Практикадан өтүү
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы окуу мөөнөтү 5 жылдык жогорку окуу жайлардын же магистратуралардын 4-5-курстарынын студенттерин өндүрүштүк жана диплом алдындагы практикадан өтүүгө кабыл алат.
Практика өтүүнүн мөөнөтү - 3 жума. Практика өтүүгө төлөө каралган эмес.
Улуттук банктан практика өтүүчү практиканттарды тандоо эки этаптан турат:
- документтерди кабыл алуу;
- талапкерлер менен маектешүү (тесттен өткөрүү).
Талапкерлерге коюулуучу талаптар:
- окуу мөөнөтү беш жылдык жогорку окуу жайларынын жана магистратуралардын акыркы (4-5) курстарынын артыкчылык менен окуган студенттери;
- профилдик сабактар боюнча студенттик конференцияларга, олимпиадаларга катышкан студенттер;
- профилдик сабактар боюнча жарыяланган иштердин авторлору;
- Кыргыз Республикасынын жарандары;
- Компьютерди пайдалануучу деңгээлде билүүсү;
Талап кылынуучу документтер:
- практика өтүүнүн мөөнөтү көрсөтүлгөн, тиешелүү жогорку окуу жайдын мөөрү басылган, студенттерди практика өтүүгө кабыл алуу үчүн берилген жогорку окуу жайдын жолдомо каты.
- кадрларды эсепке алуу баракчасы, сүрөтү менен (Персонал менен иш алып баруу бөлүмү тарабынан берилет);
- өмүр баяны;
- таржымал (өзү жөнүндө кошумча маалыматтар, Улуттук банктан практика өтүүсүнүн максаты);
- жогорку окуу жайдын мөөрү басылган зачеттук китепчесинин көчүрмөсү.
Документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Бишкек шаары, Чуй проспекти, 168 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Персонал менен иш алып баруу бөлүмүнүн № 117/1 бөлмөсүнө же (0312) 66 91 50 телефондоруна кайрылсаныздар болот.