Акча-кредит саясатынын инструменттери  

Акча-кредит саясатынын инструменттери  

Түшүндүрмөлөр жана алардын негизги мүнөздөмөлөрү  

1. Ачык рыноктогу операциялар    

Ачык рыноктогу операциялар  бул, банк тутумунда ликвиддүүлүк деңгээлин жөнгө салуу («арылтуу»/толуктоо) үчүн колдонулган инструмент.    

1.1. Улуттук банктын ноталарын сатуу боюнча аукциондор    

Ноталар  бул, Улуттук банк тарабынан жүгүртүүгө чыгарылган, 7 кундон 364 кунго чейинки мөөнөттүү дисконттук баалуу кагаздар. Ноталардын чыгаруу параметрлери (чыгаруу ыкмасы, көлөмү, мөөнөтү, максималдуу кирешелүүлүгү, аукцион өткөрүлүүчү күн) Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими менен аныкталат. Ноталар аукциондорун өткөрүүнүн максаты болуп, банк тутумун улуттук валютадагы ликвиддүүлүктөн арылтуу саналат.   

1.2. Баалуу кагаздардын экинчилик рыногундагы операциялар 

  

1.2.1. Улуттук банктын репо операциялары    

Улуттук банктын репо операциялары  бул, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Финансы министрлиги тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды келечекте белгилүү бир күнү жана алдын ала макулдашылган баада кайра сатуу/сатып алуу милдеттенмеси менен сатып алуу (тике репо)/сатуу (кайтарым репо) боюнча операциялар.   Репо операциялары банк тутумун улуттук валютадагы ликвиддүүлүк менен камсыз кылуу (тике репо) же банк тутумун үстөк ликвиддүүлүктөн арылтуу (кайтарым репо) максатында ишке ашырылат. Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими боюнча репо операциялары аукциондук негизде же катталган пайыздык чен боюнча жүргүзүлөт. Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети ошондой эле, репо операцияларынын көлөмү, мөөнөттүүлүгү жана пайыздык чени боюнча чечимдерди да кабыл алат.    

1.2.2. Баалуу кагаздарды аутрайт шарттарында сатып алуу (Улуттук банктын редисконттук операциялары)     

Баалуу кагаздарды аутрайт шарттарында сатып алуу  бул, банк тутумуна улуттук валютада ликвиддүүлүктү сунуштоо максатында экинчилик рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Финансы министрлиги чыгарган баалуу кагаздарды Улуттук банк тарабынан  сатып алуу операциялары. Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети редисконттук операцияларды жүргүзүү чечимин кабыл алып, ошондой эле сатылып алынган баалуу кагаздардын төлөгөнгө чейинки көлөмүн, түрүн жана мөөнөтүн аныктайт.    

2. Улуттук банктын улуттук валютадагы депозиттик операциялары     

Улуттук банктын улуттук валютадагы депозиттик операциялары  бул, Улуттук банктагы мөөнөттүү депозит эсебине кайтарымдуулук, төлөөгө жөндөмдүүлүк жана мөөнөттүлүк шарттарында улуттук валютада акча каражаттарын тартуу аркылуу банк тутумун үстөк ликвиддүүлүктөн арылтуу максатында колдонулган инструмент. Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими боюнча депозиттик операциялар аукциондук негизде же катталган пайыздык чен боюнча ишке ашырылат. Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети депозиттик операциялардын көлөмү, мөөнөттүүлүгү жана пайыздык чени боюнча чечимдерди да кабыл алат.    

2.1 «Овернайт» депозити    

«Овернайт» депозити  бул, кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүктөн арылтууга жана коммерциялык банктарга акча каражаттарын сом түрүндө белгиленген пайыз боюнча бир түнгө Улуттук банкка жайгаштырууга мүмкүндүк берген инструмент. Пайыздык чен Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан белгиленип, төмөнкү пайыздык чек катары колдонулат. Коммерциялык банктын демилгеси боюнча колдонулган туруктуу жөнгө салынган багыт болуп саналат.    

3. Эсептик чен  

Улуттук банктын эсептик чени (негизги чени)  бул, акча-кредит саясатынын негизги инструменти жана акча рыногундагы каражаттар наркынын көрсөткүчү болуп саналат. Эсептик чен өлчөмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан аныкталат. Акча-кредит саясатынын операциялык көрсөткүчү болуп, акча рыногунун кыска мөөнөттүү пайыздык чендери эсептелет.  

4. Милдеттүү камдык талаптар (МКТ)

Милдеттүү камдык талаптар  бул, акча-кредит саясатынын банк тутумундагы жалпы ликвиддүүлүк деңгээлин, кыска мөөнөттүү пайыздык чендерди жана акча топтомдорунун көлөмүн жөнгө салуу максатында колдонулган инструмент. Милдеттүү камдык талаптар коммерциялык банктарга жана аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларга (МФК) карата Улуттук банк тарабынан белгиленген шартта акча каражаттарынын белгилүү бир суммасын камдык активдерге депондоштуруу (жайгаштыруу) боюнча талаптарды түшүндүрөт. 

Коммерциялык банктар жана аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар милдеттүү камдык талаптарды базалык мезгилдин төрт календардык жумасы (28 күн) ичинде сактоого милдеттүү. Мында, коммерциялык банктарга милдеттүү камдар көлөмүнөн минималдуу чектүү деңгээлинин ченемин аткаруу боюнча кошумча талап жайылтылат, ал милдеттүү камдык талаптарды аткаруу үчүн камдык активдерде күндөлүк негизде акча каражаттарынын белгилүү бир көлөмүн кармап турууну болжолдойт.  

Акча-кредит саясатынын максаттарына жараша Улуттук банк Башкармасынын өзүнчө чечимдери менен милдеттүү камдык талаптардын төмөнкүдөй ченемдери белгиленет: 


- милдеттүү камдын өлчөмү;
- милдеттүү кам көлөмүнөн минималдуу чектүү деңгээлинин өлчөмү;
- милдеттүү камдык талаптарды сактоо үчүн камдык активдерге киргизилген активдердин катышы жана өлчөмү;
- милдеттүү камдын сакталышы үчүн компенсация чени;
- милдеттүү камдык талаптардын жана милдеттүү камдар көлөмүнөн минималдуу чектүү деңгээлдин сакталбагандыгы үчүн айыптык төлөмдөрдүн өлчөмдөрү.

5. Банктарды кайра каржылоо (кредиттөө) операциялары     

Банктарды кайра каржылоо (кредиттөө) операциялары  бул, финансылык каражаттардын тартыштыгы келип чыккан шартта, коммерциялык банктардагы кам деңгээлин корректировкалоо үчүн колдонулган, акча массасына тике таасирин тийгизүү инструменти.    

5.1. Бир күндүк кредит    

Бир күндүк кредит, төлөм системасынын иш натыйжалуулугун арттыруу үчүн күрөөлүк камсыздоо алдында, операциялык күн ичинде, бир нече саатка, пайызсыз негизде улуттук валютада сунушталат. Мында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздары жана Улуттук банктын ноталары күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынат жана коммерциялык банктын демилгеси боюнча колдонулган, туруктуу жөнгө салынган ыкма болуп саналат.    

5.2. «Овернайт» кредити    

«Овернайт» кредити, банктын кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүгүн колдоо үчүн күрөөлүк камсыздоо алдында улуттук валютада бир күнгө сунушталат. Мында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздары жана Улуттук банктын ноталары күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынат. Пайыздык чен Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан белгиленип, жогорку пайыздык чек катары колдонулат жана коммерциялык банктын демилгеси боюнча колдонулган, туруктуу жөнгө салынган ыкма болуп саналат.    

5.3. Жети күндүк кредит     

Жети күндүк кредит, кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүктү колдоо үчүн күрөөлүк камсыздоо алдында жети күнгө улуттук валютада берилет. Мында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздары жана Улуттук банктын ноталары күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынат. Жети күндүк кредит Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими боюнча аукцион негизинде (Улуттук банктын демилгеси боюнча) жана/же туруктуу жөнгө салынган ыкма боюнча (банктардын демилгеси боюнча) сунушталат. Аукционго катышуу үчүн минималдуу пайыздык чен жана/же бул кредит боюнча катталган пайыздык чен Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан аныкталат.       

5.4. Кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондор    

Кредиттик аукциондор, ликвиддүүлүктү колдоо жана экономиканын айрым тармактарын кредиттөө үчүн коммерциялык банктарга улуттук валютада кредиттик ресурстарды сунуштоо максатында Улуттук банктын демилгеси боюнча өткөрүлөт. Пайыздык чен, кредиттик каражаттарды сунуштоо шарттары жана алардын көлөмү Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими менен аныкталат. Коммерциялык банктарга өз ликвиддүүлүгүн натыйжалуу тескөөгө жана экономиканын реалдуу секторун кредиттөө чөйрөсүн кеңейтүүгө өбөлгө түзүү үчүн кошумча механизмдерди сунуштоо кредиттик аукциондордун иш максатынан болуп саналат.   Күрөөлүк камсыздоо катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздары жана Улуттук банктын ноталары, Улуттук банктагы пайызсыз депозит эсебинде турган нак эмес чет өлкө валютасы, белгилүү бир мүнөздөмөлөргө ылайык келген кредит портфели боюнча талап кылуу укугу кабыл алынат.    

5.5. Акыркы инстанция кредити    

Акыркы инстанция кредити, олуттуу финансылык көйгөйдү башынан кечирип жаткан коммерциялык банктарга өзгөчө учурларда сунушталат. Мындай кредит боюнча пайыздык чен Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленет. Банктын абалын чыңдоо программасы иштелип чыккан шартта коммерциялык банктын демилгеси боюнча колдонулат.    

5.6. Ликвиддүүлүктү колдоого кредит 

Кредит банк тутумунун бүтүндүгүн сактоо жана анда туруктуулукту камсыз кылуу, системалуу тобокелдикке бөгөт коюу, банктын ликвиддүүлүгүн колдоо жана аманатчылар таламын коргоо максатында берилет. Кредитти берүү шарттары, канча жолу пролонгациялоого боло тургандыгы, ошондой эле кредит өлчөмү жана мөөнөтү Улуттук банк Башкармасынын чечими менен кабыл алынат. Кредитти кайтарып берүү боюнча милдеттенме күрөө менен камсыздалат. 

6. Валюта рыногундагы операциялар     

Валюта рыногундагы операциялар  бул, банктар аралык валюта рыногунда чет өлкө валютасы менен ишке ашырылган операциялар.    

6.1. Валюталык интервенциялар    

Валюталык интервенциялар  бул, чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу боюнча операциялар. Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими боюнча сомдун алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында өткөрүлөт.    

6.2.Улуттук банктын валюталык своп-операциялары    

Валюталык своп-операциялар  бул, негизги сумманы жана чегерилген пайыздарды алдын ала макулдашылган мөөнөттө кайра алмашуу милдеттенмеси менен улуттук (чет өлкө) валютаны ошондой эле суммадагы чет өлкө (улуттук) валютасына алмаштыруу операциясы. Валюталык своп-операциялар банк тутумун улуттук валютадагы ликвиддүүлүк менен камсыз кылуу (тике своп) же банк тутумун үстөк ликвиддүүлүктөн арылтуу (кайтарым своп) максатында ишке ашырылат. Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими боюнча валюталык своп-операциялар аукциондук негизде же катталган пайыздык чен боюнча өткөрүлөт. Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети своп-операциялардын көлөмү, мөөнөттүүлүгү жана пайыздык чени боюнча чечимдерди да кабыл алат.