук (улуттук) банктардын Евразия кеңешинин (мындан ары - Евразия кеңеши) 50-жыйынына катышты.
Консультативдик кеңештин жыйынынын алкагында тараптар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борбордук банктары тарабынан жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатын, ошондой эле финансы рыноктору чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү маселелерин талкуулашты.
Евразия кеңешинин күн тартибинин алкагында банк ишине тиешелүү маселелер, акча-кредит саясатынын негизги багыттары, ESG багыты боюнча Евразия кеңешине мүчө борбордук (улуттук) банктардын иши, ошондой эле виртуалдык активдерди жөнгө салуу тажрыйбасы каралды. Мындан сырткары, борбордук (улуттук) банктардын кызматкерлерин кесиптик окутуу, акча бирдигин чыгаруу, нумизматикалык рынокту өнүктүрүү, жасалма акча жасоого каршы күрөшүү маселелери боюнча тармактык координациялык кеңештердин иши жөнүндө маалымат берилди.
Датасы: 14.06.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.
Сектор токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 15-июлунан кечиктирбестен malmanbetova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.
Датасы: 14.06.2024
Туруктуу шилтеме
Улуттук банк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн
семинар өткөрдү
2024-жылдын 11-июнунда жана 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы журналисттер үчүн, анын ичинде Ысык-Көл жана Нарын областтарынын аймактык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн «Кыргыз Республикасынын банк системасы кандай иштейт?» деген темада окутуу семинарларын өткөрдү.
Семинарлардын жүрүшүндө журналисттерге Улуттук банктын акча-кредит саясаты, Кыргыз Республикасынын валюта рыногу, баалуу кагаздар, Улуттук банктын ноталары, коммерциялык банктарды көзөмөлдөө, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, ошондой эле Улуттук банктын коомчулук менен иш алып баруусу тууралуу маалымат берилди.
Улуттук банк коммуникация саясатынын алкагында жана коомчулукка маалымдоо максатында, мезгил-мезгили менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн окутуу семинарларын өткөрүп турат жана бул багытта ишин улантат.
Датасы: 14.06.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Чүй областында жайгашкан бир кредиттик союзга 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 13.06.2024
Туруктуу шилтеме
Валюта рыногундагы жагдай жөнүндө
Кыргыз Республикасынын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүнүн валюта рынокторунда түптөлгөн жагдайга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкүлөрдү билдирет.
Азыркы учурда ички валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу сакталууда.
Улуттук банк валюта саясатын жүргүзүүдө чет өлкө валютасына болгон суроо-талаптын жана сунуштун негизинде алмашуу курсун түзгөн алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүү режимин карманат.
Улуттук банк ички валюта жана тышкы финансы рынокторунда түптөлгөн жагдайга дайыма мониторинг жүргүзүп турат.
Алсак, 2024-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Улуттук банктын төрагасынын орун басары К.Э. Куленбековдун жетекчилиги алдында коммерциялык банктардын жетекчилигинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар валюта рыногундагы учурдагы жагдай боюнча пикир алмашып, Кыргыз Республикасынын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүнүн финансы рынокторундагы өзгөрүүлөр ички валюта рыногуна чектелген таасир тийгизет деп белгилеп өтүштү, анткени Кыргыз Республикасынын банк сектору финансылык туруктуулукту сактоо үчүн жетиштүү ресурстарга ээ.
Улуттук банк зарыл болгон учурда валюта рыногунда туруктуулукту сактоо максатында, жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатына ылайык, тиешелүү чараларды көрөт.
Датасы: 13.06.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алуусуз Бишкек шаарында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (Э.М.Э.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Датасы: 12.06.2024
Туруктуу шилтеме
Төлөм системасы боюнча комитетинин 2024-жылдын 7-июнундагы токтому менен «Эл аралык төлөм оператору» жоопкерчилиги чектелген коомуна төмөнкү лицензиялар берилди:
- үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашыруу укугуна 2024-жылдын 7-июнундагы № 2044070624 лицензия;
- өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашыруу укугуна 2024-жылдын 7-июнундагы № 3046070624 лицензия.
Датасы: 12.06.2024
Туруктуу шилтеме
Төлөм системасы боюнча комитетинин 2024-жылдын 7-июнундагы токтому менен «Транзакциялык Иштетүү Тутумдары» жоопкерчилиги чектелген коомуна үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашыруу укугуна 2024-жылдын 7-июнунда № 2045070624 лицензиясы берилди.
Датасы: 12.06.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында 2024-жылдын 11-июнь күнү Улуттук банктын төрагасынын орун басары М.Ш. Аттокуровдун жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, «УКУК» мамлекеттик мекемесинин, коммерциялык банктардын жана «Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коомунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен Төлөм системасы боюнча банктар аралык кеңештин кезектеги отуруму өттү.
Отурумдун жүрүшүндө төлөм системасына байланыштуу маселелер талкууланды, анын ичинде:
- мамлекеттик төлөмдөрдү кабыл алуу (салык төлөмдөрүн, айып пулдарды ж.б. төлөө);
- банктык кызматтарды көрсөтүүнүн катышуучуларынын тарифтик саясаты;
- төлөм QR-коддорду жайылтуу.
Отурумдун жүрүшүндө банктык жабдууларды жана мобилдик тиркемелерди ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ыӊгайлаштыруу боюнча маселелер талкууланды.
Отурумдун жыйынтыгы боюнча коммерциялы банктарга аталган багыттарда активдүү иш алып баруу, ошондой эле көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтерин төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталды.
Датасы: 12.06.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алуусуз Бишкек шаарында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын үч жаранынын (А.у.Б., С.И.Т., Т.Г.С.) ар бирине 17 500 сомдон айып пул салынды.
Датасы: 12.06.2024
Туруктуу шилтеме
Төлөм системасы боюнча комитетинин 2024-жылдын 7-июнундагы токтому менен «БиСи Кард Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомуна төмөнкү лицензиялар берилди:
- үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашыруу укугуна 2024-жылдын 7-июнундагы № 2046070624 лицензия;
- өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашыруу укугуна 2024-жылдын 7-июнундагы № 3047070624 лицензия.
Датасы: 11.06.2024
Туруктуу шилтеме
Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ош областы, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак а/а, Жаңы-Турмуш айылы (болжол: «Достук-Автожол» көзөмөлдөө-өткөрмө пункту) дареги боюнча жайгашкан «Абдуллазиз» жоопкерчилиги чектелген коому алмашуу бюросуна накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2023-жылдын 8-февралында берилген № 6459 лицензиянын аракети 2024-жылдын 12-июнунан тартып 18-июнун кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
Датасы: 07.06.2024
Туруктуу шилтеме
2024-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Жогорку Кеңештин депутаттары үчүн Улуттук банктын иши боюнча семинар өткөрдү.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлары, парламенттик фракциянын лидери жана Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагалары катышты.
Семинардын жүрүшүндө эл өкүлдөрүнө Улуттук банктын учурдагы ишинин жыйынтыктары, акча-кредит саясатын ишке ашыруу, финансы-кредит уюмдарынын ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө, төлөм системасын өнүктүрүү, ошондой эле нак акчаны жүгүртүү жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча маалыматтар берилди.
Улуттук банктын төрагасы К. Боконтаев өз сөзүндө белгилегендей, жогорку геосаясий белгисиздик сакталып турган жана дүйнөлүк сооданын мүнөзү өзгөргөн шарттарда Улуттук банктын иши тышкы экономикалык тобокелдиктердин таасирин азайтууга жана өлкөнүн экономикалык жактан туруктуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын банк системасынын туруктуулугу сакталып, сунушталып жаткан банк кызматтарынын тизмеги көбөйгөндүгү, төлөм системасын өнүктүрүү боюнча милдеттер ийгиликтүү ишке ашырылып жаткандыгы белгиленди.
Иш-чаранын жүрүшүндө Улуттук банктын ишмердүүлүгүнө тиешелүү башка актуалдуу маселелер боюнча талкуу жүрдү.
Жолугушуунун жыйынтыгында семинардын катышуучулары калк үчүн кредиттердин жана банк кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, финансы-кредит уюмдарынын ишин өркүндөтүү, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу жана башка маселелер боюнча иштерди улантуу зарылдыгын белгилешти.
Мындан тышкары, иш-чаранын жүрүшүндө экономиканын учурдагы абалы, валюта рыногундагы кырдаал, республиканын банк жана төлөм системаларын өнүктүрүү тенденциялары жана келечеги талкууланды.
Датасы: 07.06.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн, атап айтканда, лицензияда каралбаган операцияларды жүргүзгөндүгү үчүн, Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 146-үй дареги боюнча жайгашкан «Люксор Финанс» алмашуу бюросу ЖЧКнын накталай чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2023-жылдын 18-августундагы № 6567 лицензиясы 2024-жылдын 6-июнунан тартып кайтарылып алынды.
Датасы: 07.06.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 30-майында № 2024-П-14/25-6-(ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды.
Токтомдун электрондук версиясы Улуттук банктын расмий интернет-сайтында www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Датасы: 07.06.2024
Туруктуу шилтеме
2024-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан «РСК Банкы» ачык акционердик коомунун толук фирмалык аталышы жана кыскартылган фирмалык аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу «РСК Банкы» ААКтын лицензиясы алмаштырылды:
- мамлекет тилдеги толук аталышы: «Элдик Банк» ачык акционердик коому;
- мамлекет тилдеги кыскартылган аталышы: «Элдик Банк» ААК;
- расмий тилдеги толук аталышы: Открытое акционерное общество «Элдик Банк»;
- расмий тилдеги кыскартылган аталышы: ОАО «Элдик Банк».
Датасы: 05.06.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун (мындан ары – мыйзам долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында «Банк иши тууралуу мыйзамдар»/«Талкууга сунушталган мыйзам долбоорлору» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында «Мыйзам долбоорлору» / «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан демилгеленген» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Кызыкдар тараптар мыйзам долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 5-июлунан кечиктирбестен сунуштоосу, ошондой эле электрондук версиясын (Word форматында) azmambetalieva@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүүсү зарыл.
Датасы: 05.06.2024
Туруктуу шилтеме
2024-жылдын 4-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары – Улуттук банк) Улуттук банктын төрагасынын орун басары М.Ш. Аттокуровдун жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилеринин орун басарлары жана «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын жетекчилиги менен чарба субъекттерине эмгек акыларды накталай эмес ыкмада төлөө маселесин, ошондой эле 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программанын (мындан ары – Мамлекеттик программа) башка иш-чараларын талкуулоо максатында жолугушуу болуп өттү.
Талкуунун жыйынтыгында жыйындын катышуучулары бардык тобокелдиктерди эске алуу менен бул маселени иликтөө үчүн кызыкдар болгон тараптардын катышуусунда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү чечимине келишти.
Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары Мамлекеттик программанын төмөнкү иш-чараларынын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын талкуулашты:
- накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү пайдаланууга салыктык жактан дем берүү боюнча чараларды көрүү;
- товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес төлөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу бөлүгүндө ишкердик субъекттерге мамлекеттик контролду күчөтүү;
- калктын накталай эмес эсептешүүлөргө ишенимин жогорулатуу;
- накталай акча жүгүртүүнү кыскартуунун эсебинен накталай эмес жүгүртүүнүн үлүшүн көбөйтүү;
- калк тарабынан накталай эмес түрдө эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө байланышсыз технологияларды (QR-код, NFC жана башка) колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алууну камсыз кылуу (транспорт, ири чекене/дүң базарлар, коомдук тамактануу пункттары ж.б.);
- калк тарабынан билим берүү жана маданий кызмат көрсөтүүлөр, медициналык жана социалдык кызмат көрсөтүүлөр, каттоо кызмат көрсөтүүлөрү, маалым каттарды, күбөлүктөрдү жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана дубликаттарын берүү, изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза кызмат көрсөтүүлөрү, маалымат берүү, басма, көчүрүү жана басып чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрү, коопсуздукту камсыз кылуу жана сактоо кызмат көрсөтүүлөрү үчүн накталай эмес түрдө акы төлөөнүн формасын киргизүү.
Датасы: 04.06.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүүнүн ички жол-жоболору жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору банктардын тышкы жана ички таасирлерге туруктуулугун жогорулатуу, капиталдык базаны чыңдоо, ошондой эле банктардын ички контролдоо жана тобокелдиктерди тескөө системасын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.
Коммерциялык банктар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 4-июлунан кечиктирбестен aatyshova@nbkr.kg электрондук дарегине (анын ичинде Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.
Датасы: 03.06.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 30-майындагы чечими менен «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ачык акционердик коомуна ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иджара жана иджара мунтахийя биттамлик келишимдери боюнча «ислам терезеси» аркылуу улуттук жана/же чет өлкө валютасында кошумча банктык операцияларды жана бүтүмдөрдү жүргүзүү укугуна уруксат берилгендигин билдирет.
Датасы: 03.06.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ислам каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банк эмес финансы-кредит уюмдарынын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттору боюнча «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Финансы-кредит уюмдары токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 3-июлунан кечиктирбестен msatybaldieva@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.
Датасы: 31.05.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 31-майында «Улуттук банктын иши» темасында семинар өткөрүп, анда депутаттар – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөлөрү катышты.
Семинардын жүрүшүндө акча-кредит саясатына, финансы-кредит уюмдарын өнүктүрүүгө жана жөнгө салууга, төлөм системасына, ошондой эле накталай акчага жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого тиешелүү маселелер каралды.
Улуттук банктын төрагасы К. Боконтаев семинардын катышуучулары алдында сөз сүйлөп жатып, учурда геосаясий жагдай сакталып турган жана азык-түлүк менен азык-түлүктөн башка товарлар рынокторунда дүйнөлүк баалардын өсүшү шартында, Улуттук банктын иши тышкы факторлордун таасирин азайтууга жана улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоого багытталгандыгын белгиледи.
«Тышкы экономикалык жагдай алгылыксыз болгондугуна карабастан, 2023-жылы Кыргыз Республикасында макроэкономикалык жана баа туруктуулугун сактоого жетиштик. Алсак, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча инфляциянын жылдык деңгээли эки эсеге – 14,7 пайыздан 7,3 пайызга чейин төмөндөгөн, ал эми 2024-жылдын май айында инфляция жылдык мааниде алганда 4,4 пайызды түздү», - деди К. Боконтаев.
Ошондой эле, 2023-жылы Кыргызстандын эл аралык резервдеринин көлөмү 2,8 млрд АКШ долларына, 3,2 млрд АКШ долларына чейин көбөйгөндүгү, ал эми өтүп жаткан жылдын май айында 3,7 млрд АКШ долларына жеткендиги белгиленди, бул буга чейин катталган көрсөткүчтөрдүн эң эле жогоркусу болуп саналат.
Андан кийин Улуттук банктын төрагасы республиканын банк жана төлөм системаларынын негизги көрсөткүчтөрү кыйла жогорулап жаткандыгы байкалгандыгын маалымдады.
«Төлөм системасын өнүктүрүү боюнча алдыга коюлган милдеттер ийгиликтүү ишке ашырылды. Соода жана тейлөө ишканаларында орнотулган QR-коддордун саны беш эсеге көбөйүп, 52 миңден ашты», - деп белгиледи Улуттук банктын төрагасы.
Өз кезегинде, Жогорку Кеңештин депутаттары Улуттук банктын ишинин оң натыйжаларын белгилеп, калк үчүн кредиттердин жана банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, финансы-кредит уюмдарынын ишин өркүндөтүү, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу, ошондой эле мындан ары башка иштерди жүзөгө ашыруу зарылдыгын белгилешти.
Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында экономиканын учурдагы абалы, валюта рыногундагы жагдай, республиканын банк жана төлөм системаларынын тенденциялары жана өнүктүрүү келечеги талкууланды.
Датасы: 31.05.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы электрондук капчыктарды жана мобилдик тиркемелерди жөнгө салуу маселелери боюнча «Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында «Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору» / «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Кызыкдар болгон тараптар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 30-июнунан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, ошондой эле электрондук версиясын (Word форматында) azmambetalieva@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүүсү зарыл.
Датасы: 29.05.2024
Туруктуу шилтеме
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ачык акционердик коому тарабынан «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Лайлиева Майа Джумакановнанын талапкерлигине 2024-жылдын 28-майында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «БАКАЙ БАНК» ачык акционердик коому тарабынан «БАКАЙ БАНК» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Орозбаева Лада Джантаевнанын талапкерлигине 2024-жылдын 28-майында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Керемет Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Керемет Банк» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Сарбагишев Нурлан Бердибековичтин талапкерлигине 2024-жылдын 28-майында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Инвестициялык Кредит Банк» жабык акционердик коому тарабынан «Кыргыз Инвестициялык Кредит Банк» ААКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Марина Петровдун талапкерлигине 2024-жылдын 28-майында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Датасы: 28.05.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 15-майында № 2024-П-12/22-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом кабыл алды (мындан ары – токтом).
Аталган токтомдо банк тарабынан милдеттенме-кат берилиши, ачык валюта позициясынын жана баалуу металлдардагы ачык позициянын лимиттерин бузууга жол бергендиги үчүн банктын ыктыярдуу түрдө айып пул төлөө мүмкүнчүлүгү, банктарды жоюу маселелерине тиешелүү мазмуну боюнча жана техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтына: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтына: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат.
Датасы: 28.05.2024
Туруктуу шилтеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
эсептик ченди 9,00 пайызга чейин төмөндөттү
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 27-майында эсептик ченди (негизги ченди) 200 базистик пунктка 9,00 пайызга чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Чечим 2024-жылдын 28-майынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасында инфляциянын төмөндөшү уланып жатат: 2024-жылдын май айында1 керектөө бааларынын өсүш арымы жылдык мааниде 4,4 пайызды түзгөн (2023-жылдын декабрь айында – 7,3 пайыз). Баалардын төмөндөө динамикасы Улуттук банк тарабынан 2022-жылдан тартып жүргүзүлүп келе жаткан инфляциянын өсүшүн чектөөгө жана экономикалык субъекттердин инфляциялык күтүүлөрүн акырындык менен төмөндөтүүгө багытталган акча-кредит саясатынын жыйынтыгы болуп саналат. Инфляциянын түзүмүндө азык-түлүк товарларына баалардын өсүш арымы туруктуу төмөндөшү уланып жатат, ага дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы баалардын акырындык менен төмөндөшү дагы өбөлгө түзүүдө.
Кыргыз Республикасында экономикалык жигердүүлүктүн ишенимдүү өсүшү уланууда: 2024-жылдын январь-апрель айларында реалдуу ИДӨнүн өсүш арымы 7,4 пайызды түзгөн. Экономиканын өсүшүнө негизги салым курулуш жана кызмат көрсөтүү сектору менен камсыз кылынган: негизги капиталга инвестициялык активдүүлүктү олуттуу кеңейтүү курулуш секторунун өсүшүнө шарт түзгөн; кызмат көрсөтүү секторунда өсүш мурдагыдай эле чекене жана дүң соода кылуу жагында катталган. Калктын реалдуу кирешесинин көбөйүшүнүн жана жеке адамдардын өлкөгө акча которууларынын таза агылып кирүүсүнүн эсебинен ички керектөөнүн кеңейиши уланууда.
Банктар аралык акча рыногунда жагдай туруктуу абалда сакталып турат. Акча рыногунун кыска мөөнөттүү пайыздык чендери Улуттук банктын негизги ченинин өзгөрүшү менен кошо төмөндөп жатат. Банк системасында улуттук валютадагы үстөк ликвиддүүлүк жогорку деңгээлде сакталып турат, бул экономиканын реалдуу секторун кредиттөөнү андан ары кеңейтүүгө өбөлгө түзүүдө. Ички валюта рыногунда алмашуу курсунун ийкемдүүлүгү сакталып турат. Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында, өзгөрүлмө алмашуу курсу режиминин алкагында валюталык тооруктарга катышып жатат.
Тышкы экономикалык чөйрөдө Кыргыз Республикасынын экономикасына таасирин тийгизген негизги факторлордун динамикасы бирдей эмес, бирок жалпы алганда алардын таасири бир калыпта кармалып турат. Алдыңкы өлкөлөрдүн акча-кредит саясатынын катуулатылган шарттары глобалдуу инфляциянын басаңдашына шарт түзүүдө. Дүйнөлүк азык-түлүк рыноктору туруктуу абалга келип, негизги азык-түлүк товарларына баалар төмөндөп жатат. Ошол эле учурда, дүйнөнүн айрым региондорунда геосаясий курч абалга байланыштуу мунай жана алтын рыногундагы абал бир калыпта болбой жатат.
Кыргыз Республикасында жылдык инфляция көрсөткүчүнүн туруктуу басаңдашы өтүп жаткан жылдын акырына карата анын маанисинин күтүлүп жаткан орто мөөнөттүү максаттуу көрсөткүч 5-7 пайыз чегинде түптөлүшү менен бирге акча-кредит саясатын жеңилдетүү мейкиндигин түзөт. Мындай шартта Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 9,00 пайызга чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды.
Улуттук банктын акча-кредит саясаты өлкөдө баа туруктуулугун сактап турууга жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга багытталган. Ушуга байланыштуу Улуттук банк инфляция боюнча түптөлгөн тышкы жана ички факторлорго баа берүүсүн улантат жана тышкы чөйрөдө дале сакталып турган бардык тобокелдиктерди эске алуу менен акча-кредит саясатынын жүргүзүлүшүнө кылдат мамиле жасайт.
Улуттук банк кандайдыр бир тобокелдиктер пайда болгон учурда жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка кошумча оңдоолорду киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.
Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки пландалган отуруму 2024-жылдын 29-июлунда өтөт.
_______________________________________________ 1 Банктык карттардын эквайрингин жүргүзүү укугуна ээ субъекттердин тизмесин кеңейтүү жолу менен накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 22-майында № 2024-П-14/23-2-(ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды (мындан ары – токтом). Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын 10 жаранынын ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, Курманжан Датка көчөсү, 278-үй дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Бакай-Ата кей джи» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 6-июлундагы № 6317 лицензиясынын аракети 2024-жылдын 24-майынан тартып 7-июнун кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. 2024-жылдын 23-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К. Боконтаев BIFF-2024: «Финтех жана туруктуу өнүгүү: финансы келечеги» аттуу Бишкек эл аралык финансы форумуна катышты. Улуттук банктын төрагасы К. Боконтаев өзүнүн саламдашкан сөзүндө бүгүнкү күндө маанилүү маселелердин бири болуп, экономиканы өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жаткан финансылык кызматтарды санариптештирүү санала турганын белгиледи. «Улуттук банк накталай эмес төлөмдөрдү, санариптик активдерди жана финансылык технологияларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Биз финансылык системаны коргоону чыңдоо чараларына басым жасоо менен инновацияларды киргизүүгө жана финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатууга өбөлгө түзгөн жагымдуу жөнгө салуучу чөйрөнү түзүү жагында жигердүү иштеп жатабыз», - деп Улуттук банктын төрагасы белгилеп өттү. Мындан тышкары, К. Боконтаев Улуттук банктын аракеттери туруктуу өнүгүүгө өтүүгө, ошондой эле жашыл каржылоо инструменттерин жайылтууга жана кеңири колдонууга багытталганын кошумчалады. Финансы форумуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаров, Улуттук банктын жетекчилиги, эл аралык уюмдардын, Кыргыз Республикасынын банк жана финансы секторлорунун өкүлдөрү жана чет элдик эксперттер катышты. 2024-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратынын кызматкерлери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинар өткөрдү. Семинардын максаты – Кыргызстандын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча Улуттук банктын иши менен тааныштыруу, ошондой эле жеке финансыны башкаруу, каражат топтоо, карыз алышуу, улуттук финансы инструменттерине инвестициялоо жана финансылык коопсуздук боюнча билимди арттыруу. Семинар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-мартындагы №119-т тескемеси менен бекитилген 2022-2026-жылдарга финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатуу стратегиясын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду. Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы 2024-жылдын 17-майында Эл аралык музей күнүнө карата жана улуттук валюта – кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилген күнүн белгилөөнүн алкагында Ош областтык башкармалыгынын нумизматикалык музейинде ачык эшик күнүн өткөрдү. Музейдин коноктору улуттук валютанын түптөлүшү жана өнүгүү тарыхы, банкнотторду жана монеталарды чыгаруу баскычтары, Улуу жибек жолу өркүндөгөн мезгилде Кыргызстандын акча жүгүртүү тарыхына байланыштуу монеталар экспозициясы жана Улуттук банк тарабынан 1995-2024-жылдары аралыгында чыгарылган коллекциялык монеталар менен таанышып чыгышты. Ошондой эле келген конокторго улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана коргоо белгилери тууралуу лекция окулду.
Датасы: 27.05.2024
Туруктуу шилтеме
Датасы: 24.05.2024
Туруктуу шилтеме
Датасы: 24.05.2024
Туруктуу шилтеме
Датасы: 23.05.2024
Туруктуу шилтеме
Датасы: 22.05.2024
Туруктуу шилтеме
Датасы: 21.05.2024
Туруктуу шилтеме