Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
эсептик ченди 9,00 пайыз деңгээлинде калтырды
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 27-январында эсептик ченди (негизги ченди) 9,00 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 2025-жылдын 28-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасында баа динамикасы бир калыпта болуп, орто мөөнөткө каралган мезгил аралыгында инфляция боюнча максаттуу көрсөткүч – 5-7 пайыз чегинде сакталып турат. 2024-жылдын декабрь айында жылдык инфляциянын көрсөткүчү 6,3 пайызды, 2025-жылдын 17-январына карата абал боюнча – 6,5 пайызды түздү. Тышкы шарттардын тийгизген таасирлери менен катар эле ички суроо-талаптын жогору болушу өлкөдө жалпы баа деңгээлинин учурдагы динамикасын аныктаган фактор бойдон калууда.
Кыргыз Республикасында 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча экономикадагы өсүш 9,0 пайызды түздү. Экономиканын негизги секторлорунда оң динамика байкалган, ошол эле учурда кызмат көрсөтүү менен курулуш секторунда эң көп экономикалык жигердүүлүк катталган. Калктын реалдуу кирешелеринин жана жеке жактардын өлкөгө акча которууларынын таза агымынын өсүшү, ошондой эле керектөө кредиттеринин кеңейиши ички суроо-талапка колдоо көрсөткөн.
Улуттук банк кармап турган монетардык шарттар өлкөнүн экономикасы үчүн инфляцияны шарттаган тышкы тобокелдиктерди чектөө менен акча жана валюта рынокторунда туруктуу жагдайды сактоого өбөлгө түзөт. Банктар аралык акча рыногунда катышуучулардын орточо активдүүлүгү – банк системасында көлөмү монетардык инструменттер менен жигердүү жөнгө салынып турган үстөк ликвиддүүлүктүн жогорку деңгээлде болушу менен шартталган. Финансы-кредит уюмдарынын ишинин негизги көрсөткүчтөрү жетиштүү туруктуулук көлөмүн көрсөтүүдө. Коммерциялык банктар экономиканын негизги секторлоруна кредиттерди активдүү берип, ресурстук базаны өстүрүүнү улантууда.
Тышкы экономикалык абалдын келечеги мурдагыдай эле сакталып турган геосаясий факторлордон улам жогорку белгисиздик менен мүнөздөлөт. Дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы баалар акыркы айларда өсүп жаткан динамиканы көрсөтүүдө, ошондой эле эл аралык финансы рынокторунун жогорку деңгээлде өзгөрүлмөлүү болушу белгиленет. Кыргыз Республикасынын айрым соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндө инфляциялык басым жогорку деңгээлде кармалып турат.
Акча-кредит саясатынын аркасы менен ички инфляция инфляция боюнча орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүч аралыгында кармалып турат, бирок тышкы факторлор инфляцияны шарттаган мүнөзгө ээ болууда. Ушуга байланыштуу Улуттук банктын негизги ченин 9,00 пайыз деңгээлинде сактоо чечими кабыл алынды. Бул чечим өлкөнүн учурдагы макроэкономикалык шарттарына жооп берет жана орун алып турган тышкы тобокелдиктерге Улуттук банктын жүргүзгөн саясатын чагылдырат. Кабыл алынган чечим орто мөөнөткө каралган мезгил аралыгында өлкөдө баа туруктуулугун сактоого жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Улуттук банк түптөлгөн тышкы жана ички экономикалык шарттарды баалоону улантат жана акча-кредит саясатын жүргүзүүдө теӊ салмактуу ыкмага таянат. Баа туруктуулугуна таасир берген кандайдыр бир тобокелдиктер жаралган учурда Улуттук банк жүргүзүлгөн монетардык саясатка түзөтүү киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.
Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки пландуу отуруму 2025-жылдын 24-февралында өтөт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору санарип финансы кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүүгө дем берүү, аралыктан тейлөө каналдары аркылуу кредиттерди берүүнүн колдонулуп жаткан практикасын өркүндөтүү, алдамчылык тобокелдиктерин азайтуу жана кардарлар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошону менен бирге процесстердин натыйжалуулугу менен коопсуздукту камсыздоонун ортосундагы балансты сактоо максатында иштелип чыккан.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында Улуттук банктын ченемдик актылары/Талкууга сунушталган долбоорлор бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.
Сектор токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 24-февралынан кечиктирбестен bkuvanychbekov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 22-январында № 2025-П-12/2-3-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды (мындан ары – токтом).
Токтом Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.
Токтомдун электрондук версиясы Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк жөнүндө/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Ченемдик укуктук актынын электрондук версиясы Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк жөнүндө/Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банк эмес финансы мекемелер ишин жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылган.
2. Коммерциялык банктардын алмашуу бюролору менен чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүсүнө коюлган чектөөлөрдү убактылуу алып салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 22-январында № 2025-П-12/2-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-сентябрындагы № 2022-П-33/55-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын
22-июлундагы № 2022-П-33/45-2-(НПА) «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомунун аракетин убактылуу токтотуу тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды.
Ушул токтом менен Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын
22-июлундагы № 2022-П-33/45-2-(НПА) «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомунун аракети 2025-жылдын 1-августуна чейин убактылуу токтотулат.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.».
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 22-январында № 2025-П-12/2-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды. Токтомдун максаты Улуттук банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү болуп саналат.
Токтомдун электрондук версиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Тышкы көзөмөлдүн жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Жалал-Абад областы, Сузак району, Сузак айылы, Дакан Палван көчөсү, 1-үй (болжолу: "Сузак" соода борбору) дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «СУЗАК БЕРЕКЕ» алмашуу бюросунун 2022жылдын 4июлундагы № 6316 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 24-январынан тартып 7февралын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок Жалал-Абад шаарынын аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранына (А.М.А.) 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, Шопоков көчөсү, 91 дареги боюнча жайгашкан «М.Т.Капитал» ЖЧК алмашуу бюросунун 2024-жылдын 17-апрелиндеги № 6783 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 21-январынан тартып 4-февралын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир төлөм уюмуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ачык акционердик коому тарабынан «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААКтын башкы бухгалтеринин орун басары кызмат ордуна сунушталган Шеркулова Асель Толомушовнанын талапкерлигине 2025-жылдын 17-январында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Тышкы көзөмөлдүн жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Жалал-Абад областы, Сузак району, Бек-Абад айылы, М. Сыдыков көчөсү, 1 (№ 10 бөлмө) (болжолу: «БекАбадАвтожол» контролдоо-өткөрүү пункту) дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «ЭКВАЛИТ» алмашуу бюросунун 2024жылдын 9февралындагы № 6709 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 21-январынан тартып 19-февралын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «О!Банк» ачык акционердик коому тарабынан «О!Банк» ААКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү/Аудит боюнча комитеттин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Пол Эндрю Голдфинчтин талапкерлигине 2025-жылдын 16-январында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «О!Банк» ачык акционердик коому тарабынан «О!Банк» ААКтын Тобокелдиктерди тескөө боюнча комитеттин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Мангитов Арман Ахтуреевичтин талапкерлигине 2025-жылдын 16-январында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Банк секторундагы жагдай тууралуу
Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын бирине санкция киргизилди деген маалымат тарап жатканына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкүлөрдү билдирет.
Бүгүнкү күндө банк сектору туруктуу, тышкы мүнөздөгү ар кандай тобокелдиктерге туруштук бере ала турган жетиштүү капиталга жана ликвиддүүлүккө ээ. Коммерциялык банктар штаттык режимде иштеп жатышат жана кардарларга үзгүлтүксүз негизде банктык кызматтарды көрсөтүүдө. Ички валюта рыногундагы жагдай туруктуу.
Кыргыз Республикасынын банк системасына санкциялардын терс таасирлерин азайтуу жана өлкөнүн финансы системасынын туруктуулугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат.
Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банк системасынын туруктуулугун сактоо жана кредиторлор менен аманатчылардын кызыкчылыгын коргоо үчүн кошумча чараларды көрөт, ошондой эле кошумча инструменттерди колдонууга даяр.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан төлөм уюмуна 55 000 сом өлчөмүндө айып салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Жалал-Абад областы, Базар-Коргон району, Базар-Коргон шаары, Вокзал көчөсү н/ж, (болжол: дыйкан базары) дареги боюнча жайгашкан «ВАЛЮТА-Д» жоопкерчилиги чектелген коому алмашуу бюросунун 2022жылдын 21-июлундагы № 6333 лицензиясынын аракети 2025жылдын 15январынан тартып 29-январын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
Кыргыз Республикасы Улуттук банкы «Банк жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн маалыматтарын алмашуу жана пайдалануу үчүн API стандарты» долбоорун (мындан ары – Стандарт долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Стандарт долбоорунда ачык банктык интерфейстер аркылуу өз ара аракеттенүүнүн алкагында маалыматтарды алмашуу үчүн API принциптери жана стандарттары каралган. Стандарттын негизги максаты - ачык-айкындуулукту, коопсуздукту жана маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу менен ачык API чөйрөсүнүн катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүнө бирдиктүү мамиле түзүү.
Стандарт долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Төлөм системаларынын катышуучулары Стандарт долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 14-февралынан кечиктирбестен nipasova@nbkr.kg электрондук почта дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок Ош шаарынын аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын бир жаранына (Т.М.Б.) 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Баткен облаcтында жайгашкан эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2025-жылдын 9-январынан тартып 23-январын кошо алгандагы мезгил аралыгына төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду:
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 150, 1-бөлүк (үлүш) дареги боюнча жайгашкан «Союз лтд» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 27-январындагы №6698 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Москва көчөсү, 86, №2 кеңсе дареги боюнча жайгашкан «Стимул Аскат» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 16-апрелиндеги № 6781 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 182 дареги боюнча жайгашкан «Ават финанс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 17-ноябрындагы №6637 лицензиясы.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир коммерциялык банкка 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 30-декабрында «Кыргыз Инвестициялык Кредит Банкы» жабык акционердик коому тарабынан «Кыргыз Инвестициялык Кредит Банкы» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Тургунбеков Канатбек Тургунбековичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Банктардын тышкы жана ички таасирлерге туруктуулугун жогорулатуу, капиталдык базаны чыңдоо, ошондой эле банктардын ички контролдоо жана тобокелдиктерди тескөө системасын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 27-декабрында №2024-П-12/71-3-(БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү боюнча ички жол-жоболор жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомун (мындан ары – токтом) кабыл алды.
«Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү боюнча ички жол-жоболор жөнүндө» жободо банктар жыл сайын Улуттук банкка берүүгө тийиш болгон, капиталдын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү боюнча ички жол-жоболор (мындан ары - жол-жобо) отчётунун түзүмү жана аны толтуруу тартиби камтылат.
Мындан тышкары, документте ишенимдүү жана натыйжалуу жол-жоболорду иштеп чыгууда банктар эске алууга тийиш болгон негизги аспектилер баяндалган.
Жол-жоболордо банк дуушарланышы ыктымал болгон бардык олуттуу тобокелдиктер камтылууга жана анын ишинин мүнөзүнө, масштабына жана татаалдыгына ылайык келүүгө тийиш.
Жол-жоболордун алкагында жаңы талаптар банктардын жетекчилигинин капиталды баалоо, ошондой эле банктардын олуттуу тобокелдиктерин аныктоо жана баалоо маселелерине көңүл буруусун жогорулатуу аркылуу банк секторуна оң таасирин тийгизет.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 27-декабрында №2024-П-12/71-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-3-(НПА) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды.
Токтом атайын жөнгө салуу режимин түзүү жана жүргүзүү шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынды.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк жөнүндө/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Ченемдик укуктук акты Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк жөнүндө/Улуттук банктын ченемдик актылары» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Коммерциялык банктарда корпоративдик башкарууга карата талаптарды жакшыртуу жана банктарды корпоративдик башкаруу системасында ачык-айкындуулукту жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 27-декабрында №2024-П-12/71-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын корпоративдик башкаруу кодексине минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомун (мындан ары – токтом) кабыл алды.
Улуттук банктын токтомунда банктын корпоративдик башкаруу системасынын ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн корпоративдик башкаруунун ички кодексин, дивиденддерди бөлүштүрүү саясатын, маалымат саясатын, ошондой эле туруктуу өнүктүрүү саясатын иштеп чыгууга карата талаптар белгиленген.
Мындан тышкары, бул токтомдо банктын акционерлеринин жалпы жыйынына, директорлор кеңешине, банктын директорлор кеңешинин акционерлер, банктын аткаруу органдары жана негизги кызматкерлери менен өз ара иш алып баруусуна карата талаптарды, ошондой эле корпоративдик башкаруу боюнча маалыматты ачып көрсөтүү талаптарын кеңейтүү сунушталат.
Мындан тышкары, токтомдо экологиялык жана социалдык менеджмент принциптерин (Ecological social Management System) ишке киргизүү жана шариаттык башкаруу боюнча глава каралган.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы №51/4 токтому менен Кыргыз Республикасынын банк секторунда туруктуу каржылоону өнүктүрүү жана ESG принциптерин киргизүү боюнча жол картасы (мындан ары – Жол картасы) бекитилгендигин маалымдайт.
Жол картасы орто мөөнөткө каралган мезгилде (2024 – 2026-ж.) стратегиялык багыттар менен иш-чараларды аныктайт жана ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, рыноктук механизмдерге өбөлгө түзүү, климаттык тобокелдиктерди баалоо жана тескөө үчүн жаңы инструменттерди киргизүү, ошондой эле бардык кызыкдар тараптардын потенциалын жогорулатуу жана маалымдоо аркылуу туруктуу каржылоону өнүктүрүү үчүн жагымдуу экосистеманы түзүүгө багытталган.
Документ Улуттук банктын расмий интернет-сайтында төмөнкү даректер боюнча жайгаштырылган:
- www.nbkr.kg / Банктын функциялары / Банк тутуму / Банк секторун өнүктүрүү стратегиясы;
- www.nbkr.kg / Банктын функциялары / Банк эмес финансы уюмдары / Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн негизги багыттары.
Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарын бузууга жол бергендиги жана Улуттук банктын милдеттүү түрдө аткарылуучу жазма буйруктарын аткарбагандыгы үчүн, Бишкек шаарында жайгашкан бир төлөм уюмуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
2024-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгында жолугушуу болуп өттү, ага жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана Ош шаарынын финансылык сабаттуулук боюнча тренерлери катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө 2024-жылы калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы жана региондун калкы арасында өткөрүлүүчү маалымат берүү-агартуу иш-чараларынын кийинки жылга планы талкууланып, кызматташтык үчүн өнөктөштөргө ыраазычылык айтылды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек ш., Абдрахманов көч., 105, 25-иш бөлмөсү дареги боюнча жайгашкан «Койн Чендж» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 6796 лицензиясынын аракети 2024-жылдын 26-декабрынан тартып 2025-жылдын 9-январын кошо алгандагы мезгил аралыгына убактылуу токтотулду.
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «ЭкоИсламикБанк» жабык акционердик коому тарабынан «ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын ички аудит кызматынын жетекчиси кызмат ордуна сунушталган Жолочиев Сүйөркул Молдогазиевичтин талапкерлигине 2024-жылдын 26-декабрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «О!Банк» ачык акционердик коому тарабынан «О!Банк» ААКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Симен Андреас Мюнтердин талапкерлигине 2024-жылдын 26-декабрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алуусуз нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгү тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранына (А.к.А.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир коммерциялык банкка 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
2024-жылдын 20-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана Талас областынын финансылык сабаттуулук боюнча тренерлер менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө 2024-жылы калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы жана калк арасында маалымат берүү-агартуу боюнча кийинки жылга иш-чаралар планы талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Айыл Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Айыл Банк» ААКтын андан ары контролдоо бөлүмүнүн начальниги – башкы бухгалтердин орун басары кызмат ордуна сунушталган Арпачиев Талантбек Илиязовичтин талапкерлигине 2024-жылдын 20-декабрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду:
- 2024-жылдын 20-декабрынан тартып 29-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, 59-үй, 83-квартира дареги боюнча жайгашкан «Алим-Амир» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 26-июлундагы № 6887 лицензиясы;
- 2024-жылдын 20-декабрынан тартып 22-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 146, 3-бөлмө дареги боюнча жайгашкан «Куш финанс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 12-июлундагы № 6870 лицензиясы.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду:
- 2024-жылдын 21-декабрынан тартып 27-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 152-үй дареги боюнча жайгашкан «Danaroso» (Данаросо) алмашуу бюросу КЖКнын 2024-жылдын 31-июлундагы № 6896 лицензиясы;
- 2024-жылдын 21-декабрынан тартып 25-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 129, 6-бөлмө дареги боюнча жайгашкан «ФинТренд» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 17-июлундагы № 6876 лицензиясы.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору, финансы-кредит уюмдарына мындай кредиттер боюнча пайыздык ченди төмөндөтүү күнүнө карата «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жол берилген чектүү пайыздык чендин өлчөмүнөн ашпаган деңгээлге чейин төмөндөтүлгөн кредиттерге карата атайын классификацияны колдонбоо мүмкүнчүлүгүн берүү максатында иштелип чыккан.
Ошондой эле токтом долбоорунда «байкоого алынган» кредиттер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге чыгашалардын өлчөмүн 2 эсеге, 10%дан 5%га чейин кыскартуу каралган.
Мындан тышкары, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервди баскычтар боюнча түзүү максатында тобокелдиктерди эске алуу менен «субстандарттуу» кредиттер категориясы кошулган.
Токтом долбоорунда ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобого 2006-жылга чейин чыгарылган, төлөм каражаты статусуна ээ АКШ доллары банкноттору менен алмашуу операцияларын жүргүзүүдө комиссиялык төлөм белгилөө мүмкүнчүлүгүн берүү жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.
Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.
Сектор долбоор боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 21-январынан кечиктирбестен malmanbetova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.
Кыргыз Республикасы Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Төлөм системаларынын интероперабелдүүлүгүн өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору айкын убакыт ыргагында QR-коддорун жана башка идентификаторлорду колдонуу менен тез которууларды жана төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн төлөм кызматтарын керектөөчүлөр үчүн бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзүү үчүн негизги ыкмаларды аныктоо максатында иштелип чыккан.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Төлөм системаларынын катышуучулары токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 20-январынан кечиктирбестен nipasova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок Ош шаарынын аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын үч жаранынын (Ж.Д.А., К.Ж.А., С.А.А.) ар бирине 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ош шаарында жайгашкан эки алмашуу бюросунун ар бирине 55000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
2024-жылдын 17-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Улуттук банктын жетекчилигинин демилгеси менен Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө арналган тегерек стол маеги болуп өттү.
Иш-чарага Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле Улуттук банктын областтык башкармалыктарынын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчилери видеоконференция байланышы форматында катышты.
«Мамлекеттик органдарда коррупцияны алдын алуу» деген темада юридика илимдеринин кандидаты, доцент, полковник Бакыт Какешов баяндама жасады.
Иш-чаранын максаты – коррупцияга каршы саясатты өркүндөтүү жаатында мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Улуттук банктын жалпы жамаатына маалымат берүү, ошондой эле борбордук банктын кызматкерлери иш милдеттерин аткарууда мыйзам талаптарын сактоого чакыруу.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын аймагында борбордук/улуттук банктардын санарип валюталары менен алдамчылык операцияларды алдын алуу максатында, санарип сом азырынча ишке киргизиле электигин жана учурда мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналбай тургандыгын жарандарга эскертет.
Учурда Улуттук банк санарип сом үчүн платформа тандоо стадиясында турат, ошондой эле улуттук санарип валюта – санарип сомдун укуктук статусу боюнча мыйзам долбоорлорун илгерилетүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун күчүнө кирүү мөөнөтү «2027-жылдын 1-январында» белгиленген.
Ушундан улам, Улуттук банк жарандарды сак болууга, санарип сом тууралуу жалган маалыматтарды, анын ичинде WhatsApp, Telegram жана башка мессенджерлер аркылуу таратылган билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок Жалал-Абад областынын аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранына (Ж.Ы.М.) 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алуусуз нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгү тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранына (Ж.Б.А.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек ш., Москва көч., 71-үй, 0-кабат дареги боюнча жайгашкан «Барак Финанс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 24-январындагы № 6452 лицензиясынын аракети 2024-жылдын 14-декабрынан тартып 23-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына убактылуу токтотулду.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 11-декабрында № 2024-П-12/66-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы №24/11 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды. Токтомдун максаты Улуттук банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык келтирүү болуп саналат.
Токтомдун электрондук версиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду:
2024-жылдын 13-декабрынан тартып 27-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
- Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 84-үй, 7-квартира дареги боюнча жайгашкан «Кей Джи Ноль Семь» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 6928 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 129-үй, 2-кеңсе дареги боюнча жайгашкан «Мега Валют» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 23-ноябрындагы № 6407 лицензиясы;
2024-жылдын 13-декабрынан тартып 17-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 146/1 дареги боюнча жайгашкан «Аманат Кэш» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 25-февралындагы № 6472 лицензиясы;
2024-жылдын 14-декабрынан тартып 18-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 141, блок «А» дареги боюнча жайгашкан «Береке Акча» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 21-октябрындагы № 6379 лицензиясы.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында 2024-жылдын 10-декабрында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Биринчи орун басары А.А. Касымалиевдин жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, министрликтер менен ведомстволордун, Президенттин облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесинин, «KG (КЕЙ-ЖИ) Төлөм системаларынын операторлорунун Ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесинин, коммерциялык банктардын, «Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коомунун жана «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын кезектеги отуруму өттү.
Отурумдун жүрүшүндө 2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча өткөрүлгөн иш-чаралар, ошондой эле пенсионерлердин төлөм карталарынан нак акча каражаттарын алуудагы тариф саясаты талкууланды. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча иш-чаралар планына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси демилгеленди.
Төлөм системасы боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү максатында, Улуттук банк 2024-жылдын 4-декабрында № 2024-П-14/64-1-(ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк /Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгы 2024-жылдын 10-декабрь күнү пландын негизинде Ош областынын Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагынын жергиликтүү калкына «Финансылык сабаттуулук» темасында көчмө лекция өткөрдү.
Лекцияда Улуттук банктын ролу жана функциялары, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана анын коргоо белгилери, QR-код колдонуу аркылуу төлөмдөрдү жана акча которууларды ишке ашырууну өнүктүрүү, акча каражаттарын сарамжалдуу колдонуу, каражат топтоо, финансылык пландаштыруу, финансылык максаттарды коюу, ошондой эле үй-бүлөлүк жана жеке бюджеттерди түзүү тууралуу маалымат берилди.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок Ош шаарынын аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын эки жаранынын (Ч.С.М., Э.у.А.) ар бирине 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2024-жылдын 7-декабрынан тартып 11-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду:
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 170 В дареги боюнча жайгашкан «Динар и Ко» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 14-апрелиндеги № 6516 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 129, 5-кеңсе дареги боюнча жайгашкан «Мани КЭШ» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 13-январындагы № 6448 лицензиясы.
2024-жылдын 5-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгында калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган иш-чараларды (мындан ары – иш-чаралар) өткөрүүгө колдоо көрсөткөн өнөктөш уюмдар менен пландуу жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын, жогорку окуу жайларынын жана Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө 2024-жылы өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыктары талкууланып, өнөктөштөргө ыраазычылык билдирилди.
Мындан тышкары, 2025-жылдын иш-чаралар планы сунушталды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алуусуз Талас областынын аймагындагы «Чоң-Капка» көзөмөлдөө-өткөрмө пунктунун жанында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Талас областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранына карата (Т.Б.О.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан төлөм уюмуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 4-декабрында № 2024-П-12/64-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтомун (мындан ары – токтом) кабыл алды.
Токтом экономиканын стратегиялык багыттарын каржылоону демилгелөө максатында кабыл алынды.
Токтом Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Банк /Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 15-декабрындагы № 37/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын банк системасында операциялык тобокелдиктерди тескөөнү уюштуруу системасын өркүндөтүү жана алдамчылык операциялар деңгээлин төмөндөтүү максатында иштелип чыккан.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында Улуттук банктын ченемдик актылары/Талкууга сунушталган долбоорлор бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.
Сектор токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 6-январынан кечиктирбестен bakimbekov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек ш., Токтогул көч., 84-үй, 9-квартира дареги боюнча жайгашкан «Восток СМ» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 16-августундагы № 6565 лицензиясынын аракети 2024-жылдын 6-декабрынан тартып 10-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына убактылуу токтотулду.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы NIBAF өкүлдөрү менен жолугушту
2024-жылдын 5-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев Улуттук банк иши жана финансы институту – NIBAF өкүлдөрү менен жолугушту.
NIBAF делегациясынын курамына Пакистан Мамлекеттик банкынын жана Баалуу кагаздар менен биржалар боюнча Пакистан комиссиясынын Шарият кеңешинин төрагасы Иршад Ахмад Айжаз, Пакистан Мамлекеттик банкынын Ислам каржылоо саясаты бөлүмүнүн башчысы Мухаммад Ариш Усмани, Маалымдоо жана потенциалды жогорулатуу боюнча жумушчу комитеттин мүчөсү Мухаммад Наджиб Хан жана NIBAF институтунун директорунун орун басары Чаудри Табраиз Анвар кирди.
Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүүнүн акыркы тенденциялары менен келечеги, ислам каржылоо принциптерин андан ары илгерилетүү, бул тармакта эмгектенген адистердин потенциалын жогорулатуу боюнча зарыл чаралар талкууланды.
Маалымат үчүн: NIBAF (Улуттук банк иши жана финансы институту) – Пакистан Борбордук банкынын туунду компаниясы болуп саналат. NIBAF борбордук жана коммерциялык банктардын, финансы институттарынын адистерин даярдоо боюнча алдыңкы институт болуп саналат.
Накталай эмес төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүүдө жарандар көйгөйлөргө туш болуп жаткандыгы тууралуу ЖМКда тараган маалыматтарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкүлөрдү билдирет.
Улуттук банк төлөм системасын өнүктүрүү үчүн тиешелүү инфраструктураны түзүү жана өнүктүрүү боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүп келет. QR-кодун пайдалануу менен төлөмдөрдү жана которууларды системалар аралык интеграциялоону (интероперабелдүүлүк) камсыз кылуу максатында ELQR улуттук стандарты иштелип чыккан. Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн «Элкарт» улуттук төлөм картасын колдонуу менен дагы бир катар долбоорлор ишке ашырылган.
Ошону менен бирге, колдонуучуларга төлөм кызматтарын сапаттуу жана үзгүлтүксүз көрсөтүү максатында көзөмөлдөө функциялары туруктуу негизде жүзөгө ашырылат.
Мындан тышкары, тейлөөнү жакшыртуу жана коопсуздукту жогорулатуу боюнча программалык камсыздоо мезгил-мезгили менен жаңыртылып турат.
Ошентсе да, электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына, Интернетке туташууга/уюлдук байланышка, тармактык чабуулдар менен киберчабуулдарга, төлөм жөнөтүлүп жаткан кызмат көрсөтүүчүлөргө (коммуналдык компаниялар, Мамлекеттик салык кызматы, «Тулпар» ж.б.), ошондой эле терминалдык түзүлүштөрдүн өзүндө болгон бузулууларга байланыштуу көйгөйлөр, банк жабдууларынын айрым техникалык мүчүлүштүктөрү орун алган учурлар кездешет. Бул тышкы факторлор коммерциялык банктардын контролуна алынбайт, бирок алар ишти үзгүлтүккө учуратуу жана операцияларды кечеңдетүү менен платформалардын жана сервистердин иштешине олуттуу таасирин тийгизүүдө.
Коммерциялык банктардагы мүчүлүштүктөрдү аныктоодо Улуттук банк тиешелүү чараларды көрөт. Алсак, жыл башынан тартып 2024-жылдын 1-декабрына чейинки аралыкта банктарга мыйзам бузууларды четтетүү боюнча 189 жазма буйрук, 92 эскертүү берилип, 5 айып пул салынган.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, 2025-жылы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын коллекциялык монеталарынын эскиздеринин долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн сүрөтчү-дизайнерлер арасында төмөнкү талаптар боюнча ачык сынак жарыялайт:
Сериясы |
Темасы |
Металлы |
Салмагы (г) |
Диаметри (мм) |
Формасы |
Кыргыздын салттары жана үрп-адаттары |
Тушоо кесүү |
Күмүш 925° |
28,28 |
38,61 |
Тегерек |
Тарыхый окуялар |
Эгемен Кыргыз Республикасына - 35 жыл |
Алтын 999° |
7,78 |
22,00 |
Тегерек |
Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлору берилген теманы толук ачып берүүгө жана төмөнкү критерийлерге туура келүүгө тийиш:
- берилген темага шайкеш келүү;
- жогорку деңгээлде көркөм аткаруу;
- маданий жана эстетикалык ченемдерге туура келүү;
- жеке чыгармачылык.
Сынактын шарттары:
1. Монетанын жасалгасына коюлган талаптар
«Тушоо кесүү» коллекциялык монетасы:
- монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжети, монетанын номиналы (10 сом) жана «Тушоо кесүү»;
- монетанын арткы бетинде (реверс) сюжеттин уландысы берилип, мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы «2025», «Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары» деген жазуу түшүрүлүүгө тийиш.
Монетанын металлы жана сапат белгиси (Ag 925), салмагы (28.28 g) аткаруучунун көз карашы боюнча монетанын алдыңкы бети сыяктуу эле, арткы бетине да жайгаштырылышы мүмкүн.
«Эгемен Кыргыз Республикасына - 35 жыл» коллекциялык монетасы:
- монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжети, монетанын номиналы (100 сом) жана «Эгемен Кыргыз Республикасына – 35 жыл» / Независимой Кыргызской Республике – 35 лет» жазуулары;
- монетанын арткы бетинде (реверс) сюжеттин уландысы берилип, мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы «2026», «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» деген жазуу түшүрүлүүгө тийиш.
Монетанын металлы жана сапат белгиси (Au 925), салмагы (7,78 g) аткаруучунун көз карашы боюнча монетанын алдыңкы бети сыяктуу эле, арткы бетине да жайгаштырылышы мүмкүн.
2. Эскиздин долбоорлорун тариздөөгө талаптар:
- А4 форматындагы фотокагаз, барактын жогору жагында монетанын аталышы, монетанын аверс/реверсинин көрсөтүлүшү, рельефтин нукура көлөмдө иштелип чыккан монетанын сүрөтү, чоңойтулган түрдө монетанын сүрөтү (150 мм) көрсөтүлөт;
- эскиздик долбоорлорду JPG форматында kartykova@nbkr.kg эл. дарегине жөнөтүү.
Ар бир эскиздин долбооруна сунушталган коллекциялык монетанын дизайнынын маанисинин мазмуну боюнча комментарийлер тиркелиши керек.
3. Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлорун тапшыруу мөөнөтү 2024-жылдын 5-декабрына чейин.
4. Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлору «Сынак» (Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы үчүн) белгисин коюу менен Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти 168 дареги боюнча жайгашкан Улуттук банктын 117 иш бөлмөсүнө тапшырылат.
Кошумча маалыматты 0312 66 92 26, 0312 66 92 25 телефон аркылуу алсаңыздар болот.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан төлөм уюмуна жалпы суммасы 110 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргызстанда ислам каржылоо принциптери боюнча
кеңири масштабдагы семинарлар өтүп жатат
2024-жылдын 11-ноябрынан 5-декабрь күндөрү Кыргызстанда кеңири масштабдагы семинарлар өтүүдө, анын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана финансы-кредит уюмдарынын 300дөн ашык адистери «Ислам банк иши», «Шарияттык башкаруу», «Финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө» багыттары боюнча окуудан өтүшөт.
Семинарда ислам банк иши жана каржылоо боюнча негизги эрежелер, бул тармакта акыркы иштелип чыккан жетишкендиктер, ошондой эле адистерди тартуу менен өз ара иш алып баруу жана бизнес байланыштары боюнча маалыматтар берилет.
Семинарды Пакистан Мамлекеттик банкынын туунду компаниясы болуп саналган, эл аралык деңгээлде таанылган NIBAF (Банк иши жана финансы улуттук институту) окуу борбору өткөрөт. NIBAF борбордук жана коммерциялык банктардын жана финансы институттарынын адистерин даярдоо боюнча алдыңкы институт. NIBAF институтунун тренерлери жана лекторлору банк ишиндеги, финансы рыногундагы жана академиялык чөйрөдөгү эксперттер болуп саналат.
Мындай кеңири масштабдагы иш-чараны Кыргызстанда өткөрүү Ислам өнүктүрүү банкынын KGZ-1018 долбоорунун колдоосунун негизинде мүмкүн болду. ИӨБ KGZ-1018 долбоору шарият стандарттарына ылайык жөнгө салуу жана көзөмөлдөө системасын өнүктүрүү үчүн Улуттук банкка көмөк көрсөтүүгө жана Кыргыз Республикасында ислам банк ишин өнүктүрүү үчүн адистердин потенциалын жогорулатууга багытталган.
Белгилеп кетүүчү нерсе, ИӨБ өлкөдө ислам каржылоо принциптерин киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууга катышып, ошондой эле техникалык жардам көрсөтүү, окутуу жана консультация берүү менен Кыргыз Республикасында ислам каржылоону өнүктүрүүгө өзүнүн ири салымын кошту.
Маалымат үчүн: Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) – эл аралык финансылык уюм болуп саналат. Анын негизги максаты болуп, долбоорлорду жана программаларды каржылоого катышуу аркылуу ИӨБгө мүчө өлкөлөрдүн экономикалык жана социалдык өнүгүү деңгээлин жогорулатуу саналат.
Кыргыз Республикасы 1993-жылы ноябрь айында ИӨБгө мүчө болуп кирген. Кыргызстан ИӨБгө мүчө болуп кошулгандан бери ушул күнгө чейин банк иши, транспорт жана коммуникация, энергетика, өнөр жай жана тоо-кен өндүрүшү, ошондой эле социалдык инфраструктура сыяктуу түрдүү тармактарда жардам көрсөтүү долбоорлору ишке ашырылып келген жана ишке ашууда.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн үч коммерциялык банкка ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети убактылуу токтотулду:
2024-жылдын 30-ноябрынан тартып 14-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек ш., Абдрахманов көч., 150/10-үй дареги боюнча жайгашкан «Кут плюс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 21-майындагы № 6823 лицензиясы;
2024-жылдын 30-ноябрынан тартып 9-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек ш., Абдрахманов көч., 105-үй, № 1 а бөлмө дареги боюнча жайгашкан «Абдель» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 7-декабрындагы № 6657 лицензиясы.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
МААЛЫМАТТЫК БИЛДИРҮҮСҮ
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кыргыз элинин элдик оозеки чыгармачылыгын жайылтуу, маданий мурасын сактоо жана улам кийинки муунга таанытуу максатында 2024-жылдын 2-декабрынан тартып «Айкөл Манас» алтын коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат.
Кыргыз элинин рухий мурасынын маанилүү символдорунун бири катары дүйнөлүк элдик оозеки чыгармачылык казынасында өзгөчө орунду ээлеген «Манас» эпосу саналат. Эпосто туулуп-өскөн жеринин эгемендүүлүгү, элинин эркиндиги жана саясий биримдиги үчүн бүтүндөй кыргыз урууларынын башын бириктирип, чексиз эрдик көрсөткөн улуу баатыр Манастын өмүр жолу жана жортуулдары баяндалат.
«Айкөл Манас» монетасынын алдыңкы бетинде ак мөңгүлүү Ала-Тоонун алкагында соот кийип, Аккула атын чаап бараткан Манас баатырдын образы чагылдырылган. Монетанын жогорку бөлүгүндө: «Айкөл Манас / Aikol Manas» жазуусу, ал эми оң жагында металлдын сапаты (Au 999) жана монетанын салмагы (15,55 г) түшүрүлгөн. Монетанын төмөн жагында анын номиналы (200) жана сомдун графикалык белгиси (С) көрсөтүлгөн.
Монетанын арткы бетинде кыргыз жоокерлерин символдоштурган улуттук орнаменттердин алкагында Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетаны тегерете «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы / Национальный банк Кыргызской Республики» деген жазуу жайгашкан. Монетанын төмөн жагында монета чыгарылган жыл - «2024» жазуусу түшүрүлгөн.
«Айкөл Манас» монетасы Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.
Монетанын өзгөчөлүктөрү
Аталышы |
Айкөл Манас |
Номиналы |
200 сом |
Металлы (сапат белгиси) |
Au 999 |
Диаметри (мм) |
25,00 |
Салмагы (г) |
15,55 |
Сапаты |
Proof |
Нускасы (даана) |
1000 |
Ар бир коллекциялык монета акрил капсулага салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган.
Коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 123 400 сом баасында иш күндөрү саат 9.00дөн 14.00гө чейин, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу сатылат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «О!Банк» ачык акционердик коому тарабынан «О!Банк» ААКтын башкы бухгалтери – бухгалтердик эсепке алуу, финансылык жана регулятивдик отчеттуулук департаментинин директору кызмат ордуна сунушталган Нестеренко Наталья Николаевнанын талапкерлигине 2024-жылдын 28-ноябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн, Бишкек шаарында жайгашкан эки төлөм уюмуна жалпы суммасы 110 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок Ош шаарындагы «Достук-Автожол» көзөмөлдөө-өткөрмө пунктунун аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын 2 жаранынын (Я.Т.Х., М.Х.А.) ар бирине 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. Бул токтом долбоору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg). жайгаштырылган.
Сектор токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 30- декабрынан кечиктирбестен malmanbetova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 27-ноябрында № 2024-П-12/63-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом кабыл алды.
Токтом финансы-кредит уюмдарынын кардарларынын кредиттерди аралыктан тариздөөдө алдамчылык аракеттерге дуушар болуусун азайтуу максатында кабыл алынды. Алдамчылык аракеттердин мүнөзүн эске алып, Улуттук банк тарабынан ченемдик укуктук актылар «токтотуп туруу мезгили» түшүнүгү менен толукталып, аралыктан берилген кредиттер үчүн минималдуу токтотуп туруу мезгили белгиленген.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Улуттук банктын ченемдик актылары.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
эсептик ченди 9,00 пайыз деңгээлинде сактап калды
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 25-ноябрында эсептик ченди (негизги ченди) 9,00 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 2024-жылдын 26-ноябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасында инфляция Улуттук банк тарабынан жүргүзүлгөн акча-кредит саясатынан улам туруктуу сакталууда. Жылдык инфляция көрсөткүчү 2024-жылдын ноябрь айында жыл башындагы 7,3 пайыздан төмөндөп 5,2 пайызды түзгөн. Инфляция түзүмү олуттуу өзгөрүүгө учураган жок – азык-түлүк жана азык-түлүктөн башка товарларга баалардын өсүш арымынын басаңдашы уланып, орточо чекте кармалып турат. Жогорулатылган ички суроо-талап жана тариф саясатынын кабыл алынган чараларынын таасири өлкөдө баалардын жалпы деңгээлине таасир берген негизги факторлордон болуп сакталып турат.
Кыргыз Республикасында курулуш сектору жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү тез өнүгүшүнүн эсебинен жогорку экономикалык жигердүүлүк сакталган. Реалдуу ИДӨ өсүшү 2024-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча 9,6 пайызды түзгөн. Өлкө экономикасында калктын кирешеси көбөйүүсүнүн натыйжасында ички керектөөнүн өсүшү байкалган, ага реалдуу эмгек акылардын жогорулашы менен өлкөгө жеке адамдардан акча которууларынын агымынын алгылыктуу динамикасы таасирин тийгизип жатат. Ошондой эле, негизинен ички каржылоо булактарынын эсебинен негизги капиталга инвестициялардын көлөмүн өстүрүү катталган.
Ички валюта рыногунда жагдай туруктуу абалда сакталып турат. Алмашуу курсунун учурдагы динамикасы сезондук факторлорго жана рыноктун катышуучуларынын ортосундагы чет өлкө валютасына суроо-талаптын жана сунуштун балансынын рыноктук калыптанышына байланыштуу шартталган. Улуттук банк валюталык интервенцияларды алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүнө жол бербөө үчүн гана жүргүзөт. 2024-жылдын башынан бери Улуттук банк тарабынан чет өлкө валютасын таза сатуунун көлөмү 113,0 млн АКШ долларын түздү.
Улуттук банк тарабынан кабыл алынган акча-кредит саясатынын тактикалык чаралары үстүбүздөгү жылдын октябрь-ноябрь айларында мурдагы мезгилдерге салыштырганда банк системасындагы үстөк ликвиддүүлүктүн деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берди. Ошол эле учурда банк сектору улуттук валютадагы ресурстардын жетиштүү ири көлөмүнө ээ, бул экономиканы кредиттөөнүн андан ары өсүшүнүн факторлорунун бири болуп саналат. Банктар аралык акча рыногунун кыска мөөнөттүү чендери Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыздык чектин төмөнкү чегинин тегерегинде өзгөрүүсү уланууда.
Жалпысынан банк секторун өнүктүрүүнүн көрсөткүчтөрү туруктуу: 2024-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча банктардын кредит портфелинин көлөмү 22,0 пайызга көбөйүп, депозиттик база 31,7 пайызга2 өскөн. Мында экономиканын долларлашуу көрсөткүчтөрү акырындап төмөндөөдө: 2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча депозиттерди долларлаштыруу 43,9 пайызды (жыл башынан тартып -1,8 п.п.), кредиттерди долларлаштыруу – 19,9 пайызды (жыл башынан тартып -2,1 п.п.) түздү.
Тышкы экономикалык чөйрөдө геосаясий факторлору күчөгөндүгүнө байланыштуу белгисиздик жагдай жогорку деңгээлде сакталып тургандыгы менен мүнөздөлөт. Дүйнөлүк соода фрагментациясынын натыйжасында дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат рынокторунда баа конъюнктурасы өзгөрүлмөлүү бойдон калууда. Дүйнөлүк инфляциянын төмөндөө тенденциясы ушул жылдын ортосунда белгиленсе дагы, Кыргыз Республикасынын соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндө инфляциялык басым жогору болушунан региондогу экономикалык жагдай бир калыпта эмес.
Тышкы экономикалык (глобалдык сыяктуу эле, регионалдык дагы) өнүгүү Кыргыз Республикасында экономикалык процесстерди, анын ичинде инфляция динамикасын андан ары алдын ала аныктоочу фактор катары белгиленет. Тышкы жана ички экономикалык факторлордун тенденцияларына жүргүзүлгөн анализ жылдык инфляциянын орто мөөнөттүү мезгилде максаттуу көрсөткүч – 5-7 пайыз чегинде түптөлүшүн көрсөтүүдө.
Акча-кредит саясатынын негизги ченин 9,00 пайыз деңгээлинде сактоо жөнүндө чечим өлкөнүн учурдагы макроэкономикалык шарттарына жооп берет жана орун алып турган тышкы тобокелдиктер боюнча Улуттук банктын саясатын чагылдырат. Кабыл алынган чечим өлкөдө баа туруктуулугун сактоого жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.
Улуттук банк түптөлгөн тышкы жана ички экономикалык шарттарды баалоону улантат жана акча-кредит саясатын жүргүзүүдө теӊ салмактуу ыкмага таянат. Баа туруктуулугуна таасир берген кайсы бир тобокелдиктер жаралган учурда Улуттук банк жүргүзүлгөн монетардык саясатка түзөтүү киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.
Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки пландуу отуруму 2025-жылдын 27-январында өтөт.
Тышкы көзөмөлдүн жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду:
2024-жылдын 23-ноябрынан тартып 29-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
- Жалал-Абад областы, Сузак району, Бек-Абад айылы, М. Сыдыков көчөсү, 3 (болжол: «Бек-Абад-Автожол» контролдоо-өткөрүү пункту) дареги боюнча жайгашкан «Соронбек Валюта» жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросунун 2023жылдын 5декабрындагы №6652 лицензиясы;
2024-жылдын 23-ноябрынан тартып 7-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
- Жалал-Абад областы, Сузак району, Бек-Абад айылы, М. Сыдыков көчөсү, 3 (болжол: «Бек-Абад-Автожол» контролдоо-өткөрүү пункту) дареги боюнча жайгашкан «Салахидин Валюта» жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросунун 2023жылдын 16ноябрындагы № 6633 лицензиясы;
- Жалал-Абад областы, Сузак району, Бек-Абад айылы, М. Сыдыков көчөсү, 1 (№ 10 имарат) (болжол: «Бек-Абад-Автожол» контролдоо-өткөрүү пункту) дареги боюнча жайгашкан «ЭКВАЛИТ» жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросунун 2024жылдын 9февралындагы № 6709 лицензиясы.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети убактылуу токтотулду:
2024-жылдын 22-ноябрынан тартып 26-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
-Бишкек ш., Абдрахманов көч., 119-үй, 17 а квартира дареги боюнча жайгашкан «Престиж мани А» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 5-мартындагы № 6731 лицензиясы;
2024-жылдын 22-ноябрынан тартып 6-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
-Бишкек ш., Москва көч., 69-үй, 16-квартира, 1-бөлмө дареги боюнча жайгашкан «Аманат Финанс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 18-мартындагы № 6744 лицензиясы;
-Бишкек ш., Бөкөнбаев көч., 98-үй, №3 жер төлө бөлмөсү дареги боюнча жайгашкан «БНБ Финанс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 19-апрелиндеги № 6787 лицензиясы.
2024-жылдын 21-ноябрында Улуттук банктын Нарын областтык башкармалыгында калк арасында маалымат берүү-агартуу иш-чараларын өткөрүү боюнча өнөктөш уюмдар менен пландуу жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга Нарын мамлекеттик университетинин, Нарын областтык китепканасынын, Нарын шаардык китепканасынын, Нарын шаардык билим берүү жана Нарын райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө 2024-жылы калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы талкууланып, калк арасында маалымат берүү-агартуу боюнча кийинки жылга иш-чаралар планы сунушталды.
Ош шаарынын аймагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясыз накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын 3 жаранынын (Ж.у.Н., М.А.А., А.у.С.) ар бирине 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «ЭкоИсламикБанк» жабык акционердик коому тарабынан «ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын ички аудит кызматынын жетекчисинин орун басары кызмат ордуна сунушталган Жолочиев Сүйөркул Молдогазиевичтин талапкерлигине 2024-жылдын 21-ноябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир коммерциялык банкка 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
2024-жылдын 20-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын» аткаруунун алкагында, мамлекеттик-социалдык төлөмдөр боюнча санарип сом платформасынын прототибин апробациядан өткөрүүнүн II фазасын талкуулоо боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкдар болгон министрликтери жана ведомстволору менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуу учурунда Улуттук банк «Балага сүйүнчү» долбоорун санарип сом платформасында ишке ашыруу архитектурасынын долбоорун сунуштады жана долбоорду техникалык адистер менен бирге андан ары ишке ашырууну улантуу тууралуу макулдашышты.
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (Б.Н.Б.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок Ош шаарынын аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын 6 жаранынын (С.Р.М., Т.Н.Н., Д.Х.З., Т.М.А., З.А.А., Ы.Э.А.) ар бирине 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Улуттук банкы билдирет: коммерциялык банктар жана алмашуу бюролору эски үлгүдөгү долларларды кабыл алуудан баш тартууга укугу жок
Көптөгөн жарандар айрым коммерциялык банктар жана алмашуу бюролору эски үлгүдөгү АКШ долларын («ак» доллар деп аталып келет) кабыл алуудан баш тартып жаткандыгы тууралуу маселе менен кайрылгандыктан, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкүнү билдирет.
«Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобого ылайык, чет өлкө валютасын сатып алууда, сатууда же алмаштырууда банктар жана алмашуу бюролору төлөм каражаты статусун жогото элек акча белгилеринин наркына, чыгарылган жылына жараша кандайдыр бир чектөөлөрдү жана ар кандай курстарды белгилөөгө укугу жок (кеңири маалымат Жободо камтылган).
Эгерде сиз валютаны алмаштыруудан негизсиз баш тартуу жагдайына туш болсоңуз, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн Улуттук банкка кайрылсаңыз болот. Байланыш телефондору: +996 (312) 61 04 86, +996 (312) 31 29 48, mail@nbkr.kg, WhatsApp каналы: 0501 89 00 00.
Белгилей кетсек, «ак» доллар деп 1996-2006-жылдар аралыгында чыгарылган АКШ доллары аталат, алар ачыгыраак түсү менен айырмаланат.
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын үч жаранынын ар бирине (Ж.у.Д., Дж.М.К., Б.у.А.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алуусуз нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (Э.у.Б.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
1. Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алуусуз нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (Ш.у.Р) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир микрокредиттик компанияга 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-3-(НПА) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Бул токтом долбоору атайын жөнгө салуу режимин түзүү жана ишке ашыруу шарттарын жакшыртуу максатында иштелип чыккан.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg).) жайгаштырылган.
Сектор токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 15-декабрынан кечиктирбестен bakimbekov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.
Бишкек шаарында жана Чүй облусунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын эки жаранына (Р.у.А, А.у.А.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгы, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча программасынын алкагында, 2024-жылдын 14-ноябрь күнү Талас шаарынын тургундары үчүн Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык монеталардын көргөзмөсүн уюштурду.
Талас шаардык көркөм сүрөт музейинде өткөн көргөзмөнүн жүрүшүндө Улуттук банктын Талас областтык башкармалыгынын кызматкерлери улуттук валюта – сомдун калыптануу тарыхы, өнүгүү этаптары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нумизматикалык баалуулуктары жөнүндө айтып беришти.
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Керемет Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Керемет Банк» ачык акционердик коомунун Башкармасынын төрагасынын орун басары кызмат ордуна сунушталган Калиева Арайлым Назаровнанын талапкерлигине 2024-жылдын 12-ноябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Керемет Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Керемет Банк» ачык акционердик коомунун Башкармасынын төрагасы кызмат ордуна сунушталган Куржей Татьяна Евгеньевнанын талапкерлигине 2024-жылдын 12-ноябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (С.И.Т.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
2. Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (Ж.И.Ж.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 31-октябрында № 2024-П-12/58-1-(БС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтомун (мындан ары – токтом) кабыл алды.
Токтом банктарга аудитордук уюмдарды кеңири тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү максатында бекитилди.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын
31-октябрында № 2024-П-12/58-2 (НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын ишке ашыруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун (мындан ары – токтом) кабыл алды.
Токтом өзгөчө режимдеги соода аймагында салыктын негизинде иш жүргүзгөн жеке адамдарды салыктык каттоо өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен салык мыйзамдарынын айрым ченемдерин ишке ашыруу максатында бекитилди.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Баткен облаcтында жайгашкан бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети убактылуу токтотулду:
2024-жылдын 6-ноябрынан тартып 16-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
- Бишкек ш., Ю.Абдрахманов көч., 150-үй, №1 кеңсе дареги боюнча жайгашкан «Найман Плюс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 23-июлундагы № 6882 лицензиясы;
2024-жылдын 6-ноябрынан тартып 20-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
- Бишкек ш., Москва көч., 71-үй, 1-кеңсе дареги боюнча жайгашкан «Экспо Гранд плюс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 10-октябрындагы № 6959 лицензиясы;
- Бишкек ш., Москва көч., 162-үй, 4-квартира дареги боюнча жайгашкан «Биг Моней» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 16-майындагы № 6819 лицензиясы;
2024-жылдын 6-ноябрынан тартып 12-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
- Бишкек ш., Токтогул көч., 84-үй, 9-квартира дареги боюнча жайгашкан «Исхак и Исаак» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 28-декабрындагы № 6682 лицензиясы.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан эки микрокредиттик компанияга жалпы суммасы 110 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Керемет Банк» ачык акционердик коому тарабынан “Керемет Банк” ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Оней Джан Чагатайдын талапкерлигине 2024-жылдын 5-ноябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнүн алкагында 2024-жылдын 1-ноябрында Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгында (мындан ары – областтык башкармалык) Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучулары жана 1-2-курсунун студенттери үчүн лекция өткөрүлдү.
Лекциянын жүрүшүндө областтык башкармалыктын кызматкерлери өз акча каражаттарын туура пайдалануу, үй-бүлөлүк жана жеке бюджетти пландаштыруу, топтолгон акча каражаттарын сактоо жана көбөйтүү жолдору тууралуу маалымат берди.
Мындан тышкары, катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иши, улуттук валютабыз – сомдун өнүгүү этаптары, эскилиги жеткен жана жараксыз банкнотторду алмаштыруу жөнүндө маалымат берилди.
Катышуучулар үчүн Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык нумизматикалык монеталардын көргөзмөсү уюштурулуп, өлчөнгөн алтын куймаларды сатуу жана сатып алуу тууралуу маалыматтар берилди.
Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Борбордук банктар кеңешин түзүү жөнүндө меморандумга кол коюлду
Бишкек шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммитинин алкагында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Борбордук (улуттук) банктар кеңешин түзүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Меморандумга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев, Азербайжан Республикасынын Борбордук банкынын төрагасы Талех Кязымов, Казакстан Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Тимур Сулейменов, Түркия Республикасынын Борбордук банкынын төрагасы Фатих Карахан жана Өзбекстан Республикасынын Борбордук банкынын төрагасы Мамаризо Нурмуратов кол коюшту.
Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Борбордук (улуттук) банктар кеңешин түзүү борбордук банктардын ортосундагы натыйжалуу кызматташууну бекемдөөгө, акча-кредит саясаты, финансылык туруктуулук, төлөм системасын жана финансылык технологияларды өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашуу максатында биргелешкен консультацияларды жана изилдөөлөрдү жүргүзүүгө багытталган.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Түркиянын Президентине караштуу Финансы башкармалыгынын ортосунда “Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга” кол коюлду
2024-жылдын 5-ноябрында Түркия Республикасынын Президенти Р.Т. Эрдогандын Кыргыз Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Түркиянын Президентине караштуу Финансы башкармалыгынын ортосунда “Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга” кол коюлду.
Бул меморандум тараптардын финансы технологиялары чөйрөсүндө кызматташуусуна багытталган, ошондой эле ал адистердин квалификациясын жогорулатуу программасын кошуу менен финансы технологиялары чөйрөсүндө билим жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн берет.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети убактылуу токтотулду:
2024-жылдын 2-ноябрынан тартып 16-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
Бишкек ш., Абдрахманов көчөсү, 148-3 дареги боюнча жайгашкан «Банкнота» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 6429 лицензиясы;
Бишкек ш., Абдрахманов көчөсү, 119-үй, 9-квартира дареги боюнча жайгашкан «Талисман Плюс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 26-январындагы № 6259 лицензиясы;
2024-жылдын 1-ноябрынан тартып 15-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
Бишкек ш., Бөкөнбаев көчөсү, 95-үй, 1-квартира дареги боюнча жайгашкан «АРЕНА кей джи» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 6212 лицензиясы.
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «О!Банк» ачык акционердик коому тарабынан «О!Банк» ААКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Мангитов Арман Ахтуреевичтин талапкерлигине 2024-жылдын 31-октябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.»;
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Капитал Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Капитал Банк» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Чакибаев Эмиль Акжолтоевичтин талапкерлигине 2024-жылдын 31-октябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ысык-Көл областтык башкармалыгы «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү - 2024» иш-чарасынын алкагында 2024-жылдын 28-29-октябрь күндөрү Каракол шаарынын тургундары үчүн Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык монеталардын көргөзмөсүн уюштурду.
Көргөзмөнүн жүрүшүндө Ысык-Көл областтык башкармалыгынын кызматкерлери улуттук валюта – сомдун калыптануу тарыхы, өнүгүү этаптары жана анын коргоо элементтери, Улуттук банктын нумизматикалык баалуулуктары жөнүндө маалымат берип, «Банкноттор кантип жок кылынат», «Улуттук валютага аяр мамиле жасоо», «Финансылык сабаттуулук» деген темаларда лекция окулуп, видеороликтер көрсөтүлдү.
Мындан тышкары, 2024-жылдын 31-октябрында Ысык-Көл областтык башкармалыгынын кызматкерлери Ысык-Көл областынын Каракол шаарынын № 1 мектебинин окуучуларына көчмө лекция өткөрүштү. Лекциянын жүрүшүндө үнөмдөөнүн маанилүүлүгү, топтолгон акча каражаттарын сактоо жана көбөйтүү жолдору тууралуу маалымат берилди.
Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» иш-чарасын белгилөөнүн алкагында, Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгынын нумизматикалык музейинде Ош шаарындагы М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин экономика жана башкаруу институнун студенттерине, Ош мамлекеттик университетине караштуу финансы юридикалык колледжинин студенттерине жана «Эврика» билим берүү комплекси мекемесинин окуучуларына ачык эшик күндөрү өткөрүлүп, лекциялар окулду.
Лекциянын жүрүшүндө студенттерге жана окуучуларга нумизматикалык экспонаттар көрсөтүлүп, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана коргоо белгилери, QR-код колдонуу аркылуу төлөмдөрдү жана акча которууларды өнүктүрүү, ошондой эле акча каражаттарын сарамжалдуу колдонуу, каражат топтоо, финансылык пландаштыруу, финансылык максаттарды коюу, үй-бүлөлүк жана жеке бюджеттерди түзүү тууралуу маалыматтар берилди.
Мындан тышкары, Ош шаарындагы №21 А.С. Пушкин атындагы орто мектептин жана «Олимп» гимназия мектебинин окуучуларына улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана коргоо белгилери, финансылык пландаштыруу, финансылык максаттарды коюу, ошондой эле үй-бүлөлүк жана жеке бюджеттерди түзүү тууралуу атайын көчмө лекциялар өткөрүлдү. Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө катышкандардын жалпы саны 220, анын ичинен 61 студент, 148 мектеп окуучусу жана 11 окутуучу.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, ислам каржылоо принциптери боюнча Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Коммерциялык банктар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 4-декабрынан кечиктирбестен ausenova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгынын өкүлдөрү 2024-жылдын 28-30-октябрында Дүйнөлүк каражат топтоо күнү-2024 иш-чарасын өткөрүүнүн алкагында Талас районунун К. Кайымов атындагы, Ч. Айтматов районунун Ч. Айтматов атындагы жана Бакай-Ата районунун Б. Жунусов атындагы орто мектептеринин жогорку класстарынын окуучуларына көчмө лекцияларды өткөрдү.
Лекциянын жүрүшүндө окуучуларга каражат топтоонун маанилүүлүгү, топтолгон акча каражаттарын сактоо жана көбөйтүү тууралуу айтылды.
Мындан тышкары, Улуттук банктын иши, улуттук валютабыз – сомдун өнүгүү баскычтары жана эскилиги жеткен жараксыз банкнотторду жарактуу банкнотторго алмаштыруу жөнүндө маалымат берилди.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы өкүлчүлүгү 2024-жылдын 30-31-октябрында Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата иш-чаралардын алкагында Баткен шаарындагы Ж. Бөкөнбаев жана С. Айтматов атындагы орто мектептеринин окуучуларына көчмө лекцияларды өткөрдү.
Лекциянын жүрүшүндө улуттук валютанын калыптануу тарыхы, акчага аяр мамиле жасоо, каражатты үнөмдөө, каражат топтоо маданиятын калыптандыруу, ошондой эле банк кызматтарын санариптештирүү жана аны колдонууну кеңири жайылтуу тууралуу маалымат берилди.
Улуттук банк Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнүн алкагында 2024- жылдын 31-октябрында Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде финансылык жармаңке өткөрдү, ага Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин, коммерциялык банктардын, микрофинансылык уюмдардын жана камсыздандыруу компанияларынын өкүлдөрү катышты.
Финансылык жармаңкеде Улуттук банктын, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин, «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАКтын, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын өкүлдөрү, ошондой эле финансы боюнча эксперт жана студенттер - «Финансылык коопсуздук» эл аралык олимпиадасынын жеңүүчүлөрү презентация менен чыгып сүйлөштү. Презентацияларга өз акча каражатын туура пайдаланууну жана бюджетин пландаштырууну үйрөнүүнү каалаган ЖОЖдордун окутуучулары жана студенттери, жаштар, орто мектептердин окуучулары, Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору катышты.
Мындан тышкары, жармаңкеде банктык, микрофинансылык жана башка финансылык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат, ошондой эле финансылык продукттар боюнча консультациялар берилди. Финансылык жармаңкенин жүрүшүндө катышуучуларга банктык эсептерди, коммерциялык банктардын төлөм карталарын ачуу мүмкүнчүлүгү да берилди. Ошондой эле интерактивдүү оюндар, сынактар жана викториналар өткөрүлдү.
Жармаңкенин активдүү катышуучулары, сынактардын жана викториналардын жеңүүчүлөрү атайын сыйлыктар менен сыйланды. Финансылык жармаңкеге 600дөн ашуун адам катышты.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Кант шаарында жайгашкан бир кредиттик союзга 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Дүйнөлүк каражат топтоо күнү башталат
2024-жылдын 28-октябрынан баштап Кыргызстанда «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» иш-чарасы башталат. Бул кеңири масштабдуу иш-чара Кыргызстанда 2015-жылдан бери Улуттук банк тарабынан координацияланып, мамлекеттик органдардын, финансылык институттардын, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин жана башка катышуучулардын көмөктөшүүсү менен жүргүзүлүп келет.
Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөөнүн негизги максаты - калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, акча топтоо маданиятын калыптандыруу жана акча ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга дем берүү.
Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн алкагында 28-октябрдан 1-ноябрга чейин Бишкек шаарында жана аймактарда мамлекеттик органдар, коммерциялык банктар, камсыздандыруу компанияларынын жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү менен биргеликте ар кандай иш-чаралар, атап айтканда ачык сабактар, лекциялар, интерактивдүү оюндар, экскурсиялар, ачык эшик күндөрү, сынактар жана викториналар өткөрүлөт. Иш-чаралардын жүрүшүндө үнөмдөөнүн маанилүүлүгү, топтолгон акча каражаттарын сактоо жана көбөйтүү жолдору тууралуу маалымат берилет.
Финансылык кызматтар боюнча консультация берүү жана банктык, микрофинансылык жана башка финансылык кызматтар жөнүндө маалымат берүү максатында 2024-жылдын 31-октябрында саат 10.00-14.00гө чейин Бишкек шаарынын Фрунзе көчөсү 547 дареги боюнча Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн алкагында финансы-кредит уюмдары жана мамлекеттик органдар тарабынан уюштурулуп жаткан финансылык жарманке өтөт. Финансылык жарманкеге бардык каалоочулар катышса болот (кирүү акысыз).
Иш-чаралар тууралуу кененирээк маалымат Финсабат маалымат-билим берүү порталынынhttps://finsabat.kg/ «Жаңылыктар» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Иш-чаралардын планы шилтемеде жайгаштырылган.
Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнүн алкагында 2024-жылдын 28-октябрында Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун № 63 кесиптик лицейинин окуучуларына көчмө лекция өткөрүштү.
Лекциянын жүрүшүндө үнөмдөөнүн маанилүүлүгү, топтолгон акча каражаттарын сактоо жана көбөйтүү жолдору тууралуу маалымат берилген.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө, улуттук валютабыз – сомдун өнүгүү этаптары жана эскилиги жеткен жана жараксыз банкнотторду жарактуу банкнотторго алмаштыруу жөнүндө маалымат берилди.
2024-жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасында Улуттук банк тарабынан Эл аралык финансы корпорациясы (IFC) менен биргелешип уюштурулган ачык банкинге (API) арналган тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго коммерциялык банктардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын, ошондой эле башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү катышты.
Тегерек стол ачык диалог форматында өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары М.Ш. Аттокуров белгилегендей, санарип технологиялардын өнүгүшү менен банк жана финансы секторлору өтө тездик менен өзгөрүшүүдө жана ачык банкинг бул багытта эң маанилүү кадамдардын бири болуп саналат. Ачык банкингди ишке ашыруу, банктар менен төлөм уюмдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү стандартташтыруу тейлөө сапатын жакшыртуу, финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана кардарлар үчүн жаңы продукттарды түзүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Диалогдун алкагында ачык банкингди ийгиликтүү ишке киргизүүнүн келечектери жана ыкмалары талкууланып, ачык банкингди ийгиликтүү ишке киргизүүнүн эл аралык тажрыйбасына, ар кандай финансылык сервистерди интеграциялоо мүмкүнчүлүгүнө, инновацияларга жана финансылык маалыматтарды алмашуу боюнча коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулган.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча тегерек столдун катышуучулары банктардын, төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын маалыматтык коопсуздук эрежелерин сактоо менен финансылык маалыматтарды алмашуу боюнча өз ара аракеттенүүсүн стандартташтыруу, ошондой эле маалымат агрегаторлоруна карата талаптарды кароо зарыл деген корутундуга келишти.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитетинин 2024-жылдын 24-октябрындагы № 2024-ЗСД-КОМ-КПС-22/2 токтому менен атайын жөнгө салуу режиминин алкагында «М Булак» микрокредиттик компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун төмөнкү банктык операцияларды өткөрүү үчүн лицензиясынын мөөнөтү 2025-жылдын 1-майына чейин узартылды:
- нак эмес түрдө кредиттерди берүү үчүн «Элкарт» улуттук төлөм системасынын алдын ала чектелген функционалы менен кредиттик карталарды чыгаруу;
- «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарынын, Visa жана MasterCard эл аралык төлөм системаларынын карталарынын «М Булак» МКК» ЖЧКнын POS-терминалдары/QR-коддору аркылуу эквайринги, анын ичинде товарлар, иштер жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө максатында соода-тейлөө ишканалары менен POS-терминалдарды орнотуу/QR-коддорду колдонуу жана төлөм каражаты катары «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарын, Visa жана MasterCard эл аралык төлөм системаларынын карталарын, Кыргыз Республикасынын локалдык электрондук акчасын кабыл алуу боюнча келишимдерди түзүү, ошондой эле коммерциялык банктар жана/же электрондук акча менен эсептешүү системаларынын операторлору менен түзүлгөн келишимдердин алкагында соода-тейлөө ишканалары/акцептанттар менен эсептешүүлөрдү камсыз кылуу.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
эсептик ченди 9,00 пайыз деңгээлинде калтырды
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 28-октябрында эсептик ченди (негизги ченди) 9,00 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим 2024-жылдын 29-октябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасында инфляция орто мөөнөткө каралган 5-7 пайыздык максаттуу көрсөткүчтөн төмөн деңгээлде сакталып турат. 2024-жылдын октябрь айында жылдык инфляция көрсөткүчү 2023-жылдын декабрь айындагы 7,3 пайыздан төмөндөп, 4,6 пайызды түзгөн. Негизинен инфляциянын орточо мааниси мурда көрүлгөн акча-кредит саясатынын чаралары менен шартталган. Инфляция түзүмүндө азык-түлүккө баалардын жылдык өсүш арымы – 2,4 пайыз, азык-түлүктөн башка товарларга – 4,1 пайыз, ал эми кызмат көрсөтүүлөргө баалар – 8,4 пайыз деңгээлинде түптөлгөн. Азык-түлүктөн башка товарлар тобуна баалардын өсүшү басаңдаган, бирок акыркы айларда акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө баалар бир аз жогорулагандыгы белгиленген.
Экономикалык субъекттер инвестициялык жана керектөө суроо-талабын кеңейтүүсүнүн эсебинен Кыргыз Республикасынын экономикасы жогору арымда өсүүдө. 2024-жылдын январь-сентябрь айларында реалдуу ИДӨнүн өсүшү 8,4 пайызды түзгөн. Соода жүргүзүү жана негизги капиталга инвестициялоо көлөмүнүн көбөйүшүнүн эсебинен кызмат көрсөтүү жана курулуш секторлору өлкөнүн экономикалык жигердүүлүгүнө олуттуу салымын кошууда. Кредиттөөнүн, акча которуулардын таза агымынын жана реалдуу эмгек акынын алгылыктуу өсүш арымынын алкагында ички суроо-талап туруктуу сакталып турат.
Акча-кредит чөйрөсүндө туруктуулук сакталып турат. Акча рыногунун кыска мөөнөттүү сегментинде пайыздар төмөндөгөндүгү катталган. Банктар аралык кредиттик ресурстар рыногунда кыска мөөнөттүү карыз алышуулар боюнча чендердин динамикасы Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыздык чек чегинде сакталып турган.
Банк секторунда көрсөткүчтөр туруктуу сакталып, жетиштүү ликвиддүүлүк көлөмү белгиленген. Калктын керектөө максаттарында, ошондой эле сооданы жана айыл чарбасын каржылоону кредиттөө көлөмү арымдуу өсүүдө. Ички валюта рыногу салыштырмалуу туруктуу катары катталган: чет өлкө валютасына рыноктук суроо-талапты жана сунушту түптөөнүн натыйжасында алмашуу курсунун өзгөрүүсү сакталып турган. Белгилүү бир мезгилдерде алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында Улуттук банк банктар аралык валюта рыногунда валюталык интервенцияларды жүргүзүп турат.
Тышкы шарттар ар тараптуу түптөлүүдө жана бул, мурдагыдай эле, геосаясий жагдайларга, ошондой эле дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат рынокторундагы баа конъюнктурасына байланыштуу. Азык-түлүк рынокторунда дүйнөлүк баалардын узак убакыт бою төмөндөөсүнөн кийин акыркы айларда ал акырындап жогорулоодо. Кыргыз Республикасынын соода боюнча айрым өнөктөш өлкөлөрүндө инфляциялык процесстер салыштырмалуу жогору деңгээлде калыптанууда.
Ички инфляция көрсөткүчү план чегинде басаңдагандыгына карабастан, кыска мөөнөттүү келечекте инфляцияга түрткү берүүчү тобокелдиктер, мурдагыдай эле, сакталып турат. Инфляциянын тышкы жана ички факторлорунун тенденцияларын баалоо өтүп жаткан жылдын акырына жылдык инфляция көрсөткүчү орто мөөнөткө каралган 5-7 пайыздык көрсөткүч чегинде түптөлгөндүгүн билдирет.
Мындай шарттарда, кыска жана орто мөөнөттүү мезгилге инфляция факторлорун баалоону эске алсак, эсептик чен өлчөмүн 9,00 пайыз деңгээлинде калтыруу зарыл. Кабыл алынган чечим өлкөдө баа туруктуулугун сактоого жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.
Улуттук банк түптөлгөн тышкы жана ички экономикалык шарттарга баа берүүнү улантууда жана тышкы чөйрөдө дале сакталып турган тобокелдиктерди эске алуу менен акча-кредит саясатын жүргүзүүдө ар тараптан кароого алынган ыкмага таянуу менен иш алып барууда. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан шартта Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка кошумча корректировкаларды киргизиши мүмкүн.
Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки отуруму 2024-жылдын 25-ноябрында өтөт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы ЭВФтеги Швейцария добуш берүү тобунун жана Дүйнөлүк банк тобунун отурумуна катышты
2024-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев Вашингтон шаарында өткөн ЭВФтеги Швейцария добуш берүү тобунун жана Дүйнөлүк банк тобунун отурумуна катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө дүйнөлүк экономиканы өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери жана глобалдуу инфляциянын тенденциялары, ошондой эле ЭВФ өлкөлөрүнүн Швейцария тобунун алкагында мындан ары да кызматташуу келечеги талкууланды.
Бул отурумда ЭВФ өлкөлөрүнүн Швейцария тобуна кирген Лихтенштейндин ЭВФтин жаңы 191-мүчөсү катары катышуусу аталган иш-чаранын маанилүү жаңылыгынан болду.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасы 1992-жылдан бери ЭВФтин, ал эми 1993-жылдан бери ЭВФтеги Швейцария добуш берүү тобунун мүчөсү болуп саналат. Швейцария добуш берүү тобуна Азербайжан, Кыргызстан, Польша, Казакстан, Сербия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Швейцария сыяктуу өлкөлөр, ошондой эле 2024-жылдан тартып Лихтенштейн кирди.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы жана ЕРӨБ вице-президенти Ишкер айымдардын финансылык жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча меморандумга кол коюшту
2024-жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев ЕРӨБдүн саясий кызматташуу жана өнөктөштүк боюнча вице-президенти Марк Боуман мырза менен ЭВФтин жана Дүйнөлүк банк тобунун жылдык жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасындагы ишкер айымдарды каржылоо программасын ишке ашырууда кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга расмий кол коюшту.
Меморандум ишкер айымдардын финансылык жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, ишкер айымдарды лидерликке шыктандырып, экономикалык интеграцияга жетишүүгө өбөлгө түзүүчү финансылык экосистеманы түзүүгө багытталат.
Марк Боуман мырза белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын мындай кадамы аялдардын инклюзивдүү өсүүсүнө, алардын финансылык укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөрүн тастыктайт.
Мелис Тургунбаев өз кезегинде бул Меморандумдун маанилүүлүгүн белгилеп, кыз-келиндер жетектеген ишканаларды каржылоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү өлкөнүн экономикалык өнүгүшү үчүн гана эмес, адилеттүү коом түзүү үчүн да маанилүү экендигин кошумчалады.
«Меморандумга кол коюу айымдардын өз потенциалын ишке ашырууга дем берүү менен жаңы мүмкүнчүлүктөргө жана демилгелерге жол ачат деген ишенимдебиз», – деп Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы белгиледи.
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 24-октябрында «Кыргызкоммерцбанк» ачык акционердик коому тарабынан «Кыргызкоммерцбанк» ачык акционердик коомунун башкы бухгалтери кызмат ордуна сунушталган Турдукулова Чолпон Эшалыевнанын талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 24-октябрында «Дос-Кредобанк» ачык акционердик коому тарабынан «Дос-Кредобанк» ачык акционердик коомунун башкы бухгалтери кызмат ордуна сунушталган Кыдыралиева Гульжан Эриковнанын талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Швейцария Улуттук банкынын жаңы башчысы менен жолугушту
ЭВФ жана Дүйнөлүк банк тобунун башкаруучуларынын Вашингтон шаарында болуп өткөн ар жылдык жыйынына катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев Швейцария Улуттук банкынын жаңы төрагасы Мартин Шлегел мырза менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө борбордук банктардын жетекчилери мындан ары да тыгыз кызматташууга жана монетардык саясат негиздерин өркүндөтүү маселелерин кошо алганда, бардык иш багыттары жана башка маселелер боюнча өз ара иш алып барууну күчөтүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Швейцария Улуттук банкы ортосунда көп жылдан бери ар кандай иш багыттары боюнча эки тараптуу кызматташуу ийгиликтүү жүргүзүлүп келет.
КР Улуттук банкынын төрагасы
ЭВФ бөлүмдөрүнүн башчылары менен жолугушту
22-октябрда, Вашингтондо КР Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев Эл аралык валюта фондунун Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия өлкөлөрү департаментинин директору Жихад Азур жана Кыргызстан боюнча өлкөлүк миссиясынын башчысы Николоз Гигиенишвили менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Жолгушуунун жүрүшүндө Кыргызстандагы акыркы экономикалык тенденциялар, ошондой эле өлкөбүз кабыл алып жаткан экономикалык саясат чараларын талкууланды. Улуттук банктын баа туруктуулугуна жетишүүгө жана каржылык туруктуулукту бекемдөөгө багытталган саясатына өзгөчө көңүл бурулду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын 5.6-пунктун ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн мындан ары көбөйтүү, калк үчүн санарип төлөм кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, 2024-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы № 2024-П-14/55-1-(ПС) «Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» токтомун (мындан ары - токтом) кабыл алды.
Токтомго ылайык, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына жана төлөм уюмдарына Кыргыз Республикасынын ичинде мобилдик тиркемелер жана интернет банкинг аркылуу улуттук валютада акча которуулар боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн жеке адам-кардарлардан комиссиялык сый акы (комиссия) алууга 2025-жылдын 31-декабрына чейин убактылуу тыюу салынат.
Бул чара калктын бардык катмары үчүн банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жана банк секторуна санариптик технологияларды киргизүүнү тездетүүгө өбөлгө түзөт.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Токтом Улуттук банктын расмий веб-сайтында www.nbkr.kg/Банк жөнүндө/Банк мыйзамдары/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору дареги боюнча жайгаштырылган.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019П14/461(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системасынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун (мындан ары – долбоор) коомдук талкууга сунуштайт.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында «Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору»/«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Кызыкдар болгон тараптар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 23-ноябрына кечиктирбестен adjakubova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы ЭВФтин
Акча-кредит системалары жана капитал рыногу департаментинин директору менен жолугушту
Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев Вашингтондо (АКШ) өткөн ЭВФ жана Дүйнөлүк банк тобунун башкаруучуларынын жылдык жыйынына катышуунун алкагында Акча-кредит системалары жана капитал рыногу департаментинин директору Тобиас Адриан мырза менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын акча-кредит саясатынын негиздерин андан ары өнүктүрүү боюнча кызматташуу маселелери жана санарип сомду ишке киргизүүнүн техникалык мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 16-октябрында № 2024-П-12/53-2-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Улуттук банк Башкармасынын токтомун (мындан ары – токтом) кабыл алды.
Токтом микрокредиттерди берүү процессин оптималдаштыруу жана жеткиликтүүлүктү кеңейтүү максатында, кредиттин максаттуу пайдаланылышын текшерүү боюнча отчетту даярдоого тиешелүү талаптарды белгилөөнү эске алуу менен кабыл алынды.
Мындан тышкары, токтом күрөө берүүчүлөрдүн укуктарын коргоо жана карыз алуучулардын эсептелген үстөк акылар (туум, айып пул) боюнча карыз оорчулугунун деңгээлин төмөндөтүү максатында иштелип чыккан.
Токтомдо кредиттик тобокелдикти азайтууга, микрофинансылык компаниялар үчүн негизги каражаттарга инвестициялар боюнча ченемди белгилөөгө, ошондой эле алмашуу операцияларын жүргүзүү жагында ченемдик укуктук актылардын талаптарын актуалдаштырууга багытталган өзгөртүүлөр каралган.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок Ош шаарындагы «Достук-Автожол» көзөмөлдөө-өткөрмө пунктунун аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын 3 жаранынын (Г.А.А., А.С.К., Н.А.Б.) ар бирине 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. Токтом долбоору экономиканын стратегиялык багыттарын каржылоону демилгелөө максатында иштелип чыккан.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/kg) жайгаштырылган.
Коммерциялык банктар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 18-ноябрынан кечиктирбестен bimasheva@nbkr.kg электрондук дарегине (анын ичинде Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир микрокредиттик компанияга 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок Ош шаарынын аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын 3 жаранына карата (Г.Ш.Н., А.Ж.Р., З.Д.М.) ар бирине 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия албастан Ош областынын Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарынын жана «Кара-Суу» өткөрүү пунктунун аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын 6 жаранына карата (И.у.А., М.Ы.О., Б.А.Т., Р.Б.А., А.С.И., М.Ф.З.) ар бирине 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Нарын шаарындагы бир кредиттик союзуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан эки микрокредиттик компанияга жалпы 110 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алуусуз нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгү тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранына (А.у.А.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
2024-жылдын 14-октябрында Улуттук банкта Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн урматына кыргыз тарыхчылары менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына караштуу «Мурас» фондусунун төрагасы, тарых илимдеринин кандидаты, коомдук ишмер К.С. Молдокасымов, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б. Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун бөлүм башчысы, тарых илимдеринин кандидаты А.Э. Кубатова, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б. Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун илимий кызматкери Б.Т. Султаналиев катышты.
Келген меймандар Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүүдөгү урунттуу окуялар менен бөлүшүп, мамлекеттүүлүктү түптөөдөгү кыргыз интеллигенциясынын жасаган аракеттери, күңгөйү менен тескейи, тарыхтагы мааниси менен олжосу тууралуу кеңири баяндап беришти.
«Тай туяк» коллекциялык монетасы «Монеталар топ жылдызы – 2024»
эл аралык сынагында «Жылдын күмүш монетасы» номинациясы боюнча
үчүнчү байгелүү орунду ээледи
«Тарыхый окуялар» сериясындагы «Тай туяк» коллекциялык күмүш монетасы «Монеталар топ жылдызы – 2024» XVIII эл аралык сынагында «Жылдын күмүш монетасы» номинациясы боюнча үчүнчү байгелүү орунду ээледи.
«Монеталар топ жылдызы» - КМШ өлкөлөрүнүн аймагында өткөрүлгөн жалгыз эл аралык эстелик монеталар сынагы. Сынактын жеңүүчүлөрү аукцион үйлөрүнүн, эң чоң музейлердин, нумизматикалык коомдордун жана ар кайсы өлкөлөрдүн монеталары тууралуу адистештирилген басылмалардын адистеринен турган атайын калыстар тобу тарабынан бааланган.
Мыкты күмүш монеталар дүйнөнүн 18 өлкөсү катышкан 24 катышуучулардын арасынан бир нече критерийлер боюнча бааланган: монета жөнүндө жалпы пикир, монетанын темасын ачуу, дизайны, көркөм чагылдырылышы, аткаруу сапаты.
«Тай туяк» коллекциялык күмүш монетасы 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан улуттук валютаны жүгүртүүгө чыгаруунун 30 жылдыгына карата жана акчанын байыркы тарыхына арналып чыгарылган.
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алуусуз Ош шаарынын «Достук-Автожол» көзөмөлдөө-өткөрмө пунктунун аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын 7 жаранына карата (У.А.А., А.Б.Х., П.А.А., М.Ш.А., Б.Х.М., М.Р.И., Э.Б.Х.) ар бирине 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
2. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ош шаарында жайгашкан бир алмашуу бюрого карата 55000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир микрокредиттик компанияга 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир кредиттик союзга 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Банк» / «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.
Токтом долбоору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды 2024-жылдын 10-ноябрынан кечиктирбестен Улуттук банкка, ошондой эле электрондук версиясын (Word форматында) nishenbekov@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүү зарыл.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Элдик Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Элдик Банк» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Абдраимова Венера Бору-Мухаммедовнанын талапкерлигине 2024-жылдын 10-октябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир микрокредиттик компанияга 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду:
2024-жылдын 10-октябрынан тартып 24-октябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
- Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспекти, 299 «В» («Ала-Арча» соода борбору,
1-кабат) дареги боюнча жайгашкан «Нурзаман ЛТД» алмашуу бюросу ЖЧКнын
2022-жылдын 14-сентябрындагы № 6354 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 150 дареги боюнча жайгашкан «Гранд КЭШ» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 26-майындагы № 6296 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү 5, 2-кв. дареги боюнча жайгашкан «Экспресс Мани МК» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 4-мартындагы № 6729 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Московская көчөсү, 71-үй дареги боюнча жайгашкан «Бинанс трейд» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 6247 лицензиясы;
2024-жылдын 10-октябрынан тартып 16-октябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 144, № 5-бөлмө дареги боюнча жайгашкан «Тренд Кей Джи» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 28-ноябрындагы № 6644 лицензиясы;
2024-жылдын 10-октябрынан тартып 14-октябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 150 дареги боюнча жайгашкан «Опция» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 6508 лицензиясы.
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 3-октябрында «О!Банк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна Заика Дмитрий Александровичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 3-октябрында «Капитал Банк» ачык акционердик коомунун ички аудит кызматынын начальниги кызмат ордуна Эсеналиева Гульнара Усенбековнанын талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.
2024-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев Франциянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Николя Фай мырза менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук банктын төрагасы Франциянын Кыргыз Республикасындагы Элчисин дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, эки тараптуу мамилени бекемдөө маанилүү экендигин белгиледи.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Франция банкы ортосунда кызматташууну өнүктүрүү, анын ичинде тажрыйба алмашуу, адистердин квалификациясын жогорулатуу жана Кыргызстандын финансы секторун өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду биргелешип жүзөгө ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 144, №3-кеңсе дареги боюнча жайгашкан «Валютный центр» алмашуу бюросунун 2023-жылдын 14-июлундагы № 6550 лицензиясынын мөөнөтү 2024-жылдын 5-октябрынан тартып 19-октябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алуусуз Талас областынын аймагындагы «Чоң-Капка» көзөмөлдөө-өткөрмө пунктунун жанында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Талас областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын эки жаранына карата (М.у.С., М.у.К.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети 2024-жылдын 3-октябрынан тартып 17-октябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду:
- Бишкек шаары, Чуй проспекти, 100-үй, № 1 дареги боюнча жайгашкан «ЭЛКАЗЫНА кейджи» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 16-мартындагы № 6491 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Москва көчөсү, 71-үй дареги боюнча жайгашкан «Голд и ко плюс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 16-октябрындагы № 6604 лицензиясы.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2024-жылдын 2-октябрынан тартып Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 150 № 6 дареги боюнча жайгашкан «Мурас и Ко» алмашуу бюросу ЖЧКнын нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2022-жылдын 21-октябрындагы № 6380 лицензиясы кайтарылып алынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгы 2024-жылдын 25-26-сентябрь күндөрү план чегинде Ош областынын Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагынын жана Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын жергиликтүү калкына «Финансылык сабаттуулук» темасында көчмө лекция өткөрдү.
Лекцияда Улуттук банктын ролу жана функциялары, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана анын коргоо белгилери, QR-код колдонуу аркылуу төлөмдөрдү жана акча которууларды ишке ашырууну өнүктүрүү, акча каражаттарын сарамжалдуу колдонуу, каражат топтоо, финансылык пландаштыруу, финансылык максаттарды коюу, ошондой эле үй-бүлөлүк жана жеке бюджеттерди түзүү тууралуу маалымат берилди.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык келтирүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик турак жай программаларын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 25-сентябрында № 2024-П-12/46-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун алкагында кредиттерди берүү маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун (мындан ары – токтом) кабыл алды.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу
Сот адилеттигинин жогорку мектеби менен биргеликте судьялар үчүн
эки күндүк тренинг өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 26-27-сентябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин судьялары үчүн «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ролу, функциялары, ыйгарым укуктары жана ченем жаратуу иши. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын таасир этүү чараларына, ченемдик укуктук актыларына жана башка чечимдерине карата даттануу иштерин кароо боюнча сот тажрыйбасы» темасында тренинг өткөрдү. Бул иш-чаранын максаты – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана анын көзөмөлүндөгү субъекттердин ишине байланыштуу кыйла маанилүү маселелерди талкуулоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын судьяларынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу саналат.
Тренингге өлкөнүн бардык областтарынын жана Бишкек шаарынын жалпы юрисдикциядагы жана административдик соттордун, анын ичинде биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун судьялары катышты.
Тренингдин спикерлери катары Улуттук банктын кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутучуусу болушту.
2024-жылдын 25-сентябрында Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун тургундарына «Финансылык сабаттуулук» темасында пландаштырылган көчмө лекция өткөрүштү. Лекция Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын чоң залында өткөрүлүп, анда болжолу менен 80 адам катышты.
Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү катышуучуларга акча каражаттарын туура колдонуу, финансы маселелерин талдоо, акча каражаттарын ар кандай тобокелдиктерден коргоо, финансылык пландаштыруу, финансылык максат коюу, ошондой эле үй-бүлөлүк жана жеке бюджетти түзүү тууралуу айтып беришти.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында QR-кодду өнүктүрүү боюнча иш-чаралар, QR-коддордун улуттук стандарттары жана эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөө эрежелери жөнүндө маалымат берилди.
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы «О!Банк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү/Тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна Ахметова Нурсулу Меирбековнанын талапкерлигине 2024-жылдын 26-сентябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы «Демир Кыргыз Эл Аралык Банкы» ЖАКтын башкы бухгалтеринин орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу кызмат ордуна Абитова Назира Абдыгапаровнанын талапкерлигине 2024-жылдын 26-сентябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы «Бай-Түшүм» Банкы ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна Осмонова Рахат Курманбековнанын талапкерлигине 2024-жылдын 26-сентябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы «Бай-Түшүм» Банкы ААКтын башкармасынын төрагасы кызмат ордуна Сагындыков Жаркынбек Жумабаевичтин талапкерлигине 2024-жылдын 26-сентябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы «Айыл Банк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна Султанов Мирлан Кушчубаевичтин талапкерлигине 2024-жылдын 26-сентябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 25-сентябрындагы чечими менен «Айыл Банк» ачык акционердик коомуна иджара жана иджара мунтахийя биттамлик келишимдери боюнча «ислам терезеси» аркылуу улуттук жана/же чет өлкө валютасында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык кошумча банктык операцияларды жана бүтүмдөрдү жүргүзүү укугуна уруксат берилгендигин билдирет.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Финансы-кредит уюмдары токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 30-октябрынан кечиктирбестен msatybaldieva@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору финансы-кредит уюмдарынын кардарларынын кредиттерди аралыктан тейлөө ыкмасы менен тариздетүүдө алдамчылык аракеттерине дуушарлануусун азайтуу максатында иштелип чыккан.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында Улуттук банктын ченемдик актылары/Талкууга сунушталган долбоорлор бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.
Сектор токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 26-октябрынан кечиктирбестен bkuvanychbekov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, 2025-жылы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын коллекциялык монеталарынын эскиздеринин долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн сүрөтчү-дизайнерлер арасында төмөнкү талаптар боюнча ачык сынак жарыялайт:
Сериясы |
Темасы |
Металлы |
Салмагы (г) |
Диаметри (мм) |
Формасы |
Кыргыздын салттары жана үрп-адаттары |
Тушоо кесүү |
Күмүш 925° |
28,28 |
38,61 |
Тегерек |
Тарыхый окуялар |
Эгемен Кыргыз Республикасына - 35 жыл |
Алтын 999° |
7,78 |
22,00 |
Тегерек |
Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлору берилген теманы толук ачып берүүгө жана төмөнкү критерийлерге туура келүүгө тийиш:
- берилген темага шайкеш келүү;
- жогорку деңгээлде көркөм аткаруу;
- маданий жана эстетикалык ченемдерге туура келүү;
- жеке чыгармачылык.
Сынактын шарттары:
1. Монетанын жасалгасына коюлган талаптар
«Тушоо кесүү» коллекциялык монетасы:
- монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжети, монетанын номиналы (10 сом) жана «Тушоо кесүү»;
- монетанын арткы бетинде (реверс) сюжеттин уландысы берилип, мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы «2025», «Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары» деген жазуу түшүрүлүүгө тийиш.
Монетанын металлы жана сапат белгиси (Ag 925), салмагы (28.28 g) аткаруучунун көз карашы боюнча монетанын алдыңкы бети сыяктуу эле, арткы бетине да жайгаштырылышы мүмкүн.
«Эгемен Кыргыз Республикасына - 35 жыл» коллекциялык монетасы:
- монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжети, монетанын номиналы (100 сом) жана «Эгемен Кыргыз Республикасына – 35 жыл» / Независимой Кыргызской Республике – 35 лет» жазуулары;
- монетанын арткы бетинде (реверс) сюжеттин уландысы берилип, мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы «2026», «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» деген жазуу түшүрүлүүгө тийиш.
Монетанын металлы жана сапат белгиси (Au 925), салмагы (7,78 g) аткаруучунун көз карашы боюнча монетанын алдыңкы бети сыяктуу эле, арткы бетине да жайгаштырылышы мүмкүн.
2. Эскиздин долбоорлорун тариздөөгө талаптар:
- А4 форматындагы фотокагаз, барактын жогору жагында монетанын аталышы, монетанын аверс/реверсинин көрсөтүлүшү, рельефтин нукура көлөмдө иштелип чыккан монетанын сүрөтү, чоңойтулган түрдө монетанын сүрөтү (150 мм) көрсөтүлөт;
- эскиздик долбоорлорду JPG форматында kartykova@nbkr.kg эл. дарегине жөнөтүү.
Ар бир эскиздин долбооруна сунушталган коллекциялык монетанын дизайнынын маанисинин мазмуну боюнча комментарийлер тиркелиши керек.
3. Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлорун тапшыруу мөөнөтү 2024-жылдын 5-декабрына чейин.
4. Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлору «Сынак» (Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы үчүн) белгисин коюу менен Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти 168 дареги боюнча жайгашкан Улуттук банктын 117 иш бөлмөсүнө тапшырылат.
Кошумча маалыматты 0312 66 92 26, 0312 66 92 25 телефон аркылуу алсаңыздар болот.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, Усенбаев көчөсү, 47 (1-кабат, 1-офис) дареги боюнча жайгашкан «Авангард КЭШ» алмашуу бюросунун 2024-жылдын 31-июлундагы № 6894 лицензиясынын мөөнөтү 2024-жылдын 25-сентябрынан тартып 9-октябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ош областында жайгашкан бир коммерциялык банкка 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө
КАБАРЛОО
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы укуктук жөнгө салууну талкуулоо жана кызыкдар жактардан сунуштарды чогултуу башталгандыгы жөнүндө билдирет.
1. Чечилишине сунушталган жөнгө салуу багытталган проблемалардын сыпаттамасы:
Алдамчылык тобокелдиктери барган сайын түрдүү болуп, татаалдашкан азыркы финансылык ландшафттын шарттарында, банк операцияларынын коопсуздугун камсыз кылуу өзгөчө мааниге ээ болуп жатат. Буга байланыштуу кардарлардын ишенимдүүлүгүн жана корголушун жогорулатууга багытталган жаңы чараларды киргизүү пландаштырылууда.
Антифрод-системаларды жана банктардагы эсептерди ыкчам блокко коюу боюнча чараларды киргизүү керектөөчүлөрдү коргоого, ошондой эле бүтүндөй финансы системасынын туруктуулугун камсыз кылууга тиешелүү бир катар негизги факторлор менен шартталган.
Мындан тышкары, көзөмөлдө турган уюмдардын мобилдик тиркемелери аркылуу калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу зарылчылыгын эске алуу менен, көзөмөлдө турган уюмдардын мобилдик тиркемелер аркылуу кызмат көрсөткөндүгү үчүн комиссиялык сый акы алууга чектөө киргизиле турган жана/же тыюу салына турган кызматтардын тизмегин белгилөөгө Улуттук банктын ыйгарым укуктарын аныктоо маселеси каралат.
2. Сунушталган жөнгө салуунун максатын жана проблеманы чечүүнүн ыкмасын сыпаттоо:
Банктар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын катуу талаптарына жооп берген натыйжалуу антифрод-системаларды ишке киргизүүгө тийиш. Бул системалар шектүү иш-аракеттерди аныктоо, алдамчылык операцияларындагы транзакцияларды талдоо үчүн маанилүү курал болуп калат. Бул жөнгө салууну кабыл алуу тобокелдиктерди кыйла азайтууга жана мүмкүн болгон финансылык жоготууларды алдын алууга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, сунуш кылынган чаралар алдамчылыкка шектенүү жаралган учурда эсептерди ыкчам блокко коюу мүмкүнчүлүгүн караштырат. Бул функция керектөөчүлөрдү коргоого жасалган маанилүү кадам болуп, банк мекемелеринин тез жана натыйжалуу иштешине мүмкүнчүлүк берет. Алдамчылык коркунучу айкын болгон жагдайда, ыкчам кийлигишүү, анын ичинде эсептерди блокко коюу уруксатсыз транзакцияларды алдын алууга жана зыянды азайтууга жардам берет.
Ошондой эле көзөмөлдө турган уюмдар комиссиялык сый акыны белгилөөдө мобилдик тиркемелер аркылуу көрсөтүү үчүн комиссиялык сый акы алууга чектөө жана/же тыюу салуу киргизиле турган көзөмөлдө турган уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн тизмегин аныктаган Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына таянышат.
3. Сунушталган жөнгө салуунун күтүлүүчү пайдасын жана артыкчылыктарын баалоо:
2024-жылдын апрелинен тартып Улуттук банктын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо бөлүмүнө кара ниет адамдардын аракеттеринен жабыр тарткан жарандардан 30га жакын кат жүзүндө кайрылуу келип түшкөн. Мындан тышкары, Улуттук банктын Коомдук кабылдамасына алдамчылык тууралуу 25 телефон чалуу болуп, ушундай мазмундагы 20га жакын кайрылуу Улуттук банктын Whats-App каналына келип түшкөн.
Антифрод-системаларды жана эсептерди ыкчам блокко коюу боюнча чараларды киргизүү төмөнкүдөй маселелерди чечет:
1) Алдамчылыктын өсүшү
Заманбап технологиялар жана интернет кызматтары кара ниет адамдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, алдамчылык схемаларынын көбөйүшүнө алып келет. Антифрод-системалардын ишке киргизилиши банктарга мындай схемаларды ыкчам идентификациялоого жана реакция кылууга мүмкүндүк берет жана алдамчылыктын ийгиликтүү ыктымалдыгын азайтат.
2) Керектөөчүлөрдү коргоо
Банктардын негизги милдеттеринин бири өздөрүнүн керектөөчүлөрүнүн каражаттарынын коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат. Натыйжалуу антифрод-системалар алдамчылардын күнөөсү боюнча каражаттарды жоготуу тобокелдиктерин минималдаштырууга, ал эми эсептерди ыкчам блокко коюу мүмкүнчүлүгү кардарларды кошумча коргоо мүмкүнчүлүгүн берет.
3) Банк системасына ишеним
Кардарлар банк кызматтарын активдүү колдонуу үчүн өз финансысынын коопсуздугун сезиши зарыл. Ишенимдүү антифрод-чаралары конкреттүү финансы институттарына да, бүтүндөй банк системасына да ишенимди бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
4) Реакциянын ыкчамдыгы
Реалдуу мезгилде эсептерди блокко коюу мүмкүнчүлүгү банктарга шектүү аракеттерге дароо реакция кылуу куралы болуп берет. Бул алдамчылык операцияларын алдын алуу жана кардарларга акча каражаттарын кайтаруу мүмкүнчүлүгүн олуттуу түрдө жогорулатат.
4. Мүмкүн болуучу жагымсыз кесепеттерди баалоо:
Бул жөнгө салуу финансы чөйрөсүндө алдамчылыкты алдын алууга жана коргоого багытталган жана терс натыйжаларга алып келбейт жана финансы системаларына ишенимди бекемдөөгө шарт түзөт.
Мобилдик тиркемелер аркылуу көрсөтүлгөн, көзөмөлдө турган уюмдардын комиссиялык сый акы алууну чектөө жана/же тыюу салуу жүргүзүлүүчү кызматтарынын тизмегин белгилөөгө Улуттук банктын ыйгарым укуктарын белгилөө мобилдик тиркемелер аркылуу калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга көмөк көрсөтөт.
5. Сунушталган жөнгө салуунун ишкердик субъекттерин - адресаттарын мүнөздөө жана санын баалоо:
Сунушталган жөнгө салуу коммерциялык банктарга жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү башка субъекттерге тиешелүү.
6. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланышкан потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгымдарын жана пайдаларын болжолдуу баалоо:
Антифрод-системаларын жана эсептерди ыкчам блокко коюу боюнча чараларды киргизүү банктардын кардарларынын кара ниет адамдардын алдамчылык аракеттеринен улам келип чыккан проблемаларын чечүүнү камсыз кылат, ошондой эле банктарга алдамчылык ыктымалдыгын төмөндөтүү менен, көрсөтүлгөн аракеттерди ыкчам идентификациялоого жана реакция кылууга мүмкүндүк берет.
Мобилдик тиркемелер аркылуу көрсөтүү үчүн комиссиялык сый акы алууга чектөө жана/же тыюу салуу киргизиле турган көзөмөлдө турган уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн тизмегин белгилөөгө Улуттук банктын ыйгарым укуктарын киргизүү жана бул кызматтарды акысыз көрсөтүү боюнча ченемдерди андан ары ишке ашыруу төлөм системаларынын катышуучуларында, процессинг системаларынын ортосунда хосттор аралык байланыштарды уюштуруу боюнча процессинг борборлорунун операторлорунда анча чоң эмес чыгымдарга алып келиши мүмкүн.
Мында сунушталган жөнгө салууну киргизүү калкка көрсөтүлүүчү төлөм кызматтарынын сапатын, жеткиликтүүлүгүн, ар түрдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
7. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланышкан республикалык/жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын жана пайдаларын болжолдуу баалоо:
Сунушталган жөнгө салууну киргизүү республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт. Мында калктын финансы секторуна болгон ишениминин жогорулашына жана калкка көрсөтүлгөн банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмүнүн артышына байланыштуу төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунун катышуучуларынан салыктык чегерүүлөрдүн көбөйүшү мүмкүн.
Билдирүүгө төмөнкүлөр тиркелет:
1. Коомдук консультациянын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеги:
- аталган проблемалар туура жана Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жолу менен чечүүнү талап кылабы;
- аталган максат негиздүүбү, аткаруу үчүн маанилүүбү;
- проблеманы чечүү үчүн сунушталган ыкма (Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүү киргизүү) кыйла артыкчылыктуу болуп саналабы;
- Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына сунушталган өзгөртүү киргизүү кабыл алынган учурда пайдасы жана артыкчылыгы кандай;
- Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына сунушталган өзгөртүү киргизүү кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар пайда болушу мүмкүн;
- проблеманы чечүүнүн кыйла натыйжалуу альтернативдүү ыкмалары барбы;
- Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына сунушталган өзгөртүү киргизүүгө карата жалпы пикир.
Маселелердин тизмегиндеги суроолордун саны көбөйүшү мүмкүн.
Кабарлоо маалыматын талкуулоо үчүн байланыш маалыматтары жана мөөнөттөрү:
1. Сунуштар төмөнкүлөр аркылуу кабыл алынат: |
|
- электрондук почта аркылуу |
uakylbek@nbkr.kg |
- почта дареги |
720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 168 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү |
2024-ж.10-октябры |
3. Сунуштардын жана жооптордун реестрин иштеп чыккан органдын расмий сайтына жайгаштыруу мөөнөтү, көрсөтүлгөндөн кечиктирилбестен |
2024-ж.16-октябры |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алуусуз нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгү тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранына (Э.И.Н.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары боюнча комитетинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы токтому менен «Грин Телеком Сервис» жоопкерчилиги чектелген коомунун атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясынын колдонуу мөөнөтү лицензияга карата техникалык тапшырмада бекитилген шарттарды жана талаптарды сактоо менен 2025-жылдын 20-мартына чейин узартылды.
Кыргыз Республикасынын Баткен областында жашап жаткан жарандарга жана чарба ишин жүргүзүп жаткан субъекттерге каржылоодон пайдалануу мүмкүндүгүн арттыруу, административдик-аймактык бирдиктерди, анын ичинде 2022-жылдын сентябрь айында Баткен областында куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2024-жылдын 17-сентябрында № 2024-П-12/45-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому (мындан ары – токтом) кабыл алынган.
Токтомго ылайык Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2-(НПА) «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган, коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери тууралуу» жана 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 2022-П-12/71-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу» эки токтомунун колдонуу мөөнөттөрү 2025-жылдын 30-мартына чейин узартылды.
Токтом Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Банк/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
төрагасы М.Тургунбаев Кытай Эл Банкынын төрагасынын орун басары Чжан Цинсун менен жолугушту
2024-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев Пекин шаарында (КЭР) өткөн Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын 16-жыйынына катышуусунун алкагында Кытай Эл Банкынын төрагасынын орун басары Чжан Цинсун менен жолугушту.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Финансы министри Алмаз Бакетаев жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Кытай Эл Банкы ортосунда борбордук банктардын ишкердик чөйрөсү жагында эки тараптуу кызматташууну арттыруу маселелерин, ошондой эле Кыргызстандын коммерциялык банктарынын Кытай банктары менен кызматташуу, анын ичинде өз ара корреспонденттик эсептерди ачуу маселелерин талкуулашты.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 148-1 дареги боюнча жайгашкан «Скай курс» алмашуу бюросу» ЖЧКнын 2024-жылдын 27-июнундагы № 6855 лицензиясынын аракети 2024-жылдын 19-сентябрынан тартып 3-октябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 17-сентябрында «Оптима Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Оптима Банк» ачык акционердик коомунун башкы бухгалтеринин орун басары кызмат ордуна сунушталган Якупова Аида Тургунбековнанын талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды».
2024-жылдын 17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан «Халык Банк Кыргызстан» ачык акционердик коомунун толук фирмалык аталышы жана кыскартылган фирмалык аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу «Халык Банк Кыргызстан» ААКтын лицензиясы алмаштырылды.
- мамлекет тилдеги толук аталышы: «О!Банк» ачык акционердик коому;
- мамлекет тилдеги кыскартылган аталышы: «О!Банк» ААК;
- расмий тилдеги толук аталышы: Открытое акционерное общество «О!Банк»;
- расмий тилдеги кыскартылган аталышы: ОАО «О!Банк»;
- англис тилдеги толук аталышы: The open joint-stock company «O!Bank»;
- англис тилдеги кыскартылган аталышы: OJSC «O!Bank».
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Банк» / «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.
Токтом долбоору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды 2024-жылдын 18-октябрынан кечиктирбестен asyrgataev@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүү зарыл.
Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгынын кызматкерлери 2024-жылдын 17-сентябрь күнү Талас областынын Манас районунун жергиликтүү калкына жана Манас райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлерине көчмө лекция өткөрүштү.
Лекциянын жүрүшүндө катышуучуларга үй-бүлөлүк бюджет, каражат топтоо, карыз мамилелери, финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, заманбап технологияларды колдонуу менен финансылык алдамчылык учурлары, ошондой эле эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөө эрежелери боюнча маалыматтар берилди.
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (С.Т.С.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, Шевченко көчөсү 80, 1-кабат дареги боюнча жайгашкан «Милан КЭШ» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 24-июлундагы № 6885 лицензиясынын аракети 2024-жылдын 12-сентябрынан тартып 18-сентябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 10-сентябрындагы чечими менен «Элдик Банк» ачык акционердик коомуна башка эмитенттердин аффинаждалган стандарттуу жана өлчөнгөн куймалар түрүндөгү баалуу металлдары менен накталай жана накталай эмес формада операцияларды жүргүзүү укугуна уруксат берилди.
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 10-сентябрында «Керемет Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Керемет Банк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы / аудит боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Дружинина Наталья Михайловнанын талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 10-сентябрында «Керемет Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Керемет Банк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү / тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Эрмакбаева Клара Эргашевнанын талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 10-сентябрында «Керемет Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Керемет Банк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Арзыматов Сыргак Жумадиловичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 10-сентябрында «Кыргызкоммерцбанк» ачык акционердик коому тарабынан «Кыргызкоммерцбанк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү / аудит боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Гаврилюк Андрей Яновичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 10-сентябрында «Элдик Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Элдик Банк» ачык акционердик коомунун тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Эрмеев Джыргалбек Советбековичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 10-сентябрында «Айыл Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Айыл Банк» ачык акционердик коомунун башкы бухгалтери кызмат ордуна сунушталган Садралиева Алтын Анарбековнанын талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Улуттук банктын төрагасы Эл аралык валюта фондунун
башкаруучу директорунун орун басары менен жолугушту
2024-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы М.Ж. Тургунбаев жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучу директорунун орун басары Бо Ли мырза ортосунда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун алкагында Улуттук банк менен ЭВФ ортосундагы кызматташуу, анын ичинде техникалык колдоо көрсөтүү жаатында кызматташуу маселелери талкууланды.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасы 1992-жылдан тартып ЭВФ мүчөсү, 1993-жылдан тартып ЭВФте Швейцариянын добуш берүү тобунун мүчөсү. Бул топко Азербайжан, Кыргыз Республикасы, Польша, Казакстан Республикасы, Сербия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Швейцария өлкөлөрү кирет.
Бишкек шаарында «Кыргыз Республикасын узак мөөнөттүү өнүктүрүүнүн жаңы экономикалык чакырыктары» форуму болуп өттү
Кыргыз Республикасына Эл аралык валюта фондунун башкаруучу директорунун орун басары Бо Ли мырза расмий иш сапары менен келди.
Бо Ли мырзанын иш сапарынын алкагында мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, өнүктүрүү фонддордун жана банк секторунун өкүлдөрүнүн катышуусунда «Кыргыз Республикасын узак мөөнөттүү өнүктүрүүнүн жаңы экономикалык чакырыктары» темасында Форум уюштурулду.
Форумдун жүрүшүндө аймактык кызматташуу, жашыл экономиканы өнүктүрүү жана каржылоо маселелери, климаттын өзгөрүшүнүн көйгөйлөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалы тууралуу айтылды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 4-сентябрында № 2024-П-14/41-2-(ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды.
Токтомдун электрондук версиясы Улуттук банктын расмий интернет-сайтында www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2024-жылдын 10-сентябынан тартып төмөнкү алмашуу бюролорунун нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиялары кайтарылып алынды:
- Бишкек шаары, Москва көчөсү, 18-үй, 1-кеңсе дареги боюнча жайгашкан «БМД ГРУП» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 30-апрелиндеги №6799 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 129-үй дареги боюнча жайгашкан «КЖ ноль бир» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 6288 лицензиясы.
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (С.Т.С.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (У.М.М) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн, Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 150 дареги боюнча жайгашкан «Сити и Ко» алмашуу бюросу ЖЧКнын накталай чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна берилген 2022-жылдын 29-августундагы №6347 лицензиясы 2024-жылдын 6-сентябрынан тартып кайтарылып алынды.
2024-жылдын 5-сентябрында Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгү 2024-жылы социалдык контракттардын негизинде жардам алууга кайрылган Баткен районунун тургундары үчүн «Финансылык сабаттуулук» темасы боюнча пландаштырылган лекция өткөрдү.
Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү катышуучуларга акча каражаттарын туура колдонуу жана сарптоо, финансыны пландаштыруу, финансылык максат коюу, үй-бүлөлүк жана жеке бюджетти түзүү, финансыларды келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерден коргоо тууралуу маалымат беришип, ар кандай финансылык маселелер боюнча түзүлгөн кырдаалдарды талдап чыгышты.
Талас областынын аймагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Талас областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранына (Т.Э.Н.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Халык Банк Кыргызстан» ачык акционердик коому тарабынан «Халык Банк Кыргызстан» ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Чукин Алмас Таласовичтин талапкерлигине 2024-жылдын 3-сентябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Элдик Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Элдик Банк» ААКтын башкы бухгалтеринин орун басары/бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук департаментинин начальнигинин орун басары кызмат ордуна сунушталган Бакаева Айсулуу Руслановнанын талапкерлигине 2024-жылдын 3-сентябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Бай-Түшүм» Банкы ачык акционердик коому тарабынан «Бай-Түшүм» Банкы ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Тазабеков Эркин Маратовичтин талапкерлигине 2024-жылдын 3-сентябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.
1. 2024-жылдын 28-августунан 30-августуна чейин жүргүзүлгөн рейддик текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча «Достук-Автожол» көзөмөлдөө-өткөрмө пунктунун, Ош областынын Араван жана Кара-Суу райондорунун аймагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын 13 жаранынын ар бирине 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
2. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ош областында жайгашкан эки алмашуу бюросунун ар бирине 55000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
3. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ош шаары, А. Масалиев пр., 58-үй, 27-квартира дареги боюнча жайгашкан «Рысбек Валюта» жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросуна нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2023-жылдын 5-декабрында берилген № 6653 лицензиянын аракети 2024-жылдын 31-августунан тартып 14-сентябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары боюнча комитетинин 2024-жылдын 28-августундагы токтому менен «Региональные платежные системы» («РПС») жоопкерчилиги чектелген коомунун атайын жөнгө салуу режиминин алкагында лицензияга карата техникалык тапшырмада бекитилген шарттарды жана талаптарды, анын ичинде электрондук акча ээлерине электрондук акча менен операцияларды жүргүзүүнү, анын ичинде алардын ордун жабуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен накталай же накталай эмес акча каражаттарына алмаштыруу аркылуу өз электрондук акчасын жүгүртүүгө чыгарууну (эмиссия) сактоо менен операцияларды жүргүзүү укугуна берилген лицензиянын мөөнөтү 2025-жылдын 28-февралына чейин узартылды.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитетинин 2024-жылдын 28-августундагы токтому менен «Система Квикпэй» жоопкерчилиги чектелген коомунун атайын жөнгө салуу режиминин алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык коммерциялык банктар аркылуу (кассаларда жана/же аралыкта орнотулган түзүлүштөрдө) накталай акча каражаттарына же электрондук акча ээлерине электрондук акча менен операцияларды жүргүзүү, анын ичинде алардын ордун жабуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен накталай эмес акча каражаттарына алмаштыруу менен электрондук акчаны жүгүртүүгө чыгарууга (эмиссия) банктык операцияларды тесттен өткөрүү мөөнөтү 2025-жылдын 28-февралына чейин узартылды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 7-августунда № 2024-П-17/34-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды.
Токтомдун электрондук версиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Ченемдик укуктук акты Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктарды лицензиялоо бөлүгүндө жайгаштырылган.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын ишке ашыруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору финансы-кредит уюмдарында тейленүүдө жеке ишкерлер тарабынан колдонулуучу документтердин тизмесин кеңейтүүгө багытталган.
Токтом долбооруна ылайык, өзгөчө режимдеги соода аймагында салыктын негизинде иш жүргүзгөн жеке жак өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө салык кызматы органынын чечимин эсеп ачууда же кредит/каржылоо алууда финансы-кредит уюмдарына берүүгө укуктуу.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.
Коммерциялык банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 30-сентябрынан кечиктирбестен aatyshova@nbkr.kg электрондук дарегине (анын ичинде Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтомдун долбоору банктарга аудитордук уюмдарды, анын ичинде эл аралык аудитордук фирмалар тармагынын катышуучулары болуп саналган аудитордук уюмдарды кеңири тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү максатында иштелип чыккан.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.
Коммерциялык банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 30-сентябрынан кечиктирбестен nipasova@nbkr.kg электрондук дарегине (анын ичинде Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.
Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгынын кызматкерлери 2024-жылдын 27-август күнү Талас областынын Айматов районунун жергиликтүү калкына жана Айтматов райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлерине көчмө лекция өткөрүштү.
Лекциянын жүрүшүндө катышуучуларга үй-бүлөлүк бюджет, каражат топтоо, карыз мамилелери, финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, заманбап технологияларды колдонуу менен финансылык алдамчылык учурлары, ошондой эле эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөө эрежелери боюнча маалыматтар берилди.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Баткен облаcтында жайгашкан эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын эки жаранынын (М.Н.А. жана А.М.А.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду:
2024-жылдын 27-августунан тартып 5-сентябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
- Ош шаары, Навои көчөсү, номери жок (болжолу: «Келечек» базары) дареги боюнча жайгашкан «Арууке ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросунун 2021жылдын 26-октябрындагы № 6215 лицензиясы;
- Ош шаары, Навои көчөсү, номери жок, «Келечек» базары, 10 а соода түйүнү дареги боюнча жайгашкан «Улук-Мукай» жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросунун 2023-жылдын 22-февралындагы № 6470 лицензиясы;
2024-жылдын 27-августунан тартып 2-сентябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
- Ош областы, Кара-Суу району, Кара-Суу шаары, Ленин көчөсү, номери жок (болжолу: «Туратали» базары) дареги боюнча жайгашкан «Хан-Тенири Компани» жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросунун 2021-жылдын 16-декабрындагы № 6237 лицензиясы;
- Ош областы, Өзгөн району, Өзгөн шаары, Манас көчөсү, номери жок (болжолу: борбордук базар, күрүч сатылган катар) дареги боюнча жайгашкан «Валюта ММА» жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросунун 2022-жылдын 21-сентябрындагы № 6362 лицензиясы.
Ошондой эле, тышкы көзөмөлдүн жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ош областы, Өзгөн району, Өзгөн шаары, Манас көчөсү, номери жок (болжолу: «Мээрчөп» дарыканасы) дареги боюнча жайгашкан «Фахридин» жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросуна нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2023-жылдын 16февралында берилген № 6466 лицензиянын аракети 2024-жылдын 27-августунан тартып 2сентябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
эсептик ченди 9,00 пайыз деңгээлинде өзгөртүүсүз калтырды
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 26-августунда эсептик ченди (негизги ченди) 9,00 пайыз деңгээлинде өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим 2024-жылдын 27-августунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасында жылдык инфляция көрсөткүчү төмөндөп, 3,6 пайыз деңгээлинде түптөлгөн. Товардык түзүмдө азык-түлүк товарлары боюнча керектөө бааларынын өсүш арымы төмөндөгөндүгү байкалган, бул азык-түлүктүн (негизинен жашылча жана жемиштер, ошондой эле сүт азыктарынын) сезондук арзандашы менен да шартталган, натыйжада ай маанисинде алганда дефляция белгиленген. Азык-түлүктөн башка товарлар тобуна жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүшү бир калыпта басаңдаган.
Кыргыз Республикасында экономикалык жигердүүлүк жогору деңгээлде сакталып турат. 2024-жылдын январь-июль айларында өлкөнүн экономикасынын өсүшү реалдуу мааниде алганда 8,7 пайызды түзгөн. Негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн өсүшү жана экономикалык субъекттердин керектөө жигердүүлүгүнүн жогорулашы өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүшүнө дем берүүнү улантууда. Ички суроо-талаптын кеңейиши керектөө кредиттеринин көбөйүшү жана калктын реалдуу кирешелеринин өсүшү менен коштолууда.
Банк системасынын негизги көрсөткүчтөрү туруктуу сакталууда. Банк секторунун ликвиддүүлүгүнүн жана ресурстук базасынын запасы экономиканы кредиттөө көлөмүнүн көбөйүшүнө өбөлгө түзүүдө, алар негизинен, калкка керектөө, ошондой эле сооданы, курулушту жана транспортту каржылоо максатында берилүүдө.
Учурда өлкөнүн ички валюта рыногунда алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүү режиминин алкагында, рынокто чет өлкө валютасына болгон суроо-талап менен сунуштун рынок тарабынан калыптанышына байланыштуу алмашуу курсунун ийкемдүүлүгү сакталууда. Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн жөнгө салуу максатында, белгилүү бир мезгил аралыгында банктар аралык валюта рыногунда валюта интервенцияларын жүргүзүп турат.
Тышкы чөйрөдө экономикалык жагдай бир калыпта эмес. Региондогу экономикалык жигердүүлүк, бүтүндөй алганда дүйнөдө, акырындык менен калыбына келүүдө, бирок мурдагыдай эле дүйнөдөгү геосаясий жагдайга жана дүйнөлүк азык-түлүк менен чийки зат рынокторундагы баалардын өзгөрүлмөлүү болушуна байланыштуу белгисиздик абалынын деңгээли мурдагыдай эле жогору бойдон турат. Мунун алкагында дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндө, анын ичинде айрым Кыргыз Республикасынын соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндө инфляциялык басымдын жогорулашы байкалууда.
Кыргыз Республикасынын экономикасында ички факторлордун инфляциялык динамикага тийгизген таасири бир калыпта сакталып турат, алардын арасында кыска мөөнөттүү келечекте инфляцияга түрткү берүүчүлөр катары мамлекеттик тариф саясатын, эмгек акыларды жогорулатууну кайрадан пландуу карап чыгуу жана калктын инфляциялык күтүүлөрүнүн сакталышы каралууда.
Бул шарттарда кыска жана орто мөөнөттүү мезгилге каралган инфляция факторлоруна баа берүүнү эске алып, Улуттук банк эсептик чендин өлчөмүн 9,00 пайыз деңгээлинде өзгөртүүсүз калырды. Кабыл алынган чечим өлкөдө баа туруктуулугун сактоо жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү мүмкүнчүлүгүн берет. Улуттук банктын учурдагы баа берүүлөрү боюнча 2024-жылдын акырына карата жылдык инфляция көрсөткүчү орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүчтүн 5-7 пайыз чегинде түптөлүшү күтүлөт.
Улуттук банк түптөлгөн тышкы жана ички экономикалык шарттарга баа берүүнү улантат, тышкы чөйрөдө дагы деле сакталып турган тобокелдиктерди эске алуу менен акча-кредит саясатын ар тараптуу иштелип чыккан ыкмаларга таянуу менен жүргүзөт. Кандайдыр бир тобокелдик келип чыккан учурда Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатына кошумча түзөтүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.
Эсептик чен өлчөмү жөнүндө маселе боюнча Улуттук банк Башкармасынын кийинки план боюнча отуруму 2024-жылдын 28-октябрында өтөт.
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 21-августундагы чечими менен «Халык Банк Кыргызстан» ачык акционердик коомуна электрондук акчаны чыгарууга уруксат берилгендигин билдирет.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 21-августундагы чечими менен «ФинансКредитБанк» ачык акционердик коомуна башка эмитенттердин аффинаждалган стандарттуу жана өлчөнгөн куймалар түрүндөгү баалуу металлдары менен накталай жана накталай эмес формада операцияларды жүргүзүү укугуна уруксат берилгендигин билдирет.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашыргандыгы үчүн Улуттук банктын Ысык-Көл областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранына (М.Ж.К.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 21-августунда № 2024-П-12/37-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомун кабыл алды. Бул токтомдун максаты болуп, Улуттук банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык келтирүү саналат.
Токтомдун электрондук версиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Ош шаарынын жана «Достук-Автожол» көзөмөлдөө-өткөрмө пунктунун аймагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын 2 жаранынын (Р.А.Р., И.Н.М.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Банк тууралуу»/«Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.
Токтом долбоору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды 2024-жылдын 22-сентябрынан кечиктирбестен asyrgataev@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүү зарыл.
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (Д.А.Т.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
«Санарип сом» долбоордук топ
Digital SOM Ideathon
жарыялайт
(санарип сом платформасын тестирлөө үчүн идеялар/кейстер)
Digital SOM Ideathon иш-чарасына бардык кызыкдар болгон тараптар/катышуучулар катышууга чакырылат, алар борбордук банктын санарип валютасынын (ББСВ) прототибин апробациядан өткөрүү үчүн санарип сомду тестирлөөгө даярдоо процессинде өз сунуштары менен чечимдерин бере алышат.
Долбоордун максаты – колдонуудагы төлөм чечимдери менен инновацияларды технологиялык жактан мыкты болушун камсыз кылуу, тестирлөө баскычында жарандардын, бизнестин, мамлекеттин жана финансы секторунун кызыкчылыктарын эске алуу.
Сунуштар төмөнкү багыттар боюнча каралат:
- санарип сомдун башка системалар менен интеграциясы: мүмкүн болгон платформалар, протоколдор жана учурдагы системалар менен интеграция ыкмалары;
- коопсуздук жана маалыматтарды коргоо: санарип сомду колдонуу менен транзакциялардын купуялыгын жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча сунуштар;
- колдонуучунун тажрыйбасы жана жеткиликтүүлүгү: колдонуучунун колдонуу жолун, интерфейстерди, колдонуучулардын ар кандай категориялары үчүн колдонуунун ыңгайлуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча сунуштар;
- эл аралык системалар менен интеграция: башка санарип валюталар жана эл аралык төлөм системалары менен өз ара аракеттенүү боюнча идеялар;
- жана башка чечимдер.
Өтүнмөнү төмөнкү шилтеме менен жүктөп алсаңыздар болот.
Өтүнмө берүүнүн мөөнөтү - 2024-жылдын 20-сентябры (20-сентябрды чогуу алганда), digitalsom@nbkr.kg электрондук дарегине «Санарип сомго сунуштар» темасы менен толтурулган өтүнмө формасын, бештен кем эмес слайдды камтыган презентацияны (артыкчылык берилет) жөнөтүү зарыл. Санарип сомду апробациядан өткөрүү үчүн сунушталган эң мыкты идеялар/кейстер өтүнмө ээси менен талкууланат жана санарип сом платформасында тесттен өткөрүлөт.
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргызкоммерцбанк» ачык акционердик коому тарабынан «Кыргызкоммерцбанк» ачык акционердик коомунун башкы бухгалтеринин орун басары/отчеттуулук жана банктык операцияларды андан ары контролдоо бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна сунушталган Абдышова Бермет Таалайбековнанын талапкерлигине 2024-жылдын 20-августунда макулдук берүү чечимин кабыл алды.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргызкоммерцбанк» ачык акционердик коому тарабынан «Кыргызкоммерцбанк» ачык акционердик коомунун башкы бухгалтеринин орун басары кызмат ордуна сунушталган Тыныбек кызы Каныкейдин талапкерлигине 2024-жылдын 20-августунда макулдук берүү чечимин кабыл алды.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Керемет Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Керемет Банк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Атанова Гульсаара Тургумбаевнанын талапкерлигине 2024-жылдын 20-августунда макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (Н.Т.Н.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
МААЛЫМАТТЫК БИЛДИРҮҮСҮ
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 2024-жылдын 20-августунан тартып «Тарыхый окуялар» сериясындагы «Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат.
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү менен байланышкан 1924-жылдагы тарыхый окуя кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралгандыгын тастыктаган кыргыз элинин тарыхындагы эң маанилүү дата болуп саналат. Кыргыз автономиялуу облусу азыркы учурдагы эгемендүү мамлекеттин бардык атрибуттары менен иш жүзүндө Кыргыз Республикасын түзүү үчүн саясий-укуктук негиз болгон.
«Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл» монетасынын алдыңкы бетинде негизги элемент катары Ала-Тоо тоолорун чагылдырган «100» деген сан, улуттук оймо-чийме жана чексиздик белгиси, ошондой эле «жыл» деген жазуу түшүрүлгөн. Монетанын төмөн жагында Кыргыз Республикасынын улуттук символу – ак илбирстин сүрөтү, ошондой эле монетанын номиналы «10 сом» чагылдырылган. Монетанын жогору жагында Ала-Тоо тоолору түшүрүлгөн. Монетаны тегерете «Кара-Кыргыз автономиялуу облусу /Кара-Кыргызской автономной области – 100 лет» деген жазуу жайгашкан.
Монетанын арткы бетинде Ала-Тоо тоолорунда кездешкен гүлдөрдү чагылдырган оймо-чиймелердин так ортосунда Кыргыз Республикасынын герби жайгашкан. Монетанын оң жана сол тараптарында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы/Национальный банк Кыргызской Республики» жазуулары түшүрүлгөн. Монетанын төмөн жагында монета чыгарылган жыл – «2024», металлдын сапат белгиси (Ag 925) жана салмагы (28,28 g) көрсөтүлгөн.
«Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл» монетасы Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.
Монетанын өзгөчөлүктөрү
Аталышы |
Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл |
Номиналы |
10 сом |
Металлы (сапат белгиси) |
Ag 925 |
Кошумча технология |
түстүү басма |
Диаметри (мм) |
38,61 |
Салмагы (г) |
28,28 |
Сапаты |
Proof |
Нускасы (даана) |
1000 |
Ар бир коллекциялык монета акрил капсулага салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган.
Коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 4 820 сом баасында иш күндөрү саат 9.00дөн 14.00гө чейин, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу сатылат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгы тарабынан 2024-жылдын 15-августунда Ош областынын Алай районунун Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын Сопу-Коргон айылында жергиликтүү калкка «Финансылык сабаттуулук» боюнча пландаштырылган көчмө лекция өткөрүлдү.
Семинардын жүрүшүндө Улуттук банктын ролу жана функциялары, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана анын коргоо белгилери, QR-код колдонуу аркылуу төлөмдөрдү жана акча которууларды өнүктүрүү, акча каражаттарын сарамжалдуу колдонуу, каражат топтоо маданияты, финансылык пландаштыруу, финансылык максаттарды коюу, үй-бүлөлүк жана жеке бюджеттерди түзүү тууралуу маалыматтар берилди.
Ош шаарындагы «Достук-Автожол» көзөмөлдөө-өткөрмө пунктунун жана «Ош» аэропортунун аймагында жүргүзүлгөн рейддик текшерүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын 5 жаранынын (И.у.А., М.Ш.А., К.М.У., Г.А.А., К.Ш.М.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 14-августунда № 2024-П-12/36-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды.
Токтом Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында кабыл алынды.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Ченемдик укуктук актылары Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Улуттук банктын ченемдик актылары.
Бишкек шаарында жана Чүй облусунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын беш жаранынын (С.у.Б, Ж.у.Д., С.А.Н., А.И.М., Т.С.А.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашыргандыгы үчүн Улуттук банктын Ысык-Көл областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын (А.И.У. жана С.У.Т.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгү тарабынан Кыргыз Республикасынын эки жаранынын (С.у.А, И.М.Э.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Евразиялык Сактык Банкы» ачык акционердик коому тарабынан «Евразиялык Сактык Банкы» ачык акционердик коомунун ички аудит кызматынын жетекчиси кызмат ордуна сунушталган Сагынбаев Алмаз Онолбековичтин талапкерлигине 2024-жылдын 14-августунда макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын үч жаранынын (Б.у.Т, Ж.Т.Ш., Т.А.Т.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 119-үй, 11-кеңсе дареги боюнча жайгашкан «Брент моней» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 2-августундагы №6561 лицензиясынын аракети 2024-жылдын 14-августунан тартып 28-августун кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
Бишкек шаарында жана Чүй облусунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын тогуз жаранынын (М.Б.Б., А.Э.М., С.Э.Б., М.у.Р., Б.М.А., И.Н.Ч., К.у.Д, А.Н.А., С.у.Б.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2024-жылдын 7-августунда №2024-П-09/34-1-(БС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/15 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», атап айтканда, Улуттук банк тарабынан кыргыз сомуна карата «Жэнминьби кытай юанынын» (CNY) расмий курсун 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып күн сайын аныктоо бөлүгүндө Улуттук банктын токтому кабыл алынган.
Улуттук банк Башкармасынын токтому Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын алты жаранынын (Т.Р.Р., М.И.Ш., К.М.Т., Н.у.М., Т.к.А., М.Э.М.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети 2024-жылдын 13-августунан тартып 27-августун кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду:
- Бишкек шаары, Москва көчөсү, 86-үй, 7-кеңсе дареги боюнча жайгашкан «Миг Кей Джи» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 10-майындагы № 6808 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 144/6 дареги боюнча жайгашкан «Ломбард «Азамат КЭШ» алмашуу бюросу КЖКнын 2023-жылдын 31-мартындагы № 6502 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 129-үй дареги боюнча жайгашкан «КЖ ноль бир» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 6288 лицензиясы.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын корпоративдик башкаруу кодексине минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору коммерциялык банктарда корпоративдик башкаруу боюнча талаптарды өркүндөтүү максатында иштелип чыккан жана корпоративдик башкаруу кодексине карата талаптарды камтыйт.
Токтом долбоору менен банктын акционерлеринин жалпы чогулушуна, Директорлор кеңешине, ошондой эле корпоративдик башкаруу боюнча маалыматтарды ачыкка чыгарууга карата талаптардын тизмеси кеңейтилген.
Токтом долбоорунда ошондой эле ESG (Environment, Social, Governance) жана ислам каржылоо принциптери боюнча шарият башкаруу принциптери каралган.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.
Коммерциялык банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 12-сентябрынан кечиктирбестен nipasova@nbkr.kg электрондук дарегине (анын ичинде Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.
Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын кызматкерлери 2024-жылдын 8-августунда Жалал-Абад областынын Ноокен районунун жана Кочкор-Ата шаарынын тургундарына «Финансылык сабаттуулук» боюнча пландаштырылган көчмө лекция өткөрүштү.
Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү катышуучуларга акча каражаттарын туура колдонуу жана сарптоо, финансы маселелерин талдоо менен жагдайлар, орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерден коргоо, ошондой эле финансылык пландаштыруу, финансылык максаттарды коюу, үй-бүлөлүк жана жеке бюджеттерди түзүү тууралуу айтып беришти.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Чүй областында жайгашкан бир микрокредиттик компанияга 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ош областы, Өзгөн району, Өзгөн шаары, Өзгөн борбордук базары, № 20 квартал дареги боюнча жайгашкан «Эрма Финанс» жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросуна накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2023-жылдын 8-августунда берилген № 6563 лицензиясынын аракети 2024 жылдын 9-августунан тартып 15 августун кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, санарип сомдун укуктук статусу маселеси боюнча «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбооруна карата бир эле учурда «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына Кыргыз Республикасында санарип валюта «санарип сомдун» укуктук статусу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору менен (мындан ары – мыйзам долбоору) бир катар өзгөртүүлөрдү коомдук талкууга сунуштайт.
Мыйзам долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Банк»/ «Банк иши тууралуу мыйзамдар» / «Талкууга сунушталган мыйзам долбоорлору», ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдиу укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоо боюнча бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.
Мыйзам долбоору боюнча сын-пикирлер менен сунуштарды 2024-жылдын 9-сентябрынан кечиктирбестен abakesarieva@nbkr.kg жана imadyarov@nbkr.kg электрондук почта даректери аркылуу (Word форматында кошо алганда) жөнөтүү зарыл.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир кредиттик союзга 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир микрокредиттик компанияга 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө тажрыйбалык такшалуудан өтүү үчүн талапкерлерди тандоо боюнча ачык сынак жарыяланат - 35 (отуз беш) бирдик.
Документтер 2024-жылдын 22-августунда саат 17:00гө чейин кабыл алынат.
Талапкерлерге карата коюлуучу жалпы квалификациялык талаптар жөнүндө кеңири маалымат, функционалдык милдеттер жана сынакка катышуу үчүн талап кылынуучу документтердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында («Ишке кабыл алуу»/ «Бош турган кызмат орундары» бөлүгү) жайгаштырылган.
Бардык суроолор менен Бишкек шаары, Чүй проспекти, 168 дареги боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Персонал менен иш алып баруу бөлүмүнө (0312) 66-90-18, (0312) 61-10-21 телефон номерлери аркылуу кайрылууга болот.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашыргандыгы үчүн Улуттук банктын Ысык-Көл областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын (М.Б.С. жана К.К.З.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы санарип сомдун укуктук статусу маселеси боюнча «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбоорун (мындан ары – мыйзам долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Мыйзам долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында "Банк иши тууралуу мыйзамдар" / "Талкууга сунушталган мыйзам долбоорлору" бөлүмүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоо боюнча бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.
Мыйзам долбоору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды 2024-жылдын 7-сентябрынан кечиктирбестен abakesarieva@nbkr.kg жана imadyarov@nbkr.kg электрондук почта даректерине (Word форматында кошо алганда) жөнөтүү зарыл.
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Халык Банк Кыргызстан» ачык акционердик коому тарабынан «Халык Банк Кыргызстан» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары кызмат ордуна сунушталган Баландин Олег Александровичтин талапкерлигине 2024-жылдын 6-августунда макулдук берүү чечимин кабыл алды.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «ФинансКредитБанк» ачык акционердик коому тарабынан «ФинансКредитБанк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү/аудит боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Нурматова Бермет Тажиковнанын талапкерлигине 2024-жылдын 6-августунда макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоо жол-жобосунан өткөн эл аралык акча которуулар системасынын реестринде «Leskar Payments» акча которуу системасы каттоодон өттү.
Эл аралык акча которуулар системасынын оператору Ontario LTD Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоо жол-жобосунан өттү. Реестрдеги каттоо номери 1055010824.
Талас областынын аймагында "Чоң-Капка" көзөмөлдөө-өткөрмө пунктунун жанында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Талас областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранына (Т.А.О.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн, тактап айтканда лицензияда каралбаган операцияларды жүргүзгөндүгү үчүн Бишкек шаарындагы бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 31-июлундагы чечими менен «Евразиялык Сактык Банкы» ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген (чыгарылган) аффинаждалган өлчөнгөн куйма түрүндөгү баалуу металлдар менен операцияларды накталай жана накталай эмес формада жүргүзүү укугуна уруксат берилген.
Ош шаарынын жана «Достук-Автожол» көзөмөлдөө-өткөрмө пунктунун, Ош областынын Араван районунун Араван айылынын жана Пахтачи айылындагы «Кара-Багыш-Автожол» көзөмөлдөө-өткөрмө пунктунун аймагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын 10 жаранынын ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (Б.у.Э.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
эсептик ченди 9,00 пайыз деңгээлинде өзгөртүүсүз калтырды
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 29-июлунда эсептик ченди (негизги ченди) 9,00 пайыз деңгээлинде өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим 2024-жылдын 30-июлунан тартып күчүнө кирет.
Азык-түлүк товарлар тобуна баанын өсүш арымынын басаңдашынын жана баа динамикасынын сезондук факторунун таасири астында, өтүп жаткан жылдын май айынан тартып Кыргыз Республикасында инфляция орточо маанилерде сакталып турат. 2024жылдын июль айында жылдык инфляция көрсөткүчү1 4,2 пайызды түздү. Инфляция түзүмүндө азык-түлүк товарларына баалардын жылдык өсүш арымы 0,6 пайыз, азык түлүктөн башка товарларга – 7,4 пайыз, ал эми кызмат көрсөтүүлөргө – 6,8 пайыз деңгээлинде калыптанды.
2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында экономикалык субъекттердин жогору керектөө жана инвестициялык жигердүүлүгү өлкөнүн экономикасынын 8,1 пайызга өсүшүн шарттады. ИДӨнүн жогору өсүш арымы курулуш жана кызмат көрсөтүү секторлорунун кыйла жогорулашынын натыйжасында түптөлдү. Мында калктын айкын кирешесинин жана акча которууларынын таза агымынын өсүшү ички керектөөнүн артышына дале таасирин тийгизүүдө.
Өлкөнүн банк секторунун абалы туруктуу жана жогору ликвиддүү бойдон калууда. Экономиканы кредиттөө 9,0 пайызга өскөндүгү байкалды (2024-жылдын биринчи жарымы), алар негизинен калкка керектөө максаттарына берилген. Улуттук банк пайыз саясатын жеңилдетишинин натыйжасында, 2024-жылдын апрель айынын акырынан тартып банктар аралык акча рыногунда кыска мөөнөттүү пайыздык чендер төмөндөгөндүгү байкалган, алар Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыздык чендеринин төмөн чегинде калыптанган. Ички валюта рыногунда алмашуу курсунун ийкемдүүлүгү сакталып турат, ал эми өтүп жаткан жылдын апрель айынан тартып чет өлкө валютасын сунуштоо көлөмүнүн ага суроо-талап көлөмүнөн жогору болушу, учурда улуттук валютанын бекемделишин шарттаган.
Геосаясий факторлордун жана дүйнөлүк финансы жана чийки зат рынокторунда жогору өзгөрүлмөлүүлүктүн сакталып турушунун алкагында тышкы экономикалык шарттар ар башка мааниде сакталып турат. Акыркы айларда азык-түлүк рынокторунда дүйнөлүк баалардын узак убакыт бою төмөндөгөндөн кийин кайрадан акырындап жогорулап жаткандыгы байкалган. Кыргыз Республикасынын айрым соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндө инфляциялык процесстер салыштырмалуу жогору деңгээлде түптөлүүдө.
Инфляциянын тышкы жана ички факторлорунун тенденцияларына баа берүүдө өтүп жаткан жылдын акырына карата жылдык инфляция көрсөткүчү орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүч – 5-7 пайыз чегинде калыптанышы белгиленген. Дүйнөлүк азык түлүк жана чийки зат рынокторунда баалардын өзгөрүлмөлүүлүгүн жана мамлекеттин тариф саясатын планга ылайык өзгөртүлгөнүн эске алуу менен, ошондой эле калктын инфляциялык күтүүлөрүн андан ары төмөндөтүү максатында Улуттук банктын эсептик чен өлчөмүн 9,00 пайыз деңгээлинде калтыруу зарылдыгы белгиленди. Кабыл алынган чечим Улуттук банктын өлкөдө баа туруктуулугун сактоого жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган акча-кредит саясатынын багытына туура келет.
Улуттук банк тышкы жана ички инфляция факторлоруна баа берип турат жана тышкы чөйрөдө дале сакталып турган тобокелдиктерди эске алуу менен кылдат акча-кредит саясатын жүргүзүүнү улантууда.
Улуттук банк кандайдыр бир тобокелдиктер пайда болгон учурда жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка кошумча өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.
Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки план чегинде отуруму 2024-жылдын 26-августунда өтөт.
_______________________________________________1 Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун алкагында кредиттерди берүү маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2024-жылдын 22-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган. Коммерциялык банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 30-августунан кечиктирбестен jkonoeva@nbkr.kg электрондук дарегине (анын ичинде Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашыргандыгы үчүн Улуттук банктын Ысык-Көл областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын (И.У.Р., Б.Д.Т., К.Д.К. жана К.Э.Т.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын программасынын алкагында Талас областтык башкармалыгынын кызматкерлери 2024-жылдын 26-июль күнү калкка жана Талас райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлерине финансылык сабаттуулук боюнча көчмө семинар өткөрүштү. Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга үй-бүлөлүк бюджет, каражат топтоо, карыз мамилелери, финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана заманбап технологияларды колдонуу менен финансылык алдамчылыкка баруу учурлары, ошондой эле Кыргыз Республикасында QR-кодду өнүктүрүү боюнча иш-чаралар, QR-коддордун улуттук стандарты жана эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөө эрежелери боюнча маалыматтар берилди. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «ФинансКредитБанк» ачык акционердик коому тарабынан «ФинансКредитБанк» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Жолболдуев Памирбек Бакыевичтин талапкерлигине 2024-жылдын 26-июлунда макулдук берүү чечимин кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматтык билдирүүсү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 1-августунан тартып «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» сериясындагы «Ат чабыш» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат. Бул монета 2024-жылдын 8-сентябрынан тартып 13-сентябрына чейин Казакстандын Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналат. «Ат чабыш» – кыргыз элинин байыркы жана кеңири жайылтылган спорттук оюндарынын түрү, бул узак аралыкка ат чабуу дегенди билдирет. Спорттун бул түрүнө катышуу үчүн узак аралыкка чарчабай чуркай турган, күлүк аттар тандалат. Ат чабыш ар кандай элдик майрамдарда салттуу түрдө өткөрүлгөн, бул салт бүгүнкү күндө да уланып келет. Монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары така түрүндө салынган ат майданынын фонунда ат чаап бараткан эки чабандес чагылдырылган. Монетанын алдыңкы бетинин жогору жагында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эмблемасы жана монетанын «Ат чабыш / At Chabysh» деген аталышы, ошондой эле монетанын номиналы (10 сом) түшүрүлгөн. Монетанын арткы бетинде да жарышка түшкөн чабандестердин сүрөтү берилген. Монетанын ортосунда Кыргыз Республикасынын герби, монетанын жогору жана төмөн жагында «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары / World Nomad Games» деген жазуу түшүрүлгөн. Монетанын сол жагында чыгарылган жылы (2024), оң жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925) менен салмагы (31,10 g) берилген. «Ат чабыш» коллекциялык монетасы Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. Монетанын өзгөчөлүгү Аталышы Ат чабыш Номиналы 10 сом Металлы (сапат белгиси) Ag 925 Өлчөмү (мм) 38,61*38,61 Салмагы (г) 31,10 Сапаты Proof Кошумча технология Түстүү басма Нускасы (даана) 1000
Датасы: 30.07.2024
Туруктуу шилтеме
Датасы: 29.07.2024
Туруктуу шилтеме
Датасы: 29.07.2024
Туруктуу шилтеме
Датасы: 29.07.2024
Туруктуу шилтеме
Датасы: 29.07.2024
Туруктуу шилтеме
Ар бир коллекциялык монета акрил капсулага салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган.
Коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 5 580 сом баасында иш күндөрү саат 9.00дөн 14.00гө чейин, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу сатылат.