КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 

КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө 

 

2022-жылдын 30-июнунда 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган  

 

1-глава. Жалпы жоболор 

1-берене. Ушул конституциялык Мыйзамдын жөнгө салуу предмети  

1. Ушул конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) укуктук статусун, максаттарын жана иш тартибин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын, ошондой эле көз карандысыздыгынын кепилдиктерин аныктайт.  

2. Башка мыйзамдык жана ченемдик укуктук актыларда камтылган жана ушул конституциялык Мыйзамдын жөнгө салуу предметине тиешелүү ченемдер ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келүүгө тийиш. Ушул конституциялык Мыйзамдын жана башка мыйзамдык ченемдик укуктук актылардын ортосунда коллизиялар келип чыккан учурда, ушул конституциялык Мыйзамдын ченемдери колдонулат.  

 

2-берене. Улуттук банктын укуктук статусу 

1. Улуттук (Борбордук) банк Кыргыз Республикасынын банкы (Кыргызстан Банкы, Кыргыз Банкы) болуп саналат жана анын менчигинде турат. 

2. Улуттук банк өз ишин ушул конституциялык Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырган жана пайда алуу максатын көздөбөгөн өз алдынча уюштуруу-укуктук формасына ээ юридикалык жак «Кыргыз Республикасынын Борбордук банкы» болуп саналат. 

3. Улуттук банктын жайгашкан жери болуп Бишкек шаары саналат. Улуттук банк юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) түзүүгө жана Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары өз өкүлдөрүн дайындоого укуктуу. 

4. Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы жазылган мөөрү бар. 

5. Улуттук банк юридикалык жак катары өз милдеттенмелери боюнча өзүнө таандык болгон бардык мүлкү менен жоопкерчилик тартат. 

6. Улуттук банк өздүк, мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарды коргоо үчүн сотко кайрылууга укуктуу. 

 

3-берене. Улуттук банктын ишинин максаты 

 

Улуттук банктын ишинин максаты болуп тиешелүү акча-кредит саясатын жүргүзүү аркылуу баалардын туруктуулугуна жетишүү жана аны кармап туруу саналат. 

 

4-берене. Улуттук банктын негизги милдеттери 

 

Улуттук банктын ишинин максаттарына жетүүгө өбөлгө түзүүчү негизги милдеттер болуп республиканын узак мөөнөттүү экономикалык өсүшүнө көмөк көрсөтүү үчүн улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоо, Кыргыз Республикасынын банктык жана төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу саналат. 

 

5-берене. Улуттук банктын функциялары жана ыйгарым укуктары 

 

Улуттук банк: 

1) акча-кредит саясатын аныктайт жана жүргүзөт;  

2) бирдиктүү валюта саясатын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;  

3) бардык эл аралык резервдерге ээлик кылат жана башкарат;  

4) Кыргыз Республикасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылууга көмөк көрсөтөт;  

5) Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын акча белгилеринин эмиссиясын жүргүзүүнүн өзгөчө укуктарына ээ жана накталай акча жүгүртүүнү уюштурат; 

6) электрондук акча эмиссиясын жүргүзүү (чыгаруу) укугуна ээ; 

7) ушул конституциялык Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уруксат берүүчү документтерди, анын ичинде атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында берүүнү жүзөгө ашырат; 

8) Кыргыз Республикасынын банк системасын, анын ичинде банктардын жана банктык топтордун ишин жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;  

9) банктык эмес финансы-кредит уюмдарын жана Улуттук банктын көзөмөл алдындагы башка юридикалык жактарды жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат; 

10) төлөм системасын (оверсайт) көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын натыйжалуу, ишенимдүү жана коопсуз иштөөсүнө өбөлгө түзөт; 

11) банктык каржылоонун ар кандай формаларын жана принциптерин, анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерин ишке ашырат, Шариат стандарттарына ылайык банктык операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу эрежелерин аныктайт; 

12) ушул конституциялык Мыйзамга ылайык банктык операцияларды жүргүзөт; 

13) Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы жактардын убактылуу администраторлорунун жана банктарды жоюучулардын, ошондой эле Улуттук банк тарабынан аныкталуучу банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын ишин жөнгө салууну жана мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашырат; 

14) Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы жактардын ишин монополияга каршы жөнгө салууну жүзөгө ашырат; 

15) Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат; 

16) баалуу металлдарды жүгүртүү маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аффинаждалган баалуу металлдарды жана асыл таштарды артыкчылыктуу сатып алуу укугун ишке ашырат; 

17) баалуу металлдардан аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды чыгарат; 

18) ушул конституциялык Мыйзамга ылайык банктар үчүн акыркы инстанциядагы кредит берүүчү болуп саналат; 

19) эл аралык уюмдарда акча-кредит саясаты, банк жана төлөм системасынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын көздөйт жана анын атынан чыгат;  

20) расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган менен биргеликте төлөм балансын түзөт жана Кыргыз Республикасынын эл аралык инвестициялык позициясын аныктайт; 

21) ушул конституциялык Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат жана чыгарат; 

22) финансылык ортомчу кызматын түзөт, финансылык ортомчу кызматынын укуктук статусун, иштөө, түзүлүү жана мамлекеттик жана башка органдар менен өз ара аракеттенүү тартибин аныктайт, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн жана аларды керектөөчүлөрдүн ортосундагы талаш-тартыштарды соттон тышкары кароо тартибин аныктайт, ошондой эле финансылык ортомчу кызматын күтүүгө карата финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн төгүмдөрүн бекитет.  

23) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. 

 

6-берене. Улуттук банктын негизги операциялары 

 

1. Улуттук банк ишинин максатына жетүү жана негизги милдеттерин аткаруу үчүн төмөнкүдөй операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу: 

1) ушул конституциялык Мыйзамга ылайык, банктарга, өзгөчө учурларда төлөө жөндөмдүүлүгү боюнча көйгөйлөргө дуушар болгон, депозиттерди тартуучу банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга акыркы инстанциядагы кредиттерди берүүгө

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздарды (мындан ары мамлекеттик баалуу кагаздар) сатып алууга жана экинчилик рынокто сатууга; 

3) чет өлкөлүк валютаны сатып алууга жана сатууга; 

4) Улуттук банк тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды, ошондой эле чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды жана Улуттук банк тарабынан аныкталуучу башка баалуу кагаздарды сатып алууга жана сатууга; 

5) баалуу металлдарды, асыл таштарды жана валюталык баалуулуктардын башка түрлөрүн сатып алууга жана сатууга; 

6) банктардан, чет өлкөлүк финансылык уюмдарды кошкондо, башка финансылык уюмдардан депозиттерди кабыл алууга; 

7) башка мамлекеттер менен бирдикте Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык финансылык уюмдарга алар жүзөгө ашырып жаткан Кыргыз Республикасынын экономикасын жеңилдетилген каржылоо долбоорлору жана программалары боюнча жогорку ликвиддүү эркин конвертациялануучу чет өлкөлүк валюта менен камсыз кылуу алдында төлөө, мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук шарттарында улуттук валютада акча каражаттарын эл аралык уюмдун төлөнгөн уставдык капиталынын он беш пайызынан ашпаган көлөмдө бул операциялардын Улуттук банктын жүзөгө ашырылып жаткан акча-кредит саясатынын максаттарына ылайык келген шартта берүүгө

8) банктарда жана башка финансылык уюмдарда эсептерди ачууга; 

9) банктарга, анын ичинде чет өлкөлүк банктарга корреспонденттик эсептерди ачууга; 

10) ар кандай программаларды каржылоо үчүн эл аралык финансылык институттар тарабынан берилген каражаттар менен байланышкан бүтүмдөр боюнча ортомчу катары чыгууга; 

11) Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо системасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине Улуттук банктын Башкармасы тарабынан аныкталган шарттарда улуттук валютадагы акча каражаттарын берүүгө

12) баалуу металлдарды, асыл таштарды жана кандай гана валюта болбосун өлкөгө ташып келүүгө жана өлкөдөн ташып чыгууга; 

13) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык башка банктык операцияларды жүзөгө ашырууга. 

2. Улуттук банк айрым банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырат. Кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү жана төлөнүүчү акынын өлчөмү Улуттук банк тарабынан ушул конституциялык Мыйзамдын 1-беренесинин жоболорун эске алуу менен өз алдынча аныкталат.  

3. Улуттук банк ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн операцияларды, анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу. 

 

7-берене. Улуттук банктын ишин уюштуруу  

 

1. Улуттук банк өз ишин ушул конституциялык Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында белгиленген компетенциясынын чегинде өз алдынча уюштурат жана жүзөгө ашырат. 

2. Улуттук банк кайсы болбосун жеке жана юридикалык жактардан, ошондой эле мамлекеттик органдардан ушул конституциялык Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте зарыл маалыматтарды жана документтерди акы төлөбөстөн алууга укуктуу.  

3. Улуттук банкка ушул конституциялык Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган анын компетенциясынын чегинен тышкаркы иштерди жүзөгө ашырууга тыюу салынат. 

 

8-берене. Улуттук банктын көз карандысыздыгы 

 

1. Мамлекет Улуттук банктын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда көз карандысыздыгына кепилдик берет. Улуттук банктын мыйзамдуу ишине мамлекеттик органдардын кийлигишүүсүнө жол берилбейт. 

2. Кыргыз Республикасы Улуттук банктын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпагандай эле, Улуттук банк да Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт.  

3. Улуттук банктын ыйгарым укуктарына каршы келген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кабыл алууга тыюу салынат. 

4. Улуттук банктын кызматчыларына мамлекеттик органдардан, мамлекеттик кызматчылардан жана башка адамдардан Улуттук банктын ишинин негизги милдеттерине жана максаттарына каршы келген көрсөтмөлөрдү жана нускамаларды кабыл алууга тыюу салынат. 

5. Сот же башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, кызмат адамдары банктарга карата алардын ишин чектөө жөнүндө, анын ичинде алардын өз акча каражаттарын же мүлкүн тескөөсү жөнүндө чечим кабыл алганга чейин кредит берүүчүлөр жана банктын кардарлары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын финансы системасы үчүн мындай чечимдин кесепеттери жөнүндө Улуттук банктан сурап билүүгө милдеттүү

6. Улуттук банк өзүнүн негизги милдеттерин аткаруу максатында Улуттук банктын ишин камсыз кылуунун алкагында Улуттук банктын Башкармасы тарабынан аныкталган жол-жоболорго ылайык өз каражаттарынын эсебинен товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алат. Улуттук банктын туунду уюмдары товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү ошол уюмдардын ыйгарым укуктуу башкаруу органдары тарабынан аныкталган жол-жоболорго ылайык өз каражаттарынын эсебинен сатып алышат.  

7. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин эсептерин тейлөө операцияларын жүзөгө ашыруу бөлүгүндө гана Улуттук банкка аудитти жүзөгө ашырат. 

 

9-берене. Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары 

 

1. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп саналган ченемдик укуктук актыларды чыгарат. Улуттук банк ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда банктык жөнгө салуунун жана көзөмөлдөөнүн эл аралык стандарттарын, анын ичинде Натыйжалуу банктык көзөмөлдөө боюнча Базель комитетинин жана Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит уюму жана Ислам финансылык кызмат көрсөтүүлөр кеңеши тарабынан бекитилген Шариат стандарттарын эске алууга укуктуу. 

2. Банк мыйзамдары банк ишин жүзөгө ашыруу, акча-кредит жана валюта саясатын жүргүзүү, төлөм системасынын иштеши (банктык укуктук мамилелер) чөйрөсүндөгү мамилелерди, ошондой эле банктык укуктук мамилелердин катышуучуларынын укуктук статусун, компетенциясын, өз ара мамилесин жана жоопкерчилигин жөнгө салат. Банктык укуктук мамилелердин катышуучулары болуп ыйгарым укуктуу орган аркылуу чыгуучу мамлекет, Улуттук банк, банктар жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка жактар, юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде жеке ишкерлер, ошондой эле резидент эместер саналат.  

3. Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилүүгө тийиш. 

4. Жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына түздөн-түз таасирин тийгизүүчү, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте Улуттук банктын расмий басылмасында жана расмий интернет-сайтында жарыяланууга тийиш. 

5. Улуттук банк Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына карата жөнгө салуучу таасирин талдоону Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жана тартипке ылайык иштеп чыгат жана жүргүзөт.  

6. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын расмий чечмелөөүшүндүрүү) Улуттук банк тарабынан тиешелүү ченемдик укуктук актыны кабыл алуу аркылуу жүзөгө ашырылат. 

7. Кыргыз Республикасынын банктык укуктук мамилелерге таасирин тийгизүүчү ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору милдеттүү түрдө Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш.  

8. Эгерде ушул конституциялык Мыйзамда же Кыргыз Республикасынын башка банк мыйзамдарында башкача аныкталбаса, ушул конституциялык Мыйзамда колдонулган терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык банктык практикада алардын жалпы кабыл алынган маанилерине ылайык түшүнүлөт. 

9. Улуттук банк банктык терминдердин глоссарийин (жыйнагын) чыгарат жана банктык терминология боюнча түшүндүрмөлөрдү берет.  

 

10-берене. Улуттук банктын расмий басылмалары жана расмий интернет- 

сайты 

 

1. Улуттук банк Улуттук банктын расмий басылмаларынын жарыяланышын камсыз кылат. 

2. Улуттук банктын расмий интернет-сайты бар. Расмий интернет-сайт менен иштөөнү уюштуруу тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат. 

 

 

2-глава. Улуттук банктын капиталы жана резервдери 

 

11-берене. Улуттук банктын капиталы 

 

1. Улуттук банктын капиталы уставдык капиталдан, милдеттүү резервден, активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоо боюнча резервден, бөлүштүрүлбөгөн пайдадан же чыгымдан турат. 

2. Улуттук банктын 4 (төрт) миллиард сом өлчөмүндөгү уставдык капиталы бар. Улуттук банк өзүнүн уставдык капиталын ээликтен ажырата албайт же күрөөгө коё албайт. 

3. Улуттук банктын уставдык капиталынын суммасын көбөйтүү же азайтуу ушул конституциялык Мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүсүз жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес.  

4. Милдеттүү резерв жана активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоо боюнча резервдер ушул конституциялык Мыйзамга ылайык түзүлөт. Милдеттүү резервдер ушул конституциялык Мыйзамдын 12-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык Улуттук банктын чыгымдарын жабууга гана пайдаланылышы мүмкүн. 

5. Бөлүштүрүлбөгөн пайда же чыгым ушул конституциялык Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылган ушул пайданы же чыгымды бөлүштүрүү же ордун жабуу убактысына чейин финансылык жыл ичинде келип чыккан кирешелердин жана чыгашалардын ортосундагы айырма катары аныкталат.  

 

12-берене. Улуттук банктын пайдасы жана резервдери 

 

1. Улуттук банктын пайдасы, ушул берененин 3-бөлүгүн эске алуу менен, ошол мезгил ичинде болгон бардык кирешелерди жана чыгашаларды эсепке алгандан кийин финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча аныкталат.  

2. Чет өлкөлүк валютадагы, баалуу металлдар жана асыл таштар түрүндөгү акчалай (монетардык) активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоо активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоо боюнча резервдин эсебиндеги капиталда чагылдырылат. 

3. Эгерде активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоо боюнча резерв терс калдыкка ээ болсо, анда бул бүтүндөй терс калдык учурдагы мезгилдин чыгашаларына киргизилиши жана ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык жүзөгө ашырылуучу бөлүштүрүүгө карата пайданы эсептөөдө эске алынууга тийиш. 

4. Улуттук банктын ушул берененин 3-бөлүгүн эске алуу менен эсептелген пайдасы төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлөт: 

1) эгерде финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын уставдык капиталынын жана милдеттүү резервинин суммасы Улуттук банктын монетардык милдеттенмелеринин беш пайызынан азды түзсө, анда пайда Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине которулбайт. Мындай учурда пайда Улуттук банктын милдеттүү резервине которулат; 

2) эгерде финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын уставдык капиталынын жана милдеттүү резервинин суммасы Улуттук банктын монетардык милдеттенмелеринин беш пайызынан он пайызга чейинкини түзсө, анда республикалык бюджеттин кирешесине пайданын жетимиш пайызы которулат. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине чегерүүдөн кийинки пайданын калдыгы Улуттук банктын милдеттүү резервине которулат; 

3) эгерде финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча уставдык капиталдын жана милдеттүү резервдин суммасы Улуттук банктын монетардык милдеттенмелеринин он пайызына барабар болсо же андан ашса, анда Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине пайданын жүз пайызы которулат. 

5. Пайданы которуу финансылык жыл аяктаганда көз карандысыз тышкы аудит жүргүзүлүп, жылдык отчет Улуттук банктын Башкармасы тарабынан бекитилгенден кийин жүргүзүлөт. 

6. Ушул берененин максаттары үчүн Улуттук банктын монетардык милдеттенмелерине төмөнкүлөр кирет: 

1) Улуттук банк жүгүртүүгө чыгарган акча белгилери; 

2) акча-кредиттик жөнгө салуу инструменттери боюнча финансылык милдеттенмелер; 

3) банктардын жана башка финансы уюмдарынын Улуттук банкта ачылган эсептериндеги каражаттары; 

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Улуттук банкта ачылган эсептериндеги каражаттары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы башка финансылык милдеттенмелер; 

5) Улуттук банк тарабынан алынган кредиттер. 

7. Эгерде финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча жана ушул берененин 3-бөлүгүн эске алуу менен Улуттук банктын милдеттүү резерв менен жабылбаган чыгымы болсо, анда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети уставдык капиталды толуктоо үчүн чыгым келип чыккан финансылык жылдан кийинки жыл аяктаганга чейин Улуттук банкка акча каражаттарын түздөн-түз которуу аркылуу ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген өлчөмгө чейин бул чыгымды жабат.  

 

 

3-глава. Кыргыз Республикасынын акча-кредит саясаты жана финансылык туруктуулугун камсыз кылууга көмөктөшүү 

 

13-берене. Акча-кредит саясаты  

 

1. Акча-кредит саясаты Улуттук банк тарабынан аныкталат жана жүргүзүлөт. Акча-кредит саясатын жүргүзүүдө Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен өз ара аракеттенүүгө укуктуу. 

2. Улуттук банктын ишинин максаттарына жетүү үчүн Улуттук банктын Башкармасы орто мөөнөттүү мезгилге акча-кредит саясатынын негизги багыттарын аныктайт.  

3. Улуттук банк акча-кредит саясатынын негизги багыттарынын алкагында анын тескөөсүндөгү акча-кредиттик жөнгө салуу инструменттерин колдонот жана төмөнкүлөргө укуктуу: 

1) акча-кредит саясатынын инструменттери аркылуу пайыздык саясатты аныктоого; 

2) баалуу кагаздарды чыгарууга жана алар менен операциялардын бардык түрлөрүн жүзөгө ашырууга; 

3) аманаттарды тартуучу финансы-кредит уюмдары үчүн милдеттүү резервдер боюнча талаптарды белгилөөгө

4) тиешелүү кредит саясатын жүргүзүүгө

5) жүгүртүүдөгү акча массасынын көлөмүн жөнгө салууга; 

6) акча-кредит саясатынын башка инструменттерин колдонууга.  

 

14-берене. Милдеттүү резервдер 

 

1. Улуттук банк банктар жана аманаттарды тартуучу башка банктык эмес финансы-кредит уюмдары үчүн милдеттүү резервдер боюнча талаптарды белгилейт. Көрсөтүлгөн жактар Улуттук банкта жайгаштырылуучу милдеттүү резервдерге ээ болууга милдеттүү

2. Милдеттүү резервдердин өлчөмү, аларды эсептөө жана жайгаштыруу тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет. 

3. Резервдик талаптардын сакталбагандыгы үчүн Улуттук банк аныктаган өлчөмдө жана тартипте айып пул алынат. 

 

15-берене. Улуттук банк тарабынан чыгарылуучу баалуу кагаздар 

 

Улуттук банк акча-кредит саясатын жүргүзүү максатында баалуу кагаздарды чыгарууга жана кабыл алынган эл аралык практикага ылайык алар менен операциялардын бардык түрлөрүн жүзөгө ашырууга укуктуу. 

 

16-берене. Улуттук банктын акча-кредит операциялары 

 

Улуттук банк ишинин максаттарына жетүү жана негизги милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүдөй операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу:  

1) экинчилик рынокто мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу жана сатуу; 

2) Улуттук банк тарабынан чыгарылган жана кепилденген баалуу кагаздарды сатып алуу жана сатуу; 

3) чет өлкөлүк валютаны, баалуу металлдарды, асыл таштарды сатып алуу жана сатуу; 

4) ушул конституциялык Мыйзамга ылайык банктарга кредиттерди берүү

5) эл аралык практикада кабыл алынган ликвиддүүлүктү жөнгө салуунун башка инструменттери, ыкмалары жана методдору. 

 

17-берене. Банктарга берилүүчү кредиттер 

 

1. Улуттук банк камсыз кылуунун төмөнкүдөй түрлөрүнүн бири сунушталган учурда, төлөө жөндөмдүүлүгү, мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук шарттарында банктарга улуттук валютада кредит берүүгө укуктуу:  

1) алтын жана башка баалуу металлдар жана асыл таштар; 

2) чет өлкөлүк валюта; 

3) Улуттук банктагы депозиттер; 

4) мамлекеттик баалуу кагаздар жана Улуттук банк тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар; 

5) Улуттук банк тарабынан аныкталуучу камсыз кылуунун башка түрлөрү

2. Кредиттердин түрлөрү, аларды берүү шарттары жана тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат. 

3. Улуттук банк ошондой эле системалык тобокелдиктин алдын алуу, банк системасынын бүтүндүгүн камсыз кылуу жана туруктуулугун сактоо максатында төмөнкүлөрдү берүүгө укуктуу: 

1) ликвиддүүлүк боюнча убактылуу проблемаларга дуушар болгон айрым банктарга ликвиддүүлүгүн колдоо үчүн кредит; 

2) өзгөчө учурларда төлөөгө жөндөмдүүлүгү боюнча проблемаларга дуушар болгон банктарга, депозиттерди тартуучу банктык эмес финансы-кредит уюмдарына акыркы инстанциядагы кредитти. 

4. Овердрафт түрүндө кредиттерди берүүгө тыюу салынат. 

5. Улуттук банк активдер боюнча, анын ичинде кредиттерди кошкондо, мүмкүн болуучу чыгымдарды жабуу үчүн Улуттук банктын чыгашаларына кирген атайын резервдерди түзөт. 

6. Банктарга, депозиттерди тартуучу банктык эмес финансы-кредит уюмдарына кредиттерди берүү Улуттук банктын таасир этүү чараларын колдонуу боюнча ыйгарым укуктарын чектебейт. 

 

18-берене. Финансылык туруктуулукту камсыз кылууга көмөктөшүү  

 

1. Улуттук банк өз алдынча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен өз ара аракеттенүүдө, макропруденциалдык жөнгө салууну кошкондо, Кыргыз Республикасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылууга багытталган чараларды жүзөгө ашырат. 

2. Финансылык туруктуулукту камсыз кылууга көмөк көрсөтүү максатында мамлекеттик органдар, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар Улуттук банк тарабынан аныкталган формалар боюнча жана мөөнөттөрдө финансылык туруктуулукту баалоо, талдоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн макропруденциалдык көрсөткүчтөрдүн курамы боюнча зарыл болгон маалыматты Улуттук банкка өз убагында берүүгө милдеттүү.  

3. Ушул беренеде көрсөтүлгөн маалыматтарды бербөө, же болбосо өз убагында бербөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.  

 

 

4-глава. Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы 

 

19-берене. Кыргыз Республикасынын акча бирдиги (улуттук валюта) 

 

1. Кыргыз Республикасынын акча бирдиги болуп сом саналат. Бир сом 100 (жүз) тыйындан турат. 

2. Накталай акча белгилери банкнот жана монета түрүндө жүгүртүүгө чыгарылат. 

3. Улуттук банк башка мамлекеттердин акча бирдиктерине карата сомдун расмий курсун белгилейт.  

 

20-берене. Акча белгилеринин эмиссиясы 

 

1. Улуттук валютанын акча белгилерин жүгүртүүгө чыгаруу жана жүгүртүүдөн алуу боюнча өзгөчө укук Улуттук банкка гана таандык. 

2. Акча белгилери Улуттук банктын айныксыз милдеттенмелери болуп саналат жана анын бардык активдери менен камсыз кылынат.  

3. Акча белгилерин жараксыз төлөм каражаттары деп жарыялоо Улуттук банктын өзгөчө укугу болуп саналат.  

 

21-берене. Төлөм каражаты 

 

1. Сом Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында төлөмдөрдүн бардык түрлөрү боюнча чектөөлөрсүз кабыл алынууга милдеттүү болгон жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналат. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында эсептешүүлөр жана төлөмдөр Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүзөгө ашырылат. Төлөө валютасы тараптардын макулдашуусу менен аныкталган экспорттолуучу жана импорттолуучу товарларды берүүгө жана кызматтарды көрсөтүүгө келишимдерди кошпогондо, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалар сом түрүндө жана чет өлкө валютасынын курсуна байланыштыруусуз көрсөтүлүүгө тийиш. Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө бааны чет өлкө валютасында көрсөтүү менен жарнамалоого тыюу салынат.  

2. Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын акча белгилерин кабыл алуудан негизсиз баш тарткан, ошондой эле аларды атайын жок кылган же жарнама жана башка максаттарда мыйзамсыз пайдаланган учурда жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. 

3. Акча белгилерин жасалмалоо жана мыйзамсыз даярдоо, ошондой эле акча белгилерин санкцияланбаган эмиссиялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет. 

 

22-берене. Накталай акча жүгүртүүнү уюштуруу 

 

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагында накталай акча жүгүртүүнү уюштуруу максатында: 

1) улуттук валютадагы акча белгилерин чыгарууга керектөөнү болжолдойт жана аларды даярдоону камсыз кылат; 

2) улуттук валютадагы акча белгилеринин резервдик фонддорун түзүүнү камсыз кылат; 

3) банктар жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка жактар үчүн улуттук валютадагы накталай акча белгилерин сактоо, ташуу жана инкассациялоо тартибин жана талаптарын белгилейт; 

4) банктар жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка жактар үчүн кассалык операцияларды жүргүзүү тартибин иштеп чыгат жана бекитет; 

5) төлөөгө жөндөмдүүлүгүн аныктоо тартибин жана улуттук валютадагы акча белгилерин алмаштыруу эрежелерин белгилейт; 

6) улуттук валютадагы акча белгилеринин коргоо белгилерин жана экспертиза жүргүзүү тартибин, ошондой эле жүгүртүүдөн алынган улуттук валютадагы акча белгилерин жок кылуу тартибин аныктайт; 

7) накталай акча жүгүртүүнү уюштуруунун башка ыкмаларын жана механизмдерин колдонот. 

 

 

5-глава. Кыргыз Республикасындагы валюта саясаты 

 

23-берене. Валюта саясаты 

 

Улуттук банк Кыргыз Республикасында бирдиктүү валюта саясатын жана аны жөнгө салууну иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат. 

 

24-берене. Улуттук банктын валюталык операциялары 

 

1. Улуттук банк ар кандай валюталык операцияларды, анын ичинде баалуу металлдарды, асыл таштарды жана валюта рынокторунда чет өлкөлүк валютаны сатып алуу жана сатуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырат, ошондой эле эл аралык резервдерди башкаруу, акча-кредит саясатын жүргүзүү, өз ишин жүзөгө ашыруу жана Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарын коргоо максаттарында чектөөлөрсүз баалуу металлдарды, асыл таштарды жана кайсыл валюта болбосун өлкөгө ташып келүүгө жана өлкөдөн ташып чыгууга ыйгарым укуктуу. 

2. Улуттук банк чет өлкөлүк валютаны сатып алууга жана аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине рыноктук курс боюнча келишимдик негизде сатууга укуктуу. 

3. Улуттук банк банктар аралык валюта рыногунда (банктар аралык валюта биржасында) операцияларды жүргүзүү тартибин жана шарттарын аныктайт. 

 

25-берене. Алмашуу курсу 

 

1. Расмий алмашуу курсу Улуттук банк тарабынан рыноктук спот-алмашуу жана башка рыноктук курстардын базасында аныкталат жана жарыяланат. Расмий алмашуу курсу Улуттук банктын жарыяланган курстар боюнча чет өлкөлүк валюталарды сатып алуу жана сатуу милдеттенмелерисиз Улуттук банк тарабынан аныкталат жана жарыяланат. 

2. Эгерде Улуттук банк тарабынан башкача белгиленбесе, спот-алмашуу жана башка рыноктук алмашуу курстары сатуучу менен сатып алуучунун ортосунда эркин аныкталат. 

 

26-берене. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк валютадагы 

операциялар 

 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк валютада эсептешүүлөр жана төлөмдөр Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. 

2. Кыргыз Республикасынын аймагында накталай жана накталай эмес улуттук жана/же чет өлкөлүк валютаны сатып алуу-сатуу (алмашуу) боюнча операцияларга чек коюлбайт жана Улуттук банктын тиешелүү лицензиясына ээ банктарда, адистештирилген финансылык жана финансы-кредит уюмдарында, микрофинансылык компанияларда, микрокредиттик компанияларда, кредиттик союздарда жана алмашуу бюролорунда гана жүзөгө ашырылат. 

Накталай жана накталай эмес улуттук жана/же чет өлкөлүк валютаны сатып алуу-сатуу (алмашуу) боюнча операцияларды жүргүзүү, отчетторду жана маалыматтарды берүү тартиби жана шарты, ошондой эле ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн жактарга карата коюлуучу талаптар Улуттук банк тарабынан аныкталат.  

 

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар жүргүзүлүүчү операциялардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүсүн камсыз кылууга милдеттүү.  

 

27-берене. Чет өлкөлүк валютаны жана валюталык баалуулуктарды  

алып өтүү 

 

1. Бажы мыйзамдарына ылайык бажылык контролдоо пункттарында декларацияланган шартта чет өлкөлүк валютаны чет өлкөлөрдөн жана чет өлкөлөргө ташып өтүү (ташып келүү жана ташып чыгуу), ошондой эле валюта болуп эсептелбеген валюталык баалуулуктарды алып өтүү чектелбейт. 

2. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу жана Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун коргоо максатында, накталай чет өлкөлүк валютаны, ошондой эле валюталык баалуулуктарды жана баалуу металлдарды алып өтүүнү чектөөгө укуктуу. 

 

28-берене. Акча каражаттарынын жана капиталдын кыймылынын 

эркиндиги 

 

1. Капиталдын чет өлкөлөрдөн түшүүсү жана чет өлкөлөргө которулушу чектелбейт. 

2. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу жана Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун коргоо максатында акча каражаттарынын жана капиталдын которулушун чектөөгө укуктуу. 

 

29-берене. Резиденттер тарабынан Кыргыз Республикасынын чегинен 

тышкары ачылган эсептерди каттоо 

 

1. Кыргыз Республикасынын резиденттери юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ачылган эсептерди жана аманаттарды Улуттук банкта каттоого милдеттүү

2. Кыргыз Республикасынын резиденттери юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ачылган эсептер жана аманаттар жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле чет өлкөлүк валютада жүргүзүлгөн операцияларга байланышкан ар кандай башка документтерди жана маалыматтарды Улуттук банктын суроо-талабы боюнча берүүгө милдеттүү

 

 

6-глава. Кыргыз Республикасынын төлөм системасы 

 

30-берене. Кыргыз Республикасынын төлөм системасы 

 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасы (мындан ары төлөм системасы) акча жүгүртүүнү камсыз кылган технологиялардын, жол-жоболордун, эрежелердин, төлөм инструменттеринин жана акча каражаттарын которуу системаларынын өз ара байланышкан системасы. Төлөм системасынын иштөөсү, Улуттук банктын төлөм системасындагы функциялары жана ыйгарым укуктары атайын мыйзам жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.  

 

 

31-берене. Мамлекеттик органдар жана чет өлкөлүк төлөм системаларын  

көзөмөлдөө органдары менен кызматташуу 

 

1. Улуттук банк зарыл болгондо катышуучулары, төлөм уюмдары жана операторлору Кыргыз Республикасынын аймагында болгон эл аралык төлөм системаларына карата көзөмөлдөө ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, башка мамлекеттердин көзөмөлдөө органдары жана эл аралык финансылык уюмдар менен өз ара аракеттенет.  

2. Улуттук банк чет өлкөлүк төлөм системаларын көзөмөлдөө органдары менен трансчекаралык төлөмдөрдү жүргүзүү стандарттарын, принциптерин жана ыкмаларын макулдашуу боюнча кызматташууга, ошондой эле тиешелүү юрисдикцияларда иштеген кайсы болбосун төлөм системасы боюнча маалымат алмашууга укуктуу. 

 

 

7-глава. Тышкы экономикалык иш жана эл аралык резервдер 

 

32-берене. Улуттук банктын эл аралык уюмдар, чет өлкөлөрдүн  

борбордук банктары жана башка мекемелери менен мамилелери 

 

1. Мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда, Улуттук банк акча-кредит жана валюта саясаты, төлөм системалары, макропруденциалдык, банктык жөнгө салуу жана көзөмөлдөө маселелери жана өзүнүн компетенциясына кирген башка маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын билдирет. 

2. Улуттук банк берилген ыйгарым укуктарга ылайык башка өлкөлөрдүн борбордук жана коммерциялык банктары, ошондой эле эл аралык уюмдар менен мамилелерде Кыргыз Республикасынын атынан операцияларды жана бүтүмдөрдү жүргүзө алат. 

3. Улуттук банк эсептерди ачууга жана жүргүзүүгө, Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары чет мамлекеттердин борбордук банктарынын жана башка финансылык мекемелеринин, эл аралык финансылык уюмдардын өкүлү же корреспонденти катары иш жүргүзүүгө укуктуу. 

4. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле чегинен тышкары жайгашкан ар кандай уюмдар менен акча-кредит, валюта, төлөм жана банк чөйрөлөрүндө, макропруденциалдык, банктык жөнгө салуу жана көзөмөлдөө жаатында кызматташат.  

5. Улуттук банк өз компетенциясынын чегинде эл аралык уюмдар, башка мамлекеттердин борбордук, коммерциялык банктары жана ыйгарым укуктуу органдары менен келишимдерди түзүүгө укуктуу. 

 

33-берене. Улуттук банктын эл аралык резервдери 

 

1. Улуттук банк ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген милдеттерди аткаруу максатында Улуттук банк чет өлкөлүк валютада жана Улуттук банктын милдеттерине жана керектөөлөрүнө жооп берүүчү башка эл аралык активдер түрүндө резервдик активдерди кармап турат. 

2. Эл аралык резервдер Улуттук банктын менчигинде болот жана алар төмөнкүлөрдөн турат: 

1) алтын жана башка баалуу металлдардан жана асыл таштардан; 

2) накталай жана накталай эмес формаларда чет өлкөлүк валютадан; 

3) чет өлкөлүк валютада жөнөкөй жана которулма векселдерден; 

4) чет өлкөлөрдүн өкмөттүк мекемелери өз валютасында же чет өлкөлүк валютада чыгарган же кепилденген мамлекеттик баалуу кагаздардан; 

5) Улуттук банк тарабынан аныкталган башка баалуу кагаздардан; 

6) эл аралык деңгээлде таанылган ар кандай резервдик активдерден. 

3. Эл аралык резервдерди башкаруу саясаты, лимиттер, контрагенттерге карата талаптар жана ыйгарым укуктардын деңгээлдери Улуттук банк тарабынан белгиленет. 

4. Улуттук банктын эл аралык резервдери төмөнкүлөр үчүн пайдаланылат: 

1) ушул конституциялык Мыйзамга ылайык тиешелүү акча-кредит жана валюта саясатын жүргүзүү аркылуу улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн, баалардын туруктуулугун колдоого, Кыргыз Республикасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылууга; 

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чет өлкөлүк валютадагы милдеттенмелерин өз учурунда тейлөөгө. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тышкы карыз, эл аралык уюмдарга мүчөлүк төгүмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелерин аткарууда, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүн каржылоодо жана башка милдеттенмелерде чет өлкөлүк валютага болгон керектөөсүн чет өлкөлүк валютаны эл аралык резервдердин бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сатуу аркылуу канааттандырат; 

3) Улуттук банктын чет өлкөлүк валютадагы милдеттенмелерин аткарууга; 

4) Улуттук банктын операциялык ишин камсыз кылууга; 

5) Улуттук банктын ушул конституциялык Мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарын аткарууга. 

5. Улуттук банк резервдик активдердин ликвиддүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуунун артыкчылыктарын эске алуу менен бардык эл аралык резервдерди өз алдынча түзөт, ээлик кылат жана башкарат. Эл аралык резервдердин курамына кирген баалуу кагаздар жогору ликвиддүү болууга тийиш. 

6. Эл аралык резервдерди түзүү жана аларды башкаруу же аларды чет өлкөлөрдө жайгаштыруу жана сатуу максатында Улуттук банктын баалуу металлдарды жана асыл таштарды чет өлкөдөн ташып келүүсү жана/же чет өлкөгө ташып чыгуусу үчүн лицензия талап кылынбайт. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды ташып келүү жана/же ташып чыгуу, сатып алуу жана сатуу тартиби жана шарттары Улуттук банк тарабынан аныкталат. 

 

 

8-глава. Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинети менен өз ара мамилелери 

 

34-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен өз ара  

аракеттенүү 

 

1. Улуттук банк менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өз компетенцияларынын чегинде өз ара аракеттенишет. 

2. Эгерде Улуттук банктын негизги максаттарына, милдеттерине жана ыйгарым укуктарына каршы келбесе, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жүргүзүлгөн экономикалык саясатты эске алат, аны ишке ашырууга көмөктөшөт. 

3. Улуттук банк жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети экономикалык жана акча-кредит саясаты маселелери боюнча бири-бирине өз учурунда маалымдашат жана дайыма өз ара консультацияларды жүргүзүшөт. 

4. Улуттук банк жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети финансы секторунун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн кризистик кырдаалдар келип чыккан учурда кризиске каршы чараларды көрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу ведомстволор аралык консультативдик-кеңешме органдын алкагында өз ара аракеттенишет. 

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Улуттук банктын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпагандай эле, Улуттук банк да Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт. 

 

35-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине кредит  

берүүгө жана финансылык жардам көрсөтүүгө тыюу салуу 

 

1. Улуттук банкка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине кредиттерди жана кепилдиктерди берүүгө, анын ичинен республикалык бюджет тартыштыгын каржылоо үчүн кредиттерди жана кепилдиктерди берүүгө тыюу салынат. 

2. Банкттарга, депозиттерди тартуучу банктык эмес финансы-кредит уюмдарына, Кыргыз Республикасынын экономикасын жеңилдетилген каржылоого багытталган каражаттар боюнча башка мамлекеттер менен биргелешип Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык финансы уюмдарына, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине жана Улуттук банктын кызматчыларына берилүүчү кредиттерди кошпогондо, Улуттук банк ушул конституциялык Мыйзамдын 72-беренесинде каралган учурларда мамлекеттик органдарга, кандай болбосун жеке жана юридикалык жактарга кандай формада жана кандай максаттарга болбосун кредиттерди берүүгө же башка финансылык, же болбосо материалдык жардамдарды көрсөтүүгө укуксуз.  

 

36-берене. Мамлекеттик баалуу кагаздар менен операциялар 

 

1. Улуттук банк экинчилик рынокто мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууга жана сатууга, ошондой эле депозитарий катары чыгууга укуктуу. 

2. Мамлекеттик баалуу кагаздарды баштапкы жайгаштырууда Улуттук банкка аларды сатып алууга тыюу салынат. 

 

37-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  

эсептерин тейлөө боюнча банктык операциялар 

 

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин эсептерин тейлөө боюнча банктык операцияларды жүзөгө ашырат. 

 

38-берене. Улуттук банктын консультациялары 

 

1. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Улуттук банктын компетенциясына кирген маселелер боюнча консультация берет. 

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети республикалык бюджеттин долбоорун даярдоодо Улуттук банк менен консультация жүргүзөт. 

3. Улуттук банк макулдашылган шарттарда Кыргыз Республикасынын тышкы карызын тейлөөнү кошкондо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин финансылык агенти катары чыгат.  

 

39-берене. Кыргыз Республикасынын төлөм балансын түзүү 

 

1. Улуттук банк расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган менен биргеликте Кыргыз Республикасынын төлөм балансын түзөт. 

2. Төлөм балансын түзүүдө төлөм балансын түзүүнүн эл аралык методологиясы, анын ичинде төлөм балансы жана эл аралык инвестициялык позиция боюнча колдонмо, ошондой эле акча-кредит жана финансы статистикасы боюнча колдонмо пайдаланылат. 

3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагындагы резидент эместер Улуттук банк тарабынан аныкталган формалар боюнча жана мөөнөттөрдө төлөм балансын түзүү жана аны болжолдоо үчүн көрсөткүчтөрдүн курамы боюнча маалыматтарды Улуттук банкка өз учурунда берүүгө милдеттүү

4. Ушул беренеде көрсөтүлгөн маалыматтарды бербөө, же болбосо өз убагында бербөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет. 

 

 

9-глава. Улуттук банктын банктар жана Улуттук банктын көзөмөлү  

алдындагы башка юридикалык жактар менен өз ара мамилелери 

 

40-берене. Лицензиялоо, жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым  

укуктуу орган  

 

1. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк системасын, банктарды, банктык топторду, банктык эмес финансы-кредит уюмдарын жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка юридикалык жактарды, анын ичинде төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун лицензиялоо (уруксат документтерин берүү), жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.  

2. Улуттук банк атайын мыйзамдарга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык банктардын, банктык топтордун, банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка юридикалык жактардын ишин лицензиялоо (уруксат документтерин берүү) боюнча ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун алкагында: 

1) лицензиялоо (уруксат документтерин берүү) тартибин аныктайт жана акционерлерге (катышуучуларга) карата талаптарды белгилейт;  

2) акцияларды (үлүштөрдү) сатып алуу же капиталга чектүү катышуу, уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү макулдашуу тартибине карата талаптарды белгилейт; 

3) кызмат адамдарына жана башка кызматкерлерге карата талаптарды белгилейт; 

4) Улуттук банк менен милдеттүү түрдө макулдашууга тийиш болгон кызмат адамдарынын тизмегин жана аларды макулдашуу тартибин аныктайт; 

5) ишти кеңейтүү тартибин аныктайт; 

6) банктарды жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка жактарды кайра уюштуруу шарттарын жана тартибин белгилейт; 

7) лицензиялоо боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. 

3. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системасынын туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, аманатчылардын, банк жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн башка керектөөчүлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын сакталышы максатында алардын ишин жөнгө салуучу атайын мыйзамдардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык көзөмөл жүргүзөт жана ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактарды жөнгө салуу жана көзөмөлдөө ченемдерин белгилейт.  

4. Улуттук банктын, Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы юридикалык жактарга атайын режимдердин алкагында киргизилген ыйгарым укуктуу адамдардын укуктары жана ыйгарым укуктары атайын мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.  

5. Улуттук банк ушул конституциялык Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, банктардын, банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка юридикалык жактардын учурдагы ишине кийгилишпейт.  

6. Улуттук банк банктар, банктык топтор, банктык эмес финансы-кредит уюмдары жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка юридикалык жактар тарабынан отчет берүү тартибин жана шарттарын белгилейт.  

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салуу жана көзөмөлдөө үчүн банктык сырды түзгөн маалыматты кошкондо, кандай гана маалымат болбосун банктардан, банктык топтордон, банктык эмес финансы-кредит уюмдарынан жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка юридикалык жактардан, алардын акционерлеринен (катышуучуларынан) суроого жана алууга укуктуу.  

Ушул конституциялык Мыйзамга ылайык жөнгө салуу жана көзөмөлдөө максаттары үчүн зарыл болгон учурлардан тышкары, Улуттук банк тарабынан алынган жана банктык сырга кирбеген маалыматтар жана документтер купуя маалымат болуп саналат жана жарыяланууга же үчүнчү жактарга берилүүгө тийиш эмес

Банктык сырды жана купуя маалыматты камтыган маалыматтар жана документтер сот актысынын негизинде гана күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөр түрүндө үчүнчү жактарга берилиши мүмкүн. 

Купуя маалыматтар жеткиликтүү болгон же мурда жеткиликтүү болгон Улуттук банктын кызматчыларына жана ар кандай башка жактарга ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартиптен башкача жол менен аларды ачыкка чыгарууга тыюу салынат

 

41-берене. Экономикалык ченемдер, талаптар жана чектөөлөр  

 

1. Улуттук банк жөнгө салуу жана көзөмөлдөө максаттары үчүн банктын, банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка юридикалык жактардын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын минималдуу өлчөмүн, анын түзүмүн, ошондой эле экономикалык ченемдерди жана көрсөткүчтөрдү, талаптарды, чектөөлөрдү жана тыюу салууларды банктардын, банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын, Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка юридикалык жактардын ишин жөнгө салуучу атайын мыйзамдарга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык белгилейт.  

Улуттук банк банктардын жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын системалык маанилүүлүгүнүн критерийлерин белгилейт жана аларга карата экономикалык ченемдердин жана көрсөткүчтөрдүн, талаптардын жана чектөөлөрдүн башка өлчөмдөрүн жана түрлөрүн белгилөөгө укуктуу. Банктардын жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын системалык маанилүүлүгү Улуттук банк тарабынан аныкталат. 

Улуттук банк банктык топторго карата экономикалык ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу.  

2. Улуттук банк банктар, банктык эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан кредиттик жана башка тобокелдиктерди камтыган активдер жана милдеттенмелер боюнча алардын чыгымдарына таандык болгон чыгашаларды жабуу учуруна карата түзүлүүчү резервдердин өлчөмүн, түзүү тартибин жана эсептөө методдорун аныктоого укуктуу. 

3. Улуттук банк алардын ишин, бизнес-моделин, ички контролдоо жана тобокелдиктерди башкаруу системаларын, ошондой эле финансылык проблемалар келип чыккан учурга карата финансылык чыңдоо планын баалоо үчүн Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы жактардын программаларын жана пландарын берүү талаптарын жана тартибин белгилейт.  

4. Банктардын, банктык топтордун жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка жактардын эсепке алуусуна, финансылык отчетуна жана тышкы аудитине карата талаптар, анын ичинде аудитордук уюмдарга жана аудиторлорго карата талаптар Улуттук банк тарабынан аныкталат. 

 

42-берене. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо  

 

1. Улуттук банк кызматтарды көрсөтүү, кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгаруу, банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо боюнча көзөмөл алдындагы жактардын ишине карата талаптарды аныктайт, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталган башка талаптарды белгилейт. 

2. Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы жактардын кардарлар менен өз ара мамилелери ушул конституциялык Мыйзамга ылайык өнөктөштүк принцибинин негизинде Кыргыз Республикасынын жарандык, банктык жана башка мыйзамдарынын негизинде түзүлөт. 

 

43-берене. Улуттук банктын көзөмөлдөө жана таасир этүү чараларын  

колдонуу боюнча ыйгарым укуктары  

 

1. Көзөмөл тышкы көзөмөлдөө жана инспектордук текшерүү аркылуу жүзөгө ашырылат. Тышкы көзөмөлдү жана инспектордук текшерүүнү уюштуруу, ыйгарым укуктары жана жүзөгө ашыруу тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.  

2. Инспектордук текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчет Улуттук банктын купуя документи болуп саналат жана Улуттук банктын макулдугусуз үчүнчү жактарга берилбейт.  

3. Улуттук банк инспектордук текшерүүгө аудиторлорду, эксперттерди, адистерди, ошондой эле башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды жана уюмдарды тартууга укуктуу. Текшерүүгө тартылган жактар маалыматтардын купуялыгын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык сырды ачыкка чыгарбоо талаптарын так сактоого милдеттүү

4. Улуттук банк жана чет өлкөлүк банктык көзөмөлдөө органдары тиешелүү макулдашуулардын негизинде бири-биринин аймагындагы көзөмөл алдындагы жактарына карата өз ара инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу

5. Улуттук банкта көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу коллегиялык орган түзүлүшү мүмкүн

6. Улуттук банк банктарга, банктык топторго, банктык эмес финансы-кредит уюмдарына жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка юридикалык жактарга, алардын акционерлерине (катышуучуларына) жана кызмат адамдарына карата алардын ишин жөнгө салуучу атайын мыйзамдарга, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык таасир этүү чараларын колдонот. Көрсөтүлгөн чараларды колдонуу тартиби атайын мыйзамдар жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.  

7. Улуттук банк алгылыксыз жана кооптуу банктык практиканын белгилерин аныктайт, ага көзөмөл алдындагы жактардын жана алардын кызмат адамдарынын, акционерлеринин (катышуучуларынын) тиешеси бар экендигин аныктайт, ошондой эле алгылыксыз жана кооптуу банктык практикага тиешеси бар экендигинин укуктук кесепеттерин белгилейт.  

8. Улуттук банк атайын мыйзамдарга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык көзөмөл алдындагы жактардын төлөөгө жөндөмсүздүгүн белгилейт. Төлөөгө жөндөмсүздүгү белгиленген учурда лицензия (уруксат документи) кайтарып алынууга тийиш

9. Улуттук банк жоюлуучу банктарга, Улуттук банк тарабынан аныкталуучу банктык эмес финансы-кредит уюмдарына мониторинг жүргүзөт, ошондой эле жоюучунун ишине карата тиешелүү маалыматты суроого, алууга укуктуу.  

 

44-берене. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейинки даттануу  

 

1. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейинки даттануу милдеттүү болуп саналат. Улуттук банктын Башкармасынын сотко даттанылуучу чечимдерин кошпогондо, Улуттук банктын кандай гана чечимдери болбосун сотко чейинки даттанууга жатат. 

2. Сотко чейинки даттануу Улуттук банктын чечимдеринин колдонулушун токтотпойт. 

3. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейинки даттануу Улуттук банктын тиешелүү чечимин алган күндөн тартып жыйырма жумуш күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө жүзөгө ашырылат. 

4. Улуттук банк даттануу келип түшкөн күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө даттанууну маңызы боюнча карайт. Улуттук банк даттанууну кароо мөөнөтүн бир жолу отуз календардык күнгө узартууга укуктуу. 

5. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейинки даттануу тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет. 

 

45-берене. Сотко даттануу  

 

1. Улуттук банктын чечимдери сотко даттанылышы мүмкүн. 

2. Банкты кайра түзүмдөштүрүү, убактылуу администрация режимин киргизүү жана лицензияны кайтарып алуу жөнүндө Улуттук банктын чечимдерине карата доону камсыз кылуу чаралары Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде каралган алып салуулар менен колдонулат.  

3. Улуттук банктын чечими даттанылып жаткан чечимди кабыл алуу үчүн мыйзамдуу негиздер жок болгон учурда гана Улуттук банк тарабынан мындай чечимди кабыл алуунун негиздүүлүгүн карабастан сот тарабынан жараксыз деп таанылышы жана жокко чыгарылышы мүмкүн. 

 

46-берене. Улуттук банктын жана финансы секторунун ыйгарым укуктуу  

мамлекеттик органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүү 

 

1. Эгерде банктык топтун катышуучусу башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын көзөмөлүнө алынууга тийиш болсо, анда Улуттук банк жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар банктык топту ар тараптуу көзөмөлдөө максатында кызматташууга тийиш.  

2. Улуттук банктын суроо-талабы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ага банктык топко же банктык топтун катышуучусуна тиешелүү кандай гана маалымат болбосун беришет. 

3. Өз ара аракеттенүүдө Улуттук банк жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар банктык топко же анын катышуучуларына карата макулдашылган иш-аракеттер планын жана иш-чараларды координациялоону караштырган тиешелүү макулдашууларды түзүшөт. 

 

47-берене. Улуттук банктын жана чет өлкөлүк көзөмөлдөө органдарынын  

ортосундагы кызматташуу  

 

1. Улуттук банк консолидацияланган негизде банктык топту ар тараптуу жана натыйжалуу көзөмөлдөө максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк көзөмөлдөө органдары менен кызматташуу жөнүндө макулдашууну түзөт.  

2. Улуттук банк консолидацияланган көзөмөл боюнча чет өлкөлүк көзөмөлдөө органдары менен кызматташуунун алкагында, банктык сырды кошкондо, зарыл болгон маалымат менен алмашууга, суроо-талап боюнча максаттуу текшерүүлөрдү (анын ичинде биргелешкен) жана өз ара консультацияларды жүргүзүүгө, ошондой эле колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө кабарлоого укуктуу. 

 

 

10-глава. Атайын жөнгө салуучу режимдер 

 

48-берене. Атайын жөнгө салуучу режимдердин алкагында убактылуу  

жөнгө салуу  

 

1. Улуттук банк инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүү менен байланышкан банктык, төлөм кызматтарын көрсөтүү чөйрөсүндө коомдук мамилелерди укуктук жөнгө салууну апробациялоо максатында белгилүү бир мөөнөткө Кыргыз Республикасынын айрым же бүткүл аймагында атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында пилоттук жөнгө салууну белгилөөгө укуктуу. 

Ушул конституциялык Мыйзамдын максаттарында атайын жөнгө салуучу режим деп банктык жана төлөм кызматтарын көрсөтүү рыногуна инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүү менен алектенген катышуучуларга аларды чектелген контролдонуучу чөйрөдө (аймагы, убактысы, операциялар менен пайдалануучулардын саны жана көлөмү жана башкалар боюнча) апробациялоого мүмкүндүк берген эрежелердин жыйындысы түшүнүлөт. 

Атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүү боюнча пилоттук жөнгө салууну киргизүү жана аны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат. 

2. Улуттук банк атайын жөнгө салуучу режимге катышуучу банктардын, банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын жана башка юридикалык жактардын ишине карата талаптарды белгилейт. 

3. Атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында атайын жөнгө салуучу режимдерге катышууга жана/же атайын жөнгө салуучу режимдерге катышууга байланыштуу айрым юридикалык жактарга кыйла пайдалуу шарттарды камсыз кылган преференцияларды берүүгө жол берилбейт. 

4. Атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды апробациялоонун жыйынтыгы боюнча Улуттук банк тарабынан тиешелүү ченемдик укуктук акт кабыл алынышы, же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталышы мүмкүн. 

5. Улуттук банк атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жана продукттарды киргизүүгө, анын ичинде виртуалдык активдер менен байланышкан инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жана продукттарды киргизүүгө байланыштуу пилоттук жөнгө салууну белгилөөгө укуктуу.  

6. Виртуалдык активдер менен операциялар үчүн атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында жөнгө салуу шарттары, ошондой эле лицензияларды берүү, токтото туруу, кайтарып алуу жана токтотуу тартиби Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.  

 

49-берене. Атайын жөнгө салуучу режимге катышуу үчүн лицензиялар  

 

1. Улуттук банк атайын жөнгө салуучу режимдин катышуучуларына «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында көрсөтүлгөн банктык операциялардын чектелген тизмегин жүргүзүү укугуна лицензияны атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында аны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон иштин максаттарына жана түрлөрүнө ылайык берет. 

2. Атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында банктык операциялардын чектелген тизмегин жүргүзүү укугуна лицензия банктык операциялардын тизмеги боюнча, аймагы боюнча чектөөлөрдү жана атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында башка чектөөлөрдү карайт (контролдонуучу чөйрөнүн шарттарына жараша), колдонуунун чектелүү мөөнөтүнө ээ, жеке энчилүү (ээликтен ажыратылгыс) болуп саналат жана үчүнчү жактарга өткөрүп берилбейт. 

3. Атайын жөнгө салуучу режимдин алкагындагы лицензияларды берүү, колдонулушун токтото туруу, кайтарып алуу жана токтотуу тартиби Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет. 

 

 

11-глава. Улуттук банктын отчету жана отчеттуулугу,  

аудити жана бюджети 

 

50-берене. Улуттук банктын отчету жана маалыматы  

 

1. Улуттук банктын төрагасы жыл сайын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Улуттук банктын иши жөнүндө отчет берет. 

Улуттук банктын иши жөнүндө отчет Улуттук банк тарабынан аныкталган тартипте электрондук формада берилиши мүмкүн.  

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июлунан кечиктирилбеген мөөнөттө Улуттук банктын төрагасынын ар жылдык отчетун угат. 

3. Улуттук банктын төрагасынын отчетун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде угуу Улуттук банктын өз алдынчалыгын, көз карандысыздыгын жана укуктук статусун эске алуу менен жүзөгө ашырылат. 

4. Улуттук банктын иши жөнүндө Улуттук банктын төрагасынын отчету төмөнкүлөрдү камтыйт: 

1) Улуттук банктын аудитордук текшерүүдөн өткөн финансылык отчеттуулугун; 

2) Улуттук банктын отчеттук мезгилдеги иши жөнүндө маалыматтарды; 

3) Улуттук банктын Башкармасы тарабынан аныкталуучу башка маалыматтарды. 

5. Улуттук банк жыл сайын Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларынын абалына тиешелүү негизги аналитикалык маалыматтарды кошкондо, жылдык отчетту Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыялап турат. 

6. Улуттук банк өзүнүн расмий интернет-сайтында Улуттук банк тарабынан жүргүзүлүүчү акча-кредит саясаты жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларын өнүктүрүү маселелери, анын ичинде банктык каржылоонун ар кандай формалары жана принциптери боюнча маалыматтарды жарыялап турат. 

 

51-берене. Улуттук банктын финансылык отчеттуулугу  

 

1. Улуттук банк финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (ФОЭС) ылайык жана ушул конституциялык Мыйзамдын жоболорун эске алуу менен анын операцияларын жана финансылык абалын чагылдырган туруктуу эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзөт. 

2. Улуттук банктын финансылык жылы деп 1-январдан тартып 31-декабрды кошо алгандагы мезгил белгиленет. 

3. Улуттук банк жыл сайын Улуттук банктын финансылык абалы жөнүндө отчеттон жана ага байланышкан башка отчеттордон турган финансылык отчеттуулукту даярдайт. 

4. Улуттук банктын финансылык отчеттуулугунун түзүмү Улуттук банктын Башкармасы тарабынан белгиленет. Улуттук банк жылдык финансылык отчеттуулукту көз карандысыз аудит текшергенден жана Улуттук банктын Башкармасы бекиткенден кийин жарыялайт. 

 

52-берене. Улуттук банктын тышкы аудити 

 

1. Улуттук банктын тышкы аудити жыл сайын аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык жүргүзүлөт. 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Улуттук банк тарабынан иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитети бекиткен тартипте өткөрүлүүчү конкурстун жыйынтыгы боюнча финансылык жыл аяктаганга чейин алты айдан кечиктирилбеген мөөнөттө аудитордук уюмду карайт жана үч жылдык мөөнөткө бекитет. Аудитордук уюм эл аралык деңгээлде таанылган абройго ээ болууга жана борбордук (улуттук) банктарга аудит жүргүзүү тажрыйбасы беш жылдан кем болбоого тийиш. Бир эле аудитордук уюм катары менен эки жолу каралбайт жана бекитилбейт. 

3. Улуттук банкка тышкы аудит Кыргыз Республикасындагы аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестринде (Бирдиктүү мамлекеттик реестр) катталган аудитордук уюм тарабынан, ошондой эле Бирдиктүү мамлекеттик реестрде катталбаган, бирок ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн талаптарды канааттандырган чет өлкөлүк аудитордук уюм тарабынан да жүргүзүлүшү мүмкүн. Мындай чет өлкөлүк уюмдардын лицензиялары Кыргыз Республикасынын аймагында мындай лицензиянын легитимдүүлүгү ырасталган учурда таанылат. 

4. Улуттук банк аудитордук уюм менен түзүлгөн келишимге ылайык ага эл аралык аудитордук практикага ылайык аудитордук текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл болгон отчеттуулукту жана маалыматтарды берет. 

5. Улуттук банкка тышкы аудит жүргүзүү боюнча аудитордук уюмдун кызмат көрсөтүүлөрүнө акы Улуттук банктын өз каражатынын эсебинен төлөнөт. 

 

53-берене. Ички контролдоо системасы 

 

1. Улуттук банкта адекваттуу ички контролдоо системасы болууга тийиш. 

2. Улуттук банктын Башкармасы банктын ички контролдоо системасынын талаптагыдай уюштурулушун жана иштешин камсыз кылууга милдеттүү

 

54-берене. Улуттук банктын Аудит боюнча комитети 

 

1. Улуттук банкта Аудит боюнча комитет иштейт. Аудит боюнча комитеттин ишинин негизги максаты Улуттук банктын Башкармасына талаптагыдай ички контролдоо системасын, ошондой эле Улуттук банктын бухгалтердик эсебин жүргүзүү жана финансылык отчеттуулукту даярдоо жол-жоболорун контролдоону камсыз кылууга көмөктөшүү болуп эсептелет. 

2. Аудит боюнча комитеттин негизги функциялары төмөнкүлөр болуп саналат: 

1) ички контролдоо, тобокелдиктерди башкаруу жана корпоративдик башкаруу системаларынын натыйжалуулугун жогорулатууга көмөктөшүү

2) ички аудит бөлүмүнө көзөмөлдү жүзөгө ашыруу; 

3) бухгалтердик эсепке алуу стандарттарын адекваттуу колдонууну камсыз кылуу, финансылык отчеттуулуктун сапатына байкоо жүргүзүү

4) Улуттук банктын Башкармасына тышкы аудитор менен өз ара аракеттенүүнү жөнгө салуу боюнча сунуштамаларды берүү жана тышкы аудитордун ишинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген стандарттарга ылайык келишин баалоо. 

3. Аудит боюнча комитеттин мүчөлөрүнө, алардын санына, статусуна, компетенциясына жана иш регламентине карата талаптар Улуттук банктын Башкармасы тарабынан аныкталат. Комитеттин мүчөлөрүн Улуттук банктын Башкармасы дайындайт. Аудит боюнча комитеттин курамына Улуттук банктын Башкармасынын мүчөлөрү, ошондой эле башка көз карандысыз эксперттер кириши мүмкүн. 

4. Аудит боюнча комитеттин мүчөлөрүнө карата ушул конституциялык Мыйзамда Улуттук банктын Башкармасынын мүчөлөрү үчүн белгиленген чектөөлөр колдонулат. 

 

55-берене. Улуттук банктын ички аудити  

 

1. Улуттук банкта туруктуу негизде милдеттүү тартипте ички аудит жүргүзүлүп турат. 

2. Ички аудитти Улуттук банктын Башкармасына отчет берүүчү ички аудит бөлүмү жүргүзөт. Ички аудит бөлүмү жөнүндө жобо Улуттук банктын Башкармасы тарабынан бекитилет. 

3. Ички аудит бөлүмүнүн жетекчиси Улуттук банктын Аудит боюнча комитетинин сунушу боюнча Улуттук банктын Башкармасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. 

 

56-берене. Улуттук банктын бюджети 

 

Улуттук банктын кезектеги жылга кирешелер жана чыгашалар бюджети жана өнүктүрүү бюджети акча-кредит саясатынын негизги параметрлерине жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу тартипке ылайык өткөн жылдын 31-декабрынан кечиктирилбестен Улуттук банктын Башкармасы тарабынан бекитилет. 

 

 

12-глава. Улуттук банкты башкарууну уюштуруу 

 

57-берене. Башкаруу органдары 

 

1. Улуттук банктын башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат: 

1) Улуттук банктын Башкармасы жогорку башкаруу органы; 

2) Улуттук банктын төрагасы жогорку аткаруучу кызмат адамы. 

2. Улуттук банктын Башкармасы Улуттук банктын ишинин негизги багыттарын аныктоочу жана Улуттук банктын ишине жалпы жетекчилик кылуучу коллегиялык орган. 

3. Улуттук банктын Башкармасынын курамына Улуттук банктын төрагасы, төраганын үч орун басары жана Улуттук банктын Башкармасынын үч мүчөсү кирет. Улуттук банктын Башкармасы туруктуу негизде иштейт. 

 

58-берене. Улуттук банктын төрагасынын, анын орун басарларынын  

жана Башкармасынын мүчөлөрүнүн кызмат орундарына  

карата талаптар  

 

Улуттук банктын төрагасынын, төраганын орун басарларынын жана Башкармасынын мүчөлөрүнүн кызмат орундарына Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган, кынтыксыз абройго, зарыл болгон квалификацияга, финансы-экономика жана/же юридика чөйрөсүндө кесиптик тажрыйбага ээ адамдар дайындалышы мүмкүн. 

 

59-берене. Улуттук банктын төрагасы, анын орун басарлары жана  

Башкармасынын мүчөлөрү үчүн чектөөлөр  

 

1. Төрагага, төраганын орун басарларына жана Башкармасынын мүчөлөрүнө ушул конституциялык Мыйзамда Улуттук банктын кызматчылары үчүн белгиленген чектөөлөр жайылтылат. 

2. Улуттук банктын төрагасы, төраганын орун басарлары жана Башкармасынын мүчөлөрү саясий партияларга, диний жана башка коомдук-саясий уюмдарга катыша албайт, банктардын жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка жактардын акцияларынын/үлүштөрүнүн ээси боло албайт. 

 

60-берене. Улуттук банктын төрагасын, төраганын орун басарларын жана  

Башкармасынын мүчөлөрүн дайындоо тартиби жана алардын  

ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү 

 

1. Улуттук банктын төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан жети жылдык мөөнөткө шайланат. 

2. Кыргыз Республикасынын Президенти Улуттук банктын төрагасынын кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерди Улуттук банктын иштеп жаткан төрагасынын ыйгарым укуктары аяктаганга чейин үч айдан кечиктирбестен сунуштайт. 

3. Улуттук банктын төрагасы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулган учурда Кыргыз Республикасынын Президенти бул кызматка талапкерди кызматтан бошоткон күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен сунуштайт. Улуттук банктын жаңыдан шайланган төрагасы кызматына киришкенге чейин анын милдеттерин Улуттук банктын төрагасынын орун басарларынын бири аткарат. 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Улуттук банктын төрагасынын кызмат ордуна сунушталган талапкерди четке каккан учурда Кыргыз Республикасынын Президенти эки жуманын ичинде жаңы талапкерди сунуш кылат. Бир эле талапкер эки жолудан ашык сунушталбайт. 

5. Улуттук банктын төрагасынын орун басарлары жана Башкармасынын мүчөлөрү Улуттук банктын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жети жылдык мөөнөткө дайындалат. 

6. Улуттук банктын төрагасы Улуттук банктын төрагасынын иштеп жаткан орун басарларынын жана Башкармасынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары аяктаганга чейин эки айдан кечиктирбестен, Улуттук банктын төрагасынын орун басарларынын жана Башкармасынын мүчөлөрүнүн кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлерди сунуштайт. 

7. Улуттук банктын төрагасынын орун басарлары жана Башкармасынын мүчөлөрү ээлеген кызматтарынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Улуттук банктын төрагасы алар бошотулган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен, бул кызматтарга жаңы талапкерлерди сунуштайт. 

8. Төраганы жана төраганын орун басарларын кошо алганда, Улуттук банктын Башкармасынын үчтөн көп эмес мүчөсүнүн ыйгарым укуктары бир мөөнөттө аякташы мүмкүн. 

9. Улуттук банктын төрагасы, төраганын орун басарлары жана Улуттук банктын Башкармасынын мүчөлөрү кайта кызмат ордуна катары менен эки жолудан ашык эмес дайындалышы мүмкүн. 

 

61-берене. Улуттук банктын төрагасын, төраганын орун басарларын жана  

Башкармасынын мүчөлөрүн кызмат ордунан бошотуунун  

негиздери жана тартиби  

 

1. Улуттук банктын төрагасы, төраганын орун басарлары жана Башкармасынын мүчөлөрү кызмат ордунан ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда, ошондой эле төмөнкү учурларда гана мөөнөтүнөн мурда бошотулат: 

1) жеке арызы боюнча; 

2) медициналык корутунду менен ырасталган ден соолугунун абалына байланыштуу кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүн болбогондо; 

3) каза болгондугуна, же болбосо дайынсыз жоголду же өлдү деп жарыялоо тууралуу соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киришине байланыштуу; 

4) соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө киришине байланыштуу; 

5) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажырашына байланыштуу. 

2. Улуттук банктын төрагасы кызмат ордунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими менен бошотулат. 

3. Улуттук банктын төрагасынын орун басарлары жана Башкармасынын мүчөлөрү кызмат ордунан Улуттук банктын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бошотулат. 

4. Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Улуттук банктын төрагасын, төраганын орун басарларын жана Башкармасынын мүчөлөрүн бошотуу жөнүндө чечимди алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү тиешелүү түрдө аяктаганга чейин бир айдан кечиктирилбеген мөөнөттө кабыл алат. 

5. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган негиз боюнча кызмат ордунан бошотулган учурда, Улуттук банкта кызмат орунду ээлөөгө талапкер болууга укугу жок. 

 

62-берене. Улуттук банктын төрагасына, төраганын орун басарларына  

жана Башкармасынын мүчөлөрүнө эмгек акы төлөө  

 

Улуттук банктын төрагасынын, анын орун басарларынын жана Башкармасынын мүчөлөрүнүн кызматтык айлык акылары атаандаш рыноктордогу эмгек акыны төлөө шарттарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет.  

 

63-берене. Улуттук банктын Башкармасынын ишин уюштуруу  

 

1. Улуттук банктын Башкармасынын иши дайыма, бирок айына бир жолудан кем эмес жыйналыш өткөрүү аркылуу жүзөгө ашырылат. 

2. Улуттук банктын Башкармасынын жыйналышы, эгерде анда Улуттук банктын Башкармасынын тизмедеги курамынын көпчүлүгү катышса, ыйгарым укуктуу (кворум) болуп саналат. Улуттук банктын Башкармасынын чечимдери, эгерде алар үчүн Улуттук банктын Башкармасынын тизмедеги курамынын көпчүлүгү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет. 

3. Каралуучу маселе боюнча кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыккан учурда Улуттук банктын төрагасы, төраганын орун басары же Башкармасынын мүчөсү ошол маселе боюнча талкууга катышууга жана добуш берүүгө укугу жок. 

4. «Каршы» добуш берген Улуттук банктын төрагасынын, төраганын орун басарынын же Башкармасынын мүчөсүнүн өзгөчө пикири милдеттүү түрдө Улуттук банктын Башкармасынын жыйналышынын протоколуна жазылат. Добуш берүүдө калыс калууга жол берилбейт. 

5. Улуттук банктын Башкармасынын жыйналышына катышпай калган Улуттук банктын төрагасы, төраганын орун басары же Башкармасынын мүчөлөрү жыйналыштын протоколу жана кабыл алынган чечимдер менен кол коюу менен таанышып чыгууга милдеттүү

6. Улуттук банктын Башкармасынын жыйналышын Улуттук банктын төрагасы алып барат. Ал жок болгон учурда Улуттук банктын Башкармасынын жыйналышын Улуттук банктын төрагасынын орун басарларынын бири алып барат. 

7. Улуттук банктын Башкармасынын чечимдери Улуттук банктын Башкармасынын токтомдору түрүндө таризделет. 

8. Улуттук банктын Башкармасынын ишин уюштуруу, Улуттук банктын Башкармасынын жыйналыштарын өткөрүү жана чечимдерин кабыл алуу тартиби Улуттук банктын Башкармасынын регламентинде аныкталат. 

 

64-берене. Улуттук банктын Башкармасынын ыйгарым укуктары  

 

1. Улуттук банктын Башкармасы Улуттук банктын компетенциясына кирген кандай гана маселелер болбосун кароого укуктуу. 

2. Улуттук банктын Башкармасынын өзгөчө ыйгарым укуктарына төмөнкүдөй маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу кирет: 

1) Улуттук банктын ишинин жана саясатынын негизги багыттары; 

2) Кыргыз Республикасындагы акча-кредит саясаты; 

3) Улуттук банктын бюджети (кирешелер жана чыгашалар бюджети, өнүктүрүү бюджети); 

4) Улуттук банктын жылдык отчету жана жылдык финансылык отчеттуулугу; 

5) Улуттук банктын ички контролдоо системасы жана тышкы аудити; 

6) Улуттук банктын резервдеринин жана эсептеринин түрлөрү, өлчөмдөрү, аларды түзүү жана пайдалануу тартиби; 

7) милдеттүү резервдик талаптар; 

8) акча-кредит инструменттери жана банктарга кредит берүү инструменттери; 

9) улуттук валютанын акча белгилерин жүгүртүүгө чыгаруу жана жүгүртүүдөн алып салуу; 

10) баалуу металлдардан аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды чыгаруу;  

11) Улуттук банктын эсепке алуу саясаты, эсептер планы, бухгалтердик эсепке алууну жана отчеттуулукту уюштуруу жана жүргүзүү эрежелери; 

12) Улуттук банктын эл аралык уюмдарга катышуусу;  

13) Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары юридикалык жактарды, Улуттук банктын обочолонгон түзүмдүк бөлүмдөрүн түзүү, капиталына катышуу жана жоюу; 

14) Улуттук банктын уюштуруу түзүмү жана кызматчыларынын штаттык санынын чеги; 

15) мыйзамдарда жана ушул конституциялык Мыйзамда чектөөлөр белгиленген Улуттук банктын кызматчыларынын кызмат орундарынын тизмегин аныктоо; 

16) Улуттук банктын, анын мекемелеринин, уюмдарынын жана кызматчыларынын ишин камсыз кылуу үчүн кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөр; 

17) Улуттук банктын регламенти жана Улуттук банктын Башкармасынын регламенти; 

18) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кабыл алуу; 

19) банктарга жана депозиттерди тарткан микрофинансылык компанияларга убактылуу администрация режимин киргизүү жана токтотуу; 

20) Улуттук банктын Башкармасы тарабынан аныкталуучу жактарга лицензияларды берүү жана аларды чакыртып алуу (жокко чыгаруу); 

21) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдары менен Улуттук банктын Башкармасынын компетенциясына гана кирген башка маселелер. 

3. Улуттук банктын Башкармасы коллегиялык органдарды (комитеттерди, комиссияларды жана кеңештерди) түзүүгө укуктуу.  

Коллегиялык органдардын ыйгарым укуктары жана жоопкерчилиги Улуттук банктын Башкармасы тарабынан аныкталат. 

4. Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында анын гана өзгөчө компетенциясына кирген ыйгарым укуктарды кошпогондо, Улуттук банктын Башкармасы өзүнүн ыйгарым укуктарынын бөлүгүн өткөрүп берүүгө укуктуу. 

 

 

65-берене. Улуттук банктын төрагасынын ыйгарым укуктары  

 

1. Улуттук банктын төрагасы: 

1) Улуттук банктын Башкармасынын ишин уюштурат, анын жыйналыштарын алып барат, Улуттук банктын Башкармасы тарабынан кабыл алынган токтомдорго кол коёт; 

2) Улуттук банктын Башкармасынын гана өзгөчө компетенциясына кирген маселелерди кошпогондо, администрациялык-башкаруу ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат, учурдагы иши боюнча чечимдерди кабыл алат; 

3) Улуттук банктын атынан иш алып барат жана анын атынан ишеним катсыз аракеттенет; 

4) ишеним каттарды берет; 

5) буйруктарды жана тескемелерди чыгарат; 

6) штаттык ырааттаманы бекитет; 

7) мыйзамдарда каралган жана Улуттук банктын Башкармасы өткөрүп берген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. 

2. Улуттук банктын төрагасы жок болгон учурда анын милдеттери орун басарларынын бирине жүктөлөт. 

 

 

13-глава. Улуттук банктын кызматчылары 

 

66-берене. Улуттук банктын кызматчылары 

 

1. Улуттук банктын бардык кызматкерлери, анын ичинде Улуттук банктын төрагасы, төраганын орун басарлары жана Башкармасынын мүчөлөрү Улуттук банктын кызматчылары болуп саналат. 

2. Улуттук банктын кызматчыларын ишке кабыл алуу тартиби Улуттук банктын Башкармасы тарабынан аныкталат.  

3. Эгерде ушул конституциялык Мыйзамда башкача каралбаса, Улуттук банктын кызматчыларынын эмгек акысын төлөө системасы жана тартиби финансылык рынокто атаандашууга жөндөмдүү эмгек акыларды эске алуу менен Улуттук банктын Башкармасы тарабынан белгиленет. 

4. Улуттук банктын кызматчылары этикалык жүрүм-турум принциптерин сактоого жана кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыгышына себеп боло турган ар кандай учурлардан алыс болууга тийиш. 

5. Улуттук банк кызыкчылыктардын кагылышуусуна мониторинг жүргүзүү максатында өзүнүн кызматчыларынын жана алардын жакын туугандарынын маалыматтар базасын түзүүгө укуктуу, бул маалыматтар купуя болуп саналат. Кызыкчылыктардын кагылышуусун аныктоо жана аны болтурбоо тартибин Улуттук банк белгилейт. Улуттук банк мындай маалыматтардын сакталышын жана купуялыгын камсыз кылууга милдеттүү.  

6. Улуттук банктын кызматчысы текшерүүнүн жана/же сот өндүрүшүнүн белгилүү бир мезгилинин алкагында конкреттүү маселелердин тизмеги камтылган тергөөчүнүн токтому же соттук актынын негизинде сот өндүрүшүнүн жарандык, кылмыш-жаза, административдик жана башка формалары боюнча адис катары ишке тартылышы мүмкүн. 

7. Улуттук банктын кызматчыларынын кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу укуктук жактан корголушу жана жоопкерчилиги ушул конституциялык Мыйзамда аныкталат. 

 

67-берене. Улуттук банктын кызматчыларын социалдык жактан коргоо  

 

Улуттук банк өз кызматчыларын социалдык жактан коргоо максаттары үчүн өз каражаттарынын эсебинен төмөнкүлөргө укуктуу: 

1) Улуттук банктын кызматчыларынын өмүрүн камсыздандырууну жана медициналык камсыздандырууну, кошумча пенсия менен камсыз кылууну уюштурууга. Кызматчылардын айрым категориялары Улуттук банктын Башкармасы тарабынан бекитилчү тизмекке ылайык милдеттүү камсыздандырылууга тийиш; 

2) Улуттук банктын кызматчылары үчүн белгиленген тартипте турак жай ссудаларын (ипотекалык кредиттерди), керектөө кредиттерин берүүнү жана кыймылсыз мүлктү сатып алууну уюштурат; 

3) Улуттук банктын кызматчыларын социалдык жактан коргоонун башка чараларын (социалдык пакет) көрөт. 

 

68-берене. Улуттук банктын кызматчылары үчүн чектөөлөр  

 

1. Улуттук банктын Башкармасы тарабынан бекитилчү кызмат орундарынын тизмегине ылайык Улуттук банктын кызматчыларына төмөнкүлөргө тыюу салынат: 

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү болууга же башка мамлекеттик же муниципалдык кызматты ээлөөгө, ошондой эле башка мамлекеттин жарандыгына ээ болууга; 

2) банктарда же Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка юридикалык жактарда кызмат орундарын ээлөөгө

3) башка уюмдарда, анын ичинде ишин айкалыштыруу менен иштөөгө, ошондой эле жарандык-укуктук келишим боюнча кызмат көрсөтүүгө (окутуучулук, илимий-изилдөө жана чыгармачылык иштерди кошпогондо). 

Ушул бөлүктүн 2 жана 3-пункттарында каралган тыюу салуулар, Улуттук банктын кызматчыларынын Улуттук банк акционер (катышуучу) болгон уюмдарда Улуттук банктын жана Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына расмий өкүлчүлүк кылышына, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык финансы-кредиттик жана башка уюмдарда постторду жана кызмат орундарын ээлешине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларга карата жайылтылбайт; 

4) банктардан жана микрофинансы уюмдарынан кредиттерди алууга; 

5) эгерде кызыкчылыктардын кагылышына алып келиши мүмкүн болсо, баалуу кагаздарды сатып алууга. Улуттук банктын кызматчысы Улуттук банкта иштеп жаткан мезгилде ага таандык болгон баалуу кагаздарын Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүгө милдеттүү

6) ушул конституциялык Мыйзамда башкача каралбаса, Улуттук банктагы үчүнчү жактардын иштери боюнча ишенимдүү адамы же өкүлү болууга. 

2. Ушул беренеде Улуттук банктын кызматчылары үчүн белгиленген чектөөлөрдү сактабоо эмгек милдеттерин одоно бузуу болуп саналат. 

 

69-берене. Купуя маалыматтарды коргоо 

 

1. Улуттук банк кызматтык жана башка купуя маалыматтарды, ошондой эле банктык сырды түзгөн маалыматтарды коргоо системасына ээ болууга милдеттүү

2. Документтердин түп нускасында камтылган үлгүлөрдүн болушун талап кылган экспертизаларды жүргүзүү үчүн документтердин түп нускасын алуу зарыл болгон учурларды кошпогондо, банктык сырды жана купуя маалыматты камтыган маалымат жана документтер соттук актынын негизинде гана жана күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөр түрүндө гана алынышы мүмкүн, бул тууралуу тинтүү жана алуу өндүрүшү жөнүндө токтомдо түздөн-түз көрсөтүлөт. Документтердин түп нускасы экспертиза жүргүзгөндөн жана/же соттун чечими күчүнө киргенден кийин 5 жумушчу күндүн ичинде кайтарып берилүүгө тийиш.  

3. Улуттук банктын кызматчыларына кызматтык жана башка купуя маалыматтарды, ошондой эле банктык сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгарууга тыюу салынат. Мындай маалыматтарды ачыкка чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. 

4. Ушул беренеде көрсөтүлгөн маалыматтарды ачыкка чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет. 

 

70-берене. Улуттук банктын кызматчыларын жана ыйгарым укуктуу  

өкүлдөрүн укуктук коргоо  

 

1. Улуттук банктын кызматчылары, убактылуу администрациянын жетекчиси (убактылуу администратор) жана анын өкүлдөрү, ошондой эле Улуттук банктын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын билдирген башка адамдар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин же мыйзамдуу тапшырмаларды аткаруунун жүрүшүндөгү чыгымдары үчүн кайсы жактын алдында болбосун жарандык жоопкерчилик тартпайт. Алардын укук ченемсиз ишине байланыштуу дооматтар жана доолор Улуттук банкка гана коюлушу мүмкүн. Улуттук банк регресстик тартипте доо коюуга укуктуу. 

2. Улуттук банк кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу маселелер боюнча соттордо жана башка мамлекеттик органдарда өз эсебинен зарыл болгон чыгашаларды төлөө, же болбосо кызматчылар тарткан чыгашаларды компенсациялоо аркылуу өз кызматчыларын укуктук жактан коргоону камсыз кылууга милдеттүү

3. Банкка жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка юридикалык жактарга карата таасир этүү чараларын колдонуунун жана ушул конституциялык Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды аткаруунун натыйжасында келип чыккан чыгымдар үчүн Улуттук банк жоопкерчилик тартпайт. 

 

 

14-глава. Улуттук банктын мүлктүк укуктары жана коопсуздугу 

 

71-берене. Улуттук банктын мүлкү жана ишинин коопсуздугу  

 

1. Улуттук банк өзүнө таандык болгон акча каражаттарына, имараттарга, курулмаларга, жабдууларга, транспортко жана башка мүлктөргө өз алдынча ээлик кылат, аларды пайдаланат жана тескейт. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда каттоодон өтүүгө тийиш болгон Улуттук банктын мүлкү, анын ичинде кыймылсыз мүлкү жана жер тилкелери Улуттук банктын менчиги катары катталат.  

2. Мамлекет Улуттук банктын мыйзамдуу мүлктүк укуктарынын корголушун кепилдейт, анын мүлкүн алып коё албайт же кыскарта албайт. Улуттук банктын мүлкү, анын ичинде капитал, акча каражаттары жана негизги каражаттары, башка материалдык баалуулуктар Улуттук банктын менчиги болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттун чечимисиз аларга башка милдеттенмелер жүктөлүшү мүмкүн эмес.  

3. Улуттук банк Улуттук банктын ишин камсыз кылуу, анын функцияларын жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу жана кызматчыларын социалдык жактан коргоо максатында гана кандай мүлктү болбосун, менчикке сатып алууга же ижарага алууга, анын ичинде акысыз пайдалануу үчүн алууга укуктуу. 

4. Улуттук банктын негизги милдеттерин ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү максатында Улуттук банк юридикалык жактардын акцияларынын ээси болууга же башкача түрдө алардын ишине катышууга укуктуу. 

5. Жараксыз болгон же пайдаланылбаган материалдык баалуулуктарды ээликтен ажыратуу тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет. 

6. Улуттук банк кредит берүүчүнүн ар кандай укуктарын кандай гана формада болбосун, эки жылдан кечиктирилбеген мөөнөттө, андан ары ээликтен ажыратуу менен сатып алууга укуктуу. 

7. Улуттук банк борбордук банктардын ишине карата коюлуучу эл аралык талаптарга ылайык өз ишинин коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды, анын ичинде мүлкүнүн, акча каражаттарынын жана башка активдеринин сакталышына, ошондой эле кызматчыларын жана маалыматтарын коргоого багытталган чараларды көрүүгө милдеттүү

8. Улуттук банкта ок атуучу курал-жарактарды жана атайын каражаттарды сактоо, алып жүрүү жана колдонуу укугуна ээ болгон түзүмдүк бөлүмдөр иштейт. 

 

72-берене. Улуттук банктын туунду уюмдары менен операциялар  

 

Улуттук банктын негизги милдеттерин ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү максатында Улуттук банк кредиттерди/зайымдарды, анын ичинде камсыз кылынбастан субординацияланган кредиттерди/зайымдарды Улуттук банктын туунду жана ассоциацияланган уюмдарына (Улуттук банк олуттуу катышкан уюм) берүүгө, ошондой эле депозиттерди, анын ичинде субординацияланган депозиттерди Улуттук банктын Башкармасы тарабынан аныкталган шарттарда жайгаштырууга укуктуу.  

 

73-берене. Салык салуу, бажы төлөмдөрү жана мамлекеттик алым  

 

1. Улуттук банкка салык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. 

2. Улуттук банк бажы төлөмдөрүн Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат. 

3. Улуттук банк жана анын региондук бөлүмдөрү бардык нотариалдык иш-аракеттер боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык сот органдарында мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулат. 

 

74-берене. Корутунду жоболор 

 

1. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

2. Улуттук банктын уставдык капиталын ушул конституциялык Мыйзамдын 11-беренесинде каралган 4 (төрт) миллиард сомго чейин көбөйтүү Улуттук банктын милдеттүү резервдеринин эсебинен жүзөгө ашырылсын. 

3. Ушул конституциялык Мыйзам күчүнө киргенге чейин шайланган/ дайындалган Улуттук банктын төрагасы, төраганын орун басарлары жана Башкармасынын мүчөлөрү аларды шайлоонун/дайындоонун бүткүл мөөнөтүндө өздөрүнүн ыйгарым укуктарын сактап калышат.  

4. 5-берененин 22-пункту 2025-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.  

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын: 

1) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 11, 1183-ст.)

2) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын 1, 2, 6, 7, 8 жана 9-беренелери (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 11, 1184-ст.);  

3) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 34 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 4, 200-ст.)

4) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 11-июлундагы № 68 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 468-ст.)

5) «Террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 6-августундагы № 88 Мыйзамынын 19-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 488-ст.)

6) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-декабрындагы № 100 Мыйзамынын 1, 2-беренелери (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 12, 670-ст.)

7) «Расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлундагы № 83 Мыйзамынын 25-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2019-ж., № 7-8, 471-ст.)

8) «Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана «Кыргыз ССРнин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготту деп таануу тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 23-мартындагы № 29 Мыйзамынын 22-беренеси (2020-жылдын 27-мартындагы «Эркин Тоо» газетасы, № 31); 

9) «Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33 Мыйзамынын 10-беренеси («Эркин Тоо» газетасы, 2020-жылдын 3-апрели, № 32)

10) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Инновациялык иш жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу)» Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 51 Мыйзамынын 1-беренеси («Эркин Тоо» газетасы, 2020-жылдын 5-майы,№ 35); 

11) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 18-июлундагы № 78 Мыйзамы (2020-жылдын 21-июлундагы «Эркин Тоо» газетасы, № 57)

12) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 22-июлундагы № 85 Мыйзамынын 2-беренеси (2020-жылдын 28-июлундагы «Эркин Тоо» газетасы, № 59)

13) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 24-июнундагы № 77 Мыйзамы (2021-жылдын 29-июнундагы «Эркин Тоо» газетасы, № 75);  

14) «Бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 9-августундагы № 93 Мыйзамынын 7-беренеси (2021-жылдын 13-августундагы «Эркин Тоо» газетасы, № 87);  

15) «Аудитордук иш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 143 Мыйзамынын 4-беренеси (2021-жылдын 30-ноябрындагы «Эркин Тоо» газетасы, № 145).  

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде: 

1) мыйзам актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча сунуштарды даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине белгиленген тартипте киргизсин;  

2) өзүнүн чечимдерин ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин.  

7. Улуттук банк ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин.  

 

Кыргыз Республикасынын
Президенти  

 

С.Н. Жапаров  

 

Бишкек ш. 

2022-жылдын 11-августу 

№ 92 

 

"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 17-августундагы N 72-74 жарыяланды